ТоктомКүчүндө

Токмок шаардык кеңешинин 2015-жылдын 14-майындагы № 158/20-3 «№5 орто мектептин базасында мектеп-гимназия ачууга макулдук берүү жана анын филиалы жөнүндө» токтому

Редакция14.05.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын XX сессиясы

 

2015-жылдын 14-майы № 158/20-3

№5 орто мектептин базасында мектеп-гимназия ачууга макулдук берүү жана анын филиалы жөнүндө

     Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын 24.04.2015-ж. кириш №122/02-01 өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 29.04.2015-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”,  “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардын №5 орто мектебинин базасында кыргыз тилинде окутуучу мектеп-гимназиясын ачууга макулдук берилсин.

2. Шаардын №13 толук эмес орто мектебин №5 орто мектебине кошуп, анын филиалы деп эсептөөгө макулдук берилсин.

3. №13 толук эмес орто мектебине ыйгарылган Т.Сатылгановдун ысымын  №5 мектеп-гимназиясына калтырууга макулдук берилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу социалдык маселелер  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн. 

 

Токмок шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Р. Таманбаев