ТоктомКүчүндө

Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 15-майындагы № 113/15-3 «Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция15.05.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын ХV сессиясы

 

2014-жылдын 15-майы № 113/15-3

Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

     Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын 13.05.14-ж. чыг.№753 кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамына төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- комиссиянын курамынан анын төрагасы, Токмок ш. вице-мэри Шамыралиев Ж.Ж. чыгарылсын жана комиссиянын төрагасы болуп, Токмок ш. биринчи вице-мэри Имамадиев Б.К. комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Токмок шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Р. Таманбаев