Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 23-январы № 25
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомунун редакциясына ылайык)
Субъекттин экономикалык иши жөнүндө финансылык жана башка маалыматтарды, мүлк объекттери жана/же жер участоктору боюнча маалыматтарды берүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктунун бешинчи-онунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна 1-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна 2-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 14-февралындагы № 14 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | М.Абылгазиев |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы "жана аларды толтуруу" деген сөздөр ", аларды толтуруу жана берүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-100) формасы 1-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
3) аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-100) толтуруу жана берүү тартибинде:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "д", "е", "ж", "з", "и" пунктчалары менен толукталсын:
"д) "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-100-005) 5-тиркеме. Көрсөткүчтөр жок болсо, тиркеме толтурулбайт жана Декларацияга тиркелбейт;
е) "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-100-006) 6-тиркеме. Көрсөткүчтөр жок болсо, тиркеме толтурулбайт жана Декларацияга тиркелбейт;
ж) "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-100-007) 7-тиркеме. Көрсөткүчтөр жок болсо, тиркеме толтурулбайт жана Декларацияга тиркелбейт;
з) "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-100-008) 8-тиркеме. Көрсөткүчтөр жок болсо, тиркеме толтурулбайт жана Декларацияга тиркелбейт;
и) "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-100-009) 9-тиркеме. Көрсөткүчтөр жок болсо, тиркеме толтурулбайт жана Декларацияга тиркелбейт;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-100-005) 5-тиркемеде, "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-100-006) 6-тиркемеде, "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-100-007) 7-тиркемеде, "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-100-008) 8-тиркемеде жана "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-100-009) 9-тиркемеде учурдагы календардык жылга көрсөткүчтөр көрсөтүлөт жана салыктык милдеттенмелер эсептелет.
Ар кайсы жерлерде (райондордо) катталган жана/же жайгашкан мүлк объектилери жана/же жер участоктору боюнча салыкты эсептөө жайгашкан жеринин коддору боюнча аталган тиркемелердин башка барагына өзүнчө жүргүзүлөт.
Мүлк салыгын жана/же жер салыгын төлөө мүлк объектинин жана/же жер участогунун катталган жери же жайгашкан орду боюнча Салык кодексинин 332 жана 342-беренелерине ылайык ишке ашырылат.";
- 5-пунктунун экинчи абзацындагы ", ал 2013-жылдын 1-майына чейин салык органына мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмесин көрсөтүү менен, "1-топтогу объекттер боюнча мүлк салыгынын маалыматтык эсебин" (FORM STI-086) берген" деген сөздөр алып салынсын;
- 93-пунктундагы "Салык кодексинин 332-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык өткөн отчеттук жыл үчүн салык органына берилген 1-топтогу (FORM STI-086), 2-топтогу (FORM STI-087), 3-топтогу (FORM STI-088) жана 4-топтогу объекттер (FORM STI-090) боюнча мүлк салыгынын маалыматтык" деген сөздөр "өткөн отчеттук жылдагы 1-топтогу, 2-топтогу жана 4-топтогу объекттердин мүлк салыгы боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 99-пунктунун экинчи абзацындагы "(маалыматтык эсептөөнү тапшыруу)" деген сөздөр алып салынсын;
- 106-пунктунда:
а) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"106. 8-графада ар бир мүлк объектиси боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт.";
б) үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 108-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 109-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 111-пунктунун "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 112-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 119-пунктунда:
а) алтынчы, жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде транспорт каражаты салык салынбоочу болуп эсептелсе же салык салууга жатпаса, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга тиешелүү болсо, 7-графанын тийиштүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдиктерди эске алуу менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде Декларантта бул бөлүм боюнча көрсөткүчтөр жок болсо же толтурулбаган саптар калса, анда толтурулбай калган саптар узун-туурасынан "Z" белгисинде чийилет.";
б) сегизинчи-онунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 127-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"б) өткөн отчеттук жыл үчүн айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы боюнча эсептөөлөр;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-11-главалар менен толукталсын:
"7-глава. "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-100-005) 5-тиркемени толтуруу
149. 5-тиркемеде 1-топтогу объектилерге кирген салык салынуучу мүлк боюнча учурдагы жыл үчүн салык эсептелет: ишкердик жүргүзүү үчүн колдонулбаган, туруктуу же убактылуу жашоого арналган турак үйлөр, батирлер, дача үйлөрү.
150. Эгерде 5-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз болсо же мүлк объектисинин дареги дал келбеген учурда, "Барактын номери" уячасында барактын номери көрсөтүлөт.
151. 203-уячада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ушул райондун салык органынын да коду болуп эсептелет.
152. 204-уячада 1-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
153. 1-графада ушул Тартиптин 100-пунктуна ылайык мүлктүн түрүнүн (турак жай, батир, дача үйү) коду көрсөтүлөт.
154. 2-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген техникалык паспортто көрсөтүлгөн мүлктүн жайгашкан ордунун дареги көрсөтүлөт.
Мүлккө болгон укук катталбаган учурда, мүлктүн жайгашкан ордунун иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт.
155. 3-графада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
156. 4-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн идентификациялык коду көрсөтүлөт. Мүлккө болгон укугу катталбаган учурда "0" цифрасы коюлат.
157. 5-графада ушул Тартиптин 101-пунктуна ылайык мүлктү колдонуучулардын коддору боюнча мүлккө ээлик кылуу укугу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт: менчик ээси, үлүштүк менчик ээси, менчик ээси эмес.
158. 6-графада календардык жылда мүлк объектине ээлик кылган/колдонгон айлардын саны көрсөтүлөт.
159. 7-графада төмөнкү таблицага ылайык дубалдын материалынын коду көрсөтүлөт:
Материалдын коду | Материалдын аталышы |
100 | Кирпич |
200 | Жыгач |
300 | Курама жана монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пеноблоктор, пенобетондор, айнек |
400 | Чийки топо (саман, гувелек, сокмо) |
500 | Шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу |
600 | Металл |
700 | Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар |
160. 8-графада мүлк объектиси эксплуатациялоого киргизилген жыл көрсөтүлөт.
161. 9-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоочу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү салык төлөөчүгө таандык кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортундагы маалымат боюнча мүлк объектисинин жалпы аянты (чарчы метр) көрсөтүлөт. Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда мүлк объектисинин ичинен ченелген жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалымат жок болсо, жалпы аянты сырткы өлчөмү боюнча аныкталат.
Мүлккө болгон укук катталбаган учурда, салык органынын, кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тийиштүү өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт.
162. 10-графада Салык кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык салык салынбаган аянт көрсөтүлөт.
Мисалы, Бишкек шаарында жайгашкан жалпы аянты 120 чарчы метр үч бөлмөлүү батир. Бул учурда салык салынбаган аянт 80 чарчы метрди түзөт.
163. 11-графада салык салынуучу аянт көрсөтүлөт (9-графанын жана 10-графанын айырмасы).
Мисалы, үч бөлмөлүү батирдин 120 чарчы метрди түзгөн жалпы аянтынан Бишкек шаары боюнча турак жайдын салык салынбаган аянты - 80 чарчы метр кемитилет, ошентип 11-графада салык салынуучу аянт - 40 чарчы метр (120 чарчы метр - 80 чарчы метр) көрсөтүлөт.
164. 12-графада төмөнкү таблицага ылайык мүлк объектисинин эксплуатациялоо мөөнөтүнө жана дубалдын материалына жараша 1 чарчы метр (сом) үчүн баалоо наркы көрсөтүлөт:
Дубалдардын материалы | Эксплуатациялоо мөөнөтү | 1 чарчы м баалоо наркы, сом |
Кирпич | 5 жылга чейин | 15000 |
5-15 жыл | 14000 | |
15-30 жыл | 13000 | |
30-45 жыл | 12000 | |
45 жылдан ашуун | 10000 | |
Жыгач | 5 жылга чейин | 13000 |
5-15 жыл | 12000 | |
15-30 жыл | 11000 | |
30-45 жыл | 10000 | |
45 жылдан ашуун | 8000 | |
Курама жана монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пеноблоктор, айнек | 5 жылга чейин | 14000 |
5-15 жыл | 13000 | |
15-30 жыл | 12000 | |
30-45 жыл | 11000 | |
45 жылдан ашуун | 10000 | |
Чийки топо (саман, гувелек, сокмо) | 5 жылга чейин | 10000 |
5-15 жыл | 9000 | |
15-30 жыл | 8000 | |
30-45 жыл | 6000 | |
45 жылдан ашуун | 5000 | |
Шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу | 5 жылга чейин | 9000 |
5-15 жыл | 8000 | |
15-30 жыл | 7000 | |
30-45 жыл | 6000 | |
45 жылдан ашуун | 5000 | |
Металл | 30 жылга чейин | 10000 |
45 жылдан ашуун | 8000 | |
Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар | 4000 | |
Мисалы, эгер имараттын дубалдарынын материалы - кирпич, эксплуатациялоо мөөнөтү - 18 жыл болсо, мүлк объектисинин баалоо наркы 1 чарчы метр үчүн 13000 сомду түзөт.
165. 13-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 7 жана 11-бөлүктөрүнө ылайык объектинин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жерине жараша салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу региондук коэффициент Кр көрсөтүлөт. Эгер региондук коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
166. 14-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык объектинин калктуу конушта жайгашкан жерине жараша салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт. Эгер зоналык коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
167. 15-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилерине карата колдонулуучу тармактык коэффициент Ко көрсөтүлөт. Эгер тармактык коэффициент белгиленбесе анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
168. 16-графада Салык кодексинин 328-беренесинин 1-пунктунда белгиленген салык салынуучу базанын 0,35 пайызы өлчөмүндө салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
169. 17-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (11-графа х 12-графа х 13-графа х 14-графа х 15-графа х 16-графа / 12 ай х 6-графа).
170. 18-графада мүлк объектисинин түздөн-түз астында, бирок ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлк салыгынын суммасынан жогору эмес, жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Жер участогуна укук катталбаган учурда, көрсөтүлгөн уячаларда "0" цифрасы коюлат.
171. 501-уячада 17-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
172. 502-уячада 18-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
173. 503-уячада Салык кодексинин 330-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык жеңилдиктердин суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен мүлк объектиси боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.
Жеңилдиктер жок болгон учурда "0" цифрасы коюлат.
174. 504-уячада район боюнча төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт, б.а. 501, 502 жана 503-уячалардын маанилеринин айырмасы.
8-глава. "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-100-006) 6-тиркемени толтуруу
175. 6-тиркемеде учурдагы жыл үчүн 2-топтогу объектилерге кирген салык салынуучу мүлк боюнча салык эсептелет: турак үйлөр, батирлер, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле жана башка ишкердик жүргүзүүгө арналган жана/же колдонулган капиталдык курулуштар.
Эскертүү. Ушул тиркемеге Декларантка таандык жана ишкердик жүргүзүүгө арналган 2-топтогу кыймылсыз мүлк объектилери боюнча көрсөткүчтөр киргизилет, алар Декларант тарабынан аны ишке ашыруу үчүн колдонбоо шарты менен.
Эгерде, Декларант турак жана/же турак эмес жайларды ишкердик жүргүзүүдө колдонсо, Ишкердик жүргүзүүчү жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү (FORM STI-102).
176. "Барактын номери" уячасында 6-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же мүлк объектисинин жайгашкан орду (району) ар кандай болсо барактын номери көрсөтүлөт.
177. 203-уячада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
178. 204-уячада 2-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
179. 1-графада төмөнкү таблицага ылайык мүлктүн түрүнүн коду көрсөтүлөт:
Мүлктүн коду | Мүлктүн аталышы |
001 | Турак үй |
002 | Батир |
003 | Дача үйү |
004 | Пансионат |
005 | Эс алуу үйү |
006 | Санаторий |
007 | Курорт |
008 | Өндүрүштүк |
009 | Административдик |
010 | Өнөр жайлык |
011 | Башка капиталдык курулуш |
012 | Киоск |
013 | Контейнер |
014 | Башка убактылуу жай |
180. 2-графада кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген техникалык паспортто белгиленген, мүлктүн жайгашкан ордунун дареги көрсөтүлөт.
Мүлккө болгон укук катталбаган учурда мүлктүн жайгашкан ордунун иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт.
181. 3-графада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
182. 4-графада мүлктүн кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген идентификациялык коду көрсөтүлөт. Мүлккө болгон укук катталбаган учурда "0" цифрасы коюлат.
183. 5-графада мүлккө ээлик кылуу укугу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт: ушул Тартиптин 101-пунктуна ылайык мүлктү пайдалануучулардын коддору боюнча - менчик ээси, үлүштүк менчик ээси, менчик ээси эмес.
184. 6-графада төмөнкү таблицага ылайык мүлк объектилеринин багытынын коду көрсөтүлөт:
Багыттын коду | Мүлк объектисинин функциялык багыты |
01 | Мейманканалар, күрөөканалар, алмаштыруу пункттары |
02 | Май куюучу станциялар |
03 | Чакан базарлар, базарлар, соода-рыноктук борборлор, комплекстер |
04 | Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү ишканалар |
05 | Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, темир жол транспортунун жүк станциялары |
06 | Административдик, офистик имараттар, бизнес-борборлор, банктар |
07 | Транспорт ишканасы, автосервис, байланыш жана энергетика ишканалары |
08 | Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар |
09 | Айыл чарбалык өндүрүштүк имараттар |
10 | Санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү |
11 | Өнөр жай, курулуш ишканалары |
185. 7-графада мүлк объектисине ээлик кылуу/колдонуу айларынын саны көрсөтүлөт.
186. 8-графада ушул Тартиптин 159-пунктуна ылайык дубалдардын материалынын коду көрсөтүлөт.
187. 9-графада мүлк объектиси пайдаланууга берилген жыл көрсөтүлөт.
188. 10-графада ушул Тартиптин 164-пунктуна ылайык пайдалануу мөөнөтүнө жана дубалдардын материалына жараша мүлк объектисинин 1 чарчы метр үчүн баалоо наркы (сом) көрсөтүлөт.
189. 11-графада кыймылсыз мүлккө укукту каттоону ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун маалыматтары боюнча мүлк объектисинин жалпы аянты (чарчы метр) көрсөтүлөт.
Мүлккө укук катталбаган учурда, салык кызматынын тийиштүү органынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт.
190. 12-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ордуна жараша объектинин салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу региондук коэффициент Кр көрсөтүлөт.
191. 13-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык калктуу конушта жайгашкан ордуна жараша объектинин салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт.
192. 14-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилери үчүн колдонулуучу тармактык коэффициент Ко көрсөтүлөт.
193. 15-графада Салык кодексинин 328-беренесинин 2-пунктуна ылайык салык ставкасы (%) көрсөтүлөт.
194. 16-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (10-графа х 11-графа х 12-графа х 13-графа х 14-графа х 15-графа / 12 ай х 7-графа).
195. 17-графада Салык кодексинин 330-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык түздөн-түз мүлк объектисинин астында жайгашкан, бирок ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлк салыгынын суммасынан жогору эмес (сом) жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
196. 601-уячада 16-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
197. 602-уячада 17-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
198. 603-уячада Салык кодексинин 330-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин чечими боюнча берилген жеңилдиктин суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен мүлк объектиси боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотуу берилет.
Жеңилдиктер жок учурда "0" цифрасы коюлат.
199. 604-уячада район боюнча төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт, б.а. 601, 602 жана 603-уячалардын маанилеринин айырмасы.
200. "Эскертүүлөрдүн" 605-616-уячалары салыкты кайра эсептөөгө байланыштуу (мисалы, зоналык же тармактык коэффициенттин өзгөрүүсү) такталган Декларацияларды берүү учурунда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы коюлат.
9-глава. "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-100-007) 7-тиркемени толтуруу
201. 7-тиркемеде учурдагы жылга 4-топтогу объектке кирген салык салынуучу мүлк боюнча салык эсептелет: транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер.
202. "Барактын номери" уячасында 7-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же мүлк объектисинин каттоо жери (району) ар түрдүү болсо барактын номери көрсөтүлөт.
203. 203-уячада мүлк катталган райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
204. 204-уячада 4-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
205. 1-графада төмөнкү таблицага ылайык транспорт каражаты белгилеринин коду боюнча 4-топтогу мүлк объектилери белгиленет:
Белгинин коду | Белгиси |
А | Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген транспорт каражаттары |
Б | Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пунктчасында каралбаган ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок транспорт каражаттары |
В | Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жок транспорт каражаттары |
206. 2-графада төмөнкү таблица боюнча транспорттун кодуна ылайык транспорт каражатынын түрү көрсөтүлөт:
Транспорттун коду | Транспорттун аталышы |
001 | Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдердин базасындагы фургондор жана пикаптар |
002 | Жүк автомобилдери, автобустар, микроавтобустар |
003 | Өзү жүрүүчү машиналар жана/же механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол-курулуш машиналары |
004 | анын ичинде: айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланылуучу өзү жүрүүчү машиналар жана/же механизмдер (тракторлор жана комбайндар) |
005 | Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моторлуу чаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кемелер, теплоходдор |
006 | Яхталар жана суу мотоциклдери |
007 | Башка, алдын ала каралбаган, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок транспорт каражаттары |
008 | Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жоктор |
207. 3-графада райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
208. 4-графада ушул Тартиптин 101-пунктуна ылайык мүлк колдонуучуларынын коду көрсөтүлөт.
209. 5-графада транспорт каражатынын маркасы көрсөтүлөт.
210. 6-графада транспорт каражатынын сериясы жана мамлекеттик номери көрсөтүлөт.
211. 7-графада даярдоочу завод тарабынан транспорт каражатынын чыгарылган жылы көрсөтүлөт.
212. 8-графада транспорт каражатынын белгисинин кодуна ылайык салык базасы көрсөтүлөт:
- "А" белгиси боюнча - кыймылдаткычтын жумушчу көлөмү (куб. см);
- "Б" белгиси боюнча - Салык кодексинин 325-беренесинин 2-пунктунун "б" пунктчасына ылайык аныкталуучу баланстык нарк;
- "В" белгиси боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 токтому менен бекитилген Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсептик наркы жок 4-топтогу мүлк объектисинин наркын аныктоо тартибине ылайык нарк.
213. 9-графада транспорт каражатынын код белгисине ылайык салык ставкасы көрсөтүлөт:
- "А" белгиси боюнча - Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык кыймылдаткычтын ар бир 1 куб. см жумушчу көлөмүнөн (сом);
- "Б" белгиси боюнча - Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык;
- "В" белгиси боюнча - Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "в" пунктчасына ылайык.
214. 10-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (сом менен) (8-графа х 9-графа).
215. 11-графада Салык кодексинин 330-беренесинде каралган жеңилдиктин суммасы көрсөтүлөт. Жеңилдик жок болгон учурда "0" цифрасы коюлат.
216. 12-графада төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт.
217. 701-уячада район боюнча төлөнүүчү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
10-глава. "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-100-008) 8-тиркемени толтуруу
218. 8-тиркемеде айыл чарба жерлери (сугат айдоо жери, кайрак айдоо жери, көп жылдык бак-дарактар, чабындылар, жайыттар) (мындан ары - жер участогу) боюнча учурдагы жылга карата салык эсептелет.
219. "Барактын номери" уячасында эгерде 8-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же жер участогунун жайгашкан орду (району) ар түрдүү болсо барактын номери көрсөтүлөт.
220. 203-уячада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
221. 204-уячада айыл чарба багытындагы жер салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
222. 1-графада ушул Тартиптин 101-пунктуна ылайык жер участогуна ээлик кылуу/колдонуу укугуна жараша колдонуучулардын коду көрсөтүлөт.
223. 2-графада айыл чарба жерлеринин түрлөрүнө жараша салык төлөөчүнүн жер участогунун жайгашкан орду (облусу, району, айылы) көрсөтүлөт.
224. 3-графада ушул Тартиптин 121-пунктуна ылайык жер участогунун түрүнүн коду көрсөтүлөт.
225. 4-графада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
226. 5-графада укук күбөлөндүрүүчү документте каралган жер участогунун идентификациялык коду көрсөтүлөт. Укук күбөлөндүрүүчү документ жок болгон учурда "0" цифрасы коюлат.
227. 6-графада укук күбөлөндүрүүчү документтин маалыматына ылайык жерлердин жалпы аянты көрсөтүлөт (гектар менен).
Укук күбөлөндүрүүчү документ жок болгон учурда, салык кызматынын тийиштүү органдарынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык участоктун жалпы аянты көрсөтүлөт.
228. 7-графада Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салыктан бошотулуучу айыл чарба багытындагы жерлердин аянттары көрсөтүлөт (гектар менен).
229. 8-графада жер салыгы салынууга тийиш болгон айыл чарба багытындагы жерлердин аянттары (гектар менен) көрсөтүлөт (6-графа - 7-графа).
230. 9-графада жер участогуна ээ болуу укугунун мезгили көрсөтүлөт, б.а. жер участогуна ээлик кылуу укугунун/колдонуунун айларынын саны.
231. 10-графада Салык кодексинин 337-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча жерлерге белгиленген жер салыгынын базалык ставкалары көрсөтүлөт (сом менен).
232. 11-графада Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген инфляциянын коэффициенти (Ки) көрсөтүлөт.
233. 12-графада жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт (8-графа х 10-графа х 11-графа / 12 ай х 9-графа).
234. 801-уячада 12-графа боюнча жер салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
235. 802-уячада Салык кодексинин 337-беренесинин 5-бөлүгүнө, ошондой эле 344-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык төлөөдөн бошотулууга тийиш салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен жер салыгын төлөөдөн бошотулат.
236. 803-уячада 801 жана 802-уячалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү район боюнча төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
237. "Эскертүүнүн" 804-815-уячалары салыкты кайра эсептөө менен байланышкан (мисалы, инфляция коэффициентинин өзгөрүүсү) такталган Декларациялар берилген учурда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы коюлат.
11-глава. "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-100-009) 9-тиркемени толтуруу
238. 9-тиркемеде учурдагы жылга айыл чарба багытындагы эмес жерлер боюнча жер салыгын эсептөө жүргүзүлөт.
Эскертүү. Ушул тиркемеге Декларантка таандык жана ишкердик жүргүзүүгө арналган айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча көрсөткүчтөр киргизилет, алар Декларант тарабынан аны ишке ашыруу үчүн колдонбоо шарты менен.
Эгерде Декларант айыл чарба багытындагы эмес жер участокторун (мындан ары - жер участогу) ишкердик иш жүргүзүүдө колдонсо, Ишкердик иш жүргүзүүчү жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү (FORM STI-102).
239. "Барактын номери" уячасында 9-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же жер участогунун жайгашкан орду (району) ар кандай болсо барактын номери көрсөтүлөт.
240. 203-уячада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
241. 204-уячада айыл чарба багытындагы эмес жерлер боюнча жер салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
242. 1-графада ушул Тартиптин 101-пунктуна ылайык жер участогун колдонуучунун коду көрсөтүлөт.
243. 2-графада салык төлөөчүнүн жер участогу жайгашкан жер (район, шаар, айыл) көрсөтүлөт.
244. 3-графада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
245. 4-графада төмөнкү таблицага ылайык укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун багыты же пайдаланылуучу жер участогундагы чарбакер субъекттин ишкерлик ишинин коду көрсөтүлөт:
Коду | Участоктун багыты |
01 | Дүкөндөр, күркөлөр, ларектор жана башка соода мекемелери, а.и. аянты |
0101 | - 10 чарчы метрге чейин; |
0102 | - 10дон 20 чарчы метрге чейин; |
0103 | - 20дан 35 чарчы метрге чейин; |
0104 | - 35тен 50 чарчы метрге чейин; |
0105 | - 50 чарчы метр жана андан жогору |
02 | Чакан базарлар, базарлар, соода-базар комплекстери |
03 | Мал, жем сатылуучу базарлар |
04 | Коомдук тамактануу ишканалары |
05 | Мейманканалык иштер ишканалары |
06 | Банктар, күрөөканалар, алмаштыруу пункттары |
07 | Кеңселер, бизнес-борборлор, биржалар |
08 | Автомай куюучу станциялар |
09 | Мунайзат базалары |
010 | Автотоктотуучу жайлар, автосервис ишканалары |
011 | Жарнама курулмалары |
012 | Эс алуу жана көңүл ачуу, спорттук-ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөр, жеке кызматтарды көрсөтүү ишканалары |
013 | Транспорт ишканаларынын администрациялык имараттары: аэровокзалдар, автовокзалдар, автостанциялар, темир жол вокзалдары |
014 | Өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зоналардын аймактары |
015 | Кен өнөр жайынын ишканалары, темир жол транспортунун жүктөө-түшүрүү станциялары, темир жол жана аба транспортунун ишканаларынын санитардык коргоо зоналары |
016 | Иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разрездер, күл төгүүчү жайлар |
017 | Геологиялык чалгындоо, долбоорлоо-иликтөө, чалгындоо жана изилдөө иштери |
018 | Байланыштын жана электр берүүлөрдүн аба линиялары |
019 | Илимий мекемелер, билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо, маданият, балдардын-өспүрүмдөрдүн дене тарбия-спорт мекемелери |
020 | Айыл чарбасындагы өндүрүштүк имараттар (гараждар, оңдоо устаканалары, кырмандар, дан тазалоочу комплекстер, жашылча-картошка сактагычтар, курулуш жана чарбалык жайлар жана айыл чарбалык өндүрүш имараттары) |
021 | Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар |
246. 5-графада укук күбөлөндүрүүчү документтерде каралган жер участогунун идентификациялык коду көрсөтүлөт. Укук күбөлөндүрүүчү документи жок учурда "0" цифрасы коюлат.
247. 6-графада укук күбөлөндүрүүчү документтин маалыматы боюнча жер участогунун жалпы аянты (чарчы метр менен) көрсөтүлөт.
Укук күбөлөндүрүүчү документ жок учурда салык кызматынын тийиштүү органынын, кыймылсыз мүлк объектилерин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык участоктун жалпы аянты көрсөтүлөт.
248. 7-графада Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салык салуудан бошотулуучу калктуу конуштардын жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин аянты (чарчы метр менен) көрсөтүлөт.
249. 8-графада жер салыгы салынууга тийиш болгон жер участогунун (чарчы метр менен) аянты (6-графа - 7-графа) көрсөтүлөт.
250. 9-графада жер участогуна ээлик кылган/пайдаланган айлардын саны көрсөтүлөт.
251. 10-графада Салык кодексинин 339-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн белгиленген жер салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.
252. 11-графада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген инфляция коэффициенти (Ки) көрсөтүлөт.
253. 12-графада жергиликтүү кеңештер тарабынан калктуу конуштун экономикалык-пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша белгиленген зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт.
254. 13-графада Салык кодексинин 339-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык ишкердикте пайдалангандыгына жараша жер участогунун салык салынуучу базасынын өзгөрүүсү эске алынган коммерциялык пайдалануунун коэффициенти Кк көрсөтүлөт.
255. 14-графада салыктын суммасы (8-графа х 10-графа х 11-графа х 12-графа х 13-графа / 12 ай х 9-графа) көрсөтүлөт.
256. 905-уячада 14-графа боюнча салыктын жыйынды суммасы көрсөтүлөт.
257. 906-уячада Салык кодексинин 344-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин чечими боюнча төлөөдөн бошотулууга жаткан жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
258. 907-уячада 905 жана 906-уячалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү район боюнча төлөнүүчү жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
259. "Эскертүүнүн" 908-919-уячалары салыкты кайра эсептөөгө байланыштуу такталган Декларация берилген учурда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөргөндүгүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы коюлат.";
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Уюмдун бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-101) формасы 2-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
5) аталган токтом менен бекитилген Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-101) толтуруу жана берүү тартибинде:
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "и", "к", "л", "м", "н", "о" пунктчалары менен толукталсын:
"и) "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-101-010) 10-тиркеме;
к) "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-101-011) 11-тиркеме;
л) "3-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-101-012) 12-тиркеме;
м) "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-101-013) 13-тиркеме;
н) "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-101-014) 14-тиркеме;
о) "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-101-015) 15-тиркеме;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-101-010) 10-тиркемеде, "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-101-011) 11-тиркемеде, "3-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-101-012) 12-тиркемеде, "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-101-013) 13-тиркемеде, "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-101-014) 14-тиркемеде, "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-101-015) 15-тиркемеде учурдагы календардык жыл үчүн көрсөткүчтөр көрсөтүлөт жана салыктык милдеттенмелер эсептелет.
Ар кайсы жерлерде (райондордо) катталган жана/же жайгашкан мүлк объектилери жана/же жер участоктору боюнча салыкты эсептөө аталган тиркемелердин башка барагына жайгашкан жеринин коддору боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
Мүлк салыгын жана/же жер салыгын төлөө мүлк объектисинин жана/же жер участогунун катталган жери же жайгашкан орду боюнча Салык кодексинин 332 жана 342-беренелерине ылайык ишке ашырылат.";
- 80-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"80. 254-уячада инновациялык ишке кеткен чыгымдар боюнча эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт.
Инновациялык ишке төмөнкүлөр кирет:
- илимий-изилдөө иштери;
- тажрыйбалык-конструктордук иштер;
- долбоордук-иликтөө иштери;
- илимий-техникалык жетишкендиктерди киргизүү боюнча иштер;
- колдонмо программалардын пакеттерин киргизүү боюнча иштер;
- маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү боюнча иштер.
Негизги каражаттарды сатып алууга жана/же өндүрүүгө байланышкан чыгымдар негизги каражаттардын тийиштүү топторунун наркына кошулат жана амортизацияланат.";
- 86-пунктунун "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) потенциалдуу кредиттик, кепилдик жана лизингдик жоготууларды жана чыгашаларды жабуу үчүн банк же кепилдик фонд тарабынан резервге жиберилүүчү, берилген банктык кредиттерди жана аларга теңдештирилген активдерди, анын ичинде кепилдик фонддор берген кепилдиктерди камсыз кылуу максаттарында гана пайдаланылуучу сумма, ошондой эле Депозиттерди коргоо фондуна жиберилүүчү банктардын төгүмдөрү. Резервге чегерүүлөрдүн тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленет;";
- 127-пунктундагы "1-топтогу (FORM STI-086), 2-топтогу (FORM STI-087), 3-топтогу (FORM STI-088) жана 4-топтогу (FORM STI-089) объекттердин мүлк салыгы боюнча берилген маалыматтык эсептөөлөрдүн маалыматтарынын" деген сөздөр "өткөн отчеттук жыл үчүн 1-топтогу, 2-топтогу, 3-топтогу жана 4-топтогу объекттер боюнча мүлк салыгын эсептөөлөрдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 140-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"140. 8-графанын уячаларында, ар бир мүлк объектиси боюнча отчеттук мезгил үчүн эсептелген салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде мүлк объектиси салык салынбоочу болуп эсептелсе же салык салууга жатпаса, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга жатса, 8-графанын тийиштүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдиктерди эске алуу менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.";
- 148-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"148. 6-графанын уячаларында, ар бир транспорт каражаты боюнча отчеттук мезгил үчүн эсептелген салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде, транспорт каражаты салык салынбоочу болуп эсептелсе же салык салууга жатпаса, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга жатса, 6-графанын тийиштүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдиктерди эске алуу менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.";
- 155-пунктундагы "жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдө (FORM STI-076, FORM STI-077) берилген маалыматтардын" деген сөздөр "жер салыгы боюнча эсептөөлөрдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 165-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"165. "Чечмелөөнүн 8-графасынын уячаларында жер участоктору боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт.";
- 167-пункттун экинчи абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү "маалыматтык эсептөөнү" деген сөздөр "Декларацияны" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 12-17-главалар менен толукталсын:
"12-глава. "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-101-010) 10-тиркемени толтуруу
213. 10-тиркемеде 1-топтогу объектилерге кирген салык салынуучу мүлк боюнча учурдагы жыл үчүн салыкты эсептөө жүргүзүлөт: ишкердик иш жүргүзүү үчүн колдонулбаган, туруктуу же убактылуу жашоого арналган турак үйлөр, батирлер, дача үйлөрү.
214. Эгерде 10-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз болсо же мүлк объектиси ар кайсы жерде (райондо) жайгашса, "Барактын номери" уячасында барактын номерлери көрсөтүлөт.
215. 203-уячада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ушул райондун салык органынын да коду болуп эсептелет.
216. 204-уячада 1-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
217. 1-графада ушул Тартиптин 134-пунктуна ылайык мүлктүн түрүнүн коду көрсөтүлөт.
218. 2-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген техникалык паспортто көрсөтүлгөн мүлктүн жайгашкан ордунун дареги көрсөтүлөт.
Мүлккө болгон укугу катталбаган учурда, мүлк жайгашкан жердин иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт.
219. 3-графада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
220. 4-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн идентификациялык коду көрсөтүлөт. Мүлккө болгон укугу катталбаган учурда "0" цифрасы коюлат.
221. 5-графада мүлккө ээлик кылуу укугу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт: менчик ээси, үлүштүк менчик ээси, менчик ээси эмес - ушул Тартиптин 135-пунктуна ылайык мүлктү колдонуучулардын коддору боюнча.
222. 6-графада календардык жылда мүлк объектисине ээлик кылган/колдонгон айлардын саны көрсөтүлөт.
223. 7-графада төмөнкү таблицага ылайык дубалдын материалынын коду көрсөтүлөт:
Материалдын коду | Материалдын аталышы |
100 | Кирпич |
200 | Жыгач |
300 | Курама жана монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пеноблоктор, пенобетондор, айнек |
400 | Чийки топо (саман, гувелек, сокмо) |
500 | Шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу |
600 | Металл |
700 | Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар |
224. 8-графада мүлк объектиси эксплуатациялоого киргизилген жыл көрсөтүлөт.
225. 9-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоочу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү салык төлөөчүгө таандык кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортундагы маалымат боюнча мүлк объектисинин жалпы аянты (чарчы метр) көрсөтүлөт. Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда мүлк объектисинин ичинен ченелген жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалымат жок болсо, жалпы аянты сырткы өлчөмү боюнча аныкталат.
Мүлккө болгон укук катталбаган учурда, салык органынын, кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тийиштүү өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт.
226. 10-графада Салык кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык салык салынбаган аянт көрсөтүлөт.
Мисалы, Бишкек шаарында жайгашкан жалпы аянты 120 чарчы метр үч бөлмөлүү батир. Бул учурда салык салынбаган аянт 80 чарчы метрди түзөт.
227. 11-графада салык салынуучу аянт көрсөтүлөт (9-графанын жана 10-графанын айырмасы).
Мисалы, үч бөлмөлүү батирдин 120 чарчы метрди түзгөн жалпы аянтынан Бишкек шаары боюнча турак жайдын салык салынбаган аянты - 80 чарчы метр кемитилет, ошентип 11-графада салык салынуучу аянт - 40 чарчы метр (120 чарчы метр - 80 чарчы метр) көрсөтүлөт.
228. 12-графада төмөнкү таблицага ылайык мүлк объектисинин эксплуатациялоо мөөнөтүнө жана дубалдын материалына жараша 1 чарчы метр үчүн баалоо наркы (сом) көрсөтүлөт:
Дубалдын материалы | Эксплуатациялоо мөөнөтү | 1 чарчы м баалоо наркы, сом |
Кирпич | 5 жылга чейин | 15000 |
5-15 жыл | 14000 | |
15-30 жыл | 13000 | |
30-45 жыл | 12000 | |
45 жылдан ашуун | 10000 | |
Жыгач | 5 жылга чейин | 13000 |
5-15 жыл | 12000 | |
15-30 жыл | 11000 | |
30-45 жыл | 10000 | |
45 жылдан ашуун | 8000 | |
Курама жана монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пеноблоктор, айнек | 5 жылга чейин | 14000 |
5-15 жыл | 13000 | |
15-30 жыл | 12000 | |
30-45 жыл | 11000 | |
45 жылдан ашуун | 10000 | |
Чийки топо (саман, гувелек, сокмо) | 5 жылга чейин | 10000 |
5-15 жыл | 9000 | |
15-30 жыл | 8000 | |
30-45 жыл | 6000 | |
45 жылдан ашуун | 5000 | |
Шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу | 5 жылга чейин | 9000 |
5-15 жыл | 8000 | |
15-30 жыл | 7000 | |
30-45 жыл | 6000 | |
45 жылдан ашуун | 5000 | |
Металл | 30 жылга чейин | 10000 |
45 жылдан ашуун | 8000 | |
Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар | 4000 | |
Мисалы, эгер имараттын дубалдарынын материалы - кирпич, эксплуатациялоо мөөнөтү - 18 жыл болсо, мүлк объектисинин баалоо наркы 1 чарчы метр үчүн 13000 сомду түзөт.
229. 13-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 7 жана 11-бөлүктөрүнө ылайык объектинин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жерине жараша салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу региондук коэффициент Кр көрсөтүлөт. Эгер региондук коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
230. 14-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык объектинин калктуу конушта жайгашкан жерине жараша салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт. Эгер зоналык коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
231. 15-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилерине карата колдонулуучу тармактык коэффициент Ко көрсөтүлөт. Эгер тармактык коэффициент белгиленбесе анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
232. 16-графада Салык кодексинин 328-беренесинин 1-пунктунда белгиленген салык салынуучу базанын 0,35 пайызы өлчөмүндө салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
233. 17-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (11-графа х 12-графа х 13-графа х 14-графа х 15-графа х 16-графа / 12 ай х 6-графа).
234. 18-графада мүлк объектисинин түздөн-түз астында, бирок ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлк салыгынын суммасынан жогору эмес, жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Жер участогуна укук катталбаган учурда, көрсөтүлгөн уячаларда "0" цифрасы коюлат.
235. 1001-уячада 17-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
236. 1002-уячада 18-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
237. 1003-уячада Салык кодексинин 330-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык салык боюнча жеңилдиктердин суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен мүлк объектиси боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.
Жеңилдиктер жок болгон учурда "0" цифрасы коюлат.
238. 1004-уячада 1001, 1002 жана 1003-уячалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү район боюнча төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт.
13-глава. "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-101-011) 11-тиркемени толтуруу
239. 11-тиркемеде учурдагы жыл үчүн 2-топтогу объектилерге кирген салык салынуучу мүлк боюнча салык эсептелет: турак үйлөр, батирлер, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле жана башка ишкердик жүргүзүүгө арналган жана/же колдонулган капиталдык курулуштар.
240. "Барактын номери" уячасында 11-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же мүлк объектисинин жайгашкан орду (району) ар кандай болсо барактын номери көрсөтүлөт.
241. 203-уячада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
242. 204-уячада 2-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
243. 1-графада ушул Тартиптин 134-пунктундагы мүлктүн кодуна ылайык мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.
244. 2-графада кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген техникалык паспортто көрсөтүлгөн, мүлктүн жайгашкан ордунун дареги көрсөтүлөт.
Мүлккө болгон укук катталбаган учурда мүлктүн жайгашкан ордунун иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт.
245. 3-графада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
246. 4-графада мүлктүн кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген идентификациялык коду көрсөтүлөт. Мүлккө болгон укук катталбаган учурда "0" цифрасы коюлат.
247. 5-графада мүлккө ээлик кылуу укугу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт: ушул Тартиптин 135-пунктуна ылайык мүлктү пайдалануучулардын коддору боюнча - менчик ээси, үлүштүк менчик ээси, менчик ээси эмес.
248. 6-графада төмөнкү таблицага ылайык мүлк объектилеринин багытынын коду көрсөтүлөт:
Багыттын коду | Мүлк объектисинин функциялык багыты |
01 | Мейманканалар, күрөөканалар, алмаштыруу пункттары |
02 | Май куюучу станциялар |
03 | Чакан базарлар, базарлар, соода-рыноктук борборлор, комплекстер |
04 | Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү ишканалар |
05 | Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, темир жол транспортунун жүк станциялары |
06 | Административдик, офистик имараттар, бизнес-борборлор, банктар |
07 | Транспорт ишканасы, автосервис, байланыш жана энергетика ишканалары |
08 | Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар |
09 | Айыл чарбалык өндүрүштүк имараттар |
10 | Санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү |
11 | Өнөр жай, курулуш ишканалары |
249. 7-графада мүлк объектисине ээлик кылуу/колдонуу айларынын саны көрсөтүлөт.
250. 8-графада ушул Тартиптин 223-пунктуна ылайык дубалдардын материалынын коду көрсөтүлөт.
251. 9-графада мүлк объектиси пайдаланууга берилген жыл көрсөтүлөт.
252. 10-графада ушул Тартиптин 223-пунктуна ылайык пайдалануу мөөнөтүнө жана дубалдардын материалына жараша мүлк объектисинин 1 чарчы метр үчүн баалоо наркы (сом) көрсөтүлөт.
253. 11-графада кыймылсыз мүлккө укукту каттоону ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун маалыматтары боюнча мүлк объектисинин жалпы аянты (чарчы метр) көрсөтүлөт.
Мүлккө укук катталбаган учурда, салык кызматынын тийиштүү органынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт.
254. 12-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ордуна жараша объектинин салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу региондук коэффициент Кр көрсөтүлөт.
255. 13-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык калктуу конушта жайгашкан ордуна жараша объектинин салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт.
256. 14-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилери үчүн колдонулуучу тармактык коэффициент Ко көрсөтүлөт.
257. 15-графада Салык кодексинин 328-беренесинин 2-пунктуна ылайык салык ставкасы (%) көрсөтүлөт.
258. 16-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (10-графа х 11-графа х 12-графа х 13-графа х 14-графа х 15-графа / 12 ай х 7-графа).
259. 17-графада Салык кодексинин 330-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык түздөн-түз мүлк объектисинин астында жайгашкан, бирок ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлк салыгынын суммасынан жогору эмес (сом) жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
260. 1101-уячада 16-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
261. 1102-уячада 17-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
262. 1103-уячада Салык кодексинин 330-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин чечими боюнча берилген жеңилдиктин суммасы көрсөтүлөт. Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен мүлк объектиси боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.
Жеңилдиктер жок учурда "0" цифрасы коюлат.
263. 1104-уячада 1101, 1102 жана 1103-уячалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү район боюнча төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт.
264. "Эскертүүнүн" 1105-1116-уячалары салыкты кайра эсептөөгө байланыштуу (мисалы, зоналык же тармактык коэффициенттин өзгөрүүсү) такталган Декларацияларды берүү учурунда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы коюлат.
14-глава. "3-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-101-012) 12-тиркемени толтуруу
265. 12-тиркемеде учурдагы жылга 3-топтогу объектке кирген салык салынуучу мүлк боюнча салык эсептелет: ишкердик ишти жүргүзүү үчүн арналган жана/же колдонулган күркөлөр, контейнерлер сыяктуу металл жана башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар.
266. "Барактын номери" уячасында 12-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же мүлк объектисинин каттоо жери (району) ар түрдүү болсо барактын номери көрсөтүлөт.
267. 203-уячада мүлк катталган райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
268. 204-уячада 3-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
269. 1-графада ушул Тартиптин 134-пунктуна ылайык мүлктүн түрүнүн коду көрсөтүлөт.
270. 2-графада мүлктүн жайгашкан дареги көрсөтүлөт.
271. 3-графада мүлк жайгашкан райондун салык органынын коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
272. 4-графада мүлккө ээлик кылуу укугу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт: ушул Тартиптин 135-пунктуна ылайык мүлктү пайдалануучулардын коддору боюнча - менчик ээси, үлүштүк менчик ээси, менчик ээси эмес.
273. 5-графада ушул Тартиптин 248-пунктуна ылайык мүлк объектилеринин багытынын коду көрсөтүлөт.
274. 6-графада мүлк объектисине ээлик кылган/колдонгон айлардын саны көрсөтүлөт.
275. 7-графада ушул Тартиптин 223-пунктуна ылайык дубалдын материалынын коду көрсөтүлөт.
276. 8-графада мүлк объектиси эксплуатациялоого киргизилген жыл көрсөтүлөт.
277. 9-графада ушул Тартиптин 228-пунктуна ылайык мүлк объектисинин эксплуатациялоо мөөнөтүнө жана дубалдын материалына жараша 1 чарчы метр үчүн баалоо наркы (сом) көрсөтүлөт.
278. 10-графада мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт (чарчы метр).
279. 11-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык объектинин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жерине жараша салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу региондук коэффициент Кр көрсөтүлөт.
280. 12-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык объектинин калктуу конушта жайгашкан жерине жараша салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт.
281. 13-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилерине карата колдонулуучу тармактык коэффициент Ко көрсөтүлөт.
282. 14-графада Салык кодексинин 328-беренесинин 2-пунктуна ылайык салыктын ставкасы (%) көрсөтүлөт.
283. 15-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (9-графа х 10-графа х 11-графа х 12-графа х 13-графа х 14-графа / 12 ай х 6-графа).
284. 16-графада мүлк объектисинин түздөн-түз астында, бирок Салык кодексинин 330-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлк салыгынын суммасынан жогору эмес, жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
285. 1201-уячада 15-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
286. 1202-уячада 16-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
287. 1203-уячада Салык кодексинин 330-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин чечими боюнча берилген жеңилдиктердин суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен мүлк объектиси боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.
Жеңилдиктер жок учурда "0" цифрасы коюлат.
288. 1204-уячада 1201, 1202 жана 1203-уячалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү район боюнча төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт.
289. "Эскертүүлөрдүн" 1205-1216-уячалары салыкты кайра эсептөөгө байланыштуу (мисалы, зоналык же тармактык коэффициенттин өзгөрүүсү) такталган Декларацияларды берүү учурунда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы коюлат.
15-глава. "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-101-013) 13-тиркемени толтуруу
290. 13-тиркемеде учурдагы жылга 4-топтогу объектке кирген салык салынуучу мүлк боюнча салык эсептелет: транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер.
291. "Барактын номери" уячасында 13-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же мүлк объектисинин каттоо жери (району) ар түрдүү болсо барактын номери көрсөтүлөт.
292. 203-уячада мүлк катталган райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
293. 204-уячада 4-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
294. 1-графада төмөнкү таблицага ылайык транспорт каражаттарынын белгилери боюнча 4-топтогу мүлк объекттеринин коду белгиленет:
Белгинин коду | Белги |
А | Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык ичинен күйүүчү кыймылдаткычтар менен иштеген транспорт каражаттары |
Б | Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пунктчасында каралбаган, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок транспорт каражаттары |
В | Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жок транспорт каражаттары |
295. 2-графада төмөнкү таблицага ылайык транспорт каражатынын код белгисине ылайык транспорт каражатынын түрү көрсөтүлөт:
Транспорттун коду | Транспорттун аталышы |
001 | Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдердин базасындагы фургондор жана пикаптар |
002 | Жүк автомобилдери, автобустар, микроавтобустар |
003 | Өзү жүрүүчү машиналар жана/же механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол-курулуш машиналары |
004 | Анын ичинде: айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланылуучу өзү жүрүүчү машиналар жана/же механизмдер (тракторлор жана комбайндар) |
005 | Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моторлуу чаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кемелер, теплоходдор |
006 | Яхталар жана суу мотоциклдери |
007 | Башка, алдын ала каралбаган, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок транспорт каражаттары |
008 | Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жоктор |
296. 3-графада райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
297. 4-графада ушул Тартиптин 135-пунктуна ылайык мүлктү пайдалануучунун коду көрсөтүлөт.
298. 5-графада транспорт каражатынын маркасы көрсөтүлөт.
299. 6-графада транспорт каражатынын мамлекеттик номери жана сериясы көрсөтүлөт.
300. 7-графада даярдоочу завод тарабынан транспорт каражаты чыгарылган дата көрсөтүлөт.
301. 8-графада транспорт каражаттарынын белгилеринин кодуна ылайык салык базасы көрсөтүлөт:
- "А" белгиси боюнча - кыймылдаткычтын жумушчу көлөмү (куб. см);
- "Б" белгиси боюнча - Салык кодексинин 325-беренесинин 2-пунктунун "б" пунктчасына ылайык аныкталган баланстык наркы;
- "В" белгиси боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 токтому менен бекитилген Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсепке алуу наркы жок 4-топтогу мүлк объектисинин наркын аныктоо тартибине ылайык аныкталуучу нарк.
302. 9-графада транспорт каражатынын белгилеринин кодуна ылайык салыктын ставкасы көрсөтүлөт:
- "А" белгиси боюнча - Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык кыймылдаткычтын жумушчу көлөмүнүн ар бир 1 куб. см (сом);
- "Б" белгиси боюнча - Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык;
- "В" белгиси боюнча - Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "в" пунктчасына ылайык.
303. 10-графада салыктын суммасы (сом) (8-графа х 9-графа) көрсөтүлөт.
304. 11-графада Салык кодексинин 330-беренесинде каралган жеңилдетилген сумма көрсөтүлөт. Жеңилдик жок учурда "0" цифрасы коюлат.
305. 12-графада төлөнүүчү салыктын суммасы (сом) көрсөтүлөт.
306. 1301-уячада район боюнча төлөнүүчү салыктын бардык суммасы көрсөтүлөт.
16-глава. "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-101-014) 14-тиркемени толтуруу
307. 14-тиркемеде айыл чарба жерлери (сугат айдоо жери, кайрак айдоо жери, көп жылдык бак-дарактар, чабындылар, жайыттар) (мындан ары - жер участогу) боюнча учурдагы жылга карата салык эсептелет.
308. "Барактын номери" уячасында эгер 14-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же жер участогунун жайгашкан орду (району) ар түрдүү болсо барактын номери көрсөтүлөт.
309. 203-уячада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
310. 204-уячада айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
311. 1-графада ушул Тартиптин 135-пунктуна ылайык жер участогуна ээлик кылуу/колдонуу укугуна жараша колдонуучулардын коду көрсөтүлөт.
312. 2-графада айыл чарба жерлеринин түрлөрүнө жараша салык төлөөчүнүн жер участогунун жайгашкан орду (облусу, району, айылы) көрсөтүлөт.
313. 3-графада ушул Тартиптин 154-пунктуна ылайык жер участогунун түрүнүн коду көрсөтүлөт.
314. 4-графада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
315. 5-графада укукту күбөлөндүрүүчү документте каралган жер участогунун идентификациялык коду көрсөтүлөт. Укукту күбөлөндүрүүчү документ жок болгон учурда "0" цифрасы коюлат.
316. 6-графада укукту күбөлөндүрүүчү документтин маалыматына ылайык жерлердин жалпы аянты көрсөтүлөт (гектар менен).
Укукту күбөлөндүрүүчү документ жок болгон учурда, салык кызматынын тийиштүү органдарынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык участоктун жалпы аянты көрсөтүлөт.
317. 7-графада Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салыктан бошотулуучу жерлердин аянттары көрсөтүлөт (гектар менен).
318. 8-графада жер салыгы салынууга тийиш болгон жерлердин аянттары (гектар менен) көрсөтүлөт (6-графа - 7-графа).
319. 9-графада жер участогуна ээ болуу укугунун мезгили көрсөтүлөт, б.а. жер участогуна ээлик кылуу укугунун/колдонуунун айларынын саны.
320. 10-графада Салык кодексинин 337-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча жерлерге белгиленген жер салыгынын базалык ставкалары көрсөтүлөт (сом менен).
321. 11-графада Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген инфляция коэффициенти (Ки) көрсөтүлөт.
322. 12-графада жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт (8-графа х 10-графа х 11-графа /12 ай х 9-графа).
323. 1401-уячада 12-графа боюнча жер салыгынын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
324. 1402-уячада Салык кодексинин 337-беренесинин 5-бөлүгүнө, ошондой эле 344-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык төлөөдөн бошотулууга тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен жер салыгын төлөөдөн бошотулат.
325. 1403-уячада район боюнча төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт, б.а. 1401 жана 1402-уячалардын маанилеринин айырмасы.
326. "Эскертүүнүн" 1404-1415-уячалары салыкты кайра эсептөө менен байланышкан (мисалы, инфляция коэффициентинин өзгөрүүсү) такталган Декларациялар берилген учурда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы коюлат.
17-глава. "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-101-015) 15-тиркемени толтуруу
327. 15-тиркемеде учурдагы жыл үчүн айыл чарба багытындагы эмес жерлер боюнча салыкты эсептөө жүргүзүлөт.
328. "Барактын номери" уячасында 15-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же жер участогунун жайгашкан орду (району) ар кандай болсо барактын номери көрсөтүлөт.
329. 203-уячада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп да эсептелет.
330. 204-уячада айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
331. 1-графада ушул Тартиптин 135-пунктуна ылайык жер участогун колдонуучунун коду көрсөтүлөт.
332. 2-графада салык төлөөчүнүн жер участогу жайгашкан жер (район, шаар, айыл) көрсөтүлөт.
333. 3-графада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
334. 4-графада төмөнкү таблицага ылайык укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун багыты же пайдаланылуучу жер участогундагы чарбакер субъекттин ишкерлик ишинин коду көрсөтүлөт:
Коду | Участоктун багыты |
01 | Дүкөндөр, күркөлөр, ларектор жана башка соода мекемелери, а.и. аянты: |
0101 | - 10 чарчы метрге чейин; |
0102 | - 10дон 20 чарчы метрге чейин; |
0103 | - 20дан 35 чарчы метрге чейин; |
0104 | - 35тен 50 чарчы метрге чейин; |
0105 | - 50 чарчы метр жана андан жогору |
02 | Чакан базарлар, базарлар, соода-базар комплекстери |
03 | Мал, жем сатылуучу базарлар |
04 | Коомдук тамактануу ишканалары |
05 | Мейманканалык иштер ишканалары |
06 | Банктар, күрөөканалар, алмаштыруу пункттары |
07 | Кеңселер, бизнес-борборлор, биржалар |
08 | Автомай куюучу станциялар |
09 | Мунайзат базалары |
010 | Автотоктотуучу жайлар, автосервис ишканалары |
011 | Жарнама курулмалары |
012 | Эс алуу жана көңүл ачуу, спорттук-ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөр, жеке кызматтарды көрсөтүү ишканалары |
013 | Транспорт ишканаларынын администрациялык имараттары: аэровокзалдар, автовокзалдар, автостанциялар, темир жол вокзалдары |
014 | Өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зоналардын аймактары |
015 | Кен өнөр жайынын ишканалары, темир жол транспортунун жүктөө-түшүрүү станциялары, темир жол жана аба транспортунун ишканаларынын санитардык коргоо зоналары |
016 | Иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разрездер, күл төгүүчү жайлар |
017 | Геологиялык чалгындоо, долбоорлоо-иликтөө, чалгындоо жана изилдөө иштери |
018 | Байланыштын жана электр берүүлөрдүн аба линиялары |
019 | Илимий мекемелер, билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо, маданият, балдардын-өспүрүмдөрдүн дене тарбия-спорт мекемелери |
020 | Айыл чарбасындагы өндүрүштүк имараттар (гараждар, оңдоо устаканалары, кырмандар, дан тазалоочу комплекстер, жашылча-картошка сактагычтар, курулуш жана чарбалык жайлар жана айыл чарбалык өндүрүш имараттары) |
021 | Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар |
335. 5-графада укук күбөлөндүрүүчү документтерде каралган жер участогунун идентификациялык коду көрсөтүлөт. Укук күбөлөндүрүүчү документи жок учурда "0" цифрасы коюлат.
336. 6-графада укук күбөлөндүрүүчү документтин маалыматы боюнча жер участогунун аянты (чарчы метр менен) көрсөтүлөт.
Укук күбөлөндүрүүчү документ жок учурда салык кызматынын тийиштүү органынын, кыймылсыз мүлк объектилерин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык участканын жалпы аянты көрсөтүлөт.
337. 7-графада Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салык салуудан бошотулуучу калктуу конуштардын жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин аянты (чарчы метр менен) көрсөтүлөт.
338. 8-графада жер салыгы салынууга тийиш болгон жер участогунун аянты (чарчы метр менен) (6-графа - 7-графа) көрсөтүлөт.
339. 9-графада жер участогуна ээлик кылуучу/пайдалануучу айлардын саны көрсөтүлөт.
340. 10-графада Салык кодексинин 339-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык калктуу конуштардын жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн белгиленген жер салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.
341. 11-графада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген инфляция коэффициенти (Ки) көрсөтүлөт.
342. 12-графада жергиликтүү кеңештер тарабынан калктуу конуштун экономикалык-пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша белгиленген зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт.
343. 13-графада Салык кодексинин 339-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык ишкердикте пайдалангандыгына жараша жер участогунун салык салынуучу базасынын өзгөрүүсү эске алынган коммерциялык пайдалануунун коэффициенти Кк көрсөтүлөт.
344. 14-графада салыктын суммасы (8-графа х 10-графа х 11-графа х 12-графа х 13-графа / 12 ай х 9-графа) көрсөтүлөт.
345. 1501-уячада 14-графа боюнча салыктын жыйынды суммасы көрсөтүлөт.
346. 1502-уячада Салык кодексинин 344-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин чечими боюнча төлөөдөн бошотулууга жаткан салыктын суммасы көрсөтүлөт.
347. 1503-уячада район боюнча төлөөгө жер салыгынын суммасы, башкача айтканда 1501 жана 1502-уячаларынын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт.
348. "Эскертүүнүн" 1504-1515-уячалары салыкты кайра эсептөө менен байланышкан (мисалы, инфляция коэффициентинин өзгөрүүсү) такталган Декларациялар берилген учурда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы коюлат.";
6) аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-102) формасы 3-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
7) аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-102) толтуруу жана берүү тартибинде:
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "и", "к", "л", "м", "о", "п" пунктчалары менен толукталсын:
"и) "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-102-009) 9-тиркеме;
к) "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-102-010) 10-тиркеме;
л) "3-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-102-011) 11-тиркеме;
м) "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-102-012) 12-тиркеме;
о) "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-102-013) 13-тиркеме;
п) "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-102-014) 14-тиркеме;"
- төмөнкүдөй редакциядагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. 1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-102-009) 9-тиркемеде, "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-102-010) 10-тиркемеде, "3-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-102-011) 11-тиркемеде, "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-102-012) 12-тиркемеде, "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-102-013) 13-тиркемеде, "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-102-014) 14-тиркемеде учурдагы календардык жыл үчүн көрсөткүчтөр көрсөтүлөт жана салыктык милдеттенмелер эсептелет.
Ар кайсы жерлерде (райондордо) катталган жана/же жайгашкан мүлк объектилери жана/же жер участоктору боюнча салыкты эсептөө көрсөтүлгөн тиркемелердин башка барагына жайгашкан жеринин коддору боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
Мүлк салыгы жана/же жер салыгын төлөө мүлк объектисинин жана/же жер участогунун катталган жери же жайгашкан орду боюнча Салык кодексинин 332 жана 342-беренелерине ылайык ишке ашырылат.";
- 115-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"115. 253-уячада инновациялык ишке кеткен чыгымдар боюнча эсептен чыгаруулар көрсөтүлөт.
Инновациялык ишке төмөнкүлөр кирет:
- илимий-изилдөө иштери;
- тажрыйба-конструктордук иштер;
- долбоордук-иликтөө иштери;
- илимий-техникалык жетишкендиктерди киргизүү боюнча иштер;
- колдонмо программалардын пакеттерин киргизүү боюнча иштер;
- маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү боюнча иштер.
Негизги каражаттарды сатып алууга жана/же өндүрүүгө байланышкан чыгымдар негизги каражаттардын тийиштүү топторунун наркына кошулат жана амортизацияланат.";
- 160-пунктунун үчүнчү абзацындагы "1-топтогу (FORM STI-086), 2-топтогу (FORM STI-087), 3-топтогу (FORM STI-088) жана 4-топтогу (FORM STI-089), (FORM STI-090) объекттердин мүлк салыгы боюнча берилген маалыматтык эсептөөлөрдө берилген маалыматтардын" деген сөздөр "өткөн отчеттук жылдагы 1-топтогу, 2-топтогу, 3-топтогу жана 4-топтогу объекттердин мүлк салыгы боюнча эсептөөлөрдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 170-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"170. 8-графанын уячаларында, ар бир мүлк объектиси боюнча отчеттук мезгил үчүн эсептелген салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде мүлк объектиси салык салынбоочу болуп эсептелсе, салык салууга жатпаса, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга жатса, 8-графанын тийиштүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдиктерди эске алуу менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.";
- 178-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"178. 7-графанын уячаларында ар бир транспорт каражаты боюнча отчеттук мезгил үчүн эсептелген салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде транспорт каражаты салык салынбоочу болуп эсептелсе, салык салууга жатпаса, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга жатса, 6-графанын тийиштүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдиктерди эске алуу менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан жана ал боюнча салык төлөнгөн болсо, анда Декларация тапшыруучу 7-графада салыктын суммасын салык төлөнгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелген улуттук валютада (сом менен) көрсөтөт.";
- 187-пунктундагы "жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдө (ТFORM STI-076, FORM STI-077) берилген маалыматтардын" деген сөздөр "жер салыгы боюнча эсептөөлөрдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 196-пунктунда:
а) экинчи абзацтагы "Жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөөдө (FORM STI-076)" деген сөздөр "өткөн отчеттук жыл үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы боюнча эсептөөдө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) үчүнчү абзацтагы "Жер салыгы боюнча маалыматтык эсептөөдө (FORM STI-077)" деген сөздөр "өткөн отчеттук жыл үчүн айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы боюнча эсептөөдө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 198-пунктунун экинчи абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү "маалыматтык эсептөөнү" деген сөздөр "Декларацияны" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-16-главалар менен толукталсын:
"11-глава. "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-102-009) 9-тиркемени толтуруу
281. 9-тиркемеде 1-топтогу объектилерге кирген салык салынуучу мүлк боюнча учурдагы жыл үчүн салыкты эсептөө жүргүзүлөт: ишкердик иш жүргүзүү үчүн колдонулбаган, туруктуу же убактылуу жашоого арналган турак үйлөр, батирлер, дача үйлөрү.
282. Эгерде 9-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз болсо же мүлк объектиси ар кайсы жерде (райондо) жайгашса, "Барактын номери" уячасында барактын номерлери көрсөтүлөт.
283. 203-уячада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ушул райондун салык органынын да коду болуп эсептелет.
284. 204-уячада 1-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
285. 1-графада ушул Тартиптин 164-пунктуна ылайык мүлктүн түрүнүн (турак үй, батир, дача үйү) коду көрсөтүлөт.
286. 2-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген техникалык паспортто көрсөтүлгөн мүлктүн жайгашкан ордунун дареги көрсөтүлөт.
Мүлккө болгон укугу катталбаган учурда, мүлк жайгашкан жердин иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт.
287. 3-графада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
288. 4-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн идентификациялык коду көрсөтүлөт. Мүлккө болгон укугу катталбаган учурда "0" цифрасы коюлат.
289. 5-графада мүлккө ээлик кылуу укугу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт: ушул Тартиптин 165-пунктуна ылайык мүлктү колдонуучулардын коддору боюнча - менчик ээси, үлүштүк менчик ээси, менчик ээси эмес.
290. 6-графада календардык жылда мүлк объектисине ээлик кылган/колдонгон айлардын саны көрсөтүлөт.
291. 7-графада төмөнкү таблицага ылайык дубалдын материалынын коду көрсөтүлөт:
Материалдын коду | Материалдын аталышы |
100 | Кирпич |
200 | Жыгач |
300 | Курама жана монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пеноблоктор, пенобетондор, айнек |
400 | Чийки топо (саман, гувелек, сокмо) |
500 | Шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу |
600 | Металл |
700 | Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар |
292. 8-графада мүлк объектиси эксплуатациялоого киргизилген жыл көрсөтүлөт.
293. 9-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоочу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү салык төлөөчүгө таандык кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортундагы маалымат боюнча мүлк объектисинин жалпы аянты (чарчы метр) көрсөтүлөт. Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда мүлк объектисинин ичинен ченелген жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалымат жок болсо, жалпы аянты сырткы өлчөмү боюнча аныкталат.
Мүлккө болгон укук катталбаган учурда, салык органынын, кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тийиштүү өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт.
294. 10-графада Салык кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык салык салынбаган аянт көрсөтүлөт.
Мисалы, Бишкек шаарында жайгашкан жалпы аянты 120 чарчы метр үч бөлмөлүү батир. Бул учурда салык салынбаган аянт 80 чарчы метрди түзөт.
295. 11-графада салык салынуучу аянт көрсөтүлөт (9-графанын жана 10-графанын айырмасы).
Мисалы, үч бөлмөлүү батирдин 120 чарчы метр түзгөн жалпы аянтынан Бишкек шаары боюнча турак жайдын салык салынбаган аянты - 80 чарчы метр кемитилет, ошентип 11-графада салык салынуучу аянт - 40 чарчы метр (120 чарчы метр - 80 чарчы метр) көрсөтүлөт.
296. 12-графада төмөнкү таблицага ылайык мүлк объектисинин эксплуатациялоо мөөнөтүнө жана дубалдын материалына жараша 1 чарчы метр үчүн баалоо наркы (сом) көрсөтүлөт:
Дубалдардын материалы | Эксплуатациялоо мөөнөтү | 1 чарчы м баалоо наркы, сом |
Кирпич | 5 жылга чейин | 15000 |
5-15 жыл | 14000 | |
15-30 жыл | 13000 | |
30-45 жыл | 12000 | |
45 жылдан ашуун | 10000 | |
Жыгач | 5 жылга чейин | 13000 |
5-15 жыл | 12000 | |
15-30 жыл | 11000 | |
30-45 жыл | 10000 | |
45 жылдан ашуун | 8000 | |
Курама жана монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пеноблоктор, айнек | 5 жылга чейин | 14000 |
5-15 жыл | 13000 | |
15-30 жыл | 12000 | |
30-45 жыл | 11000 | |
45 жылдан ашуун | 10000 | |
Чийки топо (саман, гувелек, сокмо) | 5 жылга чейин | 10000 |
5-15 жыл | 9000 | |
15-30 жыл | 8000 | |
30-45 жыл | 6000 | |
45 жылдан ашуун | 5000 | |
Шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу | 5 жылга чейин | 9000 |
5-15 жыл | 8000 | |
15-30 жыл | 7000 | |
30-45 жыл | 6000 | |
45 жылдан ашуун | 5000 | |
Металл | 30 жылга чейин | 10000 |
45 жылдан ашуун | 8000 | |
Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар | 4000 | |
Мисалы, эгер имараттын дубалдарынын материалы - кирпич, эксплуатациялоо мөөнөтү - 18 жыл болсо, анда мүлк объектисинин баалоо наркы 1 чарчы метр үчүн 13000 сомду түзөт.
297. 13-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 7 жана 11-бөлүктөрүнө ылайык объектинин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жерине жараша салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу региондук коэффициент Кр көрсөтүлөт. Эгер региондук коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
298. 14-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык объектинин калктуу конушта жайгашкан жерине жараша салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт. Эгер зоналык коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
299. 15-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилерине карата колдонулуучу тармактык коэффициент Ко көрсөтүлөт. Эгер тармактык коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
300. 16-графада Салык кодексинин 328-беренесинин 1-пунктунда белгиленген салык салынуучу базанын 0,35 пайызы өлчөмүндө салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
301. 17-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (11-графа х 12-графа х 13-графа х 14-графа х 15-графа х 16-графа / 12 ай х 6-графа).
302. 18-графада мүлк объектисинин түздөн-түз астында, бирок ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлк салыгынын суммасынан жогору эмес, жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Жер участогуна укук катталбаган учурда, аталган уячаларга "0" цифрасы коюлат.
303. 905-уячада 17-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
304. 906-уячада 18-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
305. 907-уячада Салык кодексинин 330-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык жеңилдиктердин суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен мүлк объектиси боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.
Жеңилдиктер жок болгон учурда "0" цифрасы коюлат.
306. 908-уячада район боюнча төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт, б.а. 905, 906 жана 907-уячалардын маанилеринин айырмасы.
12-глава. "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-102-010) 10-тиркемени толтуруу
307. 10-тиркемеде учурдагы жыл үчүн 2-топтогу объектилерге кирген салык салынуучу мүлк боюнча салык эсептелет: турак үйлөр, батирлер, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле жана башка ишкердик жүргүзүүгө арналган жана/же колдонулган капиталдык курулуштар.
308. "Барактын номери" уячасында 10-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же мүлк объектисинин жайгашкан орду (району) ар кандай болсо барактын номери көрсөтүлөт.
309. 203-уячада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
310. 204-уячада 2-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
311. 1-графада ушул Тартиптин 164-пунктунун негизинде мүлктүн кодуна ылайык мүлктүн аталышы көрсөтүлөт.
312. 2-графада кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген техникалык паспортто көрсөтүлгөн, мүлктүн жайгашкан ордунун дареги көрсөтүлөт.
Мүлккө болгон укук катталбаган учурда мүлктүн жайгашкан ордунун иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт.
313. 3-графада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
314. 4-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн идентификациялык коду көрсөтүлөт. Мүлккө болгон укук катталбаган учурда "0" цифрасы коюлат.
315. 5-графада мүлккө ээлик кылуу укугу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт: ушул Тартиптин 165-пунктуна ылайык мүлктү пайдалануучулардын коддору боюнча - менчик ээси, үлүштүк менчик ээси, менчик ээси эмес.
316. 6-графада төмөнкү таблицага ылайык мүлк объектилеринин багытынын коду көрсөтүлөт:
Багытынын коду | Мүлк объектисинин функциялык багыты |
01 | Мейманканалар, күрөөканалар, алмаштыруу пункттары |
02 | Май куюучу станциялар |
03 | Чакан базарлар, базарлар, соода-рыноктук борборлор, комплекстер |
04 | Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү ишканалар |
05 | Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, темир жол транспортунун жүк станциялары |
06 | Административдик, офистик имараттар, бизнес-борборлор, банктар |
07 | Транспорт ишканасы, автосервис, байланыш жана энергетика ишканалары |
08 | Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар |
09 | Айыл чарбалык өндүрүштүк имараттар |
10 | Санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү |
11 | Өнөр жай, курулуш ишканалары |
317. 7-графада мүлк объектисине ээлик кылуу/колдонуу айларынын саны көрсөтүлөт.
318. 8-графада ушул Тартиптин 291-пунктуна ылайык дубалдардын материалынын коду көрсөтүлөт.
319. 9-графада мүлк объектиси пайдаланууга берилген жыл көрсөтүлөт.
320. 10-графада ушул Тартиптин 291-пунктуна ылайык пайдалануу мөөнөтүнө жана дубалдардын материалына жараша мүлк объектисинин 1 чарчы метри үчүн баалоо наркы (сом) көрсөтүлөт.
321. 11-графада кыймылсыз мүлккө укукту каттоону ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун маалыматтары боюнча мүлк объектисинин жалпы аянты (чарчы метр) көрсөтүлөт.
Мүлккө укук катталбаган учурда салык кызматынын тийиштүү органынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт.
322. 12-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ордуна жараша объектинин салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу региондук коэффициент Кр көрсөтүлөт.
323. 13-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык калктуу конушта жайгашкан ордуна жараша объектинин салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт.
324. 14-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилери үчүн колдонулуучу тармактык коэффициент Ко көрсөтүлөт.
325. 15-графада Салык кодексинин 328-беренесинин 2-пунктуна ылайык салык ставкасы (%) көрсөтүлөт.
326. 16-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (10-графа х 11-графа х 12-графа х 13-графа х 14-графа х 15-графа / 12 ай х 7-графа).
327. 17-графада Салык кодексинин 330-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык түздөн-түз мүлк объектисинин астында жайгашкан, бирок ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлк салыгынын суммасынан жогору эмес (сом) жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
328. 1001-уячада 16-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
329. 1002-уячада 17-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
330. 1003-уячада Салык кодексинин 330-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин чечими боюнча берилген жеңилдиктин суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен мүлк объектиси боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотуу берилет.
Жеңилдиктер жок учурда "0" цифрасы коюлат.
331. 1004-уячада район боюнча төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт, б.а. 1001, 1002 жана 1003-уячалардын маанилеринин айырмасы.
332. "Эскертүүнүн" 1005-1016-уячалары салыкты кайра эсептөөгө байланыштуу (мисалы, зоналык же тармактык коэффициенттин өзгөрүүсү) такталган Декларацияларды берүү учурунда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы коюлат.
13-глава. "3-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-102-011) 11-тиркемени толтуруу
333. 11-тиркемеде учурдагы жылга 3-топтогу объектке кирген салык салынуучу мүлк боюнча салык эсептелет: ишкердик иш жүргүзүү үчүн арналган жана/же колдонулган күркөлөр, контейнерлер сыяктуу металл жана башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар.
334. "Барактын номери" уячасында 11-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же мүлк объектисинин каттоо жери (району) ар түрдүү болсо барактын номери көрсөтүлөт.
335. 203-уячада ушул райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
336. 204-уячада 3-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
337. 1-графада ушул Тартиптин 164-пунктуна ылайык мүлктүн түрүнүн коду көрсөтүлөт.
338. 2-графада мүлктүн жайгашкан дареги көрсөтүлөт.
339. 3-графада мүлк жайгашкан райондун салык органынын коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
340. 4-графада мүлккө ээлик кылуу укугу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт: ушул Тартиптин 165-пунктуна ылайык мүлктү пайдалануучулардын коддору боюнча - менчик ээси, үлүштүк менчик ээси, менчик ээси эмес.
341. 5-графада ушул Тартиптин 316-пунктуна ылайык мүлк объектилеринин багытынын коду көрсөтүлөт.
342. 6-графада мүлк объектисине ээлик кылган/колдонгон айлардын саны көрсөтүлөт.
343. 7-графада ушул Тартиптин 291-пунктуна ылайык дубалдын материалынын коду көрсөтүлөт.
344. 8-графада мүлк объектиси эксплуатациялоого киргизилген жыл көрсөтүлөт.
345. 9-графада ушул Тартиптин 296-пунктуна ылайык мүлк объектисинин эксплуатациялоо мөөнөтүнө жана дубалдын материалына жараша 1 чарчы метр үчүн баалоо наркы (сом) көрсөтүлөт.
346. 10-графада мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт (чарчы метр).
347. 11-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык объектинин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жерине жараша салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу региондук коэффициент Кр көрсөтүлөт.
348. 12-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык объектинин калктуу конушта жайгашкан жерине жараша салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт.
349. 13-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилерине карата колдонулуучу тармактык коэффициент Ко көрсөтүлөт.
350. 14-графада Салык кодексинин 328-беренесинин 2-пунктуна ылайык салыктын ставкасы (%) көрсөтүлөт.
351. 15-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (9-графа х 10-графа х 11-графа х 12-графа х 13-графа х 14-графа / 12 ай х 6-графа).
352. 16-графада мүлк объектисинин түздөн-түз астында, бирок Салык кодексинин 330-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлк салыгынын суммасынан жогору эмес, жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы (сом менен) көрсөтүлөт.
353. 1101-уячада 15-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
354. 1102-уячада 16-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
355. 1103-уячада Салык кодексинин 330-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин чечими боюнча берилген жеңилдиктердин суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен мүлк объектиси боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.
Жеңилдиктер жок учурда "0" цифрасы коюлат.
356. 1104-уячада район боюнча төлөнүүчү салыктын суммасы, б.а. 1101, 1102 жана 1103-уячалардын маанилеринин айырмасы көрсөтүлөт.
357. "Эскертүүнүн" 1105-1116-уячалары салыкты кайра эсептөөгө байланыштуу (мисалы, зоналык же тармактык коэффициенттин өзгөрүүсү) такталган декларацияларды берүү учурунда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы коюлат.
14-глава. "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-102-012) 12-тиркемени толтуруу
358. 12-тиркемеде учурдагы жылга 4-топтогу объектке кирген салык салынуучу мүлк боюнча салык эсептелет: транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер.
359. "Барактын номери" уячасында 12-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же мүлк объектисинин каттоо жери (району) ар түрдүү болсо барактын номери көрсөтүлөт.
360. 203-уячада мүлк катталган райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
361. 204-уячада 4-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
362. 1-графада төмөнкү таблицага ылайык транспорт каражатынын белгилеринин коду боюнча 4-топтогу мүлк объектилери белгиленет:
Белгинин коду | Белгиси |
А | Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген транспорт каражаттары |
Б | Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пунктчасында каралбаган ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок транспорт каражаттары |
В | Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жок транспорт каражаттары |
363. 2-графада төмөнкү таблица боюнча транспорт каражатынын код белгисине ылайык транспорт каражатынын түрү көрсөтүлөт:
Транспорттун коду | Транспорттун аталышы |
001 | Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдердин базасындагы фургондор жана пикаптар |
002 | Жүк автомобилдери, автобустар, микроавтобустар |
003 | Өзү жүрүүчү машиналар жана/же механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол-курулуш машиналары |
004 | Анын ичинде: айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланылуучу өзү жүрүүчү машиналар жана/же механизмдер (тракторлор жана комбайндар) |
005 | Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моторлуу чаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кемелер, теплоходдор |
006 | Яхталар жана суу мотоциклдери |
007 | Башка, алдын ала каралбаган, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок транспорт каражаттары |
008 | Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жоктор |
364. 3-графада райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
365. 4-графада ушул Тартиптин 165-пунктуна ылайык мүлк колдонуучуларынын коду көрсөтүлөт.
366. 5-графада транспорт каражатынын маркасы көрсөтүлөт.
367. 6-графада транспорт каражатынын сериясы жана мамлекеттик номери көрсөтүлөт.
368. 7-графада даярдоочу завод тарабынан транспорт каражатынын чыгарылган жылы көрсөтүлөт.
369. 8-графада транспорт каражатынын белгисинин кодуна ылайык салык базасы көрсөтүлөт:
- "А" белгиси боюнча - кыймылдаткычтын жумушчу көлөмү (куб. см);
- "Б" белгиси боюнча - Салык кодексинин 325-беренесинин 2-пунктунун "б" пунктчасына ылайык аныкталуучу баланстык нарк;
- "В" белгиси боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 токтому менен бекитилген Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсептик наркы жок 4-топтогу мүлк объектисинин наркын аныктоо тартибине ылайык аныкталуучу нарк.
370. 9-графада транспорт каражатынын код белгисине ылайык салык ставкасы көрсөтүлөт:
- "А" белгиси боюнча - Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык кыймылдаткычтын ар бир 1 куб.см жумушчу көлөмүнөн (сом менен);
- "Б" белгиси боюнча - Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык;
- "В" белгиси боюнча - Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "в" пунктчасына ылайык.
371. 10-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (сом) (8-графа х 9-графа).
372. 11-графада Салык кодексинин 330-беренесинде каралган жеңилдиктин суммасы көрсөтүлөт. Жеңилдик жок болгон учурда "0" цифрасы коюлат.
373. 12-графада төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт.
374. 1201-уячада район боюнча төлөнүүчү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
15-глава. "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-102-013) 13-тиркемени толтуруу
375. 13-тиркемеде айыл чарба жерлери (сугат айдоо жери, кайрак айдоо жери, көп жылдык бак-дарактар, чабындылар, жайыттар) (мындан ары - жер участогу) боюнча учурдагы жылга карата салык эсептелет.
376. "Барактын номери" уячасында эгер 13-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же жер участогунун жайгашкан орду (району) ар түрдүү болсо барактын номери көрсөтүлөт.
377. 203-уячада ушул райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
378. 204-уячада айыл чарба багытындагы жер салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
379. 1-графада ушул Тартиптин 165-пунктуна ылайык жер участогуна ээлик кылуу/колдонуу укугуна жараша колдонуучулардын коду көрсөтүлөт.
380. 2-графада айыл чарба жерлеринин түрлөрүнө жараша салык төлөөчүнүн жер участогунун жайгашкан орду (облусу, району, айылы) көрсөтүлөт.
381. 3-графада ушул Тартиптин 186-пунктуна ылайык жер участогунун түрүнүн коду көрсөтүлөт.
382. 4-графада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
383. 5-графада укук күбөлөндүрүүчү документте каралган жер участогунун идентификациялык коду көрсөтүлөт. Укук күбөлөндүрүүчү документ жок болгон учурда "0" цифрасы коюлат.
384. 6-графада укук күбөлөндүрүүчү документтин маалыматына ылайык жерлердин жалпы аянты көрсөтүлөт (гектар менен).
Укук күбөлөндүрүүчү документ жок болгон учурда, салык кызматынын тийиштүү органдарынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы комиссия тарабынан түзүлгөн актыга ылайык участоктун жалпы аянты көрсөтүлөт.
385. 7-графада Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салыктан бошотулуучу жерлердин аянттары көрсөтүлөт (гектар менен).
386. 8-графада жер салыгы салынууга тийиш жерлердин аянттары (гектар менен) көрсөтүлөт (6-графа - 7-графа).
387. 9-графада жер участогуна ээ болуу укугунун мезгили көрсөтүлөт, б.а. жер участогуна ээлик кылуу укугунун/колдонуунун айларынын саны.
388. 10-графада Салык кодексинин 337-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча жерлерге белгиленген жер салыгынын базалык ставкалары көрсөтүлөт (сом менен).
389. 11-графада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген инфляция коэффициенти (Ки) көрсөтүлөт.
390. 12-графада жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт (8-графа х 10-графа х 11-графа /12 ай х 9-графа).
391. 1301-уячада 12-графа боюнча салыктын жыйынды суммасы көрсөтүлөт.
392. 1302-уячада Салык кодексинин 337-беренесинин 5-бөлүгүнө, ошондой эле 344-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык төлөөдөн бошотулууга тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен жер салыгын төлөөдөн бошотулат.
393. 1303-уячада 1301 жана 1302-уячалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү район боюнча төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
394. "Эскертүүлөрдүн" 1304-1315-уячалары салыкты кайра эсептөө менен байланышкан (мисалы, инфляция коэффициентинин өзгөрүүсү) такталган Декларациялар берилген учурда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммалары жазылат.
16-глава. "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-102-014) 14-тиркемени толтуруу
395. 14-тиркемеде учурдагы жыл үчүн айыл чарба багытындагы эмес жерлер (мындан ары - жер участогу) боюнча жер салыгы эсептелет.
396. "Барактын номери" уячасында 14-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же жер участогунун жайгашкан орду (району) ар кандай болсо барактын номери көрсөтүлөт.
397. 203-уячада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
398. 204-уячада айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
399. 1-графада ушул Тартиптин 165-пунктуна ылайык жер участогун колдонуучунун коду көрсөтүлөт.
400. 2-графада салык төлөөчүнүн жер участогу жайгашкан жер (район, шаар, айыл) көрсөтүлөт.
401. 3-графада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
402. 4-графада төмөнкү таблицага ылайык укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун багыты же пайдаланылуучу жер участогундагы чарбакер субъекттин ишкерлик ишинин коду көрсөтүлөт:
Коду | Участоктун багыты |
01 | Дүкөндөр, күркөлөр, ларектор жана башка соода мекемелери, а.и. аянты: |
0101 | - 10 чарчы метрге чейин; |
0102 | - 10дон 20 чарчы метрге чейин; |
0103 | - 20дан 35 чарчы метрге чейин; |
0104 | - 35тен 50 чарчы метрге чейин; |
0105 | - 50 чарчы метр жана андан жогору |
02 | Чакан базарлар, базарлар, соода-базар комплекстери |
03 | Мал, жем сатылуучу базарлар |
04 | Коомдук тамактануу ишканалары |
05 | Мейманканалык иштер ишканалары |
06 | Банктар, күрөөканалар, алмаштыруу пункттары |
07 | Кеңселер, бизнес-борборлор, биржалар |
08 | Автомай куюучу станциялар |
09 | Мунайзат базалары |
010 | Автотоктотуучу жайлар, автосервис ишканалары |
011 | Жарнама курулмалары |
012 | Эс алуу жана көңүл ачуу, спорттук-ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөр, жеке кызматтарды көрсөтүү ишканалары |
013 | Транспорт ишканаларынын администрациялык имараттары: аэровокзалдар, автовокзалдар, автостанциялар, темир жол вокзалдары |
014 | Өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зоналардын аймактары |
015 | Кен өнөр жайынын ишканалары, темир жол транспортунун жүктөө-түшүрүү станциялары, темир жол жана аба транспортунун ишканаларынын санитардык коргоо зоналары |
016 | Иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разрездер, күл төгүүчү жайлар |
017 | Геологиялык чалгындоо, долбоорлоо-иликтөө, чалгындоо жана изилдөө иштери |
018 | Байланыштын жана электр берүүлөрдүн аба линиялары |
019 | Илимий мекемелер, билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо, маданият, балдардын-өспүрүмдөрдүн дене тарбия-спорт мекемелери |
020 | Айыл чарбасындагы өндүрүштүк имараттар (гараждар, оңдоо устаканалары, кырмандар, дан тазалоочу комплекстер, жашылча-картошка сактагычтар, курулуш жана чарбалык жайлар жана айыл чарбалык өндүрүш имараттары) |
021 | Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар |
403. 5-графада укук күбөлөндүрүүчү документтерде каралган жер участогунун идентификациялык коду көрсөтүлөт. Укук ырастоочу документи жок учурда "0" цифрасы коюлат.
404. 6-графада укук күбөлөндүрүүчү документтин маалыматы боюнча жер участогунун аянты (чарчы метр менен) көрсөтүлөт.
Укук күбөлөндүрүүчү документ жок учурда салык кызматынын тийиштүү органынын, кыймылсыз мүлк объектилерин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык участоктун жалпы аянты көрсөтүлөт.
405. 7-графада Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салык салуудан бошотулуучу калктуу конуштардын жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин аянты (чарчы метр менен) көрсөтүлөт.
406. 8-графада жер салыгы салынууга тийиш болгон жер участогунун аянты (чарчы метр менен) (6-графа - 7-графа) көрсөтүлөт.
407. 9-графада жер участогуна ээлик кылуучу/пайдалануучу айлардын саны көрсөтүлөт.
408. 10-графада Салык кодексинин 339-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык калктуу конуштардын жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн белгиленген жер салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.
409. 11-графада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген инфляция коэффициенти (Ки) көрсөтүлөт.
410. 12-графада жергиликтүү кеңештер тарабынан калктуу конуштун экономикалык пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша белгиленген зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт.
411. 13-графада Салык кодексинин 339-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык ишкердикте пайдалангандыгына жараша жер участогунун салык салынуучу базасынын өзгөрүүсү эске алынган коммерциялык пайдалануунун коэффициенти Кк көрсөтүлөт.
412. 14-графада салыктын суммасы (8-графа х 10-графа х 11-графа х 12-графа х 13-графа/12 ай х 9-графа) көрсөтүлөт.
413. 1401-уячада 14-графа боюнча салыктын жыйынды суммасы көрсөтүлөт.
414. 1402-уячада Салык кодексинин 344-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин чечими боюнча төлөөдөн бошотулууга жаткан салыктын суммасы көрсөтүлөт.
415. 1403-уячада 1401 жана 1402-уячалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү район боюнча төлөнүүчү жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
416. "Эскертүүнүн" 1404-1415-уячалары салыкты кайра эсептөө менен байланышкан, такталган Декларациялар берилген учурда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы коюлат.";
8) аталган токтом менен бекитилген Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-103) формасы (жөнөкөйлөтүлгөн) 4-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
9) аталган токтом менен бекитилген Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-103) толтуруу жана берүү тартибинде:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "в", "г", "д", "е", "ж" пунктчалары менен толукталсын:
"в) "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-103-003) 3-тиркеме. Көрсөткүчтөр жок болсо тиркеме толтурулбайт жана Декларацияга тиркелбейт;
г) "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-103-004) 4-тиркеме. Көрсөткүчтөр жок болсо тиркеме толтурулбайт жана Декларацияга тиркелбейт;
д) "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-103-005) 5-тиркеме. Көрсөткүчтөр жок болсо тиркеме толтурулбайт жана Декларацияга тиркелбейт;
е) "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-103-006) 6-тиркеме. Көрсөткүчтөр жок болсо тиркеме толтурулбайт жана Декларацияга тиркелбейт;
ж) "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-103-007) 7-тиркеме. Көрсөткүчтөр жок болсо тиркеме толтурулбайт жана Декларацияга тиркелбейт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-103-003) 3-тиркемеде, "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-103-004) 4-тиркемеде, "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-103-005) 5-тиркемеде, "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-103-006) 6-тиркемеде жана "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-100-007) 7-тиркемеде учурдагы календардык жыл үчүн көрсөткүчтөр көрсөтүлөт жана салыктык милдеттенмелер эсептелет.
Ар кайсы жерлерде (райондордо) катталган жана/же жайгашкан мүлк объектилери жана/же жер участоктору боюнча салыкты эсептөө көрсөтүлгөн тиркемелердин башка барагына жайгашкан жеринин коддору боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
Мүлк салыгы жана/же жер салыгын төлөө мүлк объектисинин жана/же жер участогунун катталган жери же жайгашкан орду боюнча Салык кодексинин 332 жана 342-беренелерине ылайык ишке ашырылат.";
- 66-пунктта "Салык кодексинин 332-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык өткөн отчеттук жыл үчүн салык органына берилген 1-топтогу (FORM STI-086), 2-топтогу (FORM STI-087), 3-топтогу (FORM STI-088) жана 4-топтогу объекттер (FORM STI-090) боюнча мүлк салыгынын маалыматтык эсептөөлөрүндө" деген сөздөр "өткөн отчеттук жылдагы 1-топтогу, 2-топтогу жана 4-топтогу объекттердин мүлк салыгы боюнча эсептөөлөрүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 72-пункттун экинчи абзацындагы "(маалыматтык эсептөөнү тапшыруу)" деген сөздөр алып салынсын;
- 79-пунктта:
а) биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"79. 8-графада ар бир мүлк объектиси боюнча салыктын суммасы көрсөтүлөт.";
б) үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 81-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 82-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 84-пунктунун "г" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 85-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 92-пунктунда:
а) алтынчы, жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде транспорт каражаты салык салынбоочу болуп эсептелсе же салык салууга жатпаса, ошондой эле жеңилдетилген салык салууга тийиш болсо, 7-графанын тийиштүү уячасында "0" цифрасы же берилген жеңилдиктерди эске алуу менен төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы көрсөтүлөт.
Эгерде Декларация тапшыруучуда бул бөлүм боюнча көрсөткүчтөр жок болсо же саптар толтурулбай калса, анда толтурулбаган саптар бардык узун-туурасы боюнча "Z" белгиси менен чийилет.";
б) сегизинчи, тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-9-главалар менен толукталсын:
"5-глава. "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-103-003) 3-тиркемени толтуруу
102. 3-тиркемеде 1-топтогу объектилерге кирген салык салынуучу мүлк боюнча учурдагы жыл үчүн салыкты эсептөө жүргүзүлөт: ишкердик иш жүргүзүү үчүн колдонулбаган, туруктуу же убактылуу жашоого арналган турак үйлөр, батирлер, дача үйлөрү.
103. Эгерде, 3-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз болсо же мүлк объектиси ар кайсы жерде (райондо) жайгашса "Барактын номери" уячасында барактын номерлери көрсөтүлөт.
104. 203-уячада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ушул райондун салык органынын да коду да болуп эсептелет.
105. 204-уячада 1-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
106. 1-графада ушул Тартиптин 73-пунктуна ылайык мүлктүн түрүнүн (турак үй, батир, дача үйү) коду көрсөтүлөт.
107. 2-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген техникалык паспортто көрсөтүлгөн мүлктүн жайгашкан ордунун дареги көрсөтүлөт.
Мүлккө болгон укугу катталбаган учурда, мүлк жайгашкан жердин иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт.
108. 3-графада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
109. 4-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн идентификациялык коду көрсөтүлөт. Мүлккө болгон укугу катталбаган учурда "0" цифрасы коюлат.
110. 5-графада мүлккө ээлик кылуу укугу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт: ушул Тартиптин 74-пунктуна ылайык мүлктү колдонуучулардын коддору боюнча - менчик ээси, үлүштүк менчик ээси, менчик ээси эмес.
111. 6-графада календардык жылда мүлк объектисине ээлик кылган/колдонгон айлардын саны көрсөтүлөт.
112. 7-графада төмөнкү таблицага ылайык дубалдын материалынын коду көрсөтүлөт:
Материалдын коду | Материалдын аталышы |
100 | Кирпич |
200 | Жыгач |
300 | Курама жана монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пеноблоктор, пенобетондор, айнек |
400 | Чийки топо (саман, гувелек, сокмо) |
500 | Шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу |
600 | Металл |
700 | Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар |
113. 8-графада мүлк объектиси эксплуатациялоого киргизилген жыл көрсөтүлөт.
114. 9-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоочу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү салык төлөөчүгө таандык кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортундагы маалымат боюнча мүлк объектисинин жалпы аянты (чарчы метр) көрсөтүлөт. Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда мүлк объектисинин ичинен ченелген жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалымат жок болсо, жалпы аянты сырткы өлчөмү боюнча аныкталат.
Мүлккө болгон укук катталбаган учурда, салык органынын, кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тийиштүү өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт.
115. 10-графада Салык кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык салык салынбаган аянт көрсөтүлөт.
Мисалы, Бишкек шаарында жайгашкан жалпы аянты 120 чарчы метр үч бөлмөлүү батир. Бул учурда салык салынбаган аянт 80 чарчы метрди түзөт.
116. 11-графада салык салынуучу аянт көрсөтүлөт (9-графанын жана 10-графанын айырмасы).
Мисалы, үч бөлмөлүү батирдин 120 чарчы метрди түзгөн жалпы аянтынан Бишкек шаары боюнча турак жайдын салык салынбаган аянты - 80 чарчы метр кемитилет, ошентип, 11-графада салык салынуучу аянт - 40 чарчы метр (120 чарчы метр - 80 чарчы метр) көрсөтүлөт.
117. 12-графада төмөнкү таблицага ылайык мүлк объектисинин эксплуатациялоо мөөнөтүнө жана дубалдын материалына жараша 1 чарчы метр үчүн баалоо наркы көрсөтүлөт (сом):
Дубалдын материалы | Эксплуатациялоо мөөнөтү | 1 чарчы м. баалоо наркы, сом |
Кирпич | 5 жылга чейин | 15000 |
5-15 жыл | 14000 | |
15-30 жыл | 13000 | |
30-45 жыл | 12000 | |
45 жылдан ашуун | 10000 | |
Жыгач | 5 жылга чейин | 13000 |
5-15 жыл | 12000 | |
15-30 жыл | 11000 | |
30-45 жыл | 10000 | |
45 жылдан ашуун | 8000 | |
Курама жана монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пеноблоктор, айнек | 5 жылга чейин | 14000 |
5-15 жыл | 13000 | |
15-30 жыл | 12000 | |
30-45 жыл | 11000 | |
45 жылдан ашуун | 10000 | |
Чийки топо (саман, гувелек, сокмо) | 5 жылга чейин | 10000 |
5-15 жыл | 9000 | |
15-30 жыл | 8000 | |
30-45 жыл | 6000 | |
45 жылдан ашуун | 5000 | |
Шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу | 5 жылга чейин | 9000 |
5-15 жыл | 8000 | |
15-30 жыл | 7000 | |
30-45 жыл | 6000 | |
45 жылдан ашуун | 5000 | |
Металл | 30 жылга чейин | 10000 |
45 жылдан ашуун | 8000 | |
Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар | 4000 | |
Мисалы, эгер имараттын дубалдарынын материалы - кирпич, эксплуатациялоо мөөнөтү - 18 жыл болсо, мүлк объектисинин баалоо наркы 1 чарчы метр үчүн 13000 сомду түзөт.
118. 13-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 7 жана 11-бөлүктөрүнө ылайык объектинин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жерине жараша салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу региондук коэффициент Кр көрсөтүлөт. Эгер региондук коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
119. 14-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык объектинин калктуу конушта жайгашкан жерине жараша салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт. Эгер зоналык коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
120. 15-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилерине карата колдонулуучу тармактык коэффициент Ко көрсөтүлөт. Эгер тармактык коэффициент белгиленбесе анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
121. 16-графада Салык кодексинин 328-беренесинин 1-пунктунда белгиленген салык салынуучу базанын 0,35 пайызы өлчөмүндө салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
122. 17 -графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (11-графа х 12-графа х 13-графа х 14-графа х 15-графа х 16-графа / 12 ай х 6-графа).
123. 18-графада мүлк объектисинин түздөн-түз астында, бирок ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлк салыгынын суммасынан жогору эмес, жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Жер участогуна укук катталбаган учурда, көрсөтүлгөн уячаларда "0" цифрасы коюлат.
124. 301-уячада 17-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
125. 302-уячада 18-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
126. 303-уячада Салык кодексинин 330-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык жеңилдиктердин суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен мүлк объектиси боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.
Жеңилдиктер жок болгон учурда "0" цифрасы коюлат.
127. 304-уячада 301, 302 жана 303-уячалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү район боюнча төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт.
6-глава. "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-103-004) 4-тиркемени толтуруу
128. 4-тиркемеде учурдагы жыл үчүн 2-топтогу объектилерге кирген салык салынуучу мүлк боюнча салык эсептелет: турак үйлөр, батирлер, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле жана башка ишкердик жүргүзүүгө арналган жана/же колдонулган капиталдык курулуштар.
Эскертүү. Ушул тиркемеге Декларантка таандык жана ишкердик иш жүргүзүүгө арналган 2-топтогу кыймылсыз мүлк объектилери боюнча көрсөткүчтөр киргизилет, алар Декларант тарабынан аны ишке ашыруу үчүн колдонбоо шарты менен.
Эгерде Декларант турак жана/же турак эмес жайларды ишкердик иш жүргүзүүдө колдонсо, Ишкердик иш жүргүзүүчү жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү (FORM STI-102).
129. "Барактын номери" уячасында 4-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же мүлк объектисинин жайгашкан орду (району) ар кандай болсо барактын номери көрсөтүлөт.
130. 203-уячада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
131. 204-уячада 2-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
132. 1-графада төмөнкү таблицадагы мүлктүн кодуна ылайык мүлктүн аталышы көрсөтүлөт:
Мүлктүн коду | Мүлктүн аталышы |
001 | Турак үй |
002 | Батир |
003 | Дача үйү |
004 | Пансионат |
005 | Эс алуу үйү |
006 | Санаторий |
007 | Курорт |
008 | Өндүрүштүк |
009 | Административдик |
010 | Өнөр жайлык |
011 | Башка капиталдык курулуш |
012 | Киоск |
013 | Контейнер |
014 | Башка убактылуу жай |
133. 2-графада кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген техникалык паспортто көрсөтүлгөн мүлктүн жайгашкан ордунун дареги көрсөтүлөт.
Мүлккө болгон укук катталбаган учурда мүлктүн жайгашкан ордунун иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт.
134. 3-графада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
135. 4-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген, мүлктүн идентификациялык коду көрсөтүлөт. Мүлккө болгон укук катталбаган учурда "0" цифрасы коюлат.
136. 5-графада мүлккө ээлик кылуу укугу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт: ушул Тартиптин 74-пунктуна ылайык мүлктү пайдалануучулардын коддору боюнча - менчик ээси, үлүштүк менчик ээси, менчик ээси эмес.
137. 6-графада төмөнкү таблицага ылайык мүлк объектилеринин багытынын коду көрсөтүлөт:
Багытынын коду | Мүлк объектисинин функциялык багыты |
01 | Мейманканалар, күрөөканалар, алмаштыруу пункттары |
02 | Май куюучу станциялар |
03 | Чакан базарлар, базарлар, соода-рыноктук борборлор, комплекстер |
04 | Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү ишканалар |
05 | Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, темир жол транспортунун жүк станциялары |
06 | Административдик, офистик имараттар, бизнес-борборлор, банктар |
07 | Транспорт ишканасы, автосервис, байланыш жана энергетика ишканалары |
08 | Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар |
09 | Айыл чарбалык өндүрүштүк имараттар |
10 | Санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү |
11 | Өнөр жай, курулуш ишканалары |
138. 7-графада мүлк объектисине ээлик кылуу/колдонуу айларынын саны көрсөтүлөт.
139. 8-графада ушул Тартиптин 112-пунктуна ылайык дубалдардын материалынын коду көрсөтүлөт.
140. 9-графада мүлк объектиси пайдаланууга берилген жыл көрсөтүлөт.
141. 10-графада ушул Тартиптин 117-пунктуна ылайык пайдалануу мөөнөтүнө жана дубалдардын материалына жараша мүлк объектисинин 1 чарчы метри үчүн баалоо наркы (сом) көрсөтүлөт.
142. 11-графада кыймылсыз мүлккө укукту каттоону ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун маалыматтары боюнча мүлк объектисинин жалпы аянты (чарчы метр) көрсөтүлөт.
Мүлккө укук катталбаган учурда салык кызматынын тийиштүү органынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт.
143. 12-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ордуна жараша объектинин салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу региондук коэффициент Кр көрсөтүлөт.
144. 13-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык калктуу конушта жайгашкан ордуна жараша объектинин салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт.
145. 14-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилери үчүн колдонулуучу тармактык коэффициент Ко көрсөтүлөт.
146. 15-графада Салык кодексинин 328-беренесинин 2-пунктуна ылайык салыктын ставкасы (%) көрсөтүлөт.
147. 16-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (10-графа х 11-графа х 12-графа х 13-графа х 14-графа х 15-графа / 12 ай х 7-графа).
148. 17-графада Салык кодексинин 330-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык түздөн-түз мүлк объектисинин астында жайгашкан, бирок ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлк салыгынын суммасынан жогору эмес (сом) жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
149. 401-уячада 16-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
150. 402-уячада 17-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
151. 403-уячада Салык кодексинин 330-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин чечими боюнча берилген жеңилдиктин суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен мүлк объектиси боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.
Жеңилдиктер жок учурда "0" цифрасы коюлат.
152. 404-уячада 401, 402 жана 403-уячалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү район боюнча төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт.
153. "Эскертүүнүн" 405-416-уячалары салыкты кайра эсептөөгө байланыштуу (мисалы, зоналык же тармактык коэффициенттин өзгөрүүсү) такталган Декларацияларды берүү учурунда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы коюлат.
7-глава. "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-103-005) 5-тиркемени толтуруу
154. 5-тиркемеде учурдагы жылга 4-топтогу объектке кирген салык салынуучу мүлк боюнча салык эсептелет: транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер.
155. "Барактын номери" уячасында 5-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же мүлк объектисинин каттоо жери (району) ар түрдүү болсо барактын номери көрсөтүлөт.
156. 203-уячада мүлк катталган райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
157. 204-уячада 4-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
158. 1-графада төмөнкү таблицага ылайык транспорт каражатынын белгилеринин коду боюнча 4-топтогу мүлк объектилери белгиленет:
Белгинин коду | Белги |
А | Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген транспорт каражаттары |
Б | Салык кодексинин 328-берененин 3-пунктунун "а" пунктчасында каралбаган ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок транспорт каражаттары |
В | Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жок транспорт каражаттары |
159. 2-графада төмөнкү таблица боюнча транспорт каражатынын код белгисине ылайык транспорт каражатынын түрү көрсөтүлөт:
Транспорттун коду | Транспорттун аталышы |
001 | Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдердин базасындагы фургондор жана пикаптар |
002 | Жүк автомобилдери, автобустар, микроавтобустар |
003 | Өзү жүрүүчү машиналар жана/же механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол-курулуш машиналары |
004 | Анын ичинде: айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланылуучу өзү жүрүүчү машиналар жана/же механизмдер (тракторлор жана комбайндар) |
005 | Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моторлуу чаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кемелер, теплоходдор |
006 | Яхталар жана суу мотоциклдери |
007 | Башка, алдын ала каралбаган, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок транспорт каражаттары |
008 | Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жоктор |
160. 3-графада райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
161. 4-графада ушул Тартиптин 74-пунктуна ылайык мүлк колдонуучуларынын коду көрсөтүлөт.
162. 5-графада транспорт каражатынын маркасы көрсөтүлөт.
163. 6-графада транспорт каражатынын сериясы жана мамлекеттик номери көрсөтүлөт.
164. 7-графада даярдоочу завод тарабынан транспорттук каражатынын чыгарылган жылы көрсөтүлөт.
165. 8-графада транспорт каражатынын белгисинин кодуна ылайык салык базасы көрсөтүлөт:
- "А" белгиси боюнча - кыймылдаткычтын жумушчу көлөмү (куб. см);
- "Б" белгиси боюнча - Салык кодексинин 325-беренесинин 2-пунктунун "б" пунктчасына ылайык аныкталуучу баланстык нарк;
- "В" белгиси боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 токтому менен бекитилген Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсептик наркы жок 4-топтогу мүлк объектисинин наркын аныктоо тартибине ылайык аныкталуучу нарк.
166. 9-графада транспорт каражатынын код белгисине ылайык салыктын ставкасы көрсөтүлөт:
- "А" белгиси боюнча - Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык кыймылдаткычтын ар бир 1 куб. см жумушчу көлөмүнөн (сом);
- "Б" белгиси боюнча - Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык;
- "В" белгиси боюнча - Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "в" пунктчасына ылайык.
167. 10-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (сом менен) (8-графа х 9-графа).
168. 11-графада Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 330-беренесинде каралган жеңилдиктин суммасы көрсөтүлөт. Жеңилдик жок болгон учурда "0" цифрасы коюлат.
169. 12-графада төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт.
170. 501-уячада район боюнча төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт.
8-глава. "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-103-006) 6-тиркемени толтуруу
171. 6-тиркемеде айыл чарба жерлери (сугат айдоо жери, кайрак айдоо жери, көп жылдык бак-дарактар, чабындылар, жайыттар) (мындан ары - жер участогу) боюнча ушул жылга карата салык эсептелет.
172. "Барактын номери" уячасында, эгер 6-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же жер участогунун жайгашкан орду (району) ар түрдүү болсо барактын номери көрсөтүлөт.
173. 203-уячада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
174. 204-уячада айыл чарба багытындагы жер салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
175. 1-графада ушул Тартиптин 74-пунктуна ылайык жер участогуна ээлик кылуу/колдонуу укугуна жараша колдонуучулардын коду көрсөтүлөт.
176. 2-графада айыл чарба жерлеринин түрлөрүнө жараша салык төлөөчүнүн жер участогунун жайгашкан орду (облусу, району, айылы) көрсөтүлөт.
177. 3-графада ушул Тартиптин 94-пунктуна ылайык жер участогунун түрүнүн коду көрсөтүлөт.
178. 4-графада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
179. 5-графада укук күбөлөндүрүүчү документте каралган жер участогунун идентификациялык коду көрсөтүлөт. Укук күбөлөндүрүүчү документ жок болгон учурда "0" цифрасы коюлат.
180. 6-графада укук күбөлөндүрүүчү документтин маалыматына ылайык жерлердин жалпы аянты көрсөтүлөт (гектар менен).
Укук күбөлөндүрүүчү документ жок болгон учурда, салык кызматынын тийиштүү органдарынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык участоктун жалпы аянты көрсөтүлөт.
181. 7-графада Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салыктан бошотулуучу жерлердин аянттары көрсөтүлөт (гектар менен).
182. 8-графада жер салыгы салынууга тийиш жерлердин аянттары (гектар менен) көрсөтүлөт (6-графа - 7-графа).
183. 9-графада жер участогуна ээ болуу укугунун мезгили көрсөтүлөт, б.а. жер участогуна ээлик кылуу укугунун/колдонуунун айларынын саны.
184. 10-графада Салык кодексинин 337-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча жерлерге белгиленген жер салыгынын базалык ставкалары көрсөтүлөт (сом менен).
185. 11-графада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген инфляциянын коэффициенти (Ки) көрсөтүлөт.
186. 12-графада жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт (8-графа х 10-графа х 11-графа / 12 ай х 9-графа).
187. 601-уячада 12-графа боюнча салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
188. 602-уячада Салык кодексинин 337-беренесинин 5-бөлүгүнө, ошондой эле 344-берененин 2-бөлүгүнө ылайык төлөөдөн бошотулууга тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен жер салыгын төлөөдөн бошотулат.
189. 603-уячада 601 жана 602-уячалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү район боюнча төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
190. "Эскертүүнүн" 604-615-уячалары салыкты кайра эсептөө менен байланышкан (мисалы, инфляция коэффициентинин өзгөрүүсү) такталган Декларациялар берилген учурда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы коюлат.
9-глава. "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-103-007) 7-тиркемени толтуруу
191. 7-тиркемеде учурдагы жыл үчүн айыл чарба багытындагы эмес жерлер (мындан ары - жер участогу) боюнча салыкты эсептөө жүргүзүлөт.
192. "Барактын номери" уячасында 7-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же жер участогунун жайгашкан орду (району) ар кандай болсо барактын номери көрсөтүлөт.
193. 203-уячада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
194. 204-уячада айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
195. 1-графада ушул Тартиптин 74-пунктуна ылайык жер участогун колдонуучунун коду көрсөтүлөт.
196. 2-графада салык төлөөчүнүн жер участогунун жайгашкан орду (район, шаар, айыл) көрсөтүлөт.
197. 3-графада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
198. 4-графада төмөнкү таблицага ылайык укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун багыты же пайдаланылуучу жер участогундагы чарбалык субъекттин ишкерлик ишинин коду көрсөтүлөт:
Коду | Участоктун багыты |
01 | Дүкөндөр, күркөлөр, ларектор жана башка соода мекемелери, а.и. аянты |
0101 | - 10 чарчы метрге чейин; |
0102 | - 10дон 20 чарчы метрге чейин; |
0103 | - 20дан 35 чарчы метрге чейин; |
0104 | - 35тен 50 чарчы метрге чейин; |
0105 | - 50 чарчы метр жана андан жогору |
02 | Чакан базарлар, базарлар, соода-базар комплекстери |
03 | Мал, жем сатылуучу базарлар |
04 | Коомдук тамактануу ишканалары |
05 | Мейманканалык иштер ишканалары |
06 | Банктар, күрөөканалар, алмаштыруу пункттары |
07 | Кеңселер, бизнес-борборлор, биржалар |
08 | Автомай куюучу станциялар |
09 | Мунайзат базалары |
010 | Автотоктотуучу жайлар, автосервис ишканалары |
011 | Жарнама курулмалары |
012 | Эс алуу жана көңүл ачуу, спорттук-ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөр, жеке кызматтарды көрсөтүү ишканалары |
013 | Транспорт ишканаларынын администрациялык имараттары: аэровокзалдар, автовокзалдар, автостанциялар, темир жол вокзалдары |
014 | Өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зоналардын аймактары |
015 | Кен өнөр жайынын ишканалары, темир жол транспортунун жүктөө-түшүрүү станциялары, темир жол жана аба транспортунун ишканаларынын санитардык коргоо зоналары |
016 | Иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разрездер, күл төгүүчү жайлар |
017 | Геологиялык чалгындоо, долбоорлоо-иликтөө, чалгындоо жана изилдөө иштери |
018 | Байланыштын жана электр берүүлөрдүн аба линиялары |
019 | Илимий мекемелер, билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо, маданият, балдардын-өспүрүмдөрдүн дене тарбия-спорт мекемелери |
020 | Айыл чарбасындагы өндүрүштүк имараттар (гараждар, оңдоо устаканалары, кырмандар, дан тазалоочу комплекстер, жашылча-картошка сактагычтар, курулуш жана чарбалык жайлар жана айыл чарбалык өндүрүш имараттары) |
021 | Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар |
199. 5-графада укук күбөлөндүрүүчү документтерде каралган жер участогунун идентификациялык коду көрсөтүлөт. Укук күбөлөндүрүүчү документи жок учурда "0" цифрасы коюлат.
200. 6-графада укук күбөлөндүрүүчү документтин маалыматы боюнча жер участогунун жалпы аянты (чарчы метр менен) көрсөтүлөт.
Укук күбөлөндүрүүчү документ жок учурда салык кызматынын тийиштүү органынын, кыймылсыз мүлк объектилерин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык участоктун жалпы аянты көрсөтүлөт.
201. 7-графада Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салык салынуудан бошотулуучу айыл чарба багытындагы эмес жерлердин аянты (чарчы метр менен) көрсөтүлөт.
202. 8-графада жер салыгы салынууга тийиш болгон жер участогунун аянты (чарчы метр менен) көрсөтүлөт (6-графа - 7-графа).
203. 9-графада жер участогуна ээлик кылуучу же пайдалануучу айлардын саны көрсөтүлөт.
204. 10-графада Салык кодексинин 339-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык калктуу конуштардын жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн белгиленген жер салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.
205. 11-графада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген инфляция коэффициенти (Ки) көрсөтүлөт.
206. 12-графада жергиликтүү кеңештер тарабынан калктуу конуштун экономикалык пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша белгиленген зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт.
207. 13-графада Салык кодексинин 339-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык ишкердикте пайдалангандыгына жараша жер участогунун салык салынуучу базасынын өзгөрүүсү эске алынган коммерциялык пайдалануунун коэффициенти Кк көрсөтүлөт.
208. 14-графада салыктын суммасы (8-графа х 10-графа х 11-графа х 12-графа х 13-графа / 12 ай х 9-графа) көрсөтүлөт.
209. 701-уячада 14-графа боюнча салыктын жыйынды суммасы көрсөтүлөт.
210. 702-уячада Салык кодексинин 344-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин чечими боюнча төлөөдөн бошотулууга жаткан салыктын суммасы көрсөтүлөт.
211. 703-уячада 701 жана 702-уячалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү район боюнча төлөнүүчү жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
212. "Эскертүүнүн" 704-715-уячалары салыкты кайра эсептөө менен байланышкан, такталган Декларациялар берилген учурда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы коюлат.".
|
| 1-тиркеме |
"FORM STI-100
Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
|
| 2-тиркеме |
"FORM STI-101
УЮМДУН БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
|
| 3-тиркеме |
"FORM STI-102
Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
|
| 4-тиркеме |
"FORM STI-103
Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ (жөнөкөйлөтүлгөн)
Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-155) формасы 1-тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын;
2) аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу жана берүү тартибинде:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 15-20-пунктчалар менен толукталсын:
"15) "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-155-015) 15-тиркеме;
16) "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-155-016) 16-тиркеме;
17) "3-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-155-017) 17-тиркеме;
18) "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-155-018) 18-тиркеме;
19) "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-155-019) 19-тиркеме;
20) "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-155-020) 20-тиркеме.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:
"4-1. "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-155-015) 15-тиркемеде, "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" FORM STI-155-016) 16-тиркемеде, "3-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-155-017) 17-тиркемеде, "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-155-018) 18-тиркемеде, "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-155-019) 19-тиркемеде жана "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-155-020) 20-тиркемеде учурдагы календардык жыл үчүн көрсөткүчтөр көрсөтүлөт жана салыктык милдеттенмелер эсептелет.
Ар кайсы жерлерде (райондордо) катталган жана/же жайгашкан мүлк объектилери жана/же жер участоктору боюнча салыкты эсептөө аталган тиркемелердин башка барагына жайгашкан жеринин коддору боюнча өзүнчө жүргүзүлөт.
Мүлк салыгы жана/же жер салыгын төлөө мүлк объектисинин жана/же жер участогунун катталган жери же жайгашкан орду боюнча Салык кодексинин 332 жана 342-беренелерине ылайык ишке ашырылат.";
- 103-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"103-1. 271-уячада Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынан алынган стипендиялар көрсөтүлөт.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 103-2-пункт менен толукталсын:
"103-2. 272-уячада аскер кызматчыларынын, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ордуна берилген акчалай үлүш жана компенсациялар түрүндөгү кирешелери.";
- 104-пункттун "е" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 145-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 200-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 209-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 17-22-главалар менен толукталсын:
"17-глава. "1-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-155-015) 15-тиркемени толтуруу
252. 15-тиркемеде 1-топтогу объектилерге кирген салык салынуучу мүлк боюнча учурдагы жыл үчүн салыкты эсептөө жүргүзүлөт: ишкердик иш жүргүзүү үчүн колдонулбаган, туруктуу же убактылуу жашоого арналган турак үйлөр, батирлер, дача үйлөрү.
253. Эгерде 15-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз болсо же мүлк объектиси ар кайсы жерде (райондо) жайгашса "Барактын номери" уячасында барактын номери көрсөтүлөт.
254. 203-уячада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ушул райондун салык органынын да коду болуп эсептелет.
255. 204-уячада 1-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
256. 1-графада төмөнкү таблицага ылайык мүлктүн коду көрсөтүлөт:
Мүлктүн коду | Мүлктүн аталышы |
001 | Турак үй |
002 | Батир |
003 | Дача үйү |
2-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген техникалык паспортто көрсөтүлгөн мүлктүн жайгашкан ордунун дареги көрсөтүлөт.
Мүлккө болгон укугу катталбаган учурда, мүлк жайгашкан жердин иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт.
257. 3-графада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
258. 4-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн идентификациялык коду көрсөтүлөт. Мүлккө болгон укугу катталбаган учурда "0" цифрасы коюлат.
259. 5-графада төмөнкү таблицага ылайык мүлккө ээлик кылуу укугу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт:
Коду | Мүлктү пайдалануучу |
С | Менчик ээси |
ДС | Үлүштүн менчик ээси |
НС | Менчик ээси эмес |
260. 6-графада календардык жылда мүлк объектисине ээлик кылган/колдонгон айлардын саны көрсөтүлөт.
261. 7-графада төмөнкү таблицага ылайык дубалдын материалынын коду көрсөтүлөт:
Материалдын коду | Материалдын аталышы |
100 | Кирпич |
200 | Жыгач |
300 | Курама жана монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пеноблоктор, пенобетондор, айнек |
400 | Чийки топо (саман, гувелек, сокмо) |
500 | Шлакоблок, полистиролдуу курулуш блогу |
600 | Металл |
700 | Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар |
262. 8-графада мүлк объектиси эксплуатациялоого киргизилген жыл көрсөтүлөт.
263. 9-графада кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоочу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү салык төлөөчүгө таандык кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортундагы маалымат боюнча мүлк объектисинин жалпы аянты (чарчы метр) көрсөтүлөт. Кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунда мүлк объектисинин ичинен ченелген жалпы аянтынын өлчөмү жөнүндө маалымат жок болсо, жалпы аянты сырткы өлчөмү боюнча аныкталат.
Мүлккө болгон укук катталбаган учурда салык органынын, кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тийиштүү өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт.
264. 10-графада Салык кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык салык салынбаган аянт көрсөтүлөт.
Мисалы, Бишкек шаарында жайгашкан жалпы аянты 120 чарчы метр үч бөлмөлүү батир. Бул учурда салык салынбаган аянт 80 чарчы метрди түзөт.
265. 11-графада салык салынуучу аянт көрсөтүлөт, ал 9-графанын жана 10-графанын айырмасы катары эсептелет.
Мисалы, үч бөлмөлүү батирдин 120 чарчы метрди түзгөн жалпы аянтынан Бишкек шаары боюнча турак жайдын салык салынбаган аянты - 80 чарчы метр кемитилет, ошентип, 11-графада салык салынуучу аянт - 40 чарчы метр (120 чарчы метр - 80 чарчы метр) көрсөтүлөт.
266. 12-графада төмөнкү таблицага ылайык мүлк объектисинин эксплуатациялоо мөөнөтүнө жана дубалдын материалына жараша 1 чарчы метр үчүн баалоо наркы (сом) көрсөтүлөт:
Дубалдардын материалы | Эксплуатациялоо мөөнөтү | 1 чарчы метрдин баалоо наркы, сом |
Кирпич | 5 жылга чейин | 15000 |
5-15 жыл | 14000 | |
15-30 жыл | 13000 | |
30-45 жыл | 12000 | |
45 жылдан ашуун | 10000 | |
Жыгач | 5 жылга чейин | 13000 |
5-15 жыл | 12000 | |
15-30 жыл | 11000 | |
30-45 жыл | 10000 | |
45 жылдан ашуун | 8000 | |
Курама жана монолиттүү бетон жана темир бетон, бетон блоктор, кум блоктор, пеноблоктор, айнек | 5 жылга чейин | 14000 |
5-15 жыл | 13000 | |
15-30 жыл | 12000 | |
30-45 жыл | 11000 | |
45 жылдан ашуун | 10000 | |
Чийки топо (саман, гувелек, сокмо) | 5 жылга чейин | 10000 |
5-15 жыл | 9000 | |
15-30 жыл | 8000 | |
30-45 жыл | 6000 | |
45 жылдан ашуун | 5000 | |
Шлакоблок, полистиролдук курулуш блогу | 5 жылга чейин | 9000 |
5-15 жыл | 8000 | |
15-30 жыл | 7000 | |
30-45 жыл | 6000 | |
45 жылдан ашуун | 5000 | |
Металл | 30 жылга чейин | 10000 |
45 жылдан ашуун | 8000 | |
Башка материалдар жана убактылуу жайлар үчүн материалдар | 4000 | |
Мисалы, эгер имараттын дубалдарынын материалы - кирпич, эксплуатациялоо мөөнөтү - 18 жыл болсо, мүлк объектисинин баалоо наркы 1 чарчы метр үчүн 13000 сомду түзөт.
267. 13-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 7 жана 11-бөлүктөрүнө ылайык объектинин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жерине жараша салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу региондук коэффициент Кр көрсөтүлөт. Эгер региондук коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
268. 14-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык объектинин калктуу конушта жайгашкан жерине жараша салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт. Эгер зоналык коэффициент белгиленбесе, анда анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
269. 15-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилери үчүн колдонулуучу тармактык коэффициент Ко көрсөтүлөт. Эгер тармактык коэффициент белгиленбесе, анын мааниси 1ге барабар деп кабыл алынат.
270. 16-графада Салык кодексинин 328-беренесинин 1-пунктунда белгиленген салык салынуучу базанын 0,35 пайызы өлчөмүндө салыктын ставкасы көрсөтүлөт.
271. 17-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (11-графа х 12-графа х 13-графа х 14-графа х 15-графа х 16-графа / 12 ай х 6-графа).
272. 18-графада мүлк объектисинин түздөн-түз астында, бирок ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлк салыгынын суммасынан жогору эмес, жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт. Жер участогуна укук катталбаган учурда, аталган уячаларга "0" цифрасы коюлат.
273. 1501-уячада 17-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
274. 1502-уячада 18-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
275. 1503-уячада Салык кодексинин 330-беренесинин 2 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык жеңилдиктердин суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен мүлк объектиси боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.
Жеңилдиктер жок болгон учурда "0" цифрасы коюлат.
276. 1504-уячада 1501, 1502 жана 1503-уячалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү район боюнча төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт.
18-глава. "2-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-155-016) 16-тиркемени толтуруу
277. 16-тиркемеде учурдагы жыл үчүн 2-топтогу объектилерге кирген салык салынуучу мүлк боюнча салык эсептелет: турак үйлөр, батирлер, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле жана башка ишкердик жүргүзүүгө арналган жана/же колдонулган капиталдык курулуштар.
278. "Барактын номери" уячасында 16-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же мүлк объектисинин жайгашкан орду (району) ар кандай болсо барактын номери көрсөтүлөт.
279. 203-уячада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелинет.
280. 204-уячада 2-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
281. 1-графада төмөнкү таблицанын негизинде мүлктүн кодуна ылайык мүлктүн аталышы көрсөтүлөт:
Мүлктүн коду | Мүлктүн аталышы |
001 | Турак үй |
002 | Батир |
003 | Дача үйү |
004 | Пансионат |
005 | Эс алуу үйү |
006 | Санаторий |
007 | Курорт |
008 | Өндүрүштүк |
009 | Административдик |
010 | Өнөр жайлык |
011 | Башка капиталдык курулуш |
012 | Киоск |
013 | Контейнер |
014 | Башка убактылуу жай |
282. 2-графада кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген техникалык паспортто көрсөтүлгөн, мүлктүн жайгашкан ордунун дареги көрсөтүлөт.
Мүлккө болгон укук катталбаган учурда мүлктүн жайгашкан ордунун иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт.
283. 3-графада мүлк жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
284. 4-графада мүлктүн кыймылсыз мүлккө болгон укукту мамлекеттик каттоо органы тарабынан берилген идентификациялык коду көрсөтүлөт. Мүлккө болгон укук катталбаган учурда "0" цифрасы коюлат.
285. 5-графада мүлккө ээлик кылуу укугу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт: ушул Тартиптин 260-пунктуна ылайык мүлктү пайдалануучулардын коддору боюнча - менчик ээси, үлүштүк менчик ээси, менчик ээси эмес.
286. 6-графада төмөнкү таблицага ылайык мүлк объектилеринин багытынын коду көрсөтүлөт:
Багытынын коду | Мүлк объектисинин функциялык багыты |
01 | Мейманканалар, күрөөканалар, алмаштыруу пункттары |
02 | Май куюучу станциялар |
03 | Чакан базарлар, базарлар, соода-базар борборлору, комплекстер |
04 | Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндөгү ишканалар |
05 | Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, темир жол транспортунун жүк станциялары |
06 | Административдик, офистик имараттар, бизнес-борборлор, банктар |
07 | Транспорт ишканасы, автосервис, байланыш жана энергетика ишканалары |
08 | Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар |
09 | Айыл чарба өндүрүштүк имараттар |
10 | Санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү |
11 | Өнөр жай, курулуш ишканалары |
287. 7-графада мүлк объектисине ээлик кылуу/колдонуу айларынын саны көрсөтүлөт.
288. 8-графада ушул Тартиптин 262-пунктуна ылайык дубалдардын материалынын коду көрсөтүлөт.
289. 9-графада мүлк объектиси пайдаланууга берилген жыл көрсөтүлөт.
290. 10-графада ушул Тартиптин 267-пунктуна ылайык пайдалануу мөөнөтүнө жана дубалдардын материалына жараша мүлк объектисинин 1 чарчы метр үчүн баалоо наркы (сом) көрсөтүлөт.
291. 11-графада кыймылсыз мүлккө укукту каттоону ишке ашыруучу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортунун маалыматтары боюнча мүлк объектисинин жалпы аянты (чарчы метр) көрсөтүлөт.
Мүлккө укук катталбаган учурда, салык кызматынын тийиштүү органынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт.
292. 12-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ордуна жараша объектинин салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу региондук коэффициент Кр көрсөтүлөт.
293. 13-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык калктуу конушта жайгашкан ордуна жараша объектинин салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт.
294. 14-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилери үчүн колдонулуучу тармактык коэффициент Ко көрсөтүлөт.
295. 15-графада Салык кодексинин 328-беренесинин 2-пунктуна ылайык салык ставкасы (%) көрсөтүлөт.
296. 16-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (10-графа х 11-графа х 12-графа х 13-графа х 14-графа х 15-графа / 12 ай х 7-графа).
297. 17-графада Салык кодексинин 330-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык түздөн-түз мүлк объектисинин астында жайгашкан бирок, ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлк салыгынын суммасынан жогору эмес (сом) жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
298. 1601-уячада 16-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
299. 1602-уячада 17-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
300. 1603-уячада Салык кодексинин 330-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин чечими боюнча берилген салык боюнча жеңилдиктин суммасы көрсөтүлөт. Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен мүлк объектиси боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.
Жеңилдиктер жок учурда "0" цифрасы коюлат.
301. 1604-уячада 1601, 1602 жана 1603-уячалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү район боюнча төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт.
302. "Эскертүүнүн" 1605-1616-уячалары салыкты кайра эсептөөгө байланыштуу (мисалы, зоналык же тармактык коэффициенттеринин өзгөрүүсү) такталган Декларацияларды берүү учурунда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы коюлат.
19-глава. "3-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-155-017) 17-тиркемени толтуруу
303. 17-тиркемеде учурдагы жылга 3-топтогу объектке кирген салык салынуучу мүлк боюнча салык эсептелет: ишкердик иш жүргүзүү үчүн арналган жана/же колдонулган күркөлөр, контейнерлер сыяктуу металл жана башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар.
304. "Барактын номери" уячасында 17-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же мүлк объектисинин каттоо жери (району) ар түрдүү болсо барактын номери көрсөтүлөт.
305. 203-уячада мүлк катталган райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
306. 204-уячада 3-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
307. 1-графада ушул Тартиптин 282-пунктуна ылайык мүлктүн түрүнүн коду көрсөтүлөт.
308. 2-графада мүлктүн жайгашкан дареги көрсөтүлөт.
309. 3-графада мүлк жайгашкан райондун салык органынын коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
310. 4-графада мүлккө ээлик кылуу укугу жөнүндө маалымат көрсөтүлөт: ушул Тартиптин 260-пунктуна ылайык мүлктү пайдалануучулардын коддору боюнча - менчик ээси, үлүштүк менчик ээси, менчик ээси эмес.
311. 5-графада ушул Тартиптин 287-пунктуна ылайык мүлк объектилеринин багытынын коду көрсөтүлөт.
312. 6-графада мүлк объектисине ээлик кылган/колдонгон айлардын саны көрсөтүлөт.
313. 7-графада ушул Тартиптин 262-пунктуна ылайык дубалдын материалынын коду көрсөтүлөт.
314. 8-графада мүлк объектиси пайдаланууга киргизилген жыл көрсөтүлөт.
315. 9-графада ушул Тартиптин 267-пунктуна ылайык мүлк объектисинин пайдалануу мөөнөтүнө жана дубалдын материалына жараша 1 чарчы метр үчүн баалоо наркы (сом) көрсөтүлөт.
316. 10-графада мүлк объектисинин жалпы аянты көрсөтүлөт (чарчы метр).
317. 11-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык объектинин Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жерине жараша салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу региондук коэффициент Кр көрсөтүлөт.
318. 12-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык объектинин калктуу конушта жайгашкан жерине жараша салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эске алуучу зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт.
319. 13-графада Салык кодексинин 327-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык мүлк объектилери үчүн колдонулуучу тармактык коэффициент Ко көрсөтүлөт.
320. 14-графада Салык кодексинин 328-беренесинин 2-пунктуна ылайык салыктын ставкасы (%) көрсөтүлөт.
321. 15-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (9-графа х 10-графа х 11-графа х 12-графа х 13-графа х 14-графа / 12 ай х 6-графа).
322. 16-графада мүлк объектисинин түздөн-түз астында, бирок Салык кодексинин 330-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлк салыгынын суммасынан жогору эмес жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы (сом) көрсөтүлөт.
323. 1701-уячада 15-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
324. 1702-уячада 16-графа боюнча салыктын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт.
325. 1703-уячада Салык кодексинин 330-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин чечими боюнча берилген жеңилдиктердин суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен мүлк объектиси боюнча мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.
Салык боюнча жеңилдиктер жок учурда "0" цифрасы коюлат.
326. 1704-уячада 1701, 1702 жана 1703-уячалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү район боюнча төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт.
327. "Эскертүүнүн" 1705-1716-уячалары салыкты кайра эсептөөгө байланыштуу (мисалы, зоналык же тармактык коэффициенттеринин өзгөрүүсү) такталган Декларацияларды берүү учурунда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммасы коюлат.
20-глава. "4-топтогу мүлк салыгын эсептөө" (FORM STI-155-018) 18-тиркемени толтуруу
328. 18-тиркемеде учурдагы жылга 4-топтогу объектке кирген салык салынуучу мүлк боюнча салык эсептелет: транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер.
329. "Барактын номери" уячасында 18-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же мүлк объектисинин каттоо жери (району) ар түрдүү болсо барактын номери көрсөтүлөт.
330. 203-уячада мүлк катталган райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
331. 204-уячада 4-топтогу мүлк салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
332. 1-графада төмөнкү таблицага ылайык транспорт каражатынын белгилеринин коду боюнча 4-топтогу мүлк объектилери белгиленет:
Белгинин коду | Белги |
А | Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген транспорт каражаттары |
Б | Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пунктчасында каралбаган ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок транспорт каражаттары |
В | Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жок транспорт каражаттары |
333. 2-графада төмөнкү таблица боюнча транспорттун кодуна ылайык транспорттун түрү көрсөтүлөт:
Транспорттун коду | Транспорттун аталышы |
001 | Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдердин базасындагы фургондор жана пикаптар |
002 | Жүк ташуучу автомобилдер, автобустар, чакан автобустар |
003 | Өзү жүрүүчү машиналар жана/же механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол-курулуш машиналары |
004 | анын ичинде: айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланылуучу өзү жүрүүчү машиналар жана/же механизмдер (тракторлор жана комбайндар) |
005 | Мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моторлуу чаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кемелер, теплоходдор |
006 | Яхталар жана суу мотоциклдери |
007 | Башка, алдын ала каралбаган, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жок транспорт каражаттары |
008 | Ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жоктор |
334. 3-графада райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
335. 4-графада ушул Тартиптин 260-пунктуна ылайык мүлк колдонуучуларынын коду көрсөтүлөт.
336. 5-графада транспорт каражатынын маркасы көрсөтүлөт.
337. 6-графада транспорт каражатынын сериясы жана мамлекеттик номери көрсөтүлөт.
338. 7-графада даярдоочу завод тарабынан транспорт каражатынын чыгарылган жылы көрсөтүлөт.
339. 8-графада транспорт каражатынын белгисинин кодуна ылайык салык базасы көрсөтүлөт:
- "А" белгиси боюнча - кыймылдаткычтын жумушчу көлөмү (куб. см);
- "Б" белгиси боюнча - Салык кодексинин 325-беренесинин 2-пунктунун "б" пунктчасына ылайык аныкталуучу баланстык нарк;
- "В" белгиси боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 токтому менен бекитилген, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсептик наркы жок 4-топтогу мүлк объектисинин наркын аныктоо тартибине ылайык аныкталуучу нарк.
340. 9-графада транспорт каражатынын белгисинин кодуна ылайык салык ставкасы көрсөтүлөт:
- "А" белгиси боюнча - Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "а" пунктчасына ылайык кыймылдаткычтын ар бир 1 куб. см жумушчу көлөмүнөн (сом);
- "Б" белгиси боюнча - Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "б" пунктчасына ылайык;
- "В" белгиси боюнча - Салык кодексинин 328-беренесинин 3-пунктунун "в" пунктчасына ылайык.
341. 10-графада салыктын суммасы көрсөтүлөт (сом менен) (8-графа х 9-графа).
342. 11-графада Салык кодексинин 330-беренесинде каралган жеңилдиктин суммасы көрсөтүлөт. Жеңилдик жок болгон учурда "0" цифрасы коюлат.
343. 12-графада төлөнүүчү салыктын суммасы көрсөтүлөт.
344. 1801-уячада район боюнча төлөнүүчү салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
21-глава. "Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-155-019) 19-тиркемени толтуруу
345. 19-тиркемеде айыл чарба жерлери (сугат айдоо жери, кайрак айдоо жери, көп жылдык бак-дарактар, чабындылар, жайыттар) (мындан ары - жер участогу) боюнча ушул жылга карата салык эсептелет.
346. "Барактын номери" уячасында эгер 19-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же жер участогунун жайгашкан орду (району) ар түрдүү болсо барактын номери көрсөтүлөт.
347. 203-уячада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
348. 204-уячада айыл чарба багытындагы жерлер боюнча жер салыгы эсептелип жаткан жыл көрсөтүлөт.
349. 1-графада ушул Тартиптин 260-пунктуна ылайык жер участогуна ээлик кылуу/колдонуу укугуна жараша колдонуучулардын коду көрсөтүлөт.
350. 2-графада айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча салык төлөөчүнүн жер участогунун жайгашкан орду (облусу, району, айылы) көрсөтүлөт.
351. 3-графада төмөнкү таблицага ылайык жер участогунун түрүнүн коду көрсөтүлөт:
Код | Жер участогунун аталышы |
01 | Сугат айдоо жери |
02 | Кайрак айдоо жери |
03 | Көп жылдык өсүмдүктөр |
04 | Чабындылар |
05 | Жайыттар |
11 | Шаарлар: Бишкек, Токмок, Кара-Балта, Ош, Жалал-Абад, Каракол, Талас, Чолпон-Ата |
12 | Шаарлар: Нарын, Балыкчы, Кант, Шопоков, Ак-Суу, Кара-Суу, Өзгөн, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя |
13 | Башка шаарлар жана шаарчалар |
14 | Айылдык калктуу конуштар |
352. 4-графада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
353. 5-графада укукту күбөлөндүрүүчү документте каралган жер участогунун идентификациялык коду көрсөтүлөт. Укукту күбөлөндүрүүчү документ жок болгон учурда "0" цифрасы коюлат.
354. 6-графада укукту күбөлөндүрүүчү документтин маалыматына ылайык жерлердин жалпы аянты көрсөтүлөт (гектар менен).
Укукту күбөлөндүрүүчү документ жок болгон учурда, салык кызматынын тийиштүү органдарынын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык участоктун жалпы аянты көрсөтүлөт.
355. 7-графада Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салыктан бошотулуучу жерлердин аянттары көрсөтүлөт (гектар менен).
356. 8-графада 6 жана 7-графалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү жер салыгы салынууга тийиш жерлердин аянттары (гектар менен) көрсөтүлөт.
357. 9-графада жер участогуна ээ болуу укугунун мезгили көрсөтүлөт, б.а. жер участогуна ээлик кылуу укугунун/колдонуунун айларынын саны.
358. 10-графада Салык кодексинин 337-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча жерлерге белгиленген жер салыгынын базалык ставкалары көрсөтүлөт (сом менен).
359. 11-графада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген инфляциянын коэффициенти (Ки) көрсөтүлөт.
360. 12-графада жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт (8-графа х 10-графа х 11-графа / 12 ай х 9-графа).
361. 1901-уячада 12-графа боюнча салыктын жалпы суммасы көрсөтүлөт.
362. 1902-уячада Салык кодексинин 337-беренесинин 5-бөлүгүнө, ошондой эле 344-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
Мисалы, табигый кырсыктын натыйжасында жергиликтүү кеңештин чечими менен жер салыгын төлөөдөн бошотулат.
363. 1903-уячада 1901 жана 1902-уячалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү район боюнча төлөнүүгө тийиш жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
364. "Эскертүүнүн" 1904-1915-уячалары салыкты кайра эсептөө менен байланышкан (мисалы, инфляция коэффициентинин өзгөрүүсү) такталган Декларациялар берилген учурда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммалары жазылат.
22-глава. "Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгын эсептөө" (FORM STI-155-020) 20-тиркемени толтуруу
365. 20-тиркемеде учурдагы жыл үчүн айыл чарба багытындагы эмес жерлер (мындан ары - жер участогу) боюнча салыкты эсептөө жүргүзүлөт.
366. "Барактын номери" уячасында 20-тиркемени толтуруу үчүн бир барак жетишсиз же жер участогунун жайгашкан орду (району) ар кандай болсо барактын номери көрсөтүлөт.
367. 203-уячада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал ошондой эле ушул райондун салык органынын коду болуп эсептелет.
368. 204-уячада айыл чарба багытындагы эмес жерге жер салыгын кошуп эсептөө жүргүзүлүп жаткан жыл көрсөтүлөт.
369. 1-графада ушул Тартиптин 260-пунктуна ылайык жер участогун колдонуучунун коду көрсөтүлөт.
370. 2-графада салык төлөөчүнүн жер участогунун жайгашкан орду (район, шаар, айыл) көрсөтүлөт.
371. 3-графада жер участогу жайгашкан райондун коду көрсөтүлөт, ал 203-уячада көрсөтүлгөн коддон айырмаланбашы керек.
372. 4-графада төмөнкү таблицага ылайык укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун багыты же пайдаланылуучу жер участогундагы чарбакер субъекттин ишкерлик ишинин коду көрсөтүлөт:
Коду | Участоктун багыты |
01 | Дүкөндөр, күркөлөр, ларектор жана башка соода мекемелери, а.и. аянты |
0101 | - 10 чарчы метрге чейин; |
0102 | - 10дон 20га чейинки чарчы метр; |
0103 | - 20дан 35ке чейинки чарчы метр; |
0104 | - 35тен 50гө чейинки чарчы метр; |
0105 | - 50 чарчы метр жана андан жогору |
02 | Чакан базарлар, базарлар, соода-базар комплекстери |
03 | Мал, жем сатылуучу базарлар |
04 | Коомдук тамактануу ишканалары |
05 | Мейманканалык иштер ишканалары |
06 | Банктар, күрөөканалар, алмаштыруу пункттары |
07 | Кеңселер, бизнес-борборлор, биржалар |
08 | Автомай куюучу станциялар |
09 | Мунайзат базалары |
010 | Авто токтотуучу жайлар, автосервис ишканалары |
011 | Жарнама курулмалары |
012 | Эс алуу жана көңүл ачуу, спорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр, жеке кызмат көрсөтүү ишканалары |
013 | Транспорт ишканаларынын администрациялык имараттары: аэровокзалдар, автовокзалдар, автостанциялар, темир жол вокзалдары |
014 | Өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зоналардын аймактары |
015 | Кен казуучу ишканалардын имараттары жана курулмалары, ошондой эле темир жол транспортунун жүктөө-түшүрүү станциялары, темир жол жана аба транспортунун ишканаларынын санитардык коргоо зоналары |
016 | Иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разрездер, күл төгүүчү жайлар |
017 | Геологиялык чалгындоо, долбоорлоо-иликтөө, чалгындоо жана изилдөө иштери |
018 | Байланыштын жана электр берүүлөрдүн аба линиялары |
019 | Илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият мекемелери, балдардын-өспүрүмдөрдүн дене тарбия-спорт мекемелери |
020 | Айыл чарбасындагы өндүрүштүк имараттар (гараждар, оңдоо устаканалары, кырмандар, дан тазалоочу комплекстер, жашылча-картошка сактагычтар, курулуш жана чарбалык жайлар жана айыл чарба багытындагы башка объектилер) |
021 | Коргонуу-спорт-техникалык уюмдар |
373. 5-графада укукту күбөлөндүрүүчү документтерде каралган жер участогунун жеке коду көрсөтүлөт. Укукту күбөлөндүрүүчү документи жок учурда "0" цифрасы коюлат.
374. 6-графада укукту күбөлөндүрүүчү документтин маалыматы боюнча жер участогунун жалпы аянты (чарчы метр менен) көрсөтүлөт.
Укукту күбөлөндүрүүчү документ жок учурда салык кызматынын тийиштүү органынын, кыймылсыз мүлк объектилерин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү курамына кирген комиссиянын актысына ылайык участоктун жалпы аянты көрсөтүлөт.
375. 7-графада Салык кодексинин 343-беренесине ылайык салык салынуудан бошотулуучу калктуу конуштардын жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин аянты (чарчы метр менен) көрсөтүлөт.
376. 8-графада жер салыгы салынууга тийиш болгон жер участогунун аянты (чарчы метр менен) көрсөтүлөт (6-графа - 7-графа).
377. 9-графада жер участогуна ээлик кылуучу/пайдалануучу айлардын саны көрсөтүлөт.
378. 10-графада Салык кодексинин 339-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн белгиленген жер салыгынын ставкасы көрсөтүлөт.
379. 11-графада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген инфляция коэффициенти (Ки) көрсөтүлөт.
380. 12-графада жергиликтүү кеңештер тарабынан калктуу конуштун экономикалык пландоо зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша белгиленген зоналык коэффициент Кз көрсөтүлөт.
381. 13-графада Салык кодексинин 339-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык ишкердикте пайдаланылганына жараша жер участогунун салык салынуучу базасынын өзгөрүүсү эске алынган коммерциялык пайдалануунун коэффициенти Кк көрсөтүлөт.
382. 14-графада салыктын суммасы (8-графа х 10-графа х 11-графа х 12-графа х 13-графа / 12 ай х 9-графа) көрсөтүлөт.
383. 2001-уячада 14-графа боюнча жер салыгынын жыйынды суммасы көрсөтүлөт.
384. 2002-уячада Салык кодексинин 344-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин чечими боюнча төлөөдөн бошотулууга жаткан салыктын суммасы көрсөтүлөт.
385. 2003-уячада 2001 жана 2002-уячалардын маанилеринин айырмасы катары эсептелүүчү район боюнча төлөнүүчү жер салыгынын суммасы көрсөтүлөт.
386. "Эскертүүнүн" 2004-2015-уячалары салыкты кайра эсептөөгө байланышкан такталган Декларацияларда берилген учурда толтурулат, мында салыктык милдеттенменин өзгөрүүсүн эске алуу менен айлар боюнча салыктын суммалары жазылат.
|
| 1-тиркеме |
"FORM STI-155
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.".