Загрузка документа…
САКЫЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралындагы №1
Сакалды айыл өкмөтүнүн 2016-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Айыл өкмөттүн каржы жана экономика бөлүм башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн 2016-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөттүн каржы бөлүмүнүн башчысы АТурганбаеванын маалыматы эске алынсын.
2. Сакалды айыл өкмөтүнүн 2016-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Айыл өкмөттүн 2016-жылга каралган бюджетинен калган калдыктын суммасы 3714300_сом бекитилсин. (чечмелөөсү тиркелет ).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Д. Бекназаров |
Сакалды айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын III сессиясынын №1токтомуна
тиркеме
2017-жылга калган калдыктардын сметасы
| Сакалды жыйындар залын куруу | 1000000 |
| Чон-Багыш жан кыргызстан айылдарына курулуучу спорт залдын долбооруна өздүк салым | 800000 |
| Кыргызстан маданият үйүнө театралдык стул сатып алуу | 250000 |
| Долбоордук сметалык төлөмдөр үчүн | 600000 |
| Бөбүй мектебинин чарбалык жумуштары үчүн | 78000 |
| Бөбүй айылына социалдык маселерге | 62300 |
| Кыргызстан айылына подстанция орнотууга | 250000 |
| Сакалды айылына долбоорлоо жумуштарына | 500000 |
| Сакалды чек ара тозотуна | 70000 |
| Сакалды аймактык ооруканасына | 104000 |
| Жалпысы: | 3714300 |
Сакалды айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы: А.Турганбаева