Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-августу № 58
Баткен шаар мэриясынын алдында «Көрктөндүрүү жана жарыктандыруу» муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1; 5-пункуттарына жана Баткен шаарынын көрктөндүрүү , жашылдандыруу жана жарыктандыруу максатында Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаар мэриясынын алдында жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Көрктөндүрүү жана жарыктандыруу” муниципалдык ишканасы ачылсын.
2. Шаар мэриясынын алдында ачылган “Көрктөндүрүү жана жарыктандыруу” муниципалдык ишканасынын Жобосу жана штат бирдиктери №1 жана №2 тиркемеге ылайык ( 20 жыйырма штат бирдиги менен) бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Балыкчы шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Рахматов
|
Тиркеме
Негиз:
Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы депутаттардын кезектеги _____ сессиясынын 2016-жылдын № ________________ токтому;
Баткен шаарынын мэриясынын “____”______________2016-жылдын №__________ токтому,
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “ШААРДЫК КӨРКТӨНДҮРҮҮ ЖАНА ЖАРЫКТАНДЫРУУ”
муниципалдык ишканасынын
уставы
Баткен шаары 2016-жыл
Баткен шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы депутаттардын кезектеги _____ сессиясынын 2016-жылдын № ______________ токтомунун №______ тиркемеси;
1. Жалпы жоболор:
1.1.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Шаардык көрктөндүрүү жана жарыктандыруу” муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана ушул типтүү Уставдын негизинде иш алып баруучу юридикалык ишкана болуп эсептелет.
1.2.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Шаардык көрктөндүрүү жана жарыктандыруу” муниципалдык ишканасы (мындан ары - муниципалдык ишкана) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдарына, буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, буйруктарына жана ушул типтүү Уставга ылайык өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзөт жана жетекчиликке алат.
1.3.Ушул Устав ишкананын уюштуруучулук жана түзүүчү (учредительдик) документи болуп эсептелет.
1.4.Ишкананын уюштуруучусу (учредитель) болуп Баткен шаарынын мэриясы эсептелет.
1.5. Ишкананын толук аталышы;
-Кыргызча – Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Шаардык көрктөндүрүү жана жарыктандыруу” муниципалдык ишканасы;
-Орусча–Муниципальное предприятие “Благоустроиство и освещение города” при мэрии города Баткен.
1.6. Ишкананын кыскартылган аталышы;
-Кыргызча –“БШКЖ” МИ
-Орусча –МП “БОГБ”
1.7. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы “Шаардык көрктөндүрүү жана жарыктандыруу” муниципалдык ишканасы юридикалык макамга (статус) ээ. Ал өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган Кыргыз Республикасынын Герби, ИИН, түшүрүлгөн мөөрү, штампы, аркандай үлгүдөгү бланкаларды жана Банктык эсептик счетун ачууга укуктуу.
1.8. Муниципалдык ишкана өз алдынча чарба жүргүзүүчү субъект болуп эсептелет. Ошондой эле ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул типтүү Уставга ылайык жигердүүлүк, талаптуулук менен жүзөгө ашырат.
1.9.Муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлккө ээлик кылуу менен ишкананы өнүктүрүүдө чарбалык келишимдерди түзүү, ишканага тиешелүү доогер жана жоопкер ортосундагы сот органдары тарабынан жүргүзүлүүчү соттук отурумдарга катышуу укугу жана милдеттерин жеке жоопкерчилигине алат.
1.10.Ишкананын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Баткен шаары, И.Раззаков көчөсү -77.
1.11.Ишкана Кыргыз Республикасынын юстиция органынан каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык күчкө жана ээлик кылуу укугуна ээ.
1.12. Ушул Устав менен жөнгө салууга мүмкүн болбогон маселелер Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде жөнгө салынат.
1.13. Ушул Уставдын мазмуну Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын нормаларына карама-каршылык жаралган учурда, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын нормаларын колдонуу менен ишке ашырылат.
2.Ишкананын максаты жана функционалдык милдеттери:
2.1.Муниципалдык ишкананын максаты жана функционалдык милдеттери, ишкананы түзүүчү жана ишкананын түзүлүшүнө чечим чыгаруучу укуктук орган тарабынан аныкталат.
2.2.Ишкананын ишмердүүлүгүнүн негизги милдети –Баткен шаарынын аймагындагы шаардык муниципалдык ишканаларды, борбордук жана ички көчөлөрдү, коомдук маданий эс алуучу жайларды, парктарды көрктөндүрүү жана жарыктандырууда юридикалык тараптан Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык коопсуз, стандарттуу жана сапаттуу тейлөө жана заманбап тейлөөнүн жаңы ыкмаларын жаратуу болуп эсептелет.
2.3.Ишкананын милдеттери:
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген стандарттуу нормаларга ылайык шаарды көрктөндүрүү жана коопсуз, сапаттуу түнкү электр-жарыктандыруу менен камсыз кылуу;
-шаар аймагындагы шаардык муниципалдык ишканаларды, борбордук жана ички көчөлөрдү, коомдук маданий эс алуучу жайларды, парктарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү;
-шаар ичиндеги көрнөк-жарнактардын, жарыктандыруу каражаттардын менчигинин түрүнө карабастан иреттүү илинишин көзөмөлдөө;
-түнкү электр жарыктандыруу каражаттардын, жол чырактардын (светофорлор), иштөөсүн камсыз кылуу үчүн өз мөөнөтүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү;
-муниципалдык ишкананын тейлөө ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү объектилердин электр энергиясын пайдалануудагы лимиттердин үнөмдүү аткарылышын көзөмөлдөө жана төлөмдөрүн эсептөө, тийиштүү тараптарга маалыматтарды өз убагында жеткирүү;
-электр каражаттарын монтаждоо жана орнотуу иштеринде техникалык коопсуздугун сакталышын көзөмөлдөө;
-республикалык, облустук, шаардык деңгээлдеги иш чараларды уюштурууда жана башка зарыл болгон учурларда шаардын аймагындагы тийиштүү объектилердеги электр каражаттарынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу;
-шаарды көрктөндүрүү, жарыктандыруу жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык коопсуздук-техникалык талаптарды сактоо;
3.Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери:
3.1.Муниципалдык ишкана өзүнүн иш аракеттерин, аны түзүүчү (учредитель) жана башка ага түздөн-түз баш ийген ыйгарым укуктуу органдар тарабынан иштелип чыккан чечимдердин талаптары боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген учурда дагы турмушка ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
-ишкананын тейлөө объектисиндеги функционалдык милдеттерине кирген юридикалык – физикалык жактардын административдик башкаруу, организациялык-укуктук формаларына карабастан келишимдерди түзүүгө жана бекитүүгө;
-юридикалык – физикалык тараптарды таштандылардан тазалоону камсыз кылууда түзүлгөн келишимдин негизинде кызмат көрсөтүүгө;
-юридикалык – физикалык тараптардын тейлөөгө болгон төлөмдөрдү төлөө тартибин, анын ичинде которуу жолдорун аныктоо жана иштеп чыгууга;
-ишкананын компетенциясына тийиштүү норомативдик – укуктук актыларды даярдоого катышууга;
-сот аркылуу каралуучу иштерде доогер болууга жана жоопкерчилик тартууда катышууга;
-түзүлгөн келишимдин негизинде ишкананын жумушчуларын атайын адистикке үйрөтүү боюнча белгиленген тартипте консултацияларды жана окууларга тартууга;
-ишкананын кызматкерлерин тажрыйбасын арттыруу максатында Эл Аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө жана окууларга жөнөтүүгө;
-жарандарды эмгек келишимдин негизинде (анын ичинде кыска мөөнөттүү келишим, бөдрөттүк келишим) жана башка жарандык-укуктук эмгек келишимдерди түзүү аркылуу ишкананын ишин жандандырууга тартууга;
-Уставда көрсөтүлгөндөй Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырууга зарыл болгон өндүрүштүк ишмердүүлүктү белгиленген тартипте түзүүгө;
-Ишкананын ишмердүүлүгүнүн жүргүзүүдө жоопкерчилиги чектелген коомдор жана жеке менчик ишканалар менен эки тараптуу келишим түзүүгө;
- Структуралык түзүмгө тиешелүү өндүрүштүк, социалдык – экономикалык жана башка маселелерди өз алдынча чечүүгө;
Ушул Уставда белгиленбей калган ишкананын укуктары жана милдеттери аны уюштуруп түзүүчү (учредитель) жана башка ага түздөн-түз баш ийген ыйгарым укуктуу органдар тарабынан макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карама-каршы келбеген учурда кайрадан каралышы мүмкүн.
3.2.Ишкананын кызматкерлеринин иштөө, дем алуу күндөрү, социалдык тейлөө, социалдык камсыздандыруу тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө укук ченемдик актыларынын нормаларына ылайык жөнгө салынат.
3.3.Ишкана ижарага берүү жана ижаралоо иштерин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.
3.4.Ишкананын милдети:
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана кабыл алынган келишимдерге ылайык тагылган милдеттерин белгиленген тартипте аткаруу;
-ишкананын кызматкерлердин иш орундарын ден соолукка зыян келтирилбеген ыңгайлуу шартта иштөөсү үчүн коопсуздук шарттарды түзүүгө жана өрттөн сактоо куралдары менен камсыз кылууга;
-кызматкерлерди социалдык – медициналык, жана башка камсыздандыруунун түрлөрү менен камсыз кылууга;
-кызматкерлерге биринчи медициналык жардамды көрсөтүү үчүн дайыма керектүү дары-дармектерди даярдап коюуга; (аптечка)
-эмгекти коргоо боюнча акча каражатын бөлүштүрүп берүүгө;
-кызматкерди жаңыдан жумушка кабыл алганда эмгек жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча атайын инструктаж өткөрүү жана инструктаж өткөндүгү жөнүндө каттоо журналына кол койдурууга;
-Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган атайын таштанды ташуучу авто машиналарын жана таштанды салуучу темир идиштерин ж.б.у.с. ишкананын карамагында турган жабдууларды өз убагында оңдоо-түзөө иштерин жүргүзүп, оң абалда сактоого;
-Келишимдин негизинде шаар калкын тазалык менен тейлөөдө жана турмуш тиричилик калдыктарын тазалоодо төлөнүүчү төлөмдөрдү өз убагында, толук кандуу жыйноо менен тейлөөнүн заманбап (билингтик) системасын киргизүү, аны өнүктүрүү;
-Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте тийиштүү болгон салыктардын жана башка төлөмдөрүн төлөө. Өзүнөн жогорку органдарды маалыматтар менен өз убагында камсыз кылуу;
3.5.Атайын мыйзамдар менен корголгон мамлекеттик, кызматтык жашыруун сырларды сактоо, ошондой эле тийиштүү эмес тараптарга ишкананын коргоодо турган объектилери жөнүндө маалымат бербөө кызматкерлердин милдети жана жарандык ар намысын коргоо.
4.Ишкананы башкаруу:
4.1.Уюштуруп түзүүчү (учредитель) орган ишкананын жогорку органы болуп эсептелет.
Ишкананын Уставын өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү, аны кайрадан түзүү (реорганизациялоо) же болбосо жоюу менен ишмердүүлүгүн токтотуу, (ликвидация) уюштуруп түзүүчү (учредительдик) органдын компетенциясына кирет.
Уюштуруп түзүүчү (учредитель) орган Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарына кирген жана башка маселелерди ишке ашырууга укуктуу.
4.2.Ишкананын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө, ишкананын директору башкарат.
4.3.Уюштуруп түзүүчү (учредитель) орган ишкананын директорун Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте дайындайт жана бошотот. Ишкананын директорунун орун басарын, башкы эсепчисин, башкы инженерин жумушка дайындоо жөнүндө макулдук берет.
4.4.Ишкананын жетекчиси:
-ишкананын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жоопкерчилик тартат;
-ишкананын атынан чечкиндүү чараларды көрөт;
-келишимдерди жана эмгек келишимдерди бекитет;
-ишеним көрсөтөт;
-банктык ж.б. эсептик счетторду ачат;
-буйрук кылууга жана чыгарууга укуктуу;
-Кызматкерлердин функционалдык милдеттерин бекитет;
-ишкананын бардык кызматкерлерине белгиленген тартипте буйрук кылууга жана чараларды көрүүгө укуктуу;
-белгиленген тартипте кызматкерлерди жумушка кабыл алат жана жумуштан бошотот;
-эмгекти стимулдаштырууда демилгелүү ж.б. маселелерди чечет.
-ишкананын атынан юридикалык – физикалык тараптар менен түзүлгөн келишимдердин аткарылышында жана тейлөөгө болгон төлөмдөрдү төлөө тартибинин бузулушунда аларга чара көрүүнү комиссиянын чечими менен тийиштүү органдарга сунуштайт,
4.5. Ишкананын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындоо же болбосо кызматтан бошотууда түзүлгөн эмгек келишимдин талаптарын негиз кылат.
4.6. Ишкананын жетекчиси өзүнүн орун басарын, башкы эсепчисин, башкы инженерин Баткен шаарынын мэриясынын макулдугу менен дайындайт.
4.7. Ишкананын штаттык курамын жана түзүмүн ишкананын жетекчиси бекитет.
4.8. Ишкананын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө юридикалык-физикалык жактар менен болгон бардык багыттагы чарбалык мамилелер келишим түзүү жолу менен жүргүзүлөт.
4.9.Ишкананын жетекчиси кадр маселелерин чечүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишкананын иш тартибин сактоо, жалдануучуга шарттарды түзүү, эмгек акыларды жана кошумча эмгек акыларды төлөө, кызматкерлерди сыйлоо тартибин аныктоо, иштөө формасын жана ыкмаларын өнүктүрүү, күнүмдүк жана апталык иш мөөнөтүнүн узартылышы, дем алыш күндөр жана эмгек өргүүгө чыгуу ж.б.у.с. бардык маселелерди чечет.
5. Эсеп-кысап жана отчеттуулук:
5.1.Ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүн өзүнөн жогорку уюштуруп түзүүчү (учредитель) тараптан бекитилген пландын негизинде ишке ашырат.
5.2.Ишкананын бухгалтердик эсеп-кысап жана статистикалык отчеттуулук иштери Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
5.3.Ишкананын ишмердүүлүгүн текшерүү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын көзөмөлдөөчү органдар тарабынан жүргүзүлөт.
6.Ишкананын мүлктөрү жана каражаттары:
6.1.Уюштуруп түзүүчү (учредитель) тараптын чечими менен ишкананын карамагына (балансына) бекитилип берилген мүлктөр Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте ишкананын чарбасын өнүктүрүү жана калкты тейлөө максатында пайдаланылат.
6.2.Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген башка учурларда ишкананы мүлккө ээлик кылуу укугунан ажыратуу же башканын ээлигине өткөрүп берүү иш аракеттери мүлк ээсинин макулдугу менен гана жүргүзүлөт.
6.3.Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген башка учурларда ишкананын негизги фондунун жүгүртмө каражаттарын жана пайдаланып жаткан мүлктөрүн колдонуудан чыгаруу Уюштуруп түзүүчү (учредитель) тараптын же болбосо соттун чечими менен уруксат берилет.
6.4.Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген башка учурларда ишкананын карамагында (балансында) турган бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр мэриянын менчиги (муниципалдык менчик) болуп эсептелет.
7. Ишкананы кайрадан уюштуруп түзүү, жоюу жана багытын өзгөртүү:
7.1.Ишкананы кайрадан уюштуруп түзүү, аны жоюу же багытын өзгөртүү иш аракеттери уюштуруп түзүүчү (учредитель) тараптын же болбосо соттун чечими менен Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
7.2.Ишкананы кайрадан уюштуруп түзүү, аны жоюу же багытын өзгөртүүдө жумушунан бошотулган кызматкерлерге компенсация жана жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте төлөнүп берилет.
7.3.Ишкана өзүнүн жоюлуусу, же болбосо кайрадан түзүлүүсү юридикалык тарап Мамлекеттик реестрге киргизилген убакыттан тартып күчүнө кирет.
Баткен шаарынын мэриясынын
аппаратынын жетекчиси Б.Токсонбаев