Редакцияот 19.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык кенешинин V чакырылышынын XXIII-сессиясы

 

2016-жылдын 19-августу № 52

 “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугуна” толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

     Баткен шаардык Кеңешинин 3-чакырылышынын 2006-жылдын 29-мартындагы №13 токтому, Эл Аралык ЮСАИД уюмунун “Кыргыз Республикасында жер  реформасы” долбоорунун колдоосу менен бекитилген “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” (“Правила застройки и землепользования города Баткен”) китебинин 1.7-главасынын 22-статьясынын 1-пункутуна ылайык жана Баткен шаардык Кенешинин курулуш куруу жана коммуникация маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 11-августундагы  отурумунун протоколунун, Баткен шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин сунуш катынын негизинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен  шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугунун” 2-бөлүмүнүн 25-беренесинин 1-пунукутуна, 26-берененин 2-пунукутуна өзгөртүүлөр №1 тиркемеге ылайык  киргизилсин:

2. №1тиркемеге ылайык категориялары өзгөртүлгөн жер аянтынын карталары “Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебине тиркеме катары киргизүү жагы шаар куруу жана архитектура башкармасына /К.Эргешов/ жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш, өнөр жай , коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Добутов/ тапшырылсын.

 

Балыкчы шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Э.Рахматов

 

 

№1 тиркеме

Баткен шаарында жер пайдалануу жана курулуштарды куруу укугу” китебинин 2-бөлүмүнүн 25-статьясынын 1-пункутунун, 26-статьясынын 2-пункутунун өзгөртүүсү боюнча түшүндүрмө

 

 

№

 

Жер

аянтынын

ээсинин

Ф.А.Ж.

Дареги (көчөсү, кварталы)

Анын ичинен

Жалпы жер аянты (га)

өзгөртүлгөн жер аянтынын өлчөмү (га)

өзгөртүүсүз катырылган

жер

аянтынын

 өлчөмү

өзгөртүүгө

киргизилген

жер

аянтынын

багыты

өзгөрүүсүз калтырылган жер аянтынын багыты

1

Момунова Убадат

Чет-Булак массиви

3,42 га

(П-1)

3,42га

-

3,42га Ж-1

-

2

Тажибаев Матказы

Жибек- Жолу күн батыш магистралдык каналдын түштүгү

310м2

Ц-1

120м2

 

190м2

Ц-1

120м2 Ж-1

-