Редакцияот 02.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын V сессиясы

 

2017-жылдын 2-майы № 5/4

«Чет-Нура» бала бакчасына ата-энелер төлөмүн бекитип берүү жөнүндө

Чет-Нура бала бакчасы 50 (элүү) орунду түзүп, жаңы ачылып жаткандыктан жана 20-май 2017-жылдагы №1 ата-энелердин чогулушунун протоколунун негизинде Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кенешинин  V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Чет-Нура бала бакчасынын 20-март 2017-жылдагы №1 протоколу бекитилсин.

2.  «Чет-Нура» бала бакчасынын ата-энелеринин тамак-ашка төлөнүүчү акча каражаты айына 400 (төрт жүз) сомдон бекитилсин.

3. Ата-энелер төлөмдөрүн банкка төктүрүп, мыйзам чегинде иш алып баруу бала бакчанын жетекчиси Э.Меңдибаевага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.

 

Чет-Нура айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Т. Сыдыбеков

 

«Чет-Нура» бала бакчасынын ата-энелер жыйынынын 

ПРОТОКОЛУ

20-март  2017-жыл №1                                                                                                                                        Чет-Нура айылы

 

Төрайымы- Э.Меңдибаева

Катчысы- М.Болотова

Катышкандардын саны- 63

           Күн тартибиндеги каралуучу маселелер:

          1. Бала бакчага келүүчү балдардын тамак-ашына төлөнүүчү ата-энелик төлөмдү тактоо.

          2. Ата-энелер комитетин шайлоо.

          Күн тартибиндеги 1-маселе боюнча бала бакчанын жетекчиси Э.Меңдибаева төмөнкүлөрдү айтты:

         Урматтуу ата-энелер биз үчүн кубанычтуу күндөрдүн бири болуп, жаркырап бала бакчабыз бүтүп ишке кирүү алдында турат. Бала бакчабызга келе турган балдардын бир күндүк тамак-ашына төлөнүүчү акча каражаты 36 сомго эсептелип бекитилген. Жергиликтүү бюджеттен 18 сом, ата-энелерден 18 сом деп каралган. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой тамак-аштын баасы бирде  ылдый бирде өйдө болуп турат.ошого байланыштуу ата-энелик төлөмдү бир айга 400 (төрт жүз) сом деп бекитсек. Анткени 36 сомго бир бала баа көтөрүлүп кетсе толук кандуу тамактанбай калат.

         УГУЛДУ:Абдраева Какин-айыл тургуну;

-Биринчиден баарыбыз үчүн кубанычтуу күн болуп жатат. Мотурайган бөбөктөрүбүз бала бакчага келүүнү көптөн-көп күтүп жатышат. Бала бакчадан балдарыбыз өз убактысы менен тамактанып, тарбия алышмакчы. Тамак-ашына төлөнүүчү акча каражатын айына 400 (төрт жүз) сомдон кылганыбыз туура деп эсептейм.

         1-маселе боюнча ата-энелер тамак-ашына төлөнүүчү акча каражатын айына 400 (төрт жүз) сомдон төлөө боюнча макулдуктарын беришти.

         Э.Меңдибаева- бала бакчанын жетекчиси;

         - Экинчи маселе боюнча ата-энелер комитетинини мүчөлөрүн шайлап алсак. Сунушуңуздарды бериңиздер.

         Ата-энелердин сунушу боюнча ата-энелер комитетинин төрайымы болуп Абдраева Какин, мүчөлөрү Мурзакматова  Гулзада, Касымова Айжан сунушталды.

          Ошондой эле жыйынга келген ата-энелер 1-2-маселени бир добуштан колдошуп бала бакчанын ишине ийгиликтерди каалашты.

          «Чет-Нура» бала бакчасынын ата-энелер жыйыны чечим кылат:

1. Тамак-аш үчүн ата-энелер төлөмү бир балага айына 400 (төрт жүз) сомдон бекитилсин.

2. Ата-энелер комитетинин төрайымы болуп Абдраева Какин,    мүчөлөрү  Мурзакматова Гулзада, Касымова айжан бекитилсин.