Редакцияот 14.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын XX сессиясы

 

2015-жылдын 14-майы № 158/20-3

№5 орто мектептин базасында мектеп-гимназия ачууга макулдук берүү жана анын филиалы жөнүндө

     Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын 24.04.2015-ж. кириш №122/02-01 өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 29.04.2015-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”,  “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардын №5 орто мектебинин базасында кыргыз тилинде окутуучу мектеп-гимназиясын ачууга макулдук берилсин.

2. Шаардын №13 толук эмес орто мектебин №5 орто мектебине кошуп, анын филиалы деп эсептөөгө макулдук берилсин.

3. №13 толук эмес орто мектебине ыйгарылган Т.Сатылгановдун ысымын  №5 мектеп-гимназиясына калтырууга макулдук берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу социалдык маселелер  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Токмок шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Р. Таманбаев