Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2018-жылдын 19-ноябры ПЖ № 229
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65, 88-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 11-июлундагы № 179 "Кыргыз Республикасында турак-жай конуштарынын (жаңы курулуштардын) инфраструктурасын өнүктүрүү жана турак-жай куруучулардын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Указы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 14-февралындагы № 57 "Кыргыз Республикасында турак-жай конуштарынын (жаңы курулуштардын) инфраструктурасын өнүктүрүү жана турак-жай куруучулардын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 11-июлундагы № 179 Указына өзгөртүү киргизүү тууралу" Указы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 96 жарыяланды
Президент |
| С. Жээнбеков |