Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июлу № 2
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Кара-Суу техникалык тейлөө кызматы» ишканасын ачуу боюнча Уставына өзгөртүү киргизүү жана бекитүү жөнүндө
(Кара-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-октябрындагы № 5/2 токтомунун редакциясына ылайык)
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн «Кара-Суу техникалык тейлөө кызматы» Муниципалдык ишканасын ачуу жана иш алып баруу боюнча Уставы иштелип чыгып, 2017-жылдын 11-январындагы коомдук угууда талкуулангандыгы жана коомго тааныштырылгандыгы белгиленсин.
2. Муниципалдык ишканасынын Уставы өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Молдажиевага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Кабаевге милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Иманкулов |
«БЕКИТЕМ»
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин
2019-жылдын “18”октябрындагы
№ 5/2-токтому менен
Төрага____________Ж.Иманкулов
«Кара-Суу техникалык тейлөө кызматы» ишканасынын
УСТАВЫ
Кара-Суу айылы 2019-ж
(Кара-Суу айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-октябрындагы № 5/2 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жобо;
1. «Кара-Суу Техникалык тейлөө кызматы» ишканасын уюштуруунун негизги максаттары жана ишмердүүлүгүнүн негиздери.
2. «Кара-Суу Техникалык тейлөө кызматы» ишканасынын укуктук абалы;
3.Башкаруу жана ишти уюштуруу:
4. Каржы жана чарбалык ишмерүүлүк:
5. «Кара-Суу Техникалык тейлөө кызматы» ишканасынын каражаты жана мүлкү»
6. «Кара-Суу Техникалык кызматы» ишканасынын уставын кайра уюштуруу, жоюу тартиби.
1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1.1 «Кара-Суу Техникалыктейлоо кызматы» ишканасы (мындан ары ТТК ишкана) Кара-Суу айылдык аймагында Техникалык тейлөө ишкана болуп эсептелинет жана Кара-Суу айылдык аймагынын чарбачылык субъектиси катары уюштурулду.
1.2. Техникалык тейлөө кызматы ишкана- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Муниципиалдык менчик жөнүндө», Кыргыз Республикасынын «өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарына жана Кара-Суу айылдык аймагынын Кара-Суу айылдык Кеңеши тарабынан кабыл алынган жергиликтүү жааматтын уставына, башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Уставка ылайык өз ишмердүүлүгүн алып барат.
1.3. Уюштуруучу документи болуп- Техникалык тейөө кызматынын Уставы эсептелинет.
1.4. «Кара-Суу Техникалык тейлөө кызматы» ишканасын уюштуруучу болуп Кара-Суу айылдык аймагынын Кара-Суу айылдык Кеңеши болуп эсептелинет.
1.5. Техникалык тейлөө кызматынын иштөө мөөнөтү чектелбейт.
1.6. «Кара-Суу Тейникалык тейлөө» ишканасынын чыгымдар сметасы жана штаттык бирдиги жетекчиси тарабынан сунушталып, уюштуруучу тарабынан бекитилет.
1.7. Техникалык тейлөө кызматы мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып өз иштерин жүргүзүү боюнча юридикалык жактын статусуна, укунуна жана милтетине ээ болот.
«Кара-Суу Техникалык тейлоо кызматы ТТК» толук жана кыска аталышы:
-Кыргыз тилинде «Кара-Суу Техникалык тейлөө кызматы» , кыскартылып аталышы ТТК ;
Техникалык тейлоо кызматынын жайгашкан дареги; Ат-Башы району, Кара-Суу айылы,Абит көчөсү.№57.
2. «Кара-Суу Техникалык тейлөө кызматы» ишканасынын уюштуруунун негизги максаттары, милдеттери жана ишмердүүлүгүнүн негиздери
2.1Техникалык тейлөө кызматыишкананын негиздери болуп Кара-Суу айыл аймагын-базар экономикасынын шартарына ылайык социалдык, курулуш жана айыл чарба тармагын, чакан жана орто ишмердүүлүктү өнүктүрүү менен Кара-суу айыл аймагынын социалдык экономикалык абалын жогорулатуу, анын ичинде айылды өнүктүрүү, айылдын ичин тазалыкта кармоо, арык жана ирригациялык системаларды калыбына келтирүү, жаңы оңдоп куруу, жол ремонттук иштерди алып баруу, жергиликтүү жааматтардын жашоо деңгээлин экологиялык таза ыңгайлуу шартта жашоого ыңгайлуу шарт түзүү.Кара-Суу айылынын социалдык инфраструктурасын жакшыртууга көмөк көрсөтүү.
2.2. «Кара-Суу Техникалык тейлөө кызматы» ишканасын уюштуруу максаты болуп:
Озүнүн ишмердүүлүгүнүн негизинде коомдук керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн акылуу кызмат көрсөтүү, экономикалык рентабелдүү ишмердүүлүк жүргүзүү менен калккаакылуу кызмат көрсөтүү, муниципиалдык мүлктү аяр пайлалануу.
2.3. «Кара-Суу Техникалык тейлөө кызматы» ишканасы өзүнүнүн максаттарына жетиш үчүн төмөндөгү иштерди жүзөгө ашырат;
- айылдын ичинде тазалыкты сактоо,күнүмдүк тиричилик таштандыларды чыгарууну уюштуруу жана көзөмөлдөө;
- аныкталган таштанды төгүлүүчү жайларды иреттүү кармоо жана тегерегин тосуу жана жарандардан туура эмес төгүлгөн таштандыларга түшүндүрүү иштерин жасоо жана ыйгарым укуктуу органдарга кайрылуу.
- тең шартта жеке жана юридикалык жактарга акылуу кызмат көрсөтүү;
-акылуу транспорттук кызмат көрсөтүү;
-Көчөлөрдү өз билемдикке салып тосуп жана огородун кеӊейтип алууга жол бербөө;
-Көчөлөрдү өз билемдиги менен тосуп алган жарандарга түшүндүрүү иштерин кылуу, бир пикирге келбей калган учурда мыйзамдуу чара көрүү;
-таштанды чыгарууда акылуу кызмат көрсөтүү жана таштандыларды жок кылууда акылуу кызмат кылуу;
-Айыл элине кызмат көрсөтүү максатында акылуу чакан ишканаларды уюштуруу (пескоблок, пиллорам, столярдык цех, жүн тытуучу агрегат, темир иштетүүчү ишкана жана башка муктаждыка жараша социалдык обьектилерди куруу.);
-Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамынын жана КР «жер кодексинин» талаптарына ылайык жер үстүндөгү курулуш материалдарын (шагыл,топурак, таш ж.б) казып алуу, сатуу ж.б ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу;
-муниципиалдык ишкананын кызмат көрсөтүүдө , активдердин амортизациясын эске алуу менен кеткен чыгымдарды толук калыбына келтирүү;
-жергиликтүү жана эл аралык комерциялык, комерциялык эмес уюмдар менен финансы каражаттарын тартуу, гранттык жардам алуу мыйзам чегинде инвестиция тартуу;
-чарбачылык укугу менен өткөрүлүп берилген мүлктү сактоо, жаңыртуу жана муниципиалдык менчикти калыптандыруу;
-КР мыйзамдарына, максаттарына,милдеттерине карама- каршы келбеген башка ишмердүүлүктү ишке ашыруу.
3. «Кара-Суу Техникалык тейлөө кызматы» ишканасынын укуктук абалы
3.1. «Кара-Суу Техникалык тейлөө кызматы» мамлеккеттик каттоодон өткөн мезгилден тарта юридикалык жак статусуна ээ болот.
«Кара-Суу Техникалык тейлөө кызматы» өзүнүн максатына жетиш үчүн төмөндөгүлөргө укуктуу;
-Акы алуу менен юридикалык жана жеке жактарга кызмат көрсөтүүгө;
-негизги жана жүгүртмө каражаттарына жана өзүнүн балансындагы мүлккө ээ болууга жана пайдаланууга;
-КР жана чет өлкөлүк банк мекемелеринде эсеп кысап (сом,чет өлкөлүк валюта түрүндө) жана башка счетторду ачууга;
-Озүнүн балансында чагылдырылган обочолонгон мүлкө ээ болууга жана пайдаланууга;
-КР мыйзамдарына ылайык мүлктүк, жеке мүлктүк эмес укук-милдеттерге ээ жана соттордо доогер жана жоопкер катары талабын коргоого;
- Озүнүн толук аталышы менен мамлекеттик жана расмий тилде мөөрү жана КР мыйзамдарына ылайык өзүнүн штампы жана бланкаларын жазатуу менен колдонууга;
- кызмат көрсөтүү келишими аркылуу жумушчуларды коомдук иштерге тартууга;
- акы көрсөтүү кызматтары боюнча, кызмат көрсөтүү акысынын өлчөмүн жергиликтүү Кеңешке сунуштоого;
-КР Эмгек кодексинин талаптарына ылайык кызматка алууга жана аны бошотуу шартын аныктоого;
-өз алдынча адистерди кабыл алуу, тандоо жүргүзүүгө;
- штаттык күндөлүк боюнча,чыгымдардын сметасына ылайык кызматтык акылардын көлөмүн уюштурууга сунуштоого;
-ички кызматтык инструкция жана жоболорду иштеп чыгууга;
- эл аралык, коомдук, комерциялык, комерциялык эмес уюмдар менен тийиштүү келишимдерди түзүүгө.
3.2. ТТК мамлекеттин милдетенмелери үчүн,малекет ТТКнын милдеттенмелери үчүн жооп бербейт.Мыйзамда көрсөтүлгөн учурдан тышкары ишкананын ишмердүүлүгүнө мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын кийлигишүүсү, ошондой эле ТТК мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдардын ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
3.3. ТТК Кара-Суу айыл аймагынын алдында түзүлүп жатканына байланыштуу Кара-Суу айылдык аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтү ТТКнын милдеттенмелери боюнча толук жоопкерчиликтүү.
3.4. ТТК өзүнүн акча каражаттары жана мүлкү менен милдеттенмелери үчүн жооп берет.
3.5. Өзгөчө кырдаал убагында жоюуга жана алдын алууга көмөктөшүү.
4. БАШКАРУУ ЖАНА ИШТИ УЮШТУРУУ
4.1. ТТКнын башкаруу органы болуп-Кара-Суу айыл өкмөтү болуп эсептелинет.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башкарууга байланышкан маселелер;
-анын ичинен уставка өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүнү, ТТКны кайра уюштуруу жана жоюу боюнча маселени Кара-Суу айылдык Кеңешке сунуштоо;
- жылдык каржы отчотторду, киреше-чыгашалардын сметасын бекитүүнү сунуштоо;
-ТТКнын приоритеттүү ишмердүүлүк багыттарын аныктоо;
-таштанды топтолуп чыгарылуучу жерлерди аныктоо;
- ТТКнын мүлкүн пайдаланууну көзөмөлдөө;
-ТТКнын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдүк жүргүзүү;
-өзүнүн буйрук, тескемелери менен ТТКга тапшырмаларды жүктөө анын аткарылышын көзөмөлдөө;
- ТТК менен башка уюмдардын ортосунда мамилелерди тескөө жана ТТКнын ишмердүүлүгүнүн өсүшүнө шарт түзүп берүүгө милдеттүү;
4.2. ТТКнын ишмердүүлүгү боюнча Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы толук жоопкерчиликтүү болуп эсептелинет.
4.3. ТТКнын күнүмдүк ишмердүүлүгүн-жетекчи жетектейт.ТТКнын жетекчиси Кара-Суу өкмөтүнүн буйругунун негизинде жумушка алынат жана четтетилет.
4.4.ТТКнын жетекчисинин милдеттери жана укуктары;
-ТТКнын ишмердигине жетекчиликти ишке ашырат;
-ТТКнын уюштуруу жана каржы- чарбалык ишмердигине жетекчилик кылат;
Өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде ишкананын мүлкүн жана каражаттарын башкарат;
Ишкананын аппаратынын кызматкерлерин жумушка алат жана бошотот
Бухгалтердик оперативдүү жана статистикалык эсептерди жүргүзүүнү уюштурат жана анын ырастыгына жооп берет
Банк мекемелеринде эсеп-кысап счетун ачат
Ишкананын атынан жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт
Ишкананын кызыкчылыгынын өкүлчүлүгүнө жана бүтүм түзүүгө ишеним кат берет
Ишкананын ишмердигинин маселелери боюнча өзүнүн компетенциясынын чегинде буйрук чыгарат
Ишканалар мамлекеттик органдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара катышта ишкананын кызыкчылыгынын ишеним катсыз көрсөтөт
Кара-суу айылдык кенешинин жана Кара-суу айыл өкмөтүнүн чечимдерин аткарууну камсыз кылат
Уюштуруучунун компетенциясына киргенден тышкаркы, башка ишмердигинин маселелерин чечет
4.5. ТТКнын жетекчиси өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча тиешелүү органдарга жылына Кара-суу айылдык кеңешине жалпы ишмердүүлүк боюнча отчет берүүгө милдеттүү жана алардын алдында ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жооп берет.
4.6. Ушул Уставда каралган ишмердикти ишке ашыруу үчүн ишкананын аппаратынын штатын бекитүү жана керектүү адистерге штат ачуу боюнча Кара-Суу айыл өкмөтүнө кайрылууга укуктуу.
4.7. Жарандык бүтүмдүк келишимдин негизинде жумушчуларды жалдай алат.
5. ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТЫНЫН МҮЛКТОРҮ ЖАНА КАРАЖАТТАРЫ
5.1. ТТК КРнын мыйзамдарына ылайык өзүнө таандык мүлккө жана каражаттарга чарба жүргүзүү укугу менен ээлик кылуу,аны пайдалануу жана тескөө жүргүзөт. Тескөө жүргүзүүдө Кара-Суу айылдык Кеӊештен макулдугунун негизинде жүзөгө ашыра алат.
5.2. ТТКнын мүлкүнүнүн жана каражаттарынын түзүү булактары төмөнкүлөрдү түзөт:
-жергиликтүү бюджеттен ассигнацияланып каржыланган каражаттан;.
- өндүрүштүк чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражаттардан;
- көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн каражаттардан;
- банкттык уюмдардан алынган ссуда , насыяга алынган каражажаттардан;
- жеке жана физикалык жактар тарабынан кайрымдуулук эсебинде өткөрүлүп берилген мүлк жана каражаттардан;
- КРнын мыйзамдары тыюу салбаган башка кирешелерден;
5.3. түшкөн акча каражаттары ишкананы тейлеген банктардын эсебине которулат.
5.4. ТТКнын каражаттары жана мүлктөрү муниципиалдык мүлк болуп эсептелинет, аны башкаруу тескөө ушул бөлүктүн 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй чарба жүргүзүү укугу менен кана жөнгө салынат.ТТКнын иштоо тарифи жергиликтуу Кенеш тарабынан бекитилет
5.5. ТТКнын ишмердүүлүгүнөн түшкөн киреше жана пайда тийешелүү салык жана төлөмдөрдү төлөп бүткөндөн кийин толук ишкананын эсебине калат жана элдик жыйындын чечимининин негизинде Кара-Суу айылдык Кеңешинин токтому менен ишкананын келээрки жылдагы оперативдик жана бюджеттик пландарына жумшалат.
5.6. ТТКнын мүлкү жана каражаттары төмөнкү иш чараларды аткарууга пайдаланылат жана жумшалат;
- ТТКнын Уставдык максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга;
- ТТКнын кызматкерлеринин эмгек акысына;
-ТТКнын ишмердүүлүгүнө керектүү мүлктөрдү, каражаттарды ремонтоо (күйүүчү май жана техникалык тетик) ж.б. офистик каражаттарды, жабдыктарды жана инвентарларды сатып алууга жана ар кандай чыгымдар (командировкалык) ж.б
- Кара-Суу айылдык Кеңешинин чечиминин негизинде КР мыйзамдарына карама-каршы келбеген максаттарга.
5.7. ТТКнын өзүнүн ишмердүүлүгүн жөнгө салуу менен туруктуулугун түптөө максатында
Кара-Суу айылдык Кеңешинин чечиминин негизинде тийешелүү (өнүгүү,резервдик,керектөө, материалдык ж.б.у.с.) фондорду ачууга укуктуу.
6. КАРЖЫ-ЧАРБАЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮК
6.1-. ТТК өзүнүн каржы чарбалык ишмердүүлүгүн акылуу чарба жүргүзүүчү уюм (хозрасчетная организация) катары алып барат. Уставка ылайык бюджеттик жана чарба жүргүзүүчү уюмдар , жеке жактар менен келишимдик негизде кызмат көрсөтө алат;
6.2. - ишмердүүлүгүндө түшкөн заказдарды базар баасында аткарууга укуктуу;
6.3.- Кара-Суу айылынын тазалыгын сактоого көиөк көрсөтөт;
6.4.- жарандык укуктук келишимдин негизинде кызмат көрсөтүү келишимге ылайык жумушчуларды тартууга укуктуу.
6.5.- ТТК штаттык күндөлүгүнүн жана смемасына ылайык киреше жана чыгашаларын жөнгө салуу боюнча иштерди аткарат.
6.6. -тазалыкты кармоо боюнча айылдык Кеӊешктин тапшырмаларын аткарат.
6.7.- тазалыкты сактоо жана көчөлөрдөгү таштандыларды чыгаруу боюнча графиктик негизде иш алып барат.
7. КАРЫЗ ЖАНА НАСЫЯ, ГРАНТ ТАРТУУ
7.1. –ТТК Уставдык максаттарга жетиш үчүн карыз жана насыя каражаттарын Кара-Суу айылдык Кеңештин макулдугунун негизинде тартууга укуктуу,Кара-Суу айылдык Кеңеши насыя жана карыз келишимдеги баардык шарттарын бекитет.
7.2.- ТТКнын Уставдык максаттарына жетиш үчүн гранттык каражаттарды тартуу ишмердүүлүгү приоритеттүү ишмердүүлүк болуп эсептелинет.Тартылган гранттык каражаттар Кара-Суу айыл өкмөтү тарабынан шарттары макулдашылып Кара-Суу айылдык Кеңеши тарабынан муниципиалдык мүлк катары рээстрге катталышы керек.
8. Оперативдик жана бюджеттик пландаштыруу, эсеп жана отчеттуулук
8.1. – ТТК жыл сайын Кара-Суу айылдык кеңешке оперативдик жана бюджеттик планын, аткаруу графигин жана мөөнөтүн бекиттирип турууга милдеттүү.
8.2. –ТТК КР нын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык оперативдүү эсеп жүргүзөт.
8.3.-ТТК жарым жылда бирден кем эмес жана жылдын аягы боюнча түзүлгөн бюджеттик жана оперативдик башкаруу планы, баланс, аткаруу графиги мөөнөтү боюнча Кара-Суу айылдык Кеңешке отчет берип турууга милдеттүү.
8.4. –бухгалтердик эсепттердин, финансылык документтердин, отчоттуулуктун башка формаларын жүрүшү, берилиши үчүн ТТК жетекчиси жооп берет.
8.5. –ТТКнын биринчи каржы жылы анын катталган күнүнөн башталат, кийинки календарга ылайыкталат.
8.6.-ТТКнын ишмердүүлүгүн текшерүү максатында Кара-Суу айылдык кеңеши аудит тартууга укуктуу.
9. ТАРИФТЕРДИН СТРУКТУРАСЫ
9.1. –жалпы айыл тургундарына жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү тарифтери ТТКнын жетекчиси тарабынан түзүлүп Кара-Суу айылдык кеңеши тарабынан жана элдик жыйын,монополияга каршы саясат жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган соң бекитилет.
9.2. –кызмат көрсөтүү тарифтеринин көлөмү өзүн толук актоо принциби менен аныкталып, актоо көлөмүнөн жогору ашыкталышы керек.
9.3.-тарифтердин көлөмүн өзгөртүү шарты 9.1.-бөлүгүндө каралган тартипте жөнгө салынат.
10.ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ КЫЗМАТЫ КАЙРА УЮШТУРУУ ЖАНА ЖОЮУ
10.1.-ТТКны кайра уюштуруу (биригүү, кошулуу, бөлүнүү Кара-Суу айылдык кеңешинин токтому менен КРнын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
10.2. ТТКнын ыйгарым укуктары жана милдеттери кайра уюштурууда КРнын мыйзамдарынын негизинде анын укук мураскоруна өтөт.
10.3. ТТК жоюлган учурда(соттун чечими менен жоюлуудан тышкары) уюштуруучу атайын жоюу комиссиясын түзөт. Жоюу комиссия ТТКнын жоюулуш шарттарын, мөөнөтүн аныктайт.Жоюу комиссия түзүлгөн учурдан баштап ага ТТКнын иштерин ТТКнын иштерин башкаруу ыйгарым укуктары өтөт. Жоюу комиссиясы үчүнчү жактар менен ТТКнын атынан катышат. Жоюу комиссиясы КРнын мыйзамдарына ылайык
ТТК жумушчуларына, үчүнчү жактарга келтирилген чыгаша жана зыян үчүн жоопкерчиликте турат.
10.4. ТТКны жоюда насыя берүүчүлөрдүн кызыкчылыктары канааттандырылгандан калган мүлк Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансына толук өтөт.
10.5. ТТК мамлекеттик реестрге тийешелүү жазуу киргизилгенден баштап жоюлду деп эсептелинет.
10.6. Уставта каралбай калган кайра уюштуруу жана жоюу шарттары КРнын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
11. КОРУТУНДУ
11.1. Ушул Устав мамлекеттик каттоодон өткөндөн баштап күчүнө кирет.
11.2. Уставка толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү Кара-Суу айылдык кеңешинин компетенциясына кирет. Уставка киргизилген толуктоолор жана кошумчалар мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан баштап күчүнө кирет.
11.3. Уставта каралбай калган маселелер Кара-Суу айылдык кеңешинин токтому менен КР нын мыйзамдарына ылайык чечилет.
11.4. Ушул Уставдын жоболорунун бири жараксыз болуп калса, анда ал башка жоболорго залал келтирбейт.
«Техникалык тейлөө кызматы» ишканасынын уставын иштеп жана элге талкууга алып чыккан ТТКнын жетекчиси Кубанычбек Иманкулов.
09.10.2019-ж.