Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылыш XXIX -сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 3
Жалал-Абад шаарынын Жашылдандыруу чарбасынын жер тилкесин парк зонасынан коммуналдык зонасына өзгөртүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 03.12.2015-жылдагы чыг.№1434-катты Жалал-Абад шаардык кеңешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 1 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2. Токтомдун аткарылышын Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы Б. Беркбаевага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Ормоков |