Загрузка документа…
НАРЫН РАЙОНДУК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2006-жылдын 5-июлу № 3-4
Нарын районунун аймагында колдонулуучу
жергиликтүү салыктардын жана жыйымдардын
өлчөмдөрүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин VIII бөлүмүнө ылайык депутаттардын
Нарын райондук Кеңешинин III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Нарын районунун аймагында колдонулуучу жергиликтүү салыктар жана жыйымдар
жөнүндөгү болумуно төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Кыргыз Республикасынын № 32 01.02.2006-жылдагы мыйзамынын негизинде Кыргыз
Республикасынын «Салык Кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү
жонундогу» Мыйзамына ылайык Нарын районунун аймагында колдонулуучу жергиликтүү
салыктар жана жыйымдар боюннча салык Кодексине өзгөртүүлөр киргизилгендигине
байланыштуу төмөндөгү пункттарды өз күчүн жоготту деп эсептелинсин :
- ит ээлеринен алынуучу жыйым (184 ст.);
- коммерциялык максатты көздүү менен өткөрүлгөн көргөзмөлөрдөн,
конкурстардан, акча-буюм лотереясынан жана жергиликтүү акционерден алынуучу
жыйымы (185 ст.);
- жергиликтүү символиканы пайдалануучу укугу үчүн салык (187 ст. );
- мергенчилик жана балык уулоо укугуна салык (192 ст.);
- алыскы чет өлкөлөргө барышкан туристерден салык алуу (193 ст. );
- видео салондордон, концерттик оюн-зоок иш чараларынан алынуучу салык (194
ст.);
2. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүүлјр жана толуктоолор
жөнүндөгү 1-февраль 2006-жьлдын № 32 Мыйзамына ылайык Нарын районунун аймагында
жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча колдонуунун төмөндөгүдөй үч түрү
киргизилсин :
1. 183 ст. Жарнама (Реклама) салыгы ;
2. 186 ст. Авто транспортторду койгондугу үчүн жыйым;
3. 195 ст. Чекене соода жүргүзүүдөн жана калкка акы төлөп кызмат көрсөтүдөн
алынуучу салык.
Жогорудагы 3 статья боюнча райондун аймагында жергиликтүү салыктар жана
жыйымдар боюнча түшүндүрмө тиркелет. (Тиркеме № 1)
Нарын районунун аймагында колдонулуучу жергиликтүү салыктар жыйымдардын
тиешелүү бюджетке чегерилишин жана чечимдин аткарылышын камсыздоо Нарын райондук
финансы бөлүмүнө (Т.Жанбоев), Нарын району боюнча мамлекеттик салык
инспекциясына (М.Камчыбеков) милдеттендирилсин
Депутаттардын Нарын райондук
Кеңешинин 5-июль 2006-жылдагы III
сессиясынын (I чакырылыштагы)
№ 3/4 токтомуна тиркеме №1
183 статья Жарнама (Реклама) салыгы :
Нарын районунун аймагында айыл окмоттурунду, айылдарында, өздүрүнүн иш
аракеттерине жана продукцияларын таратуу, сатуу жана кызмат көрсөтүү, оюн-зоок,
концерт кечелерди жарыялоочу мекеме ишкерлер, уюмдар, резиденттер жана резидент
эместер, алардын филиалдары, окулчулуктор жана өзгочулунгун болуктор, юридикалык
жакты түзбөгүн жеке адамдар бул жарнаманы даярдоого жана таратууга жумшалган
жумуштук, кызмат көрсөтүүнүн нарктын (3 %) өлчөмүндө жарнама (реклама) салыгын
төлөшөт.
Жарнама салыгын тиешелүү бюджетке которуунун жарнама кызматын корсоткун
мекеме, ишканалар отчетун айдан кийинки айдын 20-числосуна чейин ай сайын
жүргүзүлөт.
Эскертүү: Массалык-маалымат каражаттары, каталогдор, прейскуранттар,
справочниктер, баракчалар, афишалар, плакаттар, жарнама иштер календарлар
аркылуу жана транспорттун бардык төлөөлөрүнө камтылган коммерциялык мүнөздөгү
маалыматтарды ачык түрдө таратуулардын бардык формасы жарнама (реклама) болуп
эсептелинет.
186 статья Автомашиналарды койгондугу учун жыйым :
1. Бул жыйым автомашиналарды токтотуу максатында мамлекеттик администрация
жана айыл Өкмөттөрү тарабынан бөлүнүп берилген жеке же атайын жабылган жайларда
автомашиналарды токтоткон юридикалык жана физикалык жактардан алынат.
2. Ар бир автомашина жана техникалык каражаттар учун авто стоянкага
токтоткондугу учун минималдык эмгек акынын 3 % өлчөмүндө белгиленсин.
3. Алынган жыйым жөнүндө квитанция автомашинанын жана техникалык
каражаттардын ээлерине авто стоянка уюштуруучулар тарабынан милдеттүү түрдө
берилет. Бул квитанциянын бланкаларын толтура электе катар номер коюп райондук
салык инспекциясынын штампы (печать) басылып анын эсебинде болот. Жогорудагы
талаптарга ылайык болбогон учурларда квитанция жараксыз деп табылат.
4. Автомашинаны койгондугу үчүн жыйымды чогултуу жана жергиликтүү бюджетке өз
убагында төгүп туруу жана айыл Өкмөттөрүнүн салык адистерине милдеттендирилет.
195 статья Чекене соода жүргүзүүдөн жана калкка акы
төлөп кызмат көрсөтүдөн алынуучу салык:
1. Бул салыкты төлөөчүлөр болуп калкка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүлөр
жана чекене соода жүргүзүүнүн бардык түрлөрү менен иш жүргүзгөн юридикалык
жактар жана жеке адамдар эсептелинет.
2. Салык төлөө калкка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүлөрдүн наркын жана
чекене соода жүргүзүүнү 4 % пайыз өлчөмүндө белгиленет.
3. Ар бир айдын 20числосунда тјлјніі салыгы бюджетке которулууга жатат.
Депутаттардын Нарын райондук
кеңешинин жооптуу катчысы А.Жангазиев