Редакцияот 22.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

 

2017-жылдын 22-майындагы №01-10/37

 “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугуна” толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

     Баткен шаардык Кеңешинин 3-чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы №13 токтому, Эл Аралык ЮСАИД уюмунун “кыргыз Республикасында жер  реформасы” долбоорунун колдоосу менен бекитилген “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” (“Правила застройки и землепользования города Баткен”) китебинин 1.7-главасынын 22-статьясынын 1-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык Кенешинин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 28-апрелиндеги №3 протоколунун, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин сунуш катынын негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1.Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугунун” 2-бөлүмүнүн 25-беренесинин 1-пунукутуна, 26-берененин 2-пунукутуна өзгөртүүлөр киргизилсин:

      (тиркеме тиркелет)

     2.Тиркемеге ылайык категориялары өзгөртүлгөн жер аянтынын карталары “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебине тиркеме катары киргизүү жагы шаар куруу жана архитектура башкармасына /К.Эргешов/ жүктөлсүн.

     3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай , коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутовго/ тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                                                                                                                                                                                                       А.Ташбеков

 

 

 

Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын 2017-жылдын 22-майындагы №01-10/37 токтомуна №1 тиркеме

 

 

Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебинин 2-бөлүмүнүн 25-статьясынын 1-пункутунун, 26-статьясынын 2-пункутунун өзгөртүүсү боюнча түшүндүрмө

 

 

№

 

Жер аянтынын ээсинин Ф.А.Ж.

Дареги (көчөсү, кварталы)

Анын ичинен

Жалпы жер аянты (га)

Мурдагы багытынын аталышы

Өзгөртүлгөн жер аянтынын өлчөмү (га)

өзгөртүүсүз катырылган

жер

аянтынын

өлчөмү

өзгөртүүгө

киргизилген

жер

аянтынын

багыты

өзгөрүүсүз калтырылган жер аянтынын багыты

1

Шаардык муниципалдык 2 кичи фудбол аянтчасы

М.Мургазыев

2302 м2

Ц-1

2302 м2

-

2302 м2 С-1

-

2

Соц.обьект орто мектеп үчүн

Кызыл-Жол АТОсу

Кара-Тоо участкасы

13326 м2

Сх-1

13326 м2

-

13326 м2 Ж-2

-

3

Аскаров Базарбай жеке менчик

Кызыл-Дөн АТО, Сайдиман-Ажи көчөсү

 26800 м2 С-1

1600 м2

25200 м2  С-1

1600 м2 К-2

-

4

Алтымышова Апиза

С.Абдраимов көч №11

2000 м2 Ж-2

72 м2

 

1928 м2

Ж-2

72 м2 К-1

-

 

 

Жооптуу катчы:                                Ж.Алдашова