Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын VIII сессиясы
2013-жылдын 21-февралы № 40/8-3
Жамааттык келишимди бекитүү жөнүндө
Мэриянын, Токмок шаардык Кеңешинин, Муниципалдык менчик бакшармалыгынын, Токмок шаарынын Шаардык чарба, капиталдык курулуш, унаа жана коммуникациялар муниципалдык башкармалыгынын, Токмок шаарынын каржы бөлүмүнүн, дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин кызматкерлеринин кесиптик кошуунунун төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерге материалдык колдоо көрсөтү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жамааттык келишим жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мэриянын, Токмок шаардык Кеңешинин, Муниципалдык менчик бакшармалыгынын, Токмок шаарынын Шаардык чарба, капиталдык курулуш, унаа жана коммуникациялар муниципалдык башкармалыгынын, Токмок шаарынын каржы бөлүмүнүн, Токмок шаарынын дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин кызматкелеринин Жамааттык келишими бекитилсин (тиркеме).
2. 2013-жылдын 1-февралынан баштап турак-жай - коммуналдык кызматтарын төлөө үчүн 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө айлык кошумча төлөм мэриянын, Токмок шаардык Кеңешинин, Муниципалдык менчик бакшармалыгынын, Токмок шаарынын Шаардык чарба, капиталдык курулуш, унаа жана коммуникациялар муниципалдык башкармалыгынын, Токмок шаарынын каржы бөлүмүнүн, Токмок шаарынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн кызматкерлерине орнотулсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |
| Токмок ш. Кенешинин 2013-жылдын 21-февралындагы токтому менен бекитилген 21.02.2013-ж. №40/8-3 |
Бул жааматтык келишим Токмок ш. мэри А.Н.Оморкановдун, Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы Р.Дж.Таманбаевдин, Токмок ш. Шаардык чарба, капиталдык курулуш, транспорт жана коммуникация муниципалдык башкармалыгынын башкаруучусу (мындан ары – Токмок ш.ШЧМБ) Джокаев Ж.С., Муниципалдык менчик башкармасынын башкаруучусунун милдетин аткаруучусу К.К.Чотбаевдин, Токмок ш. финасы бөлүмүнүн башчысы Н.Т.Котконун, Дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкаруучусу А.Б.Базаркуловдун мындан кийин Токмок ш. мэриясынын “Администрациясы” жагы деп аталуучу жана Токмок шаардык Кенеши, Токмок ш.ШЧМБсы, Токмок ш. ММБсы, Токмок ш. финансы бөлүмү, Токмок ш. Дене тарбия жана спорт бөлүмү деп аталган эмгек жамааты, Токмок ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кесиптик биримдигинин кызматкерлери жана жумушчулары комитетинин төрагасы М.А.Табалдиев тарабынан, мындан ары «Кесиптик комитет» жагы деп аталуучулар ортосунда бекитилген эмгек жана социалдык мамилелерди жөнгө салуучу тутумдук нормативдик акт болуп эсептелинет.
“Жамааттык келишим Кыргыз Республикасынын «Жамааттык келишимдер жөнүндөгү», «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү», «Социалдык шериктештик жөнүндөгү» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык, муниципалдык кызматкерлердин - эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого кепил болгон юридикалык документ болуп эсептелет жана мыйзамда каралбаган кошумча эмгек, социалдык-тиричилик жеңилдиктерди жана кепилдиктерди камтыйт.
Бул Келишимде колдонулуучу кыскартуулар:
ЭК - Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
ЖК - Кыргыз Республикасынын «Жамааттык келишими жөнүндө» мыйзамы;
ЖӨБ - Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы;
МК - Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы.
I бөлүк
Жамааттын ишмердиги жана андагы
өз ара эмгек мамилелери
2.Эмгек жамаатынын кесиптик комитетинин
мүчөлөрүнүн алдында турган башкы милдеттер
1.1. Конституцияны жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо жана аткаруу.
1.2.Токмок ш. калкына социалдык жана маданияттык тейлөөлөрдү көрсөтүү, аймактагы жашоону камсыздандыруу тутумун өнүктүрүү жана иштерин уюштуруу.
1.3.Токмок ш. өнүгүү стратегиянын Программасынын аткарылышын, аймактагы социалдык-экономикалык өнүгүү жана Токмок ш. калкын социалдык коргоо пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана көзөмөлгө алуу.
1.4. Шаардын тургундарынын муктаждыктарын жана керектөөсүн канааттандырууга кесиптик комитеттин мүчөлөрү кызматкерлердин күчтөрүн багыттоо.
1.5. Шаардык жамааттардын бардык катмарларынын күчтөрүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жандандырууга , социалдык, экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө, токмоктуктардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө мобилизациялоо.
2. Администрациянын милдеттери
2.1. Кесиптик комитеттин мүчөлөрү - кызматкерлер үчүн өндүрүмдүүлүгү жогору жана натыйжалуу эмгектенүүсүнө зарыл шарттарды түзүү.
2.2. Белгиленген эмгек акыны өз убагында, ай сайын отчеттук айдан кийинки 5-числосунан кеч эмес убакытта төлөп берүү (КРЭК 157- б.);
Иштеген жылдарына, класстык чинге, ардактуу наамга, квалификациялык разрядына жана өзгөчө эмгек шарттары үчүн кошумча акыларды, төлөмдөрдү жүргүзүү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-ж. 25-марттагы №161 токтомуна, ЖӨБ жөнүндө мыйзамынын 28-б.);
2.3. Кесиптик комитети менен макулдашуу боюнча:
2.3.1.Ар бир кварталдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча, кызматчылардын эмгек акыларын төлөө фондунун каражаттарынын эсебинен бекитилген кошумча төлөмдөр менен сошондой эле белгиленген майрам, ж.б. күндөрү менен бир айлык акы өлчөмүндө сый акы төлөнүп берилсин (КР Өкмөтүнүн 27.10.2000-ж. №647 токтомунан) (ар бир кызматчынын кошкон жеке салымына жана иштеген убактысын эсепке алуу менен);
2.3.2.Өргүүгө кетип жатканда кызматчыларга эмгек акы фондунан эки айлык өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү жана ден соолугун чыңдоого жөлөк пул бөлүп берүү (Кыргыз Республикасынын 11.08.2004-ж. №114 “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамынын 45-беренеси, Кыргыз Республикасынын 21.08.2004-ж. №145 “Муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 14 жана 29-беренелери);
2.3.3.Мэрияда жана шаардык Кенеште кийинки күн тартиби бекитилсин:
Жумуштун башталышы - саат 8.30 (ЭК 101б.)
Жумуштун аягы - саат 17.30
Тамактанууга тыныгуу: саат 12.00-13.00 саатка чейин (ЭК 114б.)
Техникалык тыныгуу: саат 10.00 - 10.20, 15.00 - 15.20чейин.
2.3.4.Жумуш аптасы 5 жумуш күндөрү жана 2 эс алуу күндөрү менен бекитилсин.
2.4.Өзгөчө учурларда ченелбеген жумуш күндөрү, ошондой эле ишемби, жекшемби күндөрү (кезмет) жумуш иштөө, же суткалык кезметтер каралган.
2.5.Жумуш убагынан тышкары иштеген эмгеги үчүн компенсациялоо, иштеген күнүнүн иштеген саатынын эсебин эске алуу менен - эс алуу күндөрү иштегени үчүн башка күндөрү акы төлөнүүчү өргүмө берүүнү (ЭК 115-беренеси), эгерде суткасы менен кезметте турса анда ага эки төлөөнүүчү өргүмө берилет.
2.6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кызматкерлерди сыйлоо жөнүндө токтому чыккан учурда, кызматкерлердин эмгегин социалдык коргоо жана дем берүү максатында материалдык жардамдарды төлөө ишке ашырылсын.
3.Кесиптик комитеттин милдеттери
3.1.Эмгек жана аткаруу тартибин бекемдөөгө колдоо көрсөтүү.
3.2.Кесиптик комитеттин мүчөсү болгон жамаатты иш милдеттер менен аныкталган маселелерди аткарууга мобилизациялоо.
3.3.Кызматкерлерге эмгек мыйзамын, эмгектин, сыйлоонун, тартиптик жоопкерчиликтин шарттарын түшүндүрүү.
3.4.Кызматкерлерди мөөнөттөн ашык ишке тартуунун негиздүүлүгүн көзөмөлдөө.
3.5.Мезгил-мезгили менен айлык акыны эсептөөнүн тууралыгын жана салыктарды кармап калууну текшерүү.
3.6.Кесиптик комитеттин мүчөсү болгон ар бир жумушчунун же кызматкердин эмгек укуктарын коргоону ишке ашыруу.
3.7.Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 68-беренесине ылайык, жетекчилик курамдагы кызматкерлердин жана катардагы кызматкерлердин ортосундагы жакын туугандыгы бар фактыны аныктоо.
I I бөлүк
Кызматкерлердин социалдык укуктары жана кепилдиктери
4. Администрациянын милдети
4.1.Кесиптик комитеттин мүчөлөрү – кызматкерлерди материалдык колдоо максатында, 2013-жылдын 1-февралынан ай сайын биринчи зарылчылыктагы товарларга жана тейлөөлөргө керектөөчүлөр бааларынын өсүшүнө байланыштуу 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө турак жай- коммуналдык тейлөөлөргө компенсациялык кошумча төлөөлөр белгиленсин (ЖКнын 12-беренеси).
4.2.Эмгек жамаатынын мүчөлөрүн социалдык колдоо максатында, Администрация жыл сайын, инфляциянын өсүшүн эсепке алуу менен сентябрь айында айыл чарба продукциясын даярдоо үчүн 2 айлык маянадан төлөп берүүгө милдеттенет.
4.3.Пенсияга чыккандыгына байланыштуу кызматтан бошогондугу менен бир айлык акы өлчөмүндө;
4.4.Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин ийгиликтүү жана ак ниеттүү аткаруусу үчүн, узакка созулган жана кынтыксыз кызматы, мөөнөттөн ашык иши үчүн төмөнкү сыйлыктар каралган: (ЖӨБ 17-б.)
4.4.1.Ыраазычылык билдирүү;
4.4.2.Беш маяна өлчөмдө акчалай сыйлыктар төмөнкү эсеп менен:
-квартал сайын сый акылар;
-жылдын жыйынтыгы боюнча сый акылар;
4.4.3.Майрам күндөрүнө карата акчалай сый акылар (23-февраль, 8-март, 21-март, 9-май, 31-август, жергиликтүү жамааттар күнү, “Орозо айт” жана “Курман айт” мусулман майрамдары).
4.4.4.Мэриянын ардак грамотасы менен сыйлоо;
4.4.5.Кыргыз Республикасынын сыйлыктарына сунуштамалар;
4.5.Бир айлык маяна өлчөмүндө бир жолу берилүүчү жөлөк пул үйлөнгөндө, бала төрөлгөндө, ошондой эле жакын туугандар каза болгондо (чоң эне, чоң ата, ата-эне, эркек бир туугандар, кыз бир туугандар, ошондой эле балдар) төлөнүп берилсин.
4.6.Муктаж болгондорго, жеке турак үй куруу үчүн жер участкаларын бөлүп берүү же турак жай аянтын алуу үчүн кезекке тургузуу (ЖК12-б.).
4.7.Турак жай курулушуна пайызы жок, же жеңилдик ссудасын алуу үчүн көмөк көрсөтүү.
4.8.Кенже мектеп жашында балдары бар аялдарга, эмгек акысын сактоо менен 1 –сентябрда дем алуу күнүн берүү.
4.9.Айлык акысын сактоо менен 5 күнгө чейин өзгөчө шарттарда өргүү берүү: никелешүүдө, жакындары каза болгондо;
4.10.Жумушчу эмес майрам күндөрүнүн астында жумуштун узактыгын бир саатка кыскартуу (КРЭК 96-берене)
5.Кесиптик комитеттин милдеттери
5.1.Жамаатык келишимге киргизилген иш - чараларды аткаруу үчүн, ошондой эле кызматкерлерди социалдык коргоо боюнча ченемдик жоболордун колдонулушу үчүн көзөмөлдү туруктуу ишке ашыруу;
5.2.Туулган күнүндө кызматкерлерди куттуктоонун жол – жоболоштурууну уюштуруу;
5.3.Турак жай мыйзамына ылайык, турак жай шарттарын каттоону жана жыл сайын кайра каттоону уюштуруу.
III бөлүк
Кызматкерлердин эмгегин жана ден соолугун коргоо
6. Администрациянын милдети
6.1.Жумушчу орундарында зарыл тартипти, жарык берүүнү, жылуулук режимин камсыздоо, коопсуздук техникасын так сактоо камсыздалсын;
7. Кесиптик комитеттин милдеттери
7.1.Коопсуздук техникасынын ченемдерин жана белгиленген укуктарын сактоо үчүн, ошондой эле бул жамааттык келишимдин шарттарын аткаруу үчүн коомдук көзөмөлдү уюштуруу;
7.2. Мэриянын жана шаардык Кеңештин кызматкерлерине санитардык курорттук дарыланууну жана эс алууну уюштуруу.
I V бөлүк
Кесиптик биримдиктин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери
8. Администрациянын милдети
8.1. Кесиптик комитетке акысыз колдонууга иш боюнча зарыл байланыш каражаттарын, компьютердик техниканы берүү.
8.2. Токмок ш. мэриясынын бухгалтериясы аркылуу кесиптик биримдиктин мүчөлүк төлөмдөрүн накталай эмес кармоону камсыздоо.
9. Кесиптик биримдиктин милдеттери
9.1. Бул жамааттык келишимдин жоболорун ишке ашырууга көмөктөшүү, эмгек жамаатында социалдык чыңалууну төмөндөтүү, жамааттык эмгек талаштарынын пайда болуусунун алдын алуу.
9.2. Кайра түзүүдө, кыскартууда, эмгек чырларын чечүүдө кесиптик биримдиктин мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын сактоо жана алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча чараларды көрүү.
V бөлүк
Келишимдин мөөнөтү жана жактардын аны ишке ашыруу боюнча жоопкерчилиги
10.1. Жамааттык келишим кол коюу учурдан тартып, 2 жылдын ичинде иштейт. Келишим түзгөн жактар жамааттык келишимдин иштөө мөөнөтүн 3 жылдан ашык эмес мөөнөткө узарта алат (КРЭКтин 43-беренеси, ЖКнын 13-беренеси).
10.2. Жамааттык келишимдин аткарылышына эки тарап тең көзөмөл жүргүзө алат. Жамааттык келишимге өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү эки тараптын тең макулдугу боюнча киргизилет (ЖК 15-беренеси).
10.3. Жамааттык келишимдин аткарылышынын жүрүшү жыл сайын эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда талкууланат (ЖК 15-беренеси).
10.4. Администрация ар бир кварталдын, жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы максаттарга жетүүдө ар бир кызматкердин кошкон салымын эсепке алуу менен сый акы төлөөнүн дифференциялдуу сеткасын түзөт, ал бул келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет.
10.5. Бул жамааттык келишимде каралган милдеттер аткарылбагандыгы үчүн эки тарап Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.