Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралы № IV-1
Гулистан айыл кеңешинин 2017-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар” жөнүндөгү, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери” жөнүндөгү Мыйзамдарында белгиленген айыл кеңештин компетенциясынын негизинде айыл кеңештин иш планы түзүлүп, бекитүлүүсү керек.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл кеңешинин 2017-жылга түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Ушул иш пландын негизинде иш алып баруу айыл кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңештин жооптуу катчысы С.Эркабаевге жүктөлсүн.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы | И. Ташматов
|
Гулистан айыл кеңешинин 2017-жылга
ИШ ПЛАНЫ
№ | Иш чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
Гулистан айыл кеңешинин кезектеги IV-сессиясы
1 | Гулистан айыл Кенешинин 2015-жылга бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга бюджетин бекитүү жонүндө | февраль | Э.Шаназаров И.Айбашов, туруктуу комиссиялар |
2 | Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга аткарган иштери жана 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө | февраль | Х.Сабиров, А.Тажимаматов |
Гулистан айыл кеңешинин кезектеги V-сессиясы
3 | 2017-жылдын 1-кварталында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө | апрель | Туруктуу комиссиялар, И.Айбашов, Айыл башчылар |
4 | Гулистан айыл аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндырүү жана иретке келтирүү, жазгы тааалачылык иштеринин жүрүшү жөнүндө | апрель | Айыл чарба, курулуш, өнөр жай боюнча иштөөчү туруктуу комиссия, Айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистери |
Гулистан айыл кеңешинин кезектеги VI-сессиясы
5 | 2017-жылдын 1-жарым жылында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө | июль | Э.Шаназаров, И.Айбашов, туруктуу комиссиялар |
6 | Айыл аймагындагы билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоонун абалы жөнүндө | июль | Социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия |
Гулистан айыл кеңешинин кезектеги VII-cессиясы
7 | 2017-жылдын 9 айында айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык планын аткарылышы жөнундө | октябрь | Э.Шаназаров, И.Айбашов, туруктуу комиссиялар |
8 | Айыл аймагындагы бюджеттик мекемелерди жана калкты 2017-2018- күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө | октябрь | Социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссия |
Гулистан айыл кеңешинин кезектеги VIII-сессиясы
9 | Калкты социалдык жактан коргоо боюнча жүргүзүлүп жактан иштердин абалы жөнүндө | Декабрь | Туруктуу комиссиялар |