Загрузка документа…
НАРЫН РАЙОНДУК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2006-жылдын 5-июлу № 3-2
Депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин
регламентине кошумча киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Нарын райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана
жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» Мыйзамынын 23-статьясына
жана депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин 12-апрель 2006-жылдагы I
сессиясында бекитилген типтүү регламентинин XVII бөлүмүнө ылайык райондук
Кеңештин регламентине төмөндөгүдөй кошумча киргизилсин:
1. «Депутаттардын Нарын райондук Кеңеши тарабынан районго,
республикага, өзү жашаган аймакка көрүнүктүү эмгек сиѕирген адамдарга
«Нарын районунун Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылат».
2. Депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин «Мандат, депутаттык иш,
этика, коомдук тартипти сактоо, граждандардын укугун коргоо, закондуулук
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча» туруктуу
комиссиясы «Нарын районунун Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча мурдагы
Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, кийинки райондук
Кеңештин сессиясына сунуш кылсын.
3. Райондук Кеңештин типтүү регламентинин XVII бөлүмү ушул токтомдун 1-
пункту болуп, ал эми регламенттин XVII бөлүмү XVIII болум болуп эсептелсин
Депутаттардын Нарын райондук
кеңешинин төрагасы Б. Белеков
Тиркеме
Нарын райондук Кеңешинин типтүү регламенти
(Регламентке райондук Кеңештин III сессиясында 5-июль
2006-жылы кошумча киргизилген.)
1. Жалпы жобо
1.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана
жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө» Мыйзамына ылайык,
райондук Кеңеш тиешелүү аймактагы айылдык, шаарчалык, райондук маанидеги
шаардык Кеңештердин депутаттарынан турган, төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Райондук Кеңеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын, Мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын Президентинин,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул
регламентинин негизинде жүргүзүлөт.
1.3. Райондук Кеңештин регламенти, райондук кеңештин иштерин уюштуруу
тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу
жана убактылуу комиссияларын, структурасын түзүү жана сессияны чакыруу
мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
2. Райондук Кеңештин ыйгарым укуктары
2.1. Райондук Кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө» Мыйзамынын
29 жана 29/1 статьяларына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом
кабыл алат.
- социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калктын социалдык жактан
коргооонун райондук масштабдагы программаларын бекитүү жана алардын
аткарылышына контролдук жүргүзүү;
- райондук бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндөгү отчетту
бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы жана бюджеттен тышкары фонд-
дордун пайдаланылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматтарды угуу ;
- Кеңештин регламентин кабыл алуу;
- Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана милдеттеринен
бошотуу ;
- депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу
менен райкеңештин төрагасына ишеним көрсөтпөө;
- Кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына карама-
каршы келген буйруктарын жокко чыгаруу;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысын дайындоого
макулдук берүүгө;
- депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен
тиешелүү аймактын женргиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысына
ишеним көрсөтпөө;
- 2/1 пунктунун 9, 10 абзацтарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча
жашыруун добуш берүү бюллетени менен өткөрүлөт. Добуш берүү Кыргыз
Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
тарабынан уюштурулат.
3. Райондук Кеңештин I сессиясы
3.1. Райондук Кеңештин 1 сессиясы мурда шайланган кеңештин төрагасы
тарабынан же депутаттардан түзүлгөн демилгелүү тобу аркылуу жергиликтүү
Кеңештерге шайлоо өткөрүлгөндөн баштап, бир айлык мөөнөттөн
кечиктирилбестен чакырылат. Райондук Кенештин сессиясын карыя депутат
ачат.
3.2. Жалпы шайланган депутаттардын жарымынын кобу сессияга катышкан
учурда, райондук Кеңештин сессия өз ишин баштоого укуктуу.
3.3. Райондук Кеңештин 1 сессиясыны күн тартибине, Кеңештин төрагасын
жана анын орун басарын шайлоо, структурасын түзүү жана райондук. Кеңештин
иштерине байланышкан маанилүү маселелер талкуулоого коюулат.
3.4. Төраганы шайлоо райондук Кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун
добуш берүү менен жүргүзүлөт.
3.5. Төраганын орун басары райондук Кеңештин депутаттарынын арасынан
ачык добуш берүү менен шайланат.
4. Райондук Кеңештин төрагасынын жана төраганын орун басарынын
кандидатураларын көрстүүнүн тартиби
4.1. Райондук Кеңештин төрагасы райондук Кеңештин депутаттарынын
ичинен шайланат.
4.2. Райондук Кеңештин төрагалык кызматына талапкерди областык
мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору тарабынан депутаттар
менен консультациядан кийин, альтернативдик негизде сунуш кылынат.
4.3. Көрсөтүлгөн талапкер өзүнүн кандидатурасын алып салууга акылуу.
4.4. Көрсөтүлгөн талапкерлер жашыруун добуш берүү бюллетенине
киргизилет.
4.5. Райондук Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына талапкер, райондук
Кеңештин төрагасы тарабынан альтернативдик негизде сунуш кылынат.
5. Жашыруун жабык добуш берүүнү уюштуруунун тартиби
5.1. Райондук Кеңештин 1-сессиясынын чечими менен жашыруун добуш
берүүні уюштуруу жана өткөрүү боюнча саны 5-11 депутаттан турган эсептөө
комиссиясы түзүлөт.
5.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда, мүчөлөрүнө иш бөлүштүрөт
(төрагасын, мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенинин, добуштарды берүү
ящигин жана бөлмөлөрдү жабык добуш берүүнү жүргүзүүгө даярдайт.
5.3. Сессияга катышып жаткан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир
депутаттын өз-өзүнчө добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептөө комиссиясы
тарабынан жашыруун добуш берүүнүн эрежелерин толук сактоолору милдеттүү.
Добуш берүүнү баштоонун алдында, эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн тартиби
менен депутаттарды тааныштырат.
5.4. Райондук Кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкер бюллетенге
алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу,
бюллетендерди эсептөө добуш берилген жайда жүргүзүлөт.
5.5. Бюллетенге талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же
јздік документи боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
5.6. Ар бир кандидатуралар боюнча «Колдогону», «Каршы» болгону жана
«бузулган» бюллетендер боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясынын
токтому түзүлүп, сессияда бекитилет.
5.7. Райондук Кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен
сессияга катышкан депутаттардын эѕ көп добушуна ээ болгон талапкер
райондук Кеңештин төрагасы болуп 4 жылдык мөөнөткө шайланат.
5.8. Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка
коюлат. Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
5.9. Сессияга катышкан депутаттардын эѕ коп добушуна ээ болгон
талапкер райондук Кеңештин орун басары болуп шайланат.
6. Райондук Кеңештин сессиясы
6.1. Кеңештин сессиясы ар бир кварталда бир жолудан кем эмес
өткөрүлөт.
6.2. Кеңештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн
тартиби жана сессия өтүүчү жай тууралу 5 күндөн кечиктирбей
Кеңештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу
маселелер боюнча чечимдин, токтомдун долбоору Кеңештин депутаттарына 3
кіндјн кечиктирилбей таратылат.
6.3. Кеңештин кеэексиз сессиясы Кеңештин тјрагасы, Кеңештин туруктуу
комиссиялары же Кеңештин жалпы депутаттарынын 1/5 бөлүгүнүн сунушу менен
чакырылат.
6.4. Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруунун сунушу жазуу
түрүндө карала турган маселелерди көрсөтүү менен кезексиз сессияны өткөрүү
зарылдыгы тууралу Кеңештин төрагасына берилет.
6.5. Иш-план боюнча Кеңештин сессиясына материалдарды иш планда
бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу
маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
6.6. Кеңештин чечими же кеңештин төрагасынын буйругу менен кеңештин
компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден,
коомдук уюмдардан жана жарандардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүшү
мүмкүн.
6.7. Кезектеги сессиянын күн тартибиндеги сунушталган маселелер боюнча
материалдар (чечимдердин долбоорлору, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.)
сессия болгонго чейин 3 күндөн кечиктирилбей кеңештин жооптуу катчысына
жазуу түрүндө берилиши керек.
7. Райондук Кеңештин сессиясынын жумушчу органдары
7.1. Райондук Кеңештин сессиясы, сессия учурунда уюштуруучулук иштерди
тейлөө максатында жумушчу органдарын - секретариатты, зарылчылыгы пайда
болсо эсептөө комиссиясын, башка да комиссиялар түзөт. Жумушчу органдар
сессияга катышып жаткан депутаттардыи көпчүлүгүнүн добушу менен бекитилет.
7.2. Сессиянын секретариаты райондук кеңештин аппараты менен бирдикте,
сессиянын журушун стенографиялык жазуунун жүргүзүшөт, сүйлөөчүлөрдү,
суроолорду, талап коюучуларды тактайт, тиешелүү материалдарын сессияны
алып баруучуга тапшырат. Секретариат сессиянын регламентинин сакталышына
көзөмөлдүк жүргүзөт, депутаттарга түшүндүрмөлөрдү берет.
7.3. Секретариат райондук Кеңештин аппараты менен бирдикте сессия
тарабынан иштелип чыккан материалдарды, протоколдорду жазып, кол коюуга
даярдайт.
8. Сессиянын күн тартиби жана иштөө тартиби
8.1. Сессиянын күн тартиби жана иштөө тартиби райондук кеңештин
төрагасы тарабынан сунушталат.
8.2. Күн тартиби жана иш тартиби депутаттар тарабынан талкууланып
бекитилет.
8.3. Эгерде депутаттар тарабынан күн тартипке же иштөө тартипке
өзгөртүү киргизүү же кошумча маселе сунуш кылышса, ал депутаттардын
талкулоосуна жана бекитүүсүнө сунуш кылынат.
9. Райондук Кеңештин депутаттардын сессия учурундагы
укуктары жана милдеттери
9.1. Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал
органдарына өзүнін талапкерлигин сунуштоого.
9.2. Күн тартибин иштөө тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны
добушка койдурууга.
9.3. Сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунуш
кылууга жана добушка койдурууга.
9.4. Райондук Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мекеме
ишканалар ж.б. органдардын жетекчилеринин отчетторун угууну күн тартибине
киргизүүнү сунуштоого.
9.5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшерүү жүргүзүү
үчүн сессиянын чечимин чыгарууну сунуштоого.
9.6. Сессиянын регламентин жана иштөө тартибин толук сактоого.
9.7. Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга
мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюн кетирүүгө берилбейт).
9.8. Сессиянын ишине активдіі катышууга жана ар бир талкууланган
маселенин чечилишине өзүнін жекече пикирин сактоо менен добуш берүүгө.
10. Каѕештин чечимдери
10.1. Кеңештин токтому депутаттардын талкуусунан кийин, сессияга
катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
10.2. Кеңештин сессиясына катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен
туруктуу комиссияларын өзгөртүү жана мурда кабыл алган чечимдерди жокко
чыгаруу же өзгөртүү киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат.
10.3. Сессиянын жүрүшүндөгү маселелер боюнча кеңеш токтом түрүндө
кабыл алат жана токтомго кеңештин төрагасы кол коет.
10.4. Кеңештин депутаты кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомго
макул эместигин кат жүзүндө же оозэки билдируусу кеңештин протоколуна
жазылат.
10.5. Токтомдун долбоору сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк
добушу менен негизинен кабыл алынгандан кийин токтомдун долбоорунун ар бир
пункту боюнча талкууланып толугу менен кабыл алынат.
10.6. Кеңештин чечимин бастырып чыгаруу, кеңештин токтомдорунун
аткарылышын көзөмөлдөө кеңештин аппаратына жүктөлөт.
10.7. Райондук кеңештин чечими райондун аймагындагы мекеме уюмдарда
аткарылууга милдеттүү.
10.8. Кеңештин токтомдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынды
белгиленген тартипте жокко чыгарылышы, болбосо күчүн жоготту деп табылышы
мүмкүн.
11. Райондук Кеңештин төрагасы
11.1 Кеңештин сессиясына чакырат, аны алып барат, кенештин
токтомдоруна жана чечимдерине кол коет, алардын аткарылышына козомолдук
кылат.
11.2. Жарандардын райондук кеңешке кайрылган арыз-даттанууларын,
кайрылууларын карайт.
11.3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо,
Ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө Жогорку органдарга кайрылат.
11.4. Кеңештин регламентинин сакталышын көзөмөлдөйт.
11.5. Кеңештин протоколуна, токтомдоруна жана башка документтерине
кол коет.
11.6. Кенештин торагасынын орун басарына талапкерди шайлоого
сунуш киргизет.
11.7. Райондук Кенештин жооптуу катчысы, жооптуу кызматчылары башкы,
жетектөөчү адистери «Муниципиалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамга ылайык,
райондук Кеңештин төрагасынын буйругу менен кызматка дайындалат жана
бошотулат.
11.8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде кеңешке жүктөлгөн
милдеттер боюнча башка маселелерди чечет.
11.9. Райондук кеңештин төрагасы, өзүнүн милдетин кезектеги мөөнөткө