ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын ХV сессиясы
2014-жылдын 15-майы № 109/15-3
Токмок ш. Коомдук алдын алуу борборлорунун (КААБ) 2014-жылга карата чыгашалар сметасын бекитүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 06.05.14-ж. чыг.№447/1-4 кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин 15.04.2014-ж. №97/14-3 токтому менен бекитилген “Токмок ш. Коомдук алдын алуу борборлору (КААБ) жөнүндө” Жобого ылайык,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Коомдук алдын алуу борборлорунун 2014-жылга карата чыгашалар сметасы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, укук тартиби, коргоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |
| Токмок шаардык кеңешинин 2014-ж. 15-майдын №109/15-3 токтомуна тиркеме |
2014-ж. апрель айынан баштап Токмок ш. коомдук алдын алуу борборунун
чыгашалар сметасы
2014-ж. чыгымдар
2222 1200-берене. Учурдагы чарба максаттары үчүн предметтерди жана материалдарды ар кандай сатып алуулар 45 000 сом
2215 4900-берене. Ар кандай кызматтарды төлөө менен байланышкан ар кандай чыгымдар. 155 000 сом
жыйынтыгы: 200 000 сом