Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылыш XXIX-сессиясы
2015-жылдын 24-декабры № 9
Жалал-Абад шаарына караштуу Пригородный кичи шаарчасында суутоптоочу тосмосу участкасында корголуучу санитардык зонасын пайдалануу Жобосун бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеӊешине шаардык Жалал-Абадсууканал башкармалыгынан келип түшкөн №14-3/193-катты шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча, шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиялары карап чыгып комиссиянын корутундусунун негизинде Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарына караштуу Пригородный кичи шаарчасында суутоптоочу тосмосу участкасында корголуучу санитардык зонасын пайдалануу Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пригородный суу топтоочу тосмосунун корголуучу санитардык зонасынын пайдалануу Жобосунун негизинде иш жүргүзүүнү көзөмөлдөө шаардык мэрияга жана Жалал-Абадсууканал башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаарына караштуу Пригородный кичи шаарчасында суутоптоочу тосмосу участкасында корголуучу санитардык зонасын пайдалануу Жобосунун ченемдерин бузган жарандарды жана юридикалык тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартыла тургандыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Жалал-Абадсууканал башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө шаар мэрине милдеттендирилсин.
6. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Ормоков |
| Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 24-декабрь 2015-ж. кезектеги XXIX сессиясынын №_9__-токтомуна |
Жалал-Абад шаарына караштуу Пригородный кичи шаарчасында суу топтоочу тосмосу участкасында корголуучу санитардык зонасын пайдалануу Жобосу
ТҮШҮНДҮРМӨ БАРАКЧА
Жалал-Абад суу канал башкармалыгынын суу топтоочу тосмосу (водозабор) «Пригородный» кичи шаарчасында (мурдагы Птицафабрикасынын түндүк-чыгыш тарабында) жайгашкан. Жалпы ээлеген аянты 5,0 га.
«Пригородный» суу топтоочу участогунун корголуучу санитардык зонасы 3 бөлүктөн турат: Биринчи зона –катуу тартиптеги, экинчи жана учунчу зоналар – чектелген тартиптеги зоналар болуп эсептелет.
Кок-Арт дарыясынын параллель жаткан туурасы 245,0 м жана узуну 632,0 м болгон жер астында суу запасы бар жер аянты, корголуучу санитардык зонасы 50,0 м радиустагы 1-зонаны камтыйт.
Корголуучу санитардык зонанын 2-зонасынын эсеби боюнча (микробдук булгануулар) суунун агымы боюнча 278,0 м жогору жана 232,0 м төмөн , туурасы 268,0 м түзөт.
Корголуучу санитардык зонанын 3- зонасы (химиялык булгануулардан коргонуу) суунун агымы боюнча жогору тарапка 4360,0 м, томон тарапка 509,0 м, туурасы 694,0 м түзөт.
23.09.2014-жылдагы жана 30.10.2014-жылдагы «АБР тарабынан каржыланып жаткан суу топтоочу курулуш жөнүндөгү » Протоколдун, корголуучу санитардык зонасы боюнча түзүлгөн иш чаранын, корголуучу санитардык зонанын эсебинин жана Жалал-Абад шаарынын «Пригородный» суу топтоочу курулмасынын жумушчу долбоордун негизинде, Жалал-Абад шаарын таза суу менен жана канализация менен камсыздалышын жакшыртуу максатында төмөндөгү жумуштар аткарылды:
· Жер астында суу запасы бар жерлердин корголуучу санитардык зонасынын 1-2- жана 3- зоналарынын так чек аралары натурада координаттар менен көрсөтүлүп аныкталды. Чек араларын көрсөтүүдө геодезиялык инструмент GPS GNNS колдонулду.
· Жер астындагы сууларды түрдүү булгануулардан сактоо учун ар бир зоналар боюнча тыюу салуучу жана алдын алуучу (профилактикалык) иш чаралар иштелип чыкты.
Жогорудагы жумуштарды атайын түзүлгөн топ Исмаилов Бектен - Жалал-Абад суу канал башкармалыгынын өндүрүштүк техникалык бөлүмдүн башчысы, Мисиралиев Нуридин Акматович- кадастрдык топограф (Сертификат 3-10 №15 22.10.2010-ж) жана Мурзаев Темиркул Дубанаевич кадастрдык топограф (Сертификат 3-10 №5 05.04.2005-ж) геодезиялык инструмент GPS GNNS колдонуу менен аткарып чыгышты.
Корголуучу санитардык зона чектерин аныктоо учун Жалал-Абад шаарынын, Сузак районунун Таш-Булак жана Кызыл-Туу айылдык округдарынын картографиялык материалдары жана Жалал-Абад областынын космо суроту пайдаланылды.
КИРИШ СОЗ
Жалал-Абад суу канал башкармалыгынын суу топтоочу тосмосу (водозабор) «Пригородный» кичи шаарчасында (мурдагы Птицафабрикасынын түндүк-чыгыш тарабында) жайгашкан. Жалпы ээлеген аянты 5,0 га.
«Пригородный» суу топтоочу участогунун корголуучу санитардык зонасы 3 болуктон турат: Биринчи зона –катуу тартиптеги, экинчи жана учунчу зоналар – чектелген тартиптеги зоналар болуп эсептелет.
Жалал-Абад шаарынын калкын жер астындагы ичуучу суу менен камсыздалышын пландоо, корголуучу санитардык зонанын катуу тартиптеги, гидродинамикалык эсептердин негизинде экинчи жана учунчу зоналардын размерин камтыйт, мындан сырткары корголуучу санитардык зонанын жана санитардык иш чараларга, көрсөтулгөн СанПин2.1.4.015-13 жана СНиП 2.04.02-84 нормаларына ылайык корголуучу санитардык зонанын бардык 3 зонасы негизги керектөөсүнө жараша бөлүштүрүлүп уюштурулду.
Жалал-Абад шаарын канализация жана таза суу менен камсыздоо долбоорун (1 этап) реабилитациялоодо, 16.10.2013-жылы №04-01-28/3269 мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөн иш чаралар, СНиП 2.04.02-82 жана СанПИН 2.1.4015-03 нормаларына ылайык, борборлоштурулган жер астындагы сууларды топтоочу тосмо үчүн, корголбогон саркытылган сууларды алып журуучу горизонтту жана башка айлана чөйрөнү коргоочу иш чаралар каралган: Корголуучу санитардык зонанын территориясын тосуу, саркындыларды өткөрүүчү курулмаларды куруу, скважиналарды толук герметизациялоо, скважиналардын ооздорун бетондоо, суу өлчөөчү түзүлмөлөрдү куруу.
II жана III корголуучу санитардык зонанын көлөмүн эсептөө:
- II корголуучу санитардык зонанын чектериндеги суу топтоочу тосмонун суу кирүүсү (дебети) төмөндөгүлөрдү түзөт: суулардын агымы боюнча жогору көздөй 278,0 м, суулардын агымы боюнча төиөн көздөй 232,0 м. Суу сактоочу тосмонун ортосунан эки тарабындагы туурасы 268,0 м тузот.
- III корголуучу санитардык зонанын чектеринде суу топтоочу тосмого долбоорлонгон максималдык суу топтолушу суунун агымына карата жогору карай 4360,0 м, суунун агымына карата төмөн карай 509,0 м, Суу сактоочу тосмонун ортосунан эки тарабындагы туурасы 694,0 м түзөт.
Корголуучу санитардык зонанын долбоорлонушунун болумдоруно ылайык, «Пригородный» суу топтоочу тосмосунун корголуучу санитардык зонасынын II зонасынын аймагында шаар же айылдык инфраструтуралар жок. Суу топтоочу тосмосунун жер астындагы сууларды топтоочу аймактарында айыл чарба осумдукторун остуруучу талаалар жана чакан дыйкан чарбалар жайгашкан.
ЖАЛАЛ-АБАД СУУКАНАЛ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН СУУ ТОПТООЧУ ТОСМОСУНУН КОРГОЛУУЧУ САНИТАРДЫК ЗОНАСЫНЫН ЧЕКТЕРИНИН КӨРСӨТҮЛҮП ЖАЗЫЛЫШЫ
КОРГОЛУУЧУ САНИТАРДЫК ЗОНАСЫНЫН КАТУУ ТАРТИПТЕГИ I ЗОНАСЫНЫН ЧЕК АРАЛАРЫ:
Түндүк-батыштагы чек арасы №1 чекиттен башталат. №1 чекит суу топтоочу тосмосунун электр подстанциясынын имаратынан түштүк-батыш багытына карай 176,0 м аралыкта же (Х=3171907,9; У=4556468,8; Н=849,9 м) координаттык чекитинде жайгашкан. №1 чекиттен түндүк-чыгыш багытына карай 449,5 м журуп №2 чекитке келебиз. №2 чекиттен (Х=3172117,6; У=4556866,7; Н=856,1 м) түштүк-чыгыш багытына 249,9 м аралыкта жүрүп №3 чекитке келет. №3 чекиттен (Х=3172337,8; У=4556747,5; Н=856,1 м) түштүк-батыш багытына 444,1 м журуп №4 келет. №4 чекиттен (Х=3172128,0; У=4556356,0; Н=850,6 м) түндүк-батыш багытына 247,1 м журуп алгачкы №1 чекитке келет.
Корголуучу санитардык зонасынын чектелген тартиптеги II зонасынын чек аралары:
Корголуучу санитардык зонасынын чектелген тартиптеги II зонасынын чек арасы айлана формасында түзүлгөн. №1 чекит суу топтоочу тосмосунун электр подстанциясынын имаратынан түндүк-чыгыш бурчунан түндүк-чыгыш багытына карай 76,4 м аралыкта же (Х=3172117,5; У=4556606,3; Н=852,6 м) координаттык чекитинде жайгашкан. II зонасынын түндүк-чыгыш тарабындагы чек арасы жарым айлана түрүндө түзүлүп 259,5 м радиуста жайгашкан. Түштүк- батыш тарабындагы чек арасы №1 чекиттен 219,8 м радиуста жайгашкан.
Корголуучу санитардык зонасынын чектелген тартиптеги III зонасынын чек аралары:
Корголуучу санитардык зонасынын чектелген тартиптеги III зонасынын чек арасы №1 чекиттен башталат. №1 чекит мурдагы Птицафабриканын Борбордук көчөсүнөн түштүк-чыгыш багытына карай 118,8 м аралыкта жана Сузак районунун (Кок-Арт дарыясынын боюндагы) чегинен түштүк-батыш багытына карай 66,6 м аралыкта же (Х=3171861,3; У=4556170,12; Н=847,4 м) координаттык чекитинде жайгашкан. №1 чекиттен түндүк-батыш багыты боюнча дуга түрүндөгү траектория боюнча 908,3 м жүрүп №2 чекитке (Х=3171861,3; У=4556170,12; Н=852,8,1 м) келет. №2 чекиттен түндүк-чыгыш багытына Кызыл-Сенир айылына карай 4008,1 м аралыкта журуп №3 чекитке (Х=3173000,5; У=4560660,0; Н=898,8 м) келет. №3 чекиттен түндүк-чыгыш багытына Кызыл-Сенир айылын аралап өтүп 659,1 м аралыкта айылдын түштүк-чыгыш бурчуна №4 чекитке (Х=3173577,8; У=4560952,99; Н=906,5 м) келет. №4 чекиттен түндүк-чыгыш багытына 960,0 м аралыкта журуп №5 чекитке (Х=3174462,0; У=4560602,6; Н=908,3 м) келет. №5 чекиттен түштүк-чыгыш багытына журуп Кок-Арт дарыясын кесип отуп, айдоо жерлер аркылуу Тайгараев аймактык башкармалыгынын Котур –Каман участогундагы мазарга чейин 1573,7 м аралыкта журуп №6 чекит (Х=3175265,3; У=4559373,5; Н=908,0 м) жайгашкан. №6 чекиттен түштүк-батыш багытына 993,4 м журуп, мечиттин жанында Чапкындык кочосу менен кесилиште №7 чекит (Х=3174637,8; У=4558604,8; Н=886,7 м) жайгашкан. №7 чекиттен түштүк-батыш багытына Кок-Арт дарыясынын агымына карата 3019,7 м аралыкта журуп Тайгараев аймактык башкармалыгынын №9 контурунун түштүк-батыш бурчуна, Тайгараев аймактык башкармалыгы менен Таш-Булак айылдык округунун чектеринин кесилишинде №8 чекит (Х=3172727,0; У=4556264,8; Н=886,7 м) жайгашкан. №8 чекиттен түштүк-батыш багытына дуга формасы менен Кок-Арт дарыясын түндүк тарапка кесип отуп 935,8 м журуп алгачкы №1 чекитке келет.
«ПРИГОРОДНЫЙ» СУУ ТОПТООЧУ ТОСМОСУНУН КОРГОЛУУЧУ САНИТАРДЫК ЗОНАСЫНЫН АЙЛАНАСЫНДА ТЫЮУ САЛУУЧУ ИШ ЧАРАЛАР
Жер астындагы суулар менен камсыз кылуучу I корголуучу санитардык зонанын чектеринде тыюу салынат:
а) Негизги суу өткөрүүчү курулмаларды кеӊейтүүлөр жана реконструкция кылуудан башка бардык курулуштун түрлөрүн курууга (Суу берүүдөн жана аны тазалоого байланышпаган көмөкчү курулмалар баары 1-зонадан сырткары курулуусу керек);
· коомдук жана жашоочу курулуштарды жайгаштырууга, адамдардын жашоосуна, анын ичинен ушул жерде иштеген жумушчулар;
· Суу өткөрүү түтүктөрүн жана аны тейлеген суу өткөрүүчү курулмалардан башка, баардык ар түрдүү суу өткөрүүчү түтүктөрдү орноштурууга;
· Тез өсүүчү бак дарактарды тигүүгө;
· Булганды сууларды агызууга;
· Сууга түшүүгө, малдарды суугарууга жана жаюуга;
· Өсүмдүктөрдү өстүрүүгө химиялык уу заттарды жана жер семирткичтерди пайдаланууга;
б) Имараттардан чыккан булганыч суулар атайын канализацияга же жергиликтуу суу тазалоочу курулмага түшүүсү зарыл. Атайын канализация жок учурда суу жер катмарына сиӊбегендей курулма курууга, таштанды булганычтарды территориядан сыртка чыгарууда 1-зонаны баардык булганычтар менен булгабагандай кылып чыгарууну;
в) Токойлорду, дарактарды кароодо санитардык кыркууга жол берилет;
Жер астындагы суулар менен камсыз кылуучу II корголуучу санитардык зонанын чектеринде тыюу салынат:
а) белгиленген аймакты булганычтар, таштандылар, өндүрүштүк жана турмуш тиричиликтик таштандылар менен булгоо;
б) Жер астындагы суу булактарын булганычка алып келген күйүүчү, майлоочу материалдарды, уу заттарды жана минералдык жер семирткичтерди сактоочу кампаларды жана башка объектилерди курууга;
в) Жер астындагы суу булактарын микробдук булганычка алып келген мазарларды жана малдардын калдыктарын сактоочу курулмаларды, талаа фильтрлерин, мал жана тоок чарбасынын калдыктарын сарыктырып тазалоочу объектилерди жайгаштырууга;
г) Химиялык уу заттарды жана жер семирткичтерди пайдаланууга;
III корголуучу санитардык зонанын чектеринде тыюу салынат:
III корголуучу санитардык зонанын чектеринде Благовещенка, Акбаш айылдарынын санитардык абалын жакшыртуу, корголуучу санитардык зонанын чектеринен таштандыларды, пландаштырылбаган турмуш тиричилик жактан чыгарылган калдыктарды жок кылынуусу, химиялык уу заттарды жана жер семирткичтерди пайдаланылышынын чектелишин, чон мал чарба комплекстеринин өнүгүүсүн токтотуу;
Баардык курулуштун түрлөрү, курулуштун долбоорлору санитардык эпидемиологиялык кызматтын уруксаты менен гана жүргүзүлүшү;
Жер астындагы суу булактарын булганычка алып келген күйүүчү, майлоочу материалдарды, уу заттарды жана минералдык жер семирткичтерди сактоочу кампаларды, өндүрүштөн чыккан булганыч сууларды топтоочу жайларды жана жер астындагы сууларды булганышына коркунуч келтируучу башка объектилерди курууга, жайгаштырууга;
Жер астындагы сууларды булганышына алып келуучу бузулган,иштебей калган скважиналарды жаап салуу;
Жаны эксплуатация кылынуучу скважиналарды казып чыгаруу;
Жер астындагы мурда иштетилген сууларды кайра чыгарууга тыюу салынат;
«Пригородный» суу топтоочу тосмосунун корголуучу санитардык зонасынын айланасында алдын алуучу иш чаралар
II корголуучу санитардык зонанын чектеринде жургузулуучу төмөндөгү санитардык иш чаралар сунуш кылынат:
-Жер астындагы сууларды булганышына алып келуучу бузулган иштебей калган эски скважиналарды калыбына келтируу же жаап салуу. Туура эмес иштеген же иштебей калган скважиналарды жана кудуктарды аныктоо;
- «Пригородный» суу топтоочу тосмосунун бузулган иштебей калган эски скважиналарын жаап салуу (СКВ. №74, 1673, 7250, 7251), жаны казылуучу скважиналарды иреттөө. Долбоорлонуп жаткан суу топтоочу тосмосунун суу кирүү көлөмүнүн чоӊдугун (400 л/с) эске алуу менен II корголуучу санитардык зонанын чектеринде жаны скважиналарды казууга тыюу салынат. Жер кыртышынын бузулушуна байланышкан жаны курулуш иштери Жала-Абад областтык ЦГСЭН макулдугунун негизинде жүргүзүлөт. Жер алдындагы суу жүрүүчү горизонту булганычка алып келүүчү жер астындагы мурда иштетилген сууларды кайра чыгарууга, жер астындагы кен байлыктарды иштетүүгө жана казылган таштандыларды топтоого тыюу салуу, жабылган скважиналарды, кудуктарды жок кылуу;
III корголуучу санитардык зонанын чектеринде томондогулор керектелет: калктуу конушка, мекемелерге, өндүрүштүк жана айыл чарба объектилерине жер ажыратууда, ошондой эле өндүрүштүк мекемелердин технологияларынын өзгөрүшүндө булганыч суулар менен суу булактарынын булганышына коркунуч болбой турган тартипте иш жүргүзүлсүн;
Баардык курулуштун түрлөрү, курулуштун долбоорлору, ошондой эле долбоорлоо жана куруу мөөнөттөрү санитардык эпидемиологиялык кызматтардын макулдуктары менен гана жүргүзүлүшү керек;
Жер астындагы суу булактарын булганычка алып келген күйүүчү, майлоочу материалдарды, уу заттарды жана минералдык жер семирткичтерди сактоочу кампаларды, өндүрүштөн чыккан булганыч сууларды топтоочу жайларды жана жер астындагы сууларды булганышына коркунуч келтирүүчү башка объектилерди курууга, жайгаштырууга тыюу салынат;
Жер астындагы сууларды булганышына алып келуучу бузулган иштебей калган эски скважиналарды өз убагында калыбына келтирүү же жаап салуу.
Жаны эксплуатация кылынуучу скважиналарды казып чыгаруу;
Жер астындагы мурда иштетилген сууларды кайра чыгарууга тыюу салынат;
Жер астындагы суулардын булганышы билингенден тартып, эксплуатация кылган мекеме райондук санитардык эпидемиологиялык кызматтары (ЦГСЭН) менен биргеликте атайын суу коргоочу иш чараларды иштеп чыгат жана аткарат.