Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын
11-сентябрындагы № 256 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 29-декабры ПЖ № 646
"Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" 2000-жылдын
25-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Билим берүү системасын андан ары тереңдетүү, аны жаңы экономикалык шарттарга ыңгайлаштыруу, орто звенодогу адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы № 189 Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1 пунктта "жана Талас айыл чарба техникумунун" деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |