Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМ
Балыкчы шаардык Кенешинин XXIV
чакырылган XXXVII сессиясы
25 июну 2008 жылдын № 3
"Балыкчы шаарынын муниципалдык
Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо"
ишканасынын шаар калкына кызмат акы
көрсөтүү боюнча тарифтик бааларын бекитип
берүү жөнүндө"
Балыкчы шаарынын муниципалдык "Көрктөндүрүү жана
санитардык тазалоо" ишканасынын жетекчиси Ж. Сатаров шаар
калкына кызмат акы көрсөтүү боюнча тарифтик бааларын бекитип
берүү жөнүндө сунуш кийрген.
Мындан мурун, Балыкчы шаардык Кеңештин 2006-жылдын
26-январынын № 9 токтомуна ыйлайык турмуш-тричиликтин каттуу
калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн көп
кабаттуу үйлөрдү жашоочу ар бир түтүндөн-20 сом, менчик
үйлөрдөн-22 сом. өлчөмүндө кызмат акы төлөө жагы бекитилген.
Бирок шаар калкынан чогулган киреше аран күйүүчү май менен
айлык акыга гана жетип, мекеменин экономикалык жактан өсүшүнө
тийиштүү таасирин тийгизбей келүүдө. Көпчүлүк учурда каражат-
тын жетишсиздигинен акыр-чикирлер өз убагында чыгарылбайт,
коомдук жайлар бир топ убакытка чейин тазаланбай жана электр
жарыгы менен камсыз болбой келуудө. Каражаттын тартыштыгынан
керектүү техникаларга тетиктер өз учурунда алынбайт жана
капиталдык ремонттон өтпөйт, контейнерлер жетишсиз.
Балыкчы шаардык Кенешинин сессиясы муниципалдык
Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо» мекемесинин мате-
риалдык-техникалык базасын чындоо иретинде Кыргыз Республика-
сынын 2008-ылдын 29-майындагы №99 «Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө»
мыйзамынын 27 беренесинин 15 пункту на ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Монополияга каршы саясий жана атаандаштыкты өнүктүрүү
боюнча мамлекеттик агентигинин Ысыккөл-Нарын аймактык бөлүмү-
нүн 2008-цын 3-июнундагы № 39 буйругу эске алынсын. (тиркелет)
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Монополияга
каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик
агентигинин Ысыккөл-Нарын аймактык бөлүмүнүн № 39 2008 жылдын
3 июнудагы буйругу менен макулдашылган турмуш-тиричиликтен
катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу
«Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо» мекемесинин көрсөткөн
кызмат акысынын баасы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Шаардын ар бир үй ээликтери, мекмелери бул токтом
жарыялагандан баштап «Көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо»
муниципалдык ишканасы менен таштанды калдыктарын чогултуу жана
ташып чыгаруу кызматына келишим түзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ысык-Көл областтык Адилет башкармалыгынан
каттодон өтүү жагы суралсын.
5. Токтом «Балыкчы» шаардык газетасынын бетине жарыялан-
сын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык
дештин өнөр жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселе-
лери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Балыкчы шаардык
кеңешин төрагасы З.Шарипов
№ 1 тиркеме
Балыкчы шаарынын муниципалдык «Көрктөндүрүү жана санитардык
азалоо» мекемесинин турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын
чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча элге жана мекеме ишканаларга
көрсөткөн тарифтик бааларынын прейскуранты
Кызмат акынын наамы | Бирдиги | Саны | Тарифтик баа (1сом) |
Жеке менчик үйлөрдүн жашоочуларынын таштанды калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу. | 1 айга | 1 адамга | 11-ООсом |
Көп этаждуу үйлөрдүн батирлеринде жашоочулардын таштанды калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу | 1 айга | 1 адамга | 10-ООсом |
Мекеме-ишканалардын таштанды калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу | 1мЗ |
| 274-ООсом |
Балыкчы шаардык
кеңешин төрагасы Г. Айтикеева