Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 7-апрели № 98
"Ош шаарында техникалык шарттарга, жана суу түтүктөрү (водопровод) менен агындылоо (канализация) тармагына туташуу үчүн уруксат алуу бааларын бекитүү жөнүндө"
Ош шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 2-зпрелдеги № 144-06-07 шаардык суу түтүктөрүнө жана агындылоо тармагына туташуу үчүн техникалык шартты даярдоо жана берүү, суу түтүктөрү (водопровод) менен агындылоо (канализация) тармагына туташуу үчүн уруксат алуу баасын бекитүү жөнүндөгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлумунун каттарын карап жана талкуулап депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2009-жылдын 3-апрелдеги заседаниесинин токтомунун негизинде жана сессияда чыгып суйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 0ш шаарында техникалык шарттарга жана суу түтүктөрү (водопровод) менен агындылоо (канализация) тармагына туташуу үчүн уруксат алуу баалары тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме №1)
2. Жогоруда бекитилген Ош шаарында техникалык шарттарга жана суу түтүктөру (водопровод) менен агындылоо (канализация) тармагына туташуу үчүн уруксат алуу баасын бекитуу жөнүндөгү тарифтерин калктын калыӊ катмарына жеткируу максатында шаардык "Ош шамы" гезитине жарыялансын.
3. Бул токтомду Ош шаардык адилет башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин башкы адис-юристине (М.Авазов) тапшырьшсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеӊешинин төрагасы |
Д- Алимбеков
| |
| 2009 жылдын 7 апрелинин Депуттардын Ош шаардык Кеӊешинин XI сессиясынын № 98 токтомуна №1 тиркеме | |
1. Шаардык суу түтүктөрүнө жана агындылоо тармагына туташуу учун техникалык шартты даярдоо жана беруу баасы:
- Суу түтүгү үчүн (водопровод) - 656.49 сом (салыктарды кошпой эсептегенде); -Агындылоо учун (канализация) - 656.49 сом (салыктарды кошпой эсептегенде).
2. Суу түтүктөрү жана агындылоо тармагына туташууга уруксат берүү басы:
- Суу түтүгү үчүн (водопровод) суткасына 1м3 учун - 2 840.00 сом (салыктарды кошпой эсептегенде);
- Агындылоо учун (канализация) суткасына 1м3 учун - 3 440.00 сом (салыктарды кошпой эсептегенде).
Эскертүү. Обьекттин иш аракетинин чөйрөсүнө жана максаттык багытына жараша төмөндөтүүчү жана жогорулатуучу коэффициент колдонулат:
№ Объектинин иш аракетинин чөйрөсү жана максаттык багыты Коэффициент
1. Бюджеттик уюмдар-0,1
2. Чарба эсептик муниципалдык, мамлекеттик уюмдар 0,5-1,5
3. Коммерциялык уюмдар (жеке юридикалык жактар) өндүрүштүк ишканалар 0,5-1,5
- Сауна, мончо, автожуугуч, акы теленуучу туалет 1,2-3,0
- Кафе, бар, ресторан, оюн-зоок мекемелер 1,2-2,0
- Башкалар 1,0
4. Коммерциялык эмес уюмдар 0,3-1,0
5. Пайдалануучу аянты 100 м2 тан жогору турак жай уй 0,2-1,0
Депутаттардын Ош шаардык кеӊешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |