Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын XX сессиясы
2015-жылдын 14-майы № 162/20-3
Токмок шаардык кеңешинин 26.02.2015-ж. №151/19-3 “Токмок ш. муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмүнүн суммасын эсептөө үчүн коэффициенттерди бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын 06.05.2015-жылдагы кириш №136/02-01 кайрылуусун карап чыгып жана ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 7-майындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик”, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаардык кеңешинин 26.02.2015-ж. №151/19-3 токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
1) Экологиялык баа коэффициенти К2-бөлүмүнүн 13 абзацына төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
-Ленин-Сарбагышев жана Ленин-С.Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде майрам күндөрү соода жүргүзүүгө төмөнкү коэффициенттер белгиленсин:
а) Шашлык даярдоо, сатуу жана коомдук тамактануу – 20;
б) майда-азык товарларын сатуу (суусундуктар, балмуздак, самсы ж.у.с.) - 10.
2) Жер тилкелеринин функционалдык дайындалыш коэффициенти К3-бөлүмүнө 29-п. болуп төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
майрам күндөрүндөгү соода:
- Ленин-Сарбагышев көчөлөрүнүн кесилишинде – 35;
- Ленина-С.Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде – 20.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |