БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын II сессиясы
2017-жылдын 25-январы № 2/1
Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине, Барпы айылдык кеңешинин Регламентине ылайык, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоону өткөрүү жөнүндөгү 2017-жылдын 25-январындагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун карап чыгып,Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын № 2 протоколу бекитилсин.
2. Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Сыргабаев Абсаттар Токтогулович шайланды деп эсептелсин.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |
№ 2-протоколу
Барпы айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш беруу бюллетенине төмөнкү талапкерлер киргизилди.
- Абдыкулов Уланбек Аманбайевич
- Эргешов Доолот.
Жашыруун добуш берүү үчүн 31 бюллетень даярдалган жашыруун добуш берүү үчүн 30 бюллетень таратылды. Добуш берүү урнасын ачканда 30 - бюллетень чыкты.
Добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептегенде талапкерлер төмөндөгүдөй добуштар алды.
- Абдыкулов Улан 17
- Эргешов Доолот 13
Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясы чечим кылат.
1. Депутаттардын эн көп добуш алган Абдыкулов Уланбек Аманбайевич
Эсептөө комиссиясынын төрагасы; 1. Юсупов М.И
Катчысы; 2. Исмаилов К.Б
Мүчөлөрү ; 3. Чимбердиев И.С.