Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын ХIХ сессиясы
2014-жылдын 26-февралы № 150/19-3
Токмок ш. аймагында 2015-жылга жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү жөнүндө
Токмок ш. мамлекеттик салык кызматынын башчысынын 18.02.15-ж. чыг.№13-1/429 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинин 5-п., 31-беренесинин 3-п., Кыргыз Республикасынын 17.10.08-ж. №231 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-п. 3-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. аймагында 2015-жылдын 1-январынан төмөнкү салыктар колдонууга киргизилсин:
-жер салыгы;
-мүлк салыгы.
2. Токмок ш. жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды төлөө боюнча чендер, мөөнөттөр жана жеңилдиктер бекитилсин (тиркелет).
3.Ушул токтомдун 1-п. көрсөтүлгөн салыктарды тескөө, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүргүзүлөт.
4. Токмок шаардык Кеңешинин 02.10.2014-ж. №116/16-3 токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
5.Токмок шаардык Кеңешинин аппараты тарабынан, бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |
| Токмок шаардык кеңешинин 2015-ж 26 февралы№150/19-3 токтомуна №1 тиркеме
|
№ | Салыктардын аталышы | Чендин өлчөмү | Төлөө мөөнөтү | Жеңилдиктер |
1 | Үйдүн жанындагы, короо-жай жана бакча-огород жер тикелерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 1,0 (сом) сом чарчы метр үчүн | Учурдагы жылдын 1 -январынан 1-сентябрына чейин | Колдонуудагы мыйзамдар боюнча |
2 | Айыл чарбалык эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн | Коэффициенти: 1,0 1,2 | Квартал сайын бирдей үлүш менен, учурдагы кварталдын биринчи айынын 20сына чейинки мөөнөткө чейин |
|
3 | Автоунааларды токтоткондугу үчүн жыйым | 8 (сом) сом ар бир автоунаадан | Отчеттук айдан кийинки айдын 25не чейин ай сайын |
|
4 | Шаардын аймагынан таштанды чыгаргандыгы үчүн жыйым (коммерция менен алектенген юридикалык жана жеке жактардан | 100 (жүз) сом ар бир кызматчыдан | Учурдагы жылдын 1-апрелине чейин жылына бир жолу |
|
5 | Кыймылдуу мүлккө салык (автоунаа каражат ээлеринен салык)
| Колдонуу мөөнөтүнө жараша, заводдон чыккан жылдан баштап, кыймылдаткычтын жумушчу көлөмүнүн ар бир 1 куб.см.
Жеңил автоунаалар, жеңил унаа базасындагы пикаптар жана фургондор: - 5 жылга чейин - 0,90 сом; - 5 жылдан 10 ж. чейин- 0,75 сом; - 10 жылдан 15 ж. чейин - 0, 60 сом; - 15 жылдан жогору - 0,45 сом.
Жүк ташуучу автоунаалар, автобустар, микроавтобустар: - 5 жылга чейин - 0,75сом; - 5 жылдан 10 ж. чейин - 0, 60 сом; - 10 жылдан 15 ж. чейин - 0, 45 сом; - 15 жылдан жогору - 0,30 сом.
Өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер: (тракторлор, комбайндар, жол-курулуш машиналары): - 15 жылга чейин - 0,30 сом; - 15 жылдан жогору - 0,15сом.
Анын ичинде: айыл чарба өндүрүшүндө пайдалануучу өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер: (тракторлор, комбайндар), - 15 жылга чейин - 0,10 сом; - 15 жылдан жогору - 0,05 сом.
Мотоциклдер, мотороллерлер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер: - 10 жылга чейин- 0,15 сом; - 10 жылдан жогору - 0,09 сом.
Яхталар жана суу мотоциклдери: - 5 жылга чейин - 1,8 сом; - 5 жылдан жогору - 1,2 сом. | Учурдагы жылдын 1-сентябрына чейин жылына бир жолу | Кыргызской Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Баатыры», Советтер Союзунун жана Социалистик Эмгектин Баатыры наамына ээ болгон адамдар, баатыр энелер, Даңк жана үч даражадагы Эмгек Даңкы ордени менен сыйланган адамдар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, мамлекет аралык макулдашуулар менен Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, же СССРди, Кыргыз Республикасын коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда, же фронтто болгонуна байланыштуу оорунун кесепетинен, жарадар болгондон, контузиядан майып болгон аскер кызматчылары, аскер кызматчыларынын көрсөтүлгөн категорияларына пенсиялык камсыздоо боюнча теңештирилген башка майыптар, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жесирлери, ошондой эле I жана II топтогу майыптар, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мүлктүк салыктан бошотулган адамдын менчик үлүшү болсо, 1 жана/же 4 топтогу мүлктүн бир объектиси же мүлк объектисинин бөлүгү боюнча. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн адамдар, салык салынуучу тиешелүү мүлк объектиси боюнча төлөнүүчү1 жана/же 4 топтогу мүлккө салыктын суммасынан 50% өлчөмүндө бошотулат.
Мотоколяскасы жана кол менен башкаруучу автоунаасы бар майыптар – ушул автоунаа каражаттары боюнча. |