Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-апрели № 1
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин XXIX сессиясынын № 3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 17.03.2016-жылдагы № 01-4/409-сандуу жана Т. Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын 31.03.2016-жылдагы № 64-сандуу каттарын шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XХXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 24.12.2015-жылдагы XXIX сессиясынын № 3 токтомунун 1-пункту жокко чыгарылып, Т. Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгын Качкынчы айылындагы № 4-контурдан 0,86 га жер тилкесин чарба жүргүзүү укугу менен Жалал-Абад шаардык Жашылдандыруу чарбасына бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине (Б. Джусупбеков) Т. Тайгараев атындагы АБнын Качкынчы айылындагы № 4-контурдан 0,86 га жер тилкесин мыйзам талаптарына ылайык Жалал-Абад шаардык Жашылдандыруу чарбасына чарба жүргүзүү укугу менен бөлүп берүү жагы каралсын.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарынан расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Э. Ормоков |