Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 15-майы № 235
Ош шаарында жайгашкан жогорку жана орто окуу жайларына калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн жана чекене соодадан алынуучу жергиликтүү салыктын 2% өлчөмүн киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 195-беренесине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 23-беренесине, Ош мамлекеттик юридикалык институттун 2007 - жылдын 14-мартындагы № 41- катына ылайык, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, тышкы экономикалык байланыштар жана орто. кичине бизнести колдоо боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын заседаниясынын 2007- жылдын 8-майындагы № 6 токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой- пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында жайгашкан жогорку жана орто окуу жайларына калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүдөн жана чекене соодадан алынуучу жергиликтүү салыктын 2% өлчөмү № 1 тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Ош Мамлекеттик Юридикалык Институту бул салыктын түрүн 2007-2008 окуу жылынын 1 - сентябрынан баштап 2% өлчөмүндө төлөөсү белгиленсин.
3. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 27- июнундагы кабыл алынган № 174- токтомунун 3- пункту өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтомду шаардык юстиция бөлүмүнөн мамлекеттик каттоодон өткөрүү депутаттардын Ош шаардык Кенешинин юристи М.Авазовго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин бюджет, тышкы экономикалык байланыштар жана орто, кичи бизнести колдоо боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |
| Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин XXIV сессиясынын 2007-жылдын 15-майындагы № 230-токтомуна № 1-тиркеме
|
1. Ош Мамлекеттик Университета
2. Кыргыз - Өзбек Университета
3. Ош Технологиялык Университета
4. Ош Гуманитардык - Педагогикалык Институту
5. Ош медициналык орто окуу жайы
6. Ош соода колледжи
7. Ош курулуш колледжи
8. Ош айыл- чарба техникуму
9. Ош Мамлекеттик Юридикалык Институту
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин aппapaт жетекчиси: |
З.Сасыкбаев |