Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-февралы № IV-6
Гулистан айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар комитетинин 2016-жылдагы аткарган иштери жана 2017-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында 2010-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыт Мыйзамынын” негизинде жайыт комитети түзүлгөн. 2016-жылда жайыт комитети бекитилип берилген бюджетти толугу менен аткарган. Айыл Өкмөтү жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетин көрүп чыгып тийиштүү кошумчалар жана өзгөртүүлөрдү кириткен. Гулистан айыл кеңешинин IV-сессиясы күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-жылда аткарган иштери канааттандырарлы деп белгиленсин.
2. Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2017-жылга бюджети бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2017-жылда жайыт инфраструктурасын өңдөө боюнча аткара турган иштерин көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Гулистан айыл аймагынын жайыт комитетинин 2017 -жылдын 29-февралындагы № 1-протоколу бекитилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гулистан айыл кеңешинин айыл чарба, өнөр жай, ишмердүүлүк жана инженердик инфраструктуралар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гулистан айылдык Кеӊешинин төрагасы | И. Ташматов
|
Гулистан айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жалпы жыйналышынин
Протоколу№1
Фрунзе айылы 17.02.2017 жыл
Катышкандар: жайыт комитетинин мүчөлөрү
Чакырылды: Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И.Айбашев; Гулистон айылынын айыл башчысы Сотволдиев.Ш.
Гулистан айылөкмөтүнүн юристи А.Эркабаев.
Кун тартибиндеги маселе:
1. Гулистан айылдык ЖПБ 2016-жылда аткарган иштери.
2. Гулистан айылдык ЖПБ ревизия комиссиясынын отчёту
3. Гулистан айылдык ЖПБ 2017-жылга болжолдуу бюжетин бекитүү.
4. Мал-жандыкдарга жайыт акы тарифтерин бекитүү жөнүндө.
Кун тартибиндеги маселе боюнча
Жайыт комитетинин төрагасы Тажибаев.Р. билдирүү берди, угулду: Жайыт комитетинин 2016жылдагы жалпы бюжети 232мин сом болуп, аткарылганы 233мин сомду түзгөн,келишимдин негизинде жана жайыт бекеттери боюнча жыйналган акча каражаты 191мин сом жыйналган. Жыйналган акча каражатында 191мин сом акча каражаты жайыт комитетинин төрагасына 33600 сом, эсепчисине 30400 сом эмгек акысына иштетилди.
Салык төлөмдөрүнө 47605сом, соц-фонд толомдөрүнө 21177 сом,канц товарларга 2220 сом, автотранспортго 1995 сом акча каражаты иштетилди. Мындан ташкары жайыт булактарын оңдоого 21000 сом контордун ремонтуна 8200 сом, азыркы мезгилде банкта 16494 сом бар. Мындан тышкары бюджеттен көтөрүлбөй жатканынын негизги себеби- айыл өкмөтү тарабынан жайыттарды инвентаризация кылып комитетке өткөрүп берүү керек.
Гулистан жайыт комитетинин эсепчиси Х.Сабиров 2017-жылдагы бюджетин көбөйтүүсү керек.
Буга биз жайытты толүк инвентаризация жургузуп, жайыт пайдаланучуулар менен толук келишим тузуп, жайыт акысын толук өндүрүп алууну максат кылып койдук. 2017жылга жайыт комитетинин бюджети 260 миң сомду түздү, анын ичинен жайыт комитетинин төрагасына эмгек акысы мен; эсепчинин эмгек акысы 75мин сом,Соц-фонд толомдору 12937сом, жер салыгы 61351сом, жайыт инфраструктурасын ондоого 67000 сом акча каражаты каралды.
Мал –жандыктарде жайыт акы тарифтеры
1. Бир баш малга -1 айга -20сом
2. Бир баш койго -1 айга -12сом
3. Бир баш эчкиге -1 айга -20сом
4. Бир баш жылкыга -1 айга -20сом
5. Бир баш торпок -1 айга -10сом
6. Бир баш тойга -1 айга -10сом
7. Бир баш кози -1айга - 6сом
Жайыт пайдалунуучлор бирикмесинин мучолору кун тартибиндеги маселени коруп чыкып талкулат
Чечим килат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2016- жылда аткарылган иштери кемчилдиктерди белгилөө менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Гулистан айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2017- жылда болжолдуу бюджети бекитип берүү жагы Гулистан айыл кеңешинен суралсын.
3. Гулистан ЖПБ 2017- жылда бир баш карамолга 1 айга 20сом, музөөлөргө 10 сом, жылкылорга 20 сом, койлорго 12 сом сунуш кылынсын
4. Кышкы тоют учун чоп оруп алынуучу жайыт жерлеринен түшүмдүүлүгүнө карап 200 сомдон 600 сомго чейин ар бир га жер учун салык алынсын.
5. Жайыт жерлердеги айдоо жер болсо 1 га жерде түшүмдүүлүгүнө карап суулу жерге 3000 сом кайракка 1000 сом салык алынсын.
6. Жайыт жерлерде салынган уй-жай-короо курулмалары үчүн ар бир сотык жер учун 100 сомдон салык алынсын.
7. Жайыт комитетинин, жайыттарына инфраструктурасын оңдоо багытында айылды инвестициялоо долбоору менен инвестиция тартуу боюнча иш жүргүзүлсүн.
8. АРИС-тен жайыт комитетинине бөлүнгөн акчага экскватор алуу сунуш кылынсын.
9. Жайыт пайдалануучулар бирикмасинин чогулушунун чечимдерин бекитип беруу жагы Гулистон айыл кенешинен суралсын.