Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын ХV сессиясы
2014-жылдын 15-майы № 113/15-3
Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын 13.05.14-ж. чыг.№753 кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- комиссиянын курамынан анын төрагасы, Токмок ш. вице-мэри Шамыралиев Ж.Ж. чыгарылсын жана комиссиянын төрагасы болуп, Токмок ш. биринчи вице-мэри Имамадиев Б.К. комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |