Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-январы № II-1
Гулистан айыл кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Мыйзамдарына ылайык айыл кеңешинин натыйжалуу иш жүргүзүүсүн камсыз кылуу максатында, аймакты социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аткаруу бийлигинин натыйжалуу иштешине, укук жана милдеттерин мыйзам чегинде белгилеп, туруктуу тескөө максатында Гулистан айыл кеңешинин кезектеги II-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү Кодексинин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде Гулистан айыл кеңешинин регламенти бекитилсин.
2. Ушул регламенттин негизинде иш жүргүзүү жана айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн туруктуу көзөмөлдөө айыл кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы | И. Ташматов
|
Гулистан айыл кеңешинин регламенти
Гулистан айыл Кеңешинин
2017- жылдын №~--4' токтому менен бекитилген
Жалпы жоболор1.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Мыйзамдарына ылайык айылдык Кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын, жергиликтүү жамаатынын Уставын, ошондой эле ушул Регламентти жетекчиликке алат.
Кеңештин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүрөр саналат:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
-жергиликтүү бюджетти жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фондду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана аткарылышына контролдук кылуу;
жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен пайдалануунун жана тескөөнун тартибин белгилөө, муниципалдык менчикти пайдаланууга контролдук кылуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- депутаттардын жалпы саныны көпчүлүк добушу менен айыл өкмөтүнүн башчысына ишеним көрсөтпөө;
жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунушту тийиштүү мамлекеттик бийлик органга киргизүү максатында иштеп чыгуу;
Кеңештин төрагасын жана анын орунбасарын шайлоо жана кызмат ордунан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келген чечимин алып салуу;
жергиликтүү кеңештин регламентин кабыл алуу;
өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
- Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
-1-
муздак сууну, канализацияны пайдалануу үчүн, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып кетүү жана жок кылуу үчүн тариф терди Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бекитүү;
жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка маселелерди да чечүү.
1.3. Кеңеш, өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга киришүү менен бир айлык мөөнөттө Кеңештин төрагасы, төраганын орун басары жана түзүмү жөнүндө чечим кабыл алат.
2. Жергиликтүү Кеңештнн ишнн уюштуруу
2.1. Кеңештин иши келечектүү (жылдык) жана учурдагы (кварталдык) пландардын негизинде түзүлөт.
Пландын долбоорун депутаттардын сунушу боюнча Кеңештин аппараты же тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы түзөт жана Кеңештин төрагасы Кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылат.
2.2. Кеңештин сессиялары жылына (кварталына) кеминде 1 жолу Кеңеш белгилеген күндө жана саатта өткөрүлөт.
2.3. Кеңешти чакыруу убактысы, сессияны өткөрүү орду жана карап чыгууга киргизилүүчү маселелер жөнүндө Кеңештин төрагасы сессияга чейин 5 күндөн кечиктирбестен депутаттарга кабарлайт жана калкка жеткирет.
Чечимдердин долбоорлору жана талкууланып жаткан маселелерге башка материалдар сессияга чейин 3 күндөн кечиктирбестен депутаттарга жекече берилет.
2А. Кеңештин кезексиз сессиялары Кеңештин төрагасы тарабынан өз демилгеси боюнча, туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча же шайланган депутаттардын санынын кеминде учтөн бир бөлүгүнүн сунушу боюнча чакырылат. Кезексиз сессия аны чакыруу жөнүндө сунуш алынган учурдан тартып 7 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш.
Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш кун тартибине киргизүүгө сунуш кылынган маселелерди көрсөтүү жана кезексиз сессиянын зарылчылыгын негиздөө менен жазуу жүзүндө Кеңештин төрагасына жөнөтүлөт.
2.5. Кеңештин сессиясына пландан тышкаркы маселелерди бекитилген иш планына ылайык аларды даярдоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар даярдайт.
Кеңештин с еесиясына пландан тышкаркы маселелерди аларды киргизүүнүн демилгечилери даярдайт.
2.6. Кеңештин чечими боюнча же Кеңештин төрагасынын буйругу боюнча Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардын, адистердин, ошондой эле жарандар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен жумушчу комиссиялар (топтор) түзүлүшү мүмкүн.
2.7. Кезектеги сессиянын кун тартибине киргизүү сунуш кылынган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, суроо-талаптар, кайрылуулар жана башкалар) сессияга чейин 5 күндөн кечиктирбестен Кеңештин катчысына (маселенин аталышы, маселени талкуулоо зарылчылыгы, убактысы менен) жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Андай болбогон учурда маселе кийинки жыйналышка көтөрүлөт.
2.8. Кеңештин кароосуна сунуш кылынган чечимдердин долбоорлору төмөнкүдөй болууга тийиш:
аткаруучуларды, аткаруу мөөнөтүн, финансылоо булагын, ошондой эле чечимдер күчүнө кире турган убакытты көрсөтүүгө;
таламдаш уюмдар, өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын тиешелүү бөлүмдөрү менен, ал эми зарылчылык болгон учурда - тиешелүү мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга. Эгерде тиешелүү макулдашуулар чечимдин долбоору сунуш кылынгандан кийин эки жуманын ичинде берилбесе, Кеңеш маселени аларсыз кароого укуктуу;
бул маселе боюнча мурдагы чечимдерди эске алууга жана кабыл алынган чечимдерди алып салуу же өзгөртүү боюнча сунуштарды камтууга;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө юридикалык корутундусу болууга.
2.9. Белгиленген маселе боюнча талкуулоо үчүн чакырылгандардын тизмесин сунушу маселени Кеңештин жыйналышына коюуга негиз болгон адам даярдайт. Кеңештин жыйналышына чакырылган адамдар маселени талкуулоонун убактысы жана орду жөнүндө кеңештин (же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын) аппаратынын кызматкерлери тарабынан күн мурунтан кабарландырылат.
3. Кенештин сессиялары
3.1. Кеңештин сессиялары Кеңештин шайланган депутаттарынын санынын кеминде 2/3 белугу болгон учурда чечим кабыл алууга укуктуу.
3.2. Кецештин депутаттары Кецештин сессияларына катышууга милдеттүү. Сессияларга катышууну эсепке алууну Кеңештин катчысы (мындан ары катчы) уюштурат.
Жыйналышка келүү мүмкүнчүлүгү болбогон учурда Кеңештин депутаты бул жөнүндө Кеңештин катчысына күн мурунтан билдирүүгө тийиш.
3.3. Кеңештин сессиялары ачык болуп саналат.
Кеңештин чечими боюнча жабык жыйналыштар өткөрүлүшү мүмкүн.
3.4. Сессияга мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, башка Кеңештердин депутаттары Кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
3.5. Кеңештин сессияларын Кеңештин төрагасы, ал эми ал жокто Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
3.6. Кеңештин сессиясында добуш берүү кол көтөрүү менен жүргүзүлөт, Кеңеш зарыл деп эсептеген учурларда добуш берүү башкача ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Добуш берүүнүн натыйжалары (Кеңештин депутаттарынын фамилияларын, «жактап», «каршы» добуш бергендерди, «калыс» калгандарды көрсөтүү менен) протоколго киргизилет.
Добуш берүү аяктагандан кийин жасалган эрк билдирүүгө эч кандай түзөтүүлөр кабыл алынбайт. Добуш берүү учурунда жок болгон депутат өзүнүн добушун кийин берүүгө укуксуз.
3.7. Кеңеш ар бир сессияда Кеңештин сессияга катышып олтурган депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
3.8. Озгөчө гана учурларда күн тартибине Кеңештин чечими боюнча Кеңештин сессиясында түздөн-түз коюлуучу маселелер киргизилиши мүмкүн.
Сессиянын кун тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө чечим ар бир сунуш боюнча добуш берүү менен Кеңештин жыйналышка катышып олтурган депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3.9. Кеңеш сессиянын күн тартибин бекиткенден кийин талкуулоо күн тартибинде белгиленген тартип боюнча журөт. Кун тартибинин маселелерин талкуулоо тартибинде өзгөртүүлөр Кеңештин чечими боюнча жүргүзүлөт. Тигил же бул себептерден улам бул сессияда каралбаган маселелер Кеңештин кийинки сессиясында каралууга тийиш.
3.10. Сессиянын жыйналыштарында докладдар учун убакыт, эреже катары, - 10 мүнөткө чейин, төө докладдар учун 5 мүнөткө чейин берилет. Жарыш сөзгө чыккандарга 5-мүнөткө чейин, талапкерлер, алып баруу тартиби, добуш берүү жүйөөлөрү боюнча сөз сүйлөө үчүн, арыздар, маселелер, сунуштар, билдирүүлөр үчүн - 3 мүнөткө чейин.
Депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен сессияда төрагалык кылуучу доклад же сөз сүйлөө үчүн убакытты узарта алат.
3.11. Депутат сессиянын бир жыйналышында бир эле маселе боюнча эки жолудан ашык эмес, ал эми жыйналышка катышып олтурган депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен андан ашык сөз сүйлөй алат.
3.12. Эгерде сөз сүйлөп жаткан адам талкууланып жаткан темадан алыстаса, төрагалык кылуучу аны талкууланып жаткан маселеден алыстабоого чакыра алат.
Эгерде сүйлөп жаткан адам сөз сүйлөө үчүн ага берилген убакыттан ашып кетсе же талкууланбаган маселе боюнча сөз сүйлөсө, төрагалык кылуучу экинчи жолу эскерткенден кийин аны сөз сүйлөөдөн ажыратат.
3.13. Депутат болуп саналбаган адам тартипти одоно бүзган учурда төраганын буйругу боюнча Кеңештин сессия ларынын жыйналыш залынан чыгарылышы мүмкүн.
3.14. Сессиянын жыйналышынын протоколу Кеңештин катьппып олтурган депутаттарынын жана сессияга чакырылып, катышпагандыгынын себептерин көрсөтүү менен жок депутаттарынын фамилияларын, угуулардын предметинин маңызы боюнча маалыматтарды жана алар боюнча кабыл алынган чечимдерди камтууга тийиш.
Протоколду жүрүузүп жаткан Кеңештин катчысы Кеңештин сессиясынын жыйналыштары жөнүндө кыскача жана маңызы боюнча жазуу жазат.
Эгерде сессиянын жыйналышынан кийин эки күндүн ичинде Кеңештин депутаттары жазуунун мазмунуна каршы пикирин билдирбесе, протоколго сессияда төрагалык кылган адам кол коет.
3.16. Кеңештин сессиялары, каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө жергиликтүү кеңештин аппараты жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүүлөрдү берет.
4. Кеңештин чечимдери
4.1. Сессияда каралган маселелер боюнча Кеңеш чечим кабыл алат.
Кеңештин чечимдери сессияда ачык, анын ичинде атын атоо же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
4.2. Кеңештин чечимдери сессияда талкуулангандан кийин Кеңештин сессияга катьппып жаткан депутаттарынын санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
4.3. Кеңештин төрагасын, Кеңештин төрагасынын орун басарын, туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо, Кеңештин органдарын түзүү жөнүндө, Кеңештин гана компетенциясына кирген маселелер ~боюнча, Кеңештин мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу же өзгөртүү жөнүндө чечимдер Кеңештин шайланган депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамына же мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчисине ишеним көрсөтпөө жөнүндө Кеңештин чечими Кеңештин депутаттарынын жалпы санын учтөн эки добушу менен кабыл алынат.
Кеңештин карамагына кирген маселелер боюнча анын чечимдери токтом турундв чыгарылат жана ага Кеңештин төрагасы кол коет.
4.4. Кеңештин чечимине макул болбогон депутат өзүнүн озгөчө пикирин жазуу жүзүндө же оозеки баяндоого укуктуу, ал Кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.
4.5. Эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы чечимдин сунуш кылынган долбоорун жактап добуш берсе, ал негиз катары алынат.
Эгерде чечимдин сунуш кылынган долбоору негиз катары кабыл алынбаса, ал беренелер боюнча каралышы мүмкүн.
4.6. Чечимдин долбооруна түзөтүү киргизүүнү каалаган депутат аны төрагалык кылуучуга жазуу жүзүндө берет. Түзөтүү талкууга коюлат жана, эгерде сессияга катышып олтурган депутаттардын жарымынан ашыгы аны жактап добуш берсе, кабыл алынат.
4.7. Бардык түзөтүүлөр каралып чыккандан кийин чечимдин долбоору бүтүндөй кабыл алынат.
4.8. Кеңештин чечимдерин чыгаруу учун жоопкерчилик Кеңештин катчысына жүктөлөт.
4 9. Кеңештин чечимдерин кол коюлгандан кийин 2 күндүк мөөнөттө айыл өкмөтүнүн аппараты таратат.
4.10. Кеңештин ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган анын чечимдерин тиешелүү аймакта жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызмат адамдары жана жарандар аткарууга милдеттуу.
4.11. Кеңештин чечимдери сот тартибинде же Кеңештин башка чечими менен гана алып салынышы мумкун.
5. Жергиликтүү кеңештин төрагасы
5.1. Айылдык Кецештин төрагасы Кеңешке жетекчилик кылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу кызмат адамы болуп саналат.
Мурдагы чакырылыштагы Кеңештин төрагасы өз милдеттерин жацы чакырылган Кеңештин төрагасы шайланганга чейин аткарат.
5.2. Кеңештин төрагасы вз кызматынан Кеңештин демилгеси боюнча Кеңештин сессиясында жашыруун добуш беруу жолу менен, эгерде Кеңештин шайланган депутат-тарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси муну жактап добуш берсе, бошотулушу мүмкүн.
Кеңештин төрагасына ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы сессиянын күн тартибине киргизилет.
Бул маселени жыйналышта кароо учурунда Кеңештин төрагасына сүйлөө үчүн сөз берилет.
Кеңештин төрагасын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен, эгерде Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси муну жактап добуш берсе, кабыл алынат.
5.3.Кеңештин төрагасы:
Кеңештин сессияларын чакырат;
сессияларда төрагалык кылат;
жыйналыштарды жана кароого киргизилүүчү маселелерди даярдоого жетекчилик кылат;
Кеңештин иш пландарын түзүүнү камсыз кылат;
Кеңештин Регламенти сакталышына көз салат;
- Кеңештин жыйналыштарынын протоколдоруна жана башка документтерине кол коет;
депутаттар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышында аларга көмөк көрсөтөт, аларды зарыл маалымат менен камсыз кылууну уюштурат;
Кеңеште, анын органдарында же шайлоо округдарында иштөө үчүн депутаттарды кызматтык же өндүрүштүк милдеттерден бошотуу менен байланышкан маселелерди карайт;
Кеңештин туруктуу комиссияларынын, башка комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишин координациялайт;
мамлекеттик, коомдук уюмдар менен мамилелерде Кеңештин атынан иш алып барат; Кеңештин тышкы байланыштарын уюштурат;
Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына шайлоо үчүн талапкерди сунуш кылат;
Кеңештин чечимдерин аткаруу максатында, анын ичинде Кеңештин ишине каражаттарды чыгымдоо жагынан да буйруктарды чыгарат;
Кеңештин ишинде маалымдуулукту камсыз кылуу жана коомдук пикирди эске алуу боюнча чараларды көрөт;
жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароону уюштурат;
мыйзамдарда каралган учурларда сотко же арбитраждык сотко жөнөтүлүп жаткан тиешелүү документтерге Кеңештин атынан кол коет;
Кеңештин чечимдерин аймагында турган бардык органдар, бирикмелер, ишканалар, мекемелер жана уюмдар аткарышын уюштурат жана контролдойт;
ага Кеңеш тапшырышы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жүктөлүшү мүмкүн болгон башка маселелерди чечет.
5.4. Кеңештин төрагасынын буйруктары Кеңеш тарабынан алып салынышы мумкун.
5.5. Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын үч айдан ашык убакыт бою жүзөгө ашыра албаган учурда Кеңеш Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо жөнүндө маселени кароого тийиш.
5.6. Кеңештин төрагасы өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Мындай учурда чечим Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Төрага өзүнүн ыйгарым укуктарын ыктыярдуу түрдө токтотушу анын жазуу жүзүндө арызынын негизинде канааттандырылат. Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын арыз берген күндөн тартып эки ай өткөндөн кийин токтотууга укуктуу.
5.7. Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо жөнүндө маселе чечилгенге чейин анын милдеттерин Кеңештин төрагасынын орун басары аткарат.
6. Кеңештин төрагасынын орун басары
6.1. Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча депутаттардын ичинен сессияда жашыруун добуш берүү менен Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат. Ар бир депутат Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына алдын ала көрсөтүү (өзүн-өзү көрсөтүү) укугуна ээ.
6.2. Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жергиликтүү Кеңештин төрагасын шайлоого окшош жүргүзүлөт.
6.3. Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңешке отчет берет жана Кеңештин сессиясында жашыруун добуш берүү жолу менен кызматтан бошотулушу мүмкүн.
Кеңештин төрагасынын орун басарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе шайланган депутаттардын санынын кеминде 1/3 бөлүгүнүн талабы боюнча жакынкы жыйналыштын күн тартибине киргизилет.
Сессияда бул маселени карап чыгуу учурунда Кеңештин төрагасынын орунбасарына сүйлөө үчүн сөз берилет.
Кенештин торагасынын орун басарын ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим, эгерде шайланган депутаттардын санынын жарымынан ашыгы муну жактап добуш берсе, Кеңеш тарабынан жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
6.4. Кеңештин төрагасынын орун басары:
Кеңештин төрагасы жок болгон же ал милдеттерин аткара албаган учурда анын функцияларын жүзөгө ашырат;
- ага Кеңештин төрагасы берген же ага Кеңеш берген ар кандай башка функцияларды аткарат;
Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат.
Кеңештин төрагасынын орун басары ез функцияларын коомдук башталыштарда жузого ашырат.
6.5. Кецештин терагасынын орун басары өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат.
Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин төрагасынын орун басары арыз берген күндөн тартып эки ай өткөцдөн кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга укуктуу.
6.6. Кеңештин жаңы төрагасы шайланган учурда Кеңештин төрагасынын орунбасары ыктыярдуу түрдө отставкага кетүү жөнүндө арыз берет, ал Кеңештин төрагасы тарабынан кар алат.
7. Кеңештин жооптуу катчысы
7.1. Кеңештин жооптуу катчысы Кеңештин ишин уюштуруу-протоколдук жактан камсыз кылган адам болуп саналат.
Айрым учурда Кеңештин катчысынын мыйзам менен белгиленген функцияларын айыл өкмөтүнүн аппаратынын жооптуу катчысы аткарат.
7.2. Кеңештин катчысы:
Кеңештин сассияларынын протоколун жүргүзөт;
- Кеңешке келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат;
Кеңештин сессиясына материалдарды даярдайт, аларды депутаттарга өткөрүп берет;
сессияга катышуу учун депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук ез алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырат;
депутаттардын Кеңештин сессияларына келишинин эсебин алат;
Кеңештин сессиясынынн чечимдерин толтурат жана аларды таратууну уюштурат;
башка функцияларды аткарат.
8. Кеңештин туруктуу комиссиялары
8.1. Кеңештин карамагына тиешелүү маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо үчүн Кеңеш депутаттардын ичинен туруктуу комиссияларды түзөт. Комиссияны түзүү жөнүндө чечим Кеңештин сессиясында кабыл алынат.
8.2. Туруктуу комиссиялар Кеңештин негизги түзүмдүк органдары болуп саналат, алар өздөрүн шайлаган Кеңештин алдында жооптуу жана ага отчет берет.
Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, жарандардын тиешелүү Кеңешке келип түшкөн сунуштарын, арыздарын, даттанууларын карап чыгууга катышат.
Туруктуу комисс иялар комисс ияга келип түшкөн документтерге жана кайрылууларга белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү.
8.3. Ар бир туруктуу комиссиянын компетенциясы, функциялары жана милдеттери туруктуу комиссиялар жөнүндө жобо менен аныкталат, ал Кеңештин сессиясында бекитилет.
8.4. Комиссия депутаттын арызынын негизинде депутаттардын ичинен түзүлөт. Депутат Кеңештин бир гана (өзгөчө учурларда гана эки) туруктуу комиссиясынын мүчөсү боло алат.
Туруктуу комиссияда 3 депутаттан кем болбойт. Комиссиянын курамына депутаттарды шайлоо Кеңештин сессиясында жүзөгө ашырылат. Кеңештин чечими боюнча добуш берүү тизме менен же ар биринин атын атоо менен жургузулушу мумкун. Депутаттарды комиссиянын курамына шайлоо жөнүндө чечим шайланган депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.5. Депутат 3 айдын ичинде жүйөөлүү себеби болбостон пландуу жыйналыштарды 3 жана андан ашык жолу өткөрүп жибергендиги үчүн комиссиянын сунушу боюнча Кеңештин чечими менен комиссиянын курамынан чыгарылышы мүмкүн. Жүйөөлүү себептер болуп: оору, өргүү, иш сапар саналат.
8.6. Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, ошондой эле жазуу жүзүндөгү жеке арызынын негизинде депутат комиссиянын курамынан чыкты деп эсептелет. Мындай учурларда Кеңештин чечими талап кылынбайт.
8.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы комиссиянын жыйналышында комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланат жана Кеңештин сессиясында шайланган депутаттардын санынын көпчүлүгү тарабынан ачык добуш берүү менен бекитилет.
Кеңештин төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орун басары туруктуу комиссиялардын төрагалары боло албайт.
8.8. Туруктуу комиссиянын төрагасы:
комиссиянын ишин уюштурат;
комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда ишти бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет;
комиссиянын иш планын, жыйналыштардын күн тартибинин долбоорун түзөт;
комиссия Кеңешке даярдаган чечимдердин, сын-пикирлердин жана сунуштардын долбоорлорун сунуш кылат;
комиссиянын төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди комиссияга сунуш кылат;
комиссиянын жыйналыштарын чакырат жана алып барат;
комиссиянын иши жөнүндө Кеңешке Кеңештин төрагасына маалымдайт;
төраганын орун басары убактылуу жок болгон учурда комиссия мүчвлөрүнүн ичинен аны алмаштыруу учун дайындайт;
комиссиянын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө, комиссияга келип түшкөн каттарга жооптор жөнүндө комиссия мүчөлөрүнө маалымдайт;
башка уюмдар менен мамилелерде комиссиянын атынан иш алып барат.
8.9. Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары жыйналышта комиссиянын төрагасынын сунушу боюнча комиссия мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
8.10. Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары:
туруктуу комиссия белгилеген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык функцияларды аткарат;
төраганын тапшыруусу боюнча анын айрым функцияларын аткарат;
төрага жок болгон учурда аны алмаштырат.
8.11. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын адистеринин бири туруктуу комиссиянын катчысы болуп саналат.
Катчы туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп саналбайт.
8.12. Туруктуу комиссиянын катчысы:
туруктуу комиссиянын жыйналышынын протоколун жүргүзөт;
комиссияга келип түшкөн документтердин эсебин алууну уюштурат;
комиссиянын чечимдерин, комиссияга келип тушквн каттарга, документтерге жоопторду даярдайт;
комиссиянын жыйналыштарына катышуу учун депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын коомдук вз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, адистерди чакырат.
8.13. Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын ишине катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.
8.14. Сунуштары комиссиянын колдоосуна ээ болбогон туруктуу комиссиянын мүчөсү ушул маселени Кеңештин сессиясында талкуулоо учурунда өзгөчө пикир түрүндө аларды жазуу жүзүндө же оозеки формада киргизе алат.
8.15. Комиссиянын талкуусуна киргизилип жаткан маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсүнө зарыл материалдар берилет.
8.16. Туруктуу комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшыруусу боюнча жана өз демилгеси боюнча комиссиянын карамагына тиешелүү маселелерди иликтей алат, мамлекеттик жана коомдук органдар менен уюмдардын, ошондой эле жарандардын сунуштарын жалпылай алат, өз тыянактарын жана сунуштарын комиссияга билдире алат.
8.17. Мыйзамда каралган учурларда туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү комиссиялардын жыйналыштарынын мезгилине өндүрүштүк же кызматтык милдеттерди аткаруудан бошотулат, мында туруктуу иштеген жери боюнча орточо эмгек акысы сакталат же ага комиссиядагы иш менен байланышкан чыгымдардын орду жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толтурулат.
8.18. Туруктуу комиссия комиссиянын жыйыналышында бекитилген пландарга ылайык иштейт.
8.19. Ар бир туруктуу комиссия жыйналышгарга зарылчылыкка жараша, бирок айына кеминде бир жолу чогулат.
8.20. Эгерде комиссиянын жыйналышына комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан ашыгы катышса, ал чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
8.21. Комиссиянын чечимдери жыйналышка катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Эгерде комиссиянын мурда кабыл алынган чечимдерин алып салуу жөнүндө чечимдерге комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы жактап добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелет.
8.22. Комиссиянын жыйналыштарына бул комиссиянын курамына кирбеген кеңеш берүү добуш укугу бар депутаттар катыша алат.
8.23. Эгерде комиссия башкача чечим кабыл албаса, комиссиянын жыйналыштары ачык өтөт. Депутаттар комиссиянын жабык жыйналышына катыша алат.
8.24. Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, аймактык коомдук вз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, адистер чакырылышы мүмкүн, алар жыйналыштарга кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
8.25. Туруктуу комиссиянын ар бир жыйналышы протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана катчысы кол коет.
8.26. Туруктуу комиссия маселелерди даярдоо үчүн адистерди тарта алат. Иштөө үчүн тартылган адистер комиссиянын жыйналыштарына кеңеш берүү добуш укугу менен катыша алат.
8.27. Туруктуу комиссиянын чечимдерине жана корутундуларына комиссиянын төрагасы кол коет.
8.28. Туруктуу комиссиянын жыйналышынын чечимдери жана протоколдору, комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси, кириш документтердин журналы комиссиянын катчысында сакталат.
8.29. Туруктуу комиссиялар Кеңештин сессияларында төмөнкүчө жоюлат:
туруктуу комиссиянын өзүнүн же Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча;
эгерде комиссиянын жыйналыштары 3 ай бою (анын ичинде кворум жоктугунан улам) өткө
рулбөгөн учурда;
комиссияда 3 төн аз мүчө калган учурда.
9. Убактылуу (атайын) комиссиялар
9.1. Кеңеш атайын милдеттерди аткаруу үчүн убактылуу (атайын) комиссияларды түзө алат.
9.2. Убактылуу комиссиялардын милдеттери, ыйгарым укуктарынын көлөмү жана мөөнөтү аларды түзүү учурунда аныкталат.
9.3. Убактылуу комиссиялардын иши аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы менен токтотулат.
-8-
9.4. Убактылуу комиссиялардын ишинин жалпы тартиби туруктуу комиссиялардыкына окшош
10. Регламентти бекитүү ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
10.1. Кеңештин Регламенти Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун типтуу регламентинин негизинде иштелип чыгат жана Кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизилет.
10.2. Регламент маселелери боюнча топ Кеңеш шайлай турган кеминде 5 депутаттан турат. Ага Кеңештин төрагасынын орун басары башчылык кылат.
10.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды бере алат. Сунуштар карап чыгуу учун Регламент маселелери боюнча жумушчу топко жөнөтүлөт.
10.4. Регламент маселелери боюнча топ түзөтүүлөрдү кабыл алат же четке кагат.
Кабыл алынган түзөтүүлөр бекитүү үчүн Кеңешке киргизилет. Четке кагылган түзөтүүнүн автору аны Кеңеш карап чыгышын талап кылууга укуктуу.
10.5. Регламент жана Регламентке түзөтүүлөр Кеңештин шайланган депутаттарынын ичинен көпчүлүгү тарабынан кабыл алынат