Загрузка документа…
КР Президентинин 2018-жылдын 19-ноябрындагы ПЖ № 229 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2000-жылдын 11-июлу ПУ N 179
Кыргыз Республикасында турак-жай конуштарынын (жаңы курулуштардын) инфраструктурасын өнүктүрүү жана турак-жай куруучулардын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2000-жылдын 30-августундагы ПУ N 251, 2000-жылдын 24-октябры ПУ N 302, 2001-жылдын 14-февралы ПУ N 57 Указдарынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында турак-жай маселеси коомдогу эң курч маселелердин бири бойдон калууда. Соңку жылдары бюджеттик каражаттардын өтө жетишсиздиги жана курулуш материалдарынын наркынын жогорулашы турак-жай курулушунун көлөмүн кыскартууга жана турак-жай куруучу жарандардын башталган турак үйлөрдүн курулушун аякташын, жаңы конуштардын районун көрктөндүрүүнү жана башка социалдык-тиричилик маселелерин чечүүнү жокко чыгарууга алып келди.
Турак-жай конуштарындагы (жаңы курулуштардагы) жеке үй куруу жагындагы иштин абалын талдоо көрктөндүрүү жана турак-жай куруучуларды социалдык жактан коргоо менен байланышкан маселелердин комплекси аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжасыз ишинен улам талаптагыдай чечилбей калгандыгын көрсөтүп турат.
Нормативдик базанын өркүндөтүлбөгөндүгү турак-жай куруучу жарандарды каттоо (каттоодон чыгуу) маселелерин тез арада чечүүгө мүмкүндүк бербей жатат.
Өз кезегинде мына ушунун бардыгы коомдогу социалдык абалдын курчушуна, турак-жай куруучу жарандардын түздөн-түз же өздөрүнүн шайлануучу өкүлдөрү аркылуу мамлекеттик башкаруу жагындагы конституциялык укуктарынын чектелишине алып келүүдө.
Турак-жай курулушун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү Кыргызстандын жарандарына өздөрүнүн турак-жай, социалдык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул маселелерди чечүү бардык мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын иш-аракетинин башында турууга тийиш. Ушуну эске алып жана турак-жай курулушунун артыкчылыктарын аныктоо максатында 2010-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасында турак-жай курулушунун өнүктүрүүнүн Концепциясы кабыл алынган.
Турак-жай конуштарын (жаңы курулуштардын) инфраструктурасын тез арада өнүктүрүү жана Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынынын башка регионунда турак-жай куруучулардын социалдык-экономикалык маселесин чечүүнү мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында токтом кылам:
1. Турак-жай конуштарынын (жаңы курулуштардын) иннфраструктурасын өнүктүрүү маселеси жана турак-жай куруучулардын социалдык-экономикалык проблемасын чечүү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракетинин негизги милдеттеринин бири деп эсептелсин.
2. Турак-жай конуштарынын (жаңы курулуштардын) инфраструктурасын өнүктүрүү жана турак-жай куруучулардын социалдык-экономикалык проблемаларын чечүү маселеси боюнча туруктуу иштөөчү өкмөттүк комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасында турак-жай конуштарынын (жаңы курулуштардын) инфраструктурасын өнүктүрүү жана турак-жай куруучулардын социалдык-экономикалык проблемаларын чечүү маселеси боюнча Өкмөттүк комиссия:
- үч айлык мөөнөттө турак-жай конуштарынын (жаңы курулуштардын) инфраструктурасын жана социалдык-экономикалык өнүгүшүн арттыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин, мында иш-чараларды ресурсттук камсыз кылууну, чыгымдардын көлөмү жана финансылоо булактарын карасын;
- аткарылган иш жөнүндө квартал сайын Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте эки айлык мөөнөттө республикада ипотекалык кредит берүүнү өнүктүрүү боюнча конкреттүү чараларды жүзөгө ашырууга киришип, мында аз камсыз болгон турак-жай куруучу жарандарга кредит берүүнү карасын;
- турак-жай куруучуларга карата курулушка, алардын турак-жайына, убактылуу турак-жайды жана ага жамаатташ салынган курулуштарды кошуп алганда алардын турак-жайын ишке киргизүүгө, каттоого жана эксплуатациялоого документтерди сунуш кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын талаптарын эки айлык мөөнөттө минималдаштырсын;
- 2000-жылдын 10-июлунан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссия, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органдары аз камсыз болгон жарандардын категориясына кирген турак-жай куруучулардан турак-жайга, анын ичинде убактылуу турак-жайга жана ага жамаатташ салынган курулуштарды кошуп алганда документтердин бардык түрлөрүн кароо, толтуруу жана берүү үчүн алынган акынын өлчөмүн 2 (эки) минималдуу эмгек акы өлчөмүнө чейин азайтсын;
- 2000-жылдын 1-августунан баштап турак-жай конуштарында (жаңы курулуштарда) курулган турак-жайларда, анын ичинде убактылуу жайларда жана ага жамаатташ салынган курулуштарда иш жүзүндө жашаган турак-жай куруучу-жарандарды каттоонун (каттоодон чыгаруунун) жөнөкөйлөтүлгөн тартиби киргизилсин;
- мамлекеттик жана коммуналдык мекемелерге алардын негизги функционалдык милдеттерин аткарууга байланышкан кызматтарды көрсөтүшү үчүн акы алууга жана аларга жүктөлгөн мамлекеттик функцияларды аткарууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандагыдан тышкары учурларда мамлекеттик, коммуналдык ишканаларга, коммерциялык уюмдарга өткөрүп берүүгө тыюу салынсын;
- жаңы курулуштардын аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарына чакан жана орто чарба жүргүзүүчү субъекттерди уюштурууда жана түзүүдө, аларга жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун каражаттарынан кеминде 1 (бир) миллион сомго жакын көлөмдө жеңилдетилген кредиттерди берүүгө көмөк көрсөтсүн;
- 2000-жылы турак-жай курулушу, турак-жай конуштарынын (жаңы курулуштардын) инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөткөн чарба жүргүзүүчү субъекттерге 6 (алты) айга чейинки салыктарды төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгүн берүүнү карасын;
- 2000-жылдын үчүнчү кварталында өзүнүн атайын жыйналышында Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 1995-жылдан 2000-жылга чейинки мезгил ичинде жаңы турак-жай конуштарындагы жеке үй куруучулардын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча иши жөнүндөгү маселени карасын;
- өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 17-июнундагы N 212 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
7. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 11-июлундагы N 179 Указынын тиркемеси |
Турак-жай конуштарынын (жаңы курулуштардын) инфраструктурасын өнүктүрүү жана турак-жай куруучулардын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы комиссиянын КУРАМЫ
Танаев Николай Тимофеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри, комиссиянын төрагасы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Абдырахманов Жакып Токтобекович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Айтбаев Таштемир Сыдыгалиевич | - | Кыргыз Республикасынын-ички иштер министри; |
Акматалиев Темирбек Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Асанканов Абылабек Асанканович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Жанаалы Шабдырай зергер | - | турак-жай куруучулардын коомдук-саясий союзунун төрагасы; |
Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; |
Иманалиев Каныбек Капашович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты (макулдугу боюнча); |
Касымов Тойчубек Касымович | - | Чүй областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы губернатору; |
Керимкулов Медетбек Темирбекович | - | Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы-мэри; |
Мейманалиев Тилекбек Сагынбекович | - | Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри; |
Нургазиев Абыш Нургазиевич | - | "Бишкек" ыктыярдуу коомунун төрагасы; |
Өмүралиев Төлөбек Эсенгулович | - | Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун директору; |
Рустенбеков Жаныш Султанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, өнөр жай жана ишкерлик боюнча комитетинин төрагасы (макулдугу боюнча); |
Садыбакасова Шарипа Садыбакасовна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты (макулдугу боюнча); |
Сатиев Жакшылык Жунусович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер министринин аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; |
Сыргабаев Эстебек Бакасович | - | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар конгрессинин аппаратынын жетектөөчү адиси; |
Табылдиев Тынычбек Табылдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын директору; |
Токоев Иса Насыралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (макулдугу боюнча); |
Шаршекеева Камила Дүйшөбаевна | - | Кыргыз Республикасынын билим жана маданият министри; |
Шерниязов Эркинбек | - | турак-жай куруучулардын коомдук-саясий союзунун башкармасынын мүчөсү. |