Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11 мартындагы №26-38/1
Каракол шаарынын 2016-жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү жана 2017-18 жылдарга болжол жөнүндө
Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Ч.Ш.Акматовдун «Каракол шаарынын 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2017-18 жылдарга болжол жөнүндө» докладын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясы, Каракол шаарынын мэриясы жана Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан, Каракол шаарынын 2016-жылга карата бюджетти түзүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилейт. 2016-жылга бюджеттин долбоорун түзүү процессинде, анын негизи катары, Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган көрсөткүчтөрү, шаардын социалдык-маданий мекемелеринин ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн керектеле турган бюджеттик каражаттардын эсептери эске алынгандыгы белгиленет.
Каракол шаарынын 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун талкулоодо, баардык чарба жүргүзгөн субъектерге, каржы жана салык органдарына төмөнкү милдеттер коюлган: индикативдүү планды аткаруу, өнөр-жай өндүрүшүнүн өсүү темптерин жогорулатуу, жергиликтүү бюджетти сапаттуу аткаруу.
2016-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун баардык органдары үчүн башкы милдет катары, социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, каржылык-экономикалык абалды жакшыртуу. Ошону менен бирге, бюджеттик саясаттын негизги багыты болуп бюджеттин абалын турукташтыруу, анын таңсыктыгын, кирешелерди максималдуу түрдө мобилизациялоо аркылуу төмөндөтүү, чектелген каржы булактарын рационалдуу бөлүштүрүү, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXXVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын 2016-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча №1 тиркемеге ылайык, 207199,2 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Кирешелер салыгынын жана сатык салыгынын чегерүү ченемдерин №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин карамагындагы мекемелердин кызматкерлеринин акы төлөө фонду №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Бюджеттик уюмдардын жана мекемелердин 2016-жылга чыгымдарынын пландарынын көлөмдөрү №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2017-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол 211499,2 миң сом суммасында, 2018-жылга 239986,2 миң сом суммасында жактырылсын. 2017-2018-жылдаргы карата жактырылган болжол ар бир конкреттүү учурда тактоого тиешелүү.
6. 2015-жылдагы жергиликтүү бюджеттен каржыланбаган чыгымдарды, 2016-жылга бюджетте каралган ассигнованиелердин чегинде жана биринчи кезекте, айлык акыларга, социалдык фондго чегерүүлөргө, тамактанууга, коммуналдык кызматтарга, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясынын токтомуна ылайык жүргүзүлсү.
7. Каракол шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн сапаттуу аткаруу боюнча чараларды көрсүн жана 2016-жылда шаардык бюджеттин чыгымдарын каржылоону биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (айлык акылар, социалдык фондго чегерүүлөр, тамактануу, жеңилдетилген категориядагы атуулдарга төлөмдөр, коммуналдык кызматтар).
8. Каракол шаардык каржы бөлүмү жана казынанын регионалдык бөлүмү жалпы мамлекеттик кирешелер боюнча республикалык, шаардык бюджеттерге чегерүүлөрдү №2 тиркемеге ылайык жүргүзүүгө милдеттендирилишсин.
9. Казына аркылуу өткөрбөстөн атайын каражаттарды пайдаланууга тыйуу салынсын. Бул тартип бузулса, атайы каражаттардын 100% бюджетке кириштелет.
10. Жергиликтүү бюджеттинин жүгүрүүчү кассадагы накталай каражаттардын көлөмү 100,0 миң сом суммасында бекитилсин.
11. Каракол шаарынын мэриясынын резервдик фонддусунун көлөмү 1900,0 миң сом суммасында бекитилсин.
12. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 02.04.2008-жылдагы №25-6/10 жана 02.12.2014-жылдагы №26-28/6 токтомдору жокко чыгарылсын, 5 тиркемеге ылайык "Каракол шаарынын мэриясынын резервдик фондусу жөнүндөгү" Жобо бекитилсин.
13. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
14. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
15. Токтом ММКларда жарыялансын.
16. Бул токтомдун аткарылышына контроль кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (К.Алымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.Карасартовго жүктөлсүн.
Каракол шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Абдыкадыров
|
№5 тиркеме
"Бекитилди"
Каракол шаардык депутаттар
Кеңешинин 2016-жылдын
16-мартындагы №26-38/1 токтому менен
Жобо
"Каракол шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндө"
I бөлүм. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Каракол шаарынын мэриясынын резервдик фондусунун (мындан ары - резервдик фонд) каражаттарын түзүү жана сарптоо тартибин аныктайт.
2. Резервдик фонд күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн каралган жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Мыйзамынын 21-статьясына ылайык түзүлөт.
3. Резервдик фонддун каражаттары тийиштүү финансылык жылга карата Каракол шаарынын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралбаган күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн белгиленет.
II бөлүм. Резервдик фондду түзүү жөнүндө
4. Резервдик фонд шаардык бюджеттин чыгымдарынын курамында түзүлөт.
5.Резервдик фонддун көлөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан, кезектеги финансылык жылга Каракол шаарынын бюджетин бекитүүдө белгиленет.
III бөлүм. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоонун багыттары
6. Резервдик фонддон каражаттар бул Жободо каралган максаттуу багытка ылайык сарпталат.
7. Резервдик фонддон каражаттар жергиликтүү бюджетти түзүүдө жана бекитүүдө эске алынбаган, шаарда өткөрүлүүчү экономикалык, социалдык-маданий жана башка иш-чараларга, күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн түзүлөт, анын ичинде:
а) расмий даталарга арналган майрам күндөрүндөгү расмий иш-чараларды өткөрүүгө;
б) жалпы шаардык мааниге ээ, расмий кабыл алууларды, жолугушууларды, семинарларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө;
в) шаардагы социалдык-маданий жана административдик объектилердин, инфраструктуралардын ремонтун, курулушун жана материалдык-техникалык базасын ремонттоого жана жакшыртууга жарым-жартылай финансылык колдоого;
г) Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгек ардагерлерине, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, аз камсыз болгон жана табийгый кырсыктарынан натыйжасында жапа чеккен жарандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
д)жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун жана аймактык мамлекеттик органдарынын кызматкерлерин иштеги жакшы жетишкендиктери үчүн жана
Кыргыз Республикасынын кесиптик жана расмий майрамдарына байланыштуу материалдык сыйлоого жана дем берүүгө;
е) табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу жана аны жоюу боюнча маселелерди ыкчам түрдө чечүү, ошондой эле шаардын аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга;
ж) спорт иш-чараларынын катышуучуларына, ошондой эле илимдин жана маданияттын ишмерлерине финансылык жактан колдоо көрсөтүүгө;
з)жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун кызматкерлерине өзү же анын жакын
туугандары ооруп же каза болгон учурларда материалдык жардам көрсөтүүгө;
и) табигый кырсыктардан, жаратылыш-техногендик катастрофалардан жапа чеккен социалдык-тиричилик, турак-жай-коммуналдык объекттерди калыбына келтирүү жана ремонттоо иштерин каржылоого (атайын жабдууларды, чарба инвентарларын, дары-дармектерди, тамак-аш азыктарын, күйүүчү майды сатып алуу);
к) мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген соттук инстанциялардын актыларын аткаруу;
л) аскерге чакыруу комиссияларынын ишин камсыздоого финансылык жардам көрсөтүүгө;
м) Каракол шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарына тийиштүү башка иш-чараларды жана чыгымдарды каржылоого;
8. Резервдик фонддун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга тыюу салынат:
а) коммерциялык максаттарга же киреше алып келүүчү ишмердикке;
б) өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин кармоого жана камсыздоого;
в) депутаттардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин өз кызыкчылыктарын канааттандырууга;
IV бөлүм. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоо тартиби
9. Резервдик фонддун акча каражаттары Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын макулдугу менен, шаардын мэри чыгарган тескемесинин негизинде, бөлүнүп берилет;
10. Резервдик фондун каражаттарын сарптоо демилгеси мэрге жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасына таандык;
11. Резервдик фонддон каражат бөлүү жөнүндө сунуштун демилгечиси сметалык-финансылык документтерди тиркөө менен суралып жаткан каражаттардын зарылдыгы жана алардын көлөмүн көрсөткөн зарылчылыгын негиздөө менен өтүнүчтү шаардын мэрине жөнөтөт;
12. Шаардын мэри, бул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде, сунушталган чыгымдардын максаттуулугу жөнүндө чечим кабыл алат;
V бөлүм. Резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоого контроль
13. Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык, резервдик фонддун акча каражаттарынын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануусуна каражат бөлүштүрүүчү жана алуучулар жеке жоопкерчилик тартат;
14. Каракол шаарынын мэри, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына, резервдик фонддун каражаттарынын сарпталышы жөнүндө, квартал сайын маалымат берет.
Каракол шаардык депутаттар
Кеңешинин жооптуу катчысы Э.Майрыков