ТоктомКүчүндө

Токмок шаардык кеңешинин 2015-жылдын 14-майындагы № 162/20-3 «Токмок шаардык кеңешинин 26.02.2015-ж. №151/19-3»Токмок ш. муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмүнүн суммасын эсептөө үчүн коэффициенттерди бекитүү жөнүндө«токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция14.05.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын XX сессиясы

 

2015-жылдын 14-майы № 162/20-3

Токмок шаардык кеңешинин 26.02.2015-ж. №151/19-3 “Токмок ш. муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмүнүн суммасын эсептөө үчүн коэффициенттерди бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын 06.05.2015-жылдагы кириш №136/02-01 кайрылуусун карап чыгып жана ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 7-майындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик”, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,      

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Токмок шаардык кеңешинин 26.02.2015-ж. №151/19-3 токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:  

1) Экологиялык баа коэффициенти  К2-бөлүмүнүн 13 абзацына төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

-Ленин-Сарбагышев жана Ленин-С.Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде майрам күндөрү соода жүргүзүүгө төмөнкү  коэффициенттер белгиленсин:

а) Шашлык даярдоо, сатуу жана коомдук тамактануу – 20;

б) майда-азык товарларын сатуу (суусундуктар, балмуздак, самсы ж.у.с.) - 10.

2) Жер тилкелеринин функционалдык дайындалыш коэффициенти  К3-бөлүмүнө 29-п. болуп  төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

майрам күндөрүндөгү соода:

- Ленин-Сарбагышев көчөлөрүнүн кесилишинде – 35;

- Ленина-С.Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде – 20.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Токмок шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Р. Таманбаев