Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-марты № 8
Көлдүк айылдык кеңешинин 2015-жылга иш планын бекитүү
“Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын” жана Көлдүк айылдык кенешинин Регламентине ылайык Көлдүк айылдык кенешинин 2015-жыл үчүн иш планы айылдык кеңештин сессиясында талкууланып, каралып, Көлдүк айылдык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көлдүк айылдык кеңешинин 2015-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Көлдүк айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Молдалиев |
| Көлдүк айылдык кеңешинин 2015-жылдын 2-мартындагы №8 токтомуна №5 тиркеме
|
II. Уюштуруу-массалык иштер
№ | Иш чаранын мазмуну | Мөөнөтү | Аткаруучулар, жооптуулар | Эскертүү |
1 | Убактылуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитүү | 2015-жыл, 2-квартал | Кеңештин төрагасы |
|
2 | Көлдүк айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бекитүү | 2015-жыл, 1-квартал | Кеңештин төрагасы |
|
3 | Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү | Кварталда бир жолу | Кеңештин төрагасы |
|
4 | Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу, жакшыртуу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу. | 4 айда бир жолу | Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
5 | Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу | 6 айда бир жолу | Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар |
|
6 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету) | Жылына кеминде бир жолу | Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар |
|
7 | Жергиликтүү жамааттарды уюштуруу жана Уставын бекитүү жана каттоо | 2015-жыл, 2-квартал | Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия, кеңештин төрагасы, айыл өкмөтү |
|
8 | Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу | Жылына бир жолу | Кеңештин төрагасы, бюджет боюнча туруктуу ком. төр. айыл өкмөтү |
|
9 | Райондогу алдыңкы айыл кеңештин иш тажрыйбасын жеринде уюштуруу (тажрыйба алмашуу) | Жылына 1, 2 жолу | Кеңештин төрагасы |
|
10 | Жайыт комитетинин бюджетинин аткарылышын, планын жана иш планын бекитүү жөнүндө | 2015-жыл, март | Айыл чарба жана жер, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия |
|
11 | Көлдүк айыл өкмөтү менен Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн №---, административдик участкасынын Көлдүк айыл аймагы боюнча 2015-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө | 2015-жыл, февраль | Көлдүк айыл өкмөтүнүн соцадиси |
|
12 | Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн № ---- административдик участкасынын тескөөчүлөрүнүн, айыл өкмөтүнүн коомдук алдын-алуу борборунун аткарып жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери | 2014-жыл, октябрь | Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия, участкалык тескөөчүлөр, Козуев Т. |
|
13 | Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө | 2015-жыл, август 2015-жыл, август | Социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия |
|
14 | Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты аткарып жаткан иштери жөнүндө | |||
15 | Бешинчи чакырылыштагы Көлдүк айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө | 2015-жылдын ар бир кварталында | Кеңештин жооптуу катчысы |
|
16 | Жазгы талаа, эгүү, себүү иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, арык тартуу ж.б. жумуштардын баасын бекитүү | 2015-жыл, март | Көлдүк айыл өкмөтүнүн башкы адиси -------------- |
|
17 | Жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү | 2015-жыл, март | Көлдүк айыл өкмөтү |
|
18 | Мал жандыктарды алдын-ала эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү | 2015-жыл, март | Айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссия |
|
19 | Көлдүк айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө | 2014-жыл, 2-квартал
| Айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссия |
|
20 | Көлдүк айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы | |||
21 | Айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн структурасын жана штаттын санын бекитүү | Биринчи квартал | Айыл өкмөтү |
|
22 | Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө | 2015-жыл, 2-кв. | Кеңештин төрагасы |
|
23 | Көлдүк айыл аймагында КБФнын жерлерине аукцион өткөрүүгө даярдык көрүү жөнүндө | 2015-жыл, август | Айыл өкмөтү |
|