Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын
11-сентябрындагы № 256 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2000-жылдын 25-июлу ПУ № 189
Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 646 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Республиканын билим берүү системасын андан ары өнүктүрүү жана чыңдоо, окуу, илим жана өндүрүш потенциалын топтоонун региондук принцибин камсыз кылуу максатында, ошондой эле Талас областын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, анын жогорку квалификациялуу адистерге муктаждыгын эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин Талас филиалынын, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Талас филиалынын, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Талас филиалынын, Кыргыз агрардык академиясынын Талас филиалынын базасында Талас мамлекеттик университети түзүлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 646 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Талас мамлекеттик университетин түзүү менен байланышкан уюштуруу жана финансы маселелерин бир айлык мөөнөттө чечсин.
3. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Акаев |