Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 21-сессиясы
2015-жылдын 2-марты № 114
Кароол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетин жайыттарды пайдалануунун 2015-жыл үчүн иш планы жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Кароол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин жайыттарды пайдалануунун 2015-жыл үчүн иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө маселе Кароол айыл аймагынын Кароол жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы П.Калматовдун сунушунун негизинде Кароол айылдык кеңешинин “Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссияда каралып, комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде Кароол айылдык кеёешинин кезектеги жыйырма биринчи сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин жайыттарды пайдалануунун 2015-жыл үчүн иш планы жана бюджети бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомду аткарууга алуу Кароол жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы П.Калматовго жана Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы-Жайыт комитетинин кеёешинин төрагасы Р.Сайитовго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеёештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (Анаркулов Т.) жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |
|
Кароол Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылга түзүлгөн
ИШ-ЧАРАЛАРЫ
Иштердин аткаруу мөөнтү | Аткарылуучу иштердин мазмууну | Аткарууга жооптулар |
Март 2015-жылы | Жайыттарга мониторинг жүргүзүү | ЖПБ төрагасы |
Апрель 2015-жыл | Малчы, койчулардан жайыт акысын чогултуп топтоо | ЖПБ төрагасы, жардамчысы, эсепчиси |
Май 2015-жыл | Топтолгон Жайыт акысынын эсебинен алыскы жайыттын жолдорун,көрүрөөлөрүн оңдоо | ЖПБ төрагасы, жардамчысы, эсепчиси |