ТоктомКүчүндө

Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 15-апрелиндеги № 105/14-3 «Токмок ш. №21 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 штаттык бирдикти бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция15.04.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын ХIV сессиясы

 

2014-жылдын 15-апрели № 105/14-3

Токмок ш. №21 аскерлештирилген өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 штаттык бирдикти бекитүү жөнүндө

     Токмок шаарынын жана Чүй районунун мамлекеттик өрткө каршы кызматынын башчысынын м.а. Р.М.Турдумамбетовдун 17.02.2014-ж. №20 кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаарынын жана Чүй районунун мамлекеттик өрткө каршы кызматынын алдындагы Токмок шаардык №21 аскерлештирилген өрткө каршы - куткаруу бөлүгүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 штаттык бирдик бекитилсин.

2. Токмок ш. финансы  бөлүмүнүн башчысы (Котко Н.Т.) тарабынан, “Куткаруу кызматына” жергиликтүү бюджеттен каралган  каражаттардан каржылоо жүргүзүлсүн.

3. Токмок  шаардык Кеңешинин 2006-жылдын 28-июнундагы  №152/29-1 токтому өз  күчүн жоготту деп саналсын. 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. вице-мэрине жүктөлсүн.

 

Токмок шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Р. Таманбаев

 

 

Токмок шаардык Кеңешинин 2014-ж. 15-апрелинин №105/14-3 токтомуна тиркеме

 

Токмок ш. куткаруу кызматынын 05.03.2014-ж. штаттык ырааттамасы

 

 

Штаттын аталышы

 

Минималдуу базалык чени

Коэффициент

Суммасы

Иштеген жылдар үчүн кошумча акы

ӨКМ

% иштеген үчүн кошумча акы

Тамактануу

Жыйынтыгы

1

Куткаруучу

5000-00

1.320

6600-00

5%

330-00

2%

135-00

900-00

7965-00

2

Фельдшер-куткаруучу

5000-00

1,320

6600-00

5%

330-00

2%

135-00

900-00

7965-00

3

Фельдшер-куткаруучу

5000-00

1.320

6600-00

5%

330-00

2%

135-00

900-00

7965-00

4

Фельдшер-куткаруучу

5000-00

1.320

6600-00

5%

330-00

2%

135-00

900-00

7965-00

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖЫЙЫНТЫГЫ

40000-00

 

26400-00

 

1320-00

 

540-00

3600-00

31860-0