Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-октябры № 8-4
Керме-Тоо айыл өкмөтүндө элдик каада-салттарды,
ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана майрамдык
салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча иш- чаралардын
долбоорун бекитүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык Кеңешинин депутаттары Керме-Тоо айыл өкмөтүндө элдик каада- салттарды, ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча иш-чаралардын долбоорун бекитүү жөнүндө сунушун карап, кызуу талкуулап төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүндө элдик каада- салттарды, ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча иш- чаралардын долбоорун бекитилсин.
2. Ушул токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык иштер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |
| Керме-Тоо айылдык Кеңешинин 5- чакырылышынын 6-сессиясынын № 8-4 токтомуна тиркеме |
№ | Аткарылуучу иш -чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруу үчүн жооптуулар |
1.Маркумду акыркы сапарга узатууда: | |||
1 | Маркумду акыркы сапарга узатууда чоң бодо малдын ордуна 1 кой союлуп, биринчи бейшембилиги, кыркы,жылдыгы жана бир айттыгы гана өткөрүүнү жана маркумдун үй-бүлөсүнө акчалай жардам көрсөтүүнү уюштуруу |
Дайыма | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, тийиштүү кызматкерлер, айылдык кеңештин депутаттары Жаштар,аялдар жана ардагерлер кеңеши |
2 | Аза күтүп жаткан үйдө алыстан келген меймандарга сый дасторкон салып, кой союп,конок күтүүгө чек коюу иштерин уюштуруу | ||
3 | Аза күтүп жаткан үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан аялдар арасында жыртыш жыртуу, себет берүү, идиш - аяк жана башка майда барат буюмдарды: самын, жип,чай таркатууга тыюу салуу | ||
4 | Тажияда дасторкондон нан алуу, пакет көтөрүп кетүүнү токтотуу,ага тыюу салуу. | ||
5 | Бейшембилик,кырктык деген маркумду эскерүү ырым- жырымдары маркумдун жакын туугандары менен гана өткөрүү практикалансын | ||
6 | Макумдун жылдыгын өткөрүүдө ак кийиди салтында ашыкча кийим кийдирүүнү кыскартуу жана ысырапкерчиликке жол койбоо | ||
7 | Маркумдун мүрзө жайын цементтеп, бышкан кыш менен тосууга жана айкелин ,мраморго жана башка таштарга сүрөтү чегилген эстеликтерди коюу күнөө экендигин элге кеңири түшүндүрүү.Анын ордуна маркумдун мүрзөсүн жыгачтан жасалган тосмолор менен бекитүү иши кеңири жайылтылсын. | ||
2.Тойлор, юбилейлерди өткөрүүдө: | |||
1 | Нике жашына же 18 жашка жетпеген кыздарды турмушка берүүгө жол койбоо жана эки жашка молдо тарабынан нике кыюуга мамлекеттик каттоодон өтүп,нике күбөлүгүн алгандан кийин гана уруксат берүү. |
|
|
2 | /йлөнүү үлпөт тойлордо эки куда бири- бири менен эки жаштын кийинки жашоосу үчүн зарыл болгон жабдууларды берүү менен чектөө |
|
|
3 | /йлөнүү-үлпөт тойлорунда ЗАГСка чыгуучу машиналардын санын 5тен ашырбоо менен жол эрежелерин сактоону тартипке салуу,спирттик ичимдиктери жок той өткөрүүнү жана жаштарды ыйманга чакырууну колго алуу |
|
|
4 | Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кыз ала качууга тыюу салынат. |
|
|
5 | Кызды турмушка узаткандан кийин 40 күндүк ысык тамак алып барууну, майрамдарда күйөө балага майрамдык жөнөтүүгө тыюуу салуу |
|
|
6 | Сүннөт тойлор 1 күндө өткөрүлүп, кыздын ата-энеси тарабынан тойго сарпталуучу ысырапкерчиликтерди кыскартуу менен: -Спорттун улуттук күрөш түрү: -Ордо -Шахмат-шашки түрлөрү боюнча мелдештерди өткөрүүгө көңүл буруу. |
|
|
7 | Той мааракелерге аялдар тарабынан жасалуучу табак,себеттердин ордуна той ээсине акчалай жардам көрсөтүү жана себет берүүнү, бөлүп кетүүнү токтотуу |
|
|
8 | /й-бүлөлүк бюджетке терс таасирин тийгизген туулган күн,классташтар отурушу,келиндер отурушу,туугандар отурушу сыяктуу кечелерди уюштурууга жана элибиздин менталитетине туура келбеген юбилейлерди өткөрүүгө чек коюу. |
|
|
9 | Ажы тосуп алуу «ажы тойлорду» өткөрүү иш- чараларын тартипке келтирүү.Мында ажы келген күнү 5-6 жерге кой союп конок берүү иштерине чек коюу |
|
|
3. Мектептерде жана мектеп окуучулар арасында,ашыкча чыгымдарды кыскартууда: | |||
1 | Мектептерде даталуу күндөрдө,акыркы коңгуроодо,Алиппе майрам күндөрүндө мугалимдерге баалуу белектерди берүүгө тыюу салуу жана « Бүтүрүү кечелери» сыяктуу кечелерди ата-энелердин катышуусунда,ашыкча чыгымдарсыз күндүзү өткөрүүнү жолго коюу. |
|
|
2 | Мектеп окуучулары арасында туулган күндөрдү ресторан -кафелерде, окуучулардын үйлөрүндө түн ичинде өткөрүүгө тыюу салуу. |
|
|