Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-сентябры № 15-2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетинин тогуз айдагы кирешесиинин ашыкча аткарылышы жана киреше, чыгаша булактарына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын Кенеш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү маселени 1998-жылдын 11-июнундагы «Кыргыз Республикасынын бюджетинин негизги принциптеринин укуктары» Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, «Жергиликтүү өзүн-өзу башкаруу жана мамлекеттик бийлик органдарынын бюджеттик укуктары» жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 1998-жылдагы 29-сентябрындагы №184/П жобосуна негизденип, бекитилген суммалардын чегинде чыгаша бөлүгүндөгү корголгон статьяларды кыскартпастан туруп бүгүнкү күнү айыл аймагынын тургундарынын суроо талаптарын канааттандыруу максатында иштетилбей калган чыгашаларды башка зарыл болгон суроо талаптарга жараша өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн өлчөмүн карап бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Кенеш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин тогуз айындагы кирешелери 1691,4 м.с. ашыкча аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша булактарына толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча берген сунушу № 1,2- тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Киргизилген өзгөртүүлөрдү максатуу иштетүү жагы Кенеш айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбердиевке жана ФЭБ башчысы А. Мадраимовко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Абжалиев К тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Ташбаев
|
| Депутаттардын Кенеш айылдык кенешинин (5-чакырылышы) кезексиз он бешинчи сессиясынын 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 15-2-токтомуна № 1-тиркеме. |
Кенеш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор
Мин сом
| Кирешелердин турлору | Жылга | Ан ич кварт. | ||
III | IV |
| |||
| Кирешелер |
|
|
|
|
| Сатуудан түшкөн салык | 1484,0 | 1484,0 |
|
|
| Физикалык тараптан алынуучу салык | -25,0 | -25,0 |
|
|
| Атайын каражат | 143,0 | 143,0 |
|
|
| Жалпысы | 1602,0 | 1602,0 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Чыгашалар |
|
|
|
|
1 | Башкаруу аппаратына |
| +392,8 | -392,8 |
|
2 | Экономикалык суроолорго |
| +117,0 | -117,0 |
|
3 | Комуналдык тейлөөгө (ЖКХ) |
| +65,0 | -65,0 |
|
4 | Билим берүүгө | 368,1 | 368,1 |
|
|
| Билим берүүгө |
| +365,0 | -365,0 |
|
| Билим берүүгө (атайын каражат) | 143,0 | 143,0 |
|
|
| Чыгашалардын жалпысы | 511,1 | 1450,9 | -939,8 |
|