Загрузка документа…
ЧЕ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-октябры № 28/1
Айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматтардын кошумча реестринбекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтардын жергиликтүү реестрин калыптандыруу боюнча иштин методикасын бекиткен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 «муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оңойлоштуруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун жана Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 3-сентябрындагы №603 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын типтүү стандарты жөнүндө» токтомунун негизинде Депутаттардын Чет-Нура айылдык кеңешинин XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жаңы түзүлгөн муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча реестри алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Жакыпов
|
№ | Муниципалдык кызматтын аталышы | Муниципалдык кызматты стандартташтыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу | Кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык мекемелер | Муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн шарттары (акылуу/акысыз) |
1 | Материалдык жардам берүү(майрамдык даталарга карата) | Чет-Нура айыл өкмөтү | Чет-Нура айыл өкмөтү | акысыз |
2 | Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жана материалдык эмес жардам бөлүү (көмүр,отун) | Чет-Нура айыл өкмөтү | Чет-Нура айыл өкмөтү | акысыз |
3 | Акыркы коңгуроодо окуучуларга стипендия берүү | Чет-Нура айыл өкмөтү | Чет-Нура айыл өкмөтү | акысыз |
4 | Ичүүчү сууга жардам көрсөтүү | Чет-Нура айыл өкмөтү | Чет-Нура айыл өкмөтү | акысыз |
5 | Таштандыларды ташып чыгаруу жана аларды утилизациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүү | Чет-Нура айыл өкмөтү | Чет-Нура айыл өкмөтү | акысыз |
6 | Жер тилкесин берүү боюнча айыл өкмөтүнүн чечимин берүү | Чет-Нура айыл өкмөтү | Чет-Нура айыл өкмөтү | акысыз |
7 | Жер тилкесинин чектерин жана жер үлүшүн тактоо боюнча акты берүү | Чет-Нура айыл өкмөтү
| Чет-Нура айыл өкмөтү | акысыз |
Түзгөн: К.Садыкова