Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 17-заседаниясы
2015-жылдын 11-апрели № 17/4
КРнын жайыттар боюнча мыйзамына ылайык айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин бюджетин бекитүү, жайыт төлөмдөрүн аныктоо жана жайыт төлөмүн төлөбөгөн атуулдарга административдик жазана салуу жөнүндө
Бүлөлү айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин төрагасы Т Жаанбаевдин жайыт комитетинин бюджети боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, КРнын жайыттар боюнча мыйзамын жетекчиликке алып, Бүлөлү айылдык кенешинин (5-чакырылышынын) кезектеги 17 заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын жайыттар боюнча мыйзамына ылайык айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин 2015-жылга бюджети 95000 сомго бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн атуулдарынын малдарына жана айыл өкмөтүнүн аймагына сырттан (башка айыл өкмөттөрүнүн аймагынан) келүүчү малдар үчүн жайыт төлөмү төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленип,
а) Айыл өкмөтүнүн атуулдарынын малдары үчүн:
Бодо малга (уй, жылкы,) -50 сом.
Жандыкка (кой, эчки, козу, улак )-10 сом.
Эшектер үчүн – 300сом.
б) Айыл өкмөтүнүн аймагына сырттан ( башка айыл өкмөттөрүнүн аймагынан) келүүчү малдар үчүн:
1. ШМБ (1 шартуу малдын башына) -150 сом.
Бодо малга (уй, жылкы,) -150 сом.
Жандыкка (кой, эчки, козу, улак) -30 сом.
Эшектер үчүн – 500сом.
3. Жайытка кирген күндөн баштап сырттан келген малдар үчүн жайыт төлөмү алдын ала же жайытка кирген күндөн баштап 30 күндөн кечиктирилбей жайыт комитетине төгүлсүн.
4. Жайыт төлөмдөрүн төлөбөгөн атуулдарга КРнын жайыттар боюнча мыйзамынын
______ главасынын _______ беренесине ылайык төмөндөгүдөй өлчөмдө административдик жазана салынсын.
а) Айыл өкмөтүнүн атуулдарынын малдары үчүн:
1. ШМБ (1 шартуу малдын башына) -200 сом.
Бодо малга (уй, жылкы,эшек, топоз) -200 сом.
Жандыкка (кой, эчки, козу, улак) -40 сом.
б) Айыл өкмөтүнүн аймагына сырттан (башка айыл өкмөттөрүнүн аймагынан ) келүүчү
малдар үчүн:
1. ШМБ (1 шартуу малдын башына) -600 сом.
Бодо малга (уй, жылкы,) -600 сом.
Жандыкка (кой, эчки, козу, улак) -60 сом.
Эшек - 600 сом
5. Жайыт төлөмдөрүн топтоону жогорудагы белгиленген баалар менен чогултуу, элге жайыт төлөмү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жайыт комитетинин төлөмдөрүн топтоону жогорку денгээлде жүргүзүү жайыт комитетинин төрагасына жана мүчөлөрүнө жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысына жана туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бүлөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы
|
Р. Сарыбаев |
|
№
|
Чыгымдардын статьялары
|
Саны
|
Баасы
|
Суммасы
|
Жайыт комитетинин чыгымдары
| ||||
1
| Тораганын эмгек акысы
| 12
| 2200
| 26400
|
2
| Бухгалтер
| 12
| 0
| 0
|
3
| 17,25 % соцфонд 100%
| 12
| 4379,50
| 517
|
4
| Башка чыгымдар: командировка, телефон, концелярдык чыгымдар ж.б.
|
| 333
| 6000 4000
|
5
| Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга (жайыттарды жакшыртуу боюнча иш чаралардын планы №1 тиркеме
|
|
|
31,293
|
6
| Лесхозго: келишимдин негизинде
|
|
|
20,000
|
7
| Жайыт (жер) салыгы (юр.лиц)
|
|
|
2,753
|
|
Баары:
|
|
|
95,000
|