Загрузка документа…
МАЕВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-декабры № 162
Маевка айылдык округунун аймагында жеңилдетилген
типтеги объекттерди жайгаштыруу шарттарын жана
тартибин жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө
Маевка айылдык округунун аймагында жеңилдетилген типтеги объекттердин иштөөсүн оптималдаштыруу жана тартипке келтирүү, жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштырууга уруксат берүү документтерин берүү тартибин жакшыртуу, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 30-майындагы №252 “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жана 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жарандык жана Жер кодекстерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Маевка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
-Маевка айылдык округунун аймагында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн муниципалдык жер участокторуна ижара укуктарын берүүтартиби жана шарттары жөнүндө” жобо (1-тиркеме);
- жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участогуна ижаралоонун типтүү келишими (2-тиркеме);
- Маевка айылдык округунун аймагында Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын жеке менчигинде турган айыл чарба багытындагы жерлерде айыл чарба өндүрүшү үчүн жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу тартиби жана шарттары жөнүндө” жобо (3-тиркеме).
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Маевка айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.
Маевка айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Т Молодокулов
|
| Маевка айылдык кеңешинин 2014-жылдын “____” __________ №____ токтомуна 1-тиркеме |
Маевка айылдык округунун аймактарында жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн муниципалдык жер участокторуна ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө
1. Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Маевка айылдык округунун аймактарында турган жер участокторуна ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө бул жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн Маевка айылдык округунун аймактарында турган жер участокторуна ижара акыларды берүү тартибин жана шарттарын аныктайт.
аукцион - тооруктун түрү, мында баарынан кымбат бааны сунуштаган жак утат;
кепилдик төгүм - жер участогуна укукту алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер төгүүчү акчанын суммасы;
шаар куруу регламенти - шаар куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтеринде, курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринде жана жер участокторун, кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин уруксат менен пайдалануунун аныкталган параметрлери менен түрлөрүнүн жыйнагы;
шаар куруу документтери - райондук пландоонун долбоорлоо документтери, башкы план, деталдуу пландоо долбоорлору, чек салуу, кварталдарды куруу, шаар куруу түйүндөрүн жана пландоо структураларынын башка элементтеринин долбоорлору;
лот - тоорукка коюлуучу конкреттүү жер участогуна укуктар;
кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочу - кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча атайын адистикке окуганы тууралуу белгиленген тартипте тийиштүү сертификаты бар, баалануучу объектти түзүүчү, менчик ээси, акционери же мүлккө карата кызыкчылыгы бар жактан эмес, же ал адамдар менен жакын туугандык мамилеси болбогон адам;
жеңилдетилген типтеги объект - жылдырылуучу, көчүрүлүүчү палаткалар, күркөлөр, лотоктор, павильондор, жайкы аянтчалар, бастырмалар, жарнамалык конструкциялар, суусундуктарды сатуу үчүн көчүрүлүүчү (уюлдук) түйүндөр, сатураторлор, коомдук тамактануунун жылдырылуучу түйүндөрү, уюлдук байланыштын мунаралары жана кыймылсыз мүлктүн объектиси болуп саналбаган башка курулмалар жана курулуштар;
түз сатуу - жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) жер участогуна менчик же ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен берүү ыкмасы;
жер участогун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин уруксат менен пайдалануу - кыймылсыз мүлк объекттерин шаар куруу документтери, жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери менен белгиленген шаар куруу регламенттерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн объекттерди пайдаланууга чектөөлөр, ошондой эле сервитуттар менен кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануу;
- жерлердин максаттуу пайдаланылышы - жер участокторун жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;
-ыйгарым укуктуу орган – Маевка айыл өкмөтү;
- анык чек ара - жеринде аныкталган үлгүнүн чек араларга чек коюу белгилери менен бекитилбеген, 1:2000, 1:500, 1:10000 масштабында аткарылган чиймелерде көрсөтүлгөн жер участогунун чек арасы;
белгиленген чек ара - капиталдык имараттарга жана курулмаларга, туруктуу табигый багытына же геодезиялык пункттарга карата белгилүү координаттары бар бардык буруш түйүндөрүнүн байланмалары менен, юридикалык документтердин негизинде белгиленген үлгүдөгү чектеш белгилери менен жеринде бекитилген жер участогунун чек арасы.
3. Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторуна ижара укугу Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга берилет.
4. Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторуна ижара укугун берүү ачык тооруктарда жүргүзүлөт.
5. Жер участогуна ижара укугу комиссиянын чечими боюнча жеке жана юридикалык жактарга түз сатуу жолу менен төмөнкү учурларда берилиши мүмкүн:
а) жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу үчүн жер участогу мурда ушул жеке же юридикалык жакка мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген болсо;
б) жер участогу эки жолу ачык тоорукка коюлуп, бирок сатылбаса;
в) жер участогу ушул жактардын менчик укугуна таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу үчүн көрсөтүлгөн жер участогу кыймылсыз мүлктүн өз алдынча бирдиги катары жайгаша албаса жана андай жер участогуна укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болсо;
г) жер участогу үч жылга чейинки мөөнөткө берилгенде.
Эгер жер пайдалануучуда жер участогуна белгиленген тартипте мурда жол-жоболоштурулган документтери бар болсо, бирок жер участогуна ижара келишими жок болсо, комиссия бул жер пайдалануучу менен келишим түзүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
6. Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул жобого ылайык жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарын берүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
Комиссиянын курамына айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн, ошондой эле Архитектура жана шаар курулушу боюнча райондук башкармалыктар, Аламүдүн райондук Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы (мындан ары - Мамкаттоо) жана Агрардык өнүктүрүү департаментинин (айыл чарба багытындагы жерлерге) өкүлдөрү кирет.
Комиссиянын курамы айылдык кеңеш тарабынан ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча бекитилет.
Комиссиянын чечимдери добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтүн экисинен кем эмес кворум болгондо кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. Комиссиянын протоколуна комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат.
7. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) жер участокторуна ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим чыгарат;
б) жер участогуна укуктарды берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу ж.б) аныктайт;
в) тооруктарга жана түз сатууга коюлуучу жер участокторунун наркынын өлчөмүн аныктайт;
г) тооруктун жыйынтыгын белгиленген тартипте бекитет;
д) жер участокторуна укуктарды түз сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Комиссия төмөнкүлөргө:
а) тийиштүү кызматтардан жана бөлүмдөрдөн, чарбалык кылуучу субъекттерден Комиссиянын отурумда карала турган маселелерге таандык документтерди, корутундуларды, экспертизанын актыларын жана башка материалдарды алууга;
б) ижара келишимин түзүү жана же түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди кароого жана кабыл алууга;
в) Комиссиянын тийиштүү корутундуларын даярдоо боюнча ишке эксперттерди, анын ичинде көз карандысыз эксперттерди тартууга;
г) өз ишмердүүлүгү жөнүндө массалык маалымат каражаттарына материалдарды жарыялоого;
д) жер участокторуна ижара укуктарын берүү менен байланышкан башка маселелерди бул жободо жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган компетенциянын чектеринде кароого укуктуу.
8. Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн жер участокторуна ижара укугун сатуу, тооруктардын жана түз сатуунун предмети болуп саналат.
9. Жер участоктору беш жылдык мөөнөткө чейин кыска мөөнөтүү ижарага берилет. Комиссиянын чечими менен убактылуу пайдалануу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
10. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн ижарага берилүүчү жер участокторунун тизмеги түзүлөт.
Жер участокторунун тизмегин түзүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан өздүк демилге боюнча, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
Көрсөтүлгөн жер участокторунун тизмеги өзүнө мурда ижарага берилген жер участокторун, ошондой эле жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотуу үчүн ижарага бериле турган жаңы жер участокторун камтыйт.
11. Жер участокторуна укуктарды берүү эгер берилип жатканда бул участоктор түзүлгөн болсо, бул жобого ылайык берилиши мүмкүн.
Жер участоктору түзүлдү деп төмөнкү учурларда саналат:
а) үчүнчү жактардын укуктарынан бош болсо;
б) аныкталган чек аралары бар болсо;
в) уруксаттуу пайдалануунун белгиленген түрлөрү же максаттык дайындалышынын түрлөрү, ошондой эле башка керектүү шаар куруу регламенттери бар болсо.
12. Тоорук менен же түз сатуу жолу аркылуу берилүүчү жер участокторунун көлөмдөрү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу боюнча Бишкек шаарынын башкы пландарына, башка шаар курулуш документтерине, ошондой эле курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык аныкталат.
13. Комиссия ижарага берилүүчү жер участокторунун мөөнөтүн, муниципалдык менчикти натыйжалуу башкарууну жана аны ижарага берүүдөн максималдуу киреше алууну камсыздоо зарылдыгына жараша, ар бир жер участогу боюнча өзүнчө аныктайт.
14. Комиссия тарабынан тооруктарда же түз сатуу жолу аркылуу берилүүчү жер участогунун ижара акысынын көлөмү аныкталат.
Тооруктарда жер участогуна ижара укуктары берилген учурда, жер участогунун ижара укугунун старттык баасы бул жобонун 8-бөлүгүнө карата аныкталат.
15. Жер участогунун ижара акысынын сатуу наркы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бул жобонун 8-бөлүгүнө карата аныкталат жана комиссиянын кароосуна акыркы ижара акысын аныктоо үчүн сунуш кылынат. Акыркы нарк комиссия тарабынан аныкталат, бирок ыйгарым укуктуу орган сунуштаган нарктан төмөн болбошу керек.
16. Ыйгарым укуктуу муниципалдык органдын заказы боюнча архитектура башкармалыгы жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн ижарага бериле турган жер участокторун тандайт жана корутунду даярдайт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) башкы планга жана башка шаар курулуш документтерине, ошондой эле курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык, жер участогун жайгаштыруунун ылайык келиши;
б) участоктун долбоордук чек араларынын жана шаар курулуш регламенттеринин бар экендиги;
в) жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу мүмкүндүгү жөнүндө сунуш.
17. Архитектура башкармалыгы, Мамкаттоого тандалып алынган жер участогу боюнча маалымат берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) каралуучу жер участогунун укуктук статусу;
б) сервитуттардын, башка убаралардын болушу;
в) башка жактардын мүлктүк укуктары;
г) чектеш жер пайдалануучулардын жана жер участокторунун менчик ээлеринин чек аралары менен салыштыруу жолу аркылуу белгиленген чек аралар менен анык чек аралардын дал келүүсүн аныктоого мүмкүн болгон чек белгилердин же туруктуу белгилердин болушу;
д) имараттардын жана курулмалардын, башка курулуштардын бар экендиги.
Үчүнчү жактардын укуктары же тийиштиги бар болсо, Мамкаттоо үчүнчү жактардын укуктарын жана тиешесин чагылдырган чектерди түшүрүү менен участоктун чиймесин берилүүчү маалыматка тиркейт.
Мамкаттоо Архитектура башкармалыгынын суроосу боюнча ага тийиштүү маалыматты 5 күндүн ичинде берет.
18. Бишкекбашкыархитектура корутундуга жер участогунун жана жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу планын (мындан ары - жер участогунун планы) тиркейт, анын курамына графикалык жана тексттик материалдардын комплекси кирет, анда төмөнкү маалыматтар камтылат:
а) жер участогунун таандыгы (муниципалдык менчик);
б) жер участогунун жайгашкан орду (дареги) жана аянты;
в) 1:2000, 1:500, 1:10000 масштабында топографиялык негизде аткарылган жер участогунун чиймеси, анда төмөнкүлөр түшүрүлгөн:
а) бурулуш түйүндөрүнүн координаттарын көрсөтүү менен же кыймылсыз мүлктүн объекттерине участоктун чек арасынын байланганын көрсөтүү менен жер участогунун чек аралары;
б) азыркы турган курулуштар, анын ичинде курулма эрежелерине жана жер пайдаланууга туура келбеген курулмалар;
в) жер участогу боюнча өткөн инженердик - техникалык коммуникациялардын трассалары;
г) сервитуттардын иштөө чек аралары;
д) сервитуттардын жана убаралардын сүрөттөлүшү;
е) жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу долбоору.
Жер участогу тийиштүү чектөөлөр зонасында жайгашкан болсо, төмөнкүдөй кошумча шаар курулуш регламенттери колдонулат:
а) тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча;
б) жер пайдалануунун жана курулманын санитардык, суу коргоо жана башка экологиялык шарттары боюнча.
Архитектура башкармалыгы корутундуну ыйгарым укуктуу органга 5 иш күндүн ичинде жөнөтөт.
19. Жер участогун ижарага берүү мүмкүн болсо, ыйгарым укуктуу орган комиссиянын кароосуна жер участогуна ижара укуктарын берүү (аукцион, конкурс, түз сатуу ж.б.) ыкмасын аныктоо, ошондой эле сатуу жөнүндө түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн лоттун старттык баасынын же жер участокторунун баштапкы баасынын көлөмүн бекитүү жөнүндө маселени киргизет.
Эгер ыйгарым укуктуу орган берилген корутунду жана жер участогунун планы менен макул болбосо, алар Архитектура башкармалыгына аларды кайтаруу мотивдерин көрсөтүү менен кошумча иштеп чыгуу үчүн кайтарылат.
20. Жеке жана юридикалык жактар ижарага жер участокторун берүү жөнүндө арыздарды ыйгарым укуктуу муниципалдык органга берет.
Жеке жана юридикалык жактардын арыздарында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) арыз ээси жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты же юридикалык жактардын аталышы, ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги тууралуу кошумча маалымат, арыз ээсинин дареги);
б) конкреттүү жер участогунун болжолдуу өлчөмү жана жайгашкан орду же анын болжолдуу мүнөздөмөлөрү;
в) суралып жаткан жер участогун пайдалануу боюнча болжолдуу билдирүү.
21. Ыйгарым укуктуу муниципалдык орган арызды карап чыгат жана 3 иш күндүн ичинде Архитектура башкармалыгына буйрутма жөнөтөт. Жер участогун андан ары даярдоо жана аны ижарага берүү бул жобонун 16-19-пункттарында каралган тартипке ылайык жүргүзүлөт.
Арыздарды кароо жыйынтыктары жөнүндө ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте арыз ээсине кабарлайт.
22. Айыл өкмөтү тийиштүү органдар жана кызматтар менен жер участокторуна жайгаштыруу үчүн багытталган жеңилдетилген типтеги типтүү объекттердин болжолдуу макулдашылган долбоорлорун бекитет. Жер участогунда жеңилдетилген типтеги типтүү объект жайгаштырылган учурда, мындай объекттин долбооруна кошумча макулдашуу талап кылынбайт.
Типтүү эмес жеңилдетилген типтеги объект жайгаштырылган учурда, мындай объекттин долбоорун макулдашуу тийиштүү органдар жана кызматтар менен, жалпы тартипте жана арыз ээсинин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
23. Ар бир тооруктардын предмети боюнча ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча комиссия тарабынан гарантиялык взностун өлчөмү, тооруктардын катышуучулары тарабынан аны төлөө мөөнөтү жана тартиби, аукциондук кадамы, төлөө формалары аныкталат. Гарантиялык взнос комиссия тарабынан аныкталат.
24. Ыйгарым укуктуу орган тооруктарды өткөрүүгө чейинки отуз күндүн ичинде массалык маалымат каражаттарына жарыялоого же тооруктарды өткөрүү жөнүндө билдирүүнү алар ээлеген жайдагы жалпы бардыгына жеткиликтүү көрүнө турган жерге илүүгө милдеттүү.
Билдирүүдө тооруктарды өткөрүү күнү, убактысы, орду жана формасы, анын ичинде, тоорукка катышууну жол-жоболоштуруу жөнүндө маалыматтар, ошондой эле баштапкы баасы жөнүндө маалыматтар, кепилдик взнос жана комиссиялык жыйым, которулуучу банктын керектүү эсептери, тооруктардын предметинин старттык наркы, жер участогунун берүү мөөнөттү, арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү, толук маалымат алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын телефону жана дареги болууга тийиш.
25. Ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан катышуучулар үчүн документтер пакети даярдалат, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат: тооруктардын предметинин аталышы, аукционду жана конкурсту өткөрүү шарттары, бул жобонун 17-пунктунда каралган графикалык жана тексттик материалдардын көчүрмөлөрү. Тооруктарда объекттер "бир билет - бир лот" схемасы боюнча жүзөгө ашырылат.
26. Тооруктар ачык аукцион формасында жүргүзүлөт.
Комиссия тарабынан дайындалган аукционист аукционду жүргүзөт. Аукциончу тооруктардын предметин, аны сатуу шарттарын жана тооруктардын кадамын баяндайт. Комиссия тооруктардын кадамын ар бир лот боюнча өзүнчө тооруктар башталганга чейин аныктайт.
Аукциондо тооруктардын башталышы деп тооруктардын предметинин старттык баасын жарыялоо учуру эсептелет.
Эгер аукциондун жүрүшүндө старттык баа үч жолу жарыялангандан кийин тооруктун предметин алууга даяр сатып алуучу чыкпаса, аукциончу комиссиянын макулдугу боюнча старттык бааны 10 пайыздан ашык эмес арзандатууга укуктуу.
Тооруктардын жүрүшүндө аукциондун катышуучулары (же алардын ишенимдүү өкүлдөрү) аукциончуга каратылган катышуучунун номери бар табличкасын көтөрүп, өз баасын атайт.
Эгер аукциончу акыркы бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири андан ашыгыраак бааны сунуш кылбаса, аукциончу балканы уруу менен тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган катышуучу сатып алганы жөнүндө жарыялайт.
27. Тооруктарга катышуу укугун алуу үчүн талапкер тооруктардын уюштуруучусуна төмөнкүлөрдү берет:
а) укуктарды сатып алууга ниеттенген жер участокторун көрсөтүү менен белгиленген формада жазуу түрүндөгү арыз;
б) өзүн күбөлөндүрүүчү документ (жеке жактар үчүн) же юридикалык жактын атынан чыгуу укугуна ишеним кат;
в) комиссиялык жыйымды жана гарантиялык взносту (эгер тооруктардын шарттары боюнча аларды төлөө талап кылынса) төлөгөндүгүн тастыктаган төлөм документтери.
28. Тооруктардын катышуучусу төмөнкү:
а) тоорукка өзү же өкүлдөрү аркылуу акысыз катышуу;
б) тооруктун предмети жөнүндө толук маалыматты акысыз алуу;
в) тооруктун предметин кароо;
г) тоорукка катышуудан баш тартуу, бирок ал жөнүндө тооруктун уюштуруучусуна тоорук өткөрүлөөрдөн үч күндөн кем эмес мурдатан билдирүү жана өзүнүн гарантиялык акысын алуу укугуна ээ, ал эми көрсөтүлгөн мөөнөт бузулган учурда гарантиялык акы кайтарылып берилбейт;
д) тооруктун катышуучусу катары укугу бузулса сотко кайрылуу укуктарына ээ.
29. Аукционго жана сынактарга катышууга арыздарды кабыл алуу жана тооруктардын катышуучуларын каттоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан тооруктарды өткөрүү күнүнө 5 иш күн калганда токтотулат. Бир гана арыз берилген тооруктардын предмети тооруктардан алынып салынат жана кийинки тооруктарга коюлушу мүмкүн.
Эгер тооруктардын предметине бир гана арыз келип түшсө же тооруктар өткөрүлдү деп саналбаса, комиссия старттык ижара акыны 25% чейин азайтууга укуктуу.
30. Ыйгарым укуктуу орган аукцион өткөрүүдөн каалаган убакта, бирок аны өткөрүүчү күндөн үч күндөн кем эмес мурдатан баш тартууга, ал эми конкурстан - конкурс өткөрүү күнүнөн отуз күн мурун баш тартууга укуктуу, бул жөнүндө протокол түзүлөт, анда тооруктарды өткөрүүдөн баш тартуунун себептери көрсөтүлөт. Тооруктарды өткөрүүдөн баш тарткан учурда ыйгарым укуктуу орган катышуучуларга тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен бул жөнүндө жазуу түрүндө билдирет. Мында гарантиялык взнос катышуучуга кайтарылат.
31. Бул жобонун талаптарына ылайык жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде түзүлгөн жер участоктору түз сатууга коюлат.
32. Түз сатуулар комиссия тарабынан берилүүчү жер участогунун шарттары жөнүндө арыз ээси менен сүйлөшүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
33. Мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участогуна ижара укуктарды түз сатууда (пайдалануу мөөнөтүн узартууда) архитектура жана курулуш органынын, ошондой эле Мамкаттоонун жергиликтүү органынын кайталоо корутундусу талап кылынбайт, эгер төмөнкүлөр мурдакыдай эле калтырылса:
а) жер участогунун аянты, конфигурациясы, жайгашкан орду;
б) максаттык багыты.
34. Тооруктун жүрүшүндө объектиге акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат жана ошол эле күнү тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлат. Протоколго комиссиянын мүчөлөрү кол коет.
35. Протоколдо тооруктардын предмети жөнүндө маалыматтар, тооруктардын сатылган предметинин старттык жана акыркы баасы, тооруктардын жеңүүчүсү жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. Тооруктардын жеңүүчүсүнө комиссиянын отурумунун протоколунан көчүрмө берилет.
36. Тоорукта уткан жак протоколго кол коюудан качса ал төккөн гарантиялык акыны кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурда бул предмет боюнча тооруктар кайра башталат.
37. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган учурлар же карсанатай атаандаштык аныкталганда комиссия тооруктардан ар убак сунуш кылынган лотту алып салууга же келишим түзүлгөнгө чейин лот боюнча тооруктардын жыйынтыктарын жокко чыгарууга укуктуу.
38. Комиссия катышуучу тараптан карасанатай атаандаштыкты аныктаган учурда акыркысы бул лот боюнча тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат, мында гарантиялык акы кайтарылбайт.
39. Тооруктардын жеңүүчүсү ижара келишими түзүлгөнгө чейин ыйгарым укуктуу органдын депозиттик счетуна киргизилүүчү сунуш кылынган үч айлык ижара акысынын көлөмүндө келишим шарттарын аткаруунун кепилдик камсыздоосун төлөп турат.
40. Кепилдик камсыздоосу ижарачынын демилгеси боюнча бузулуп жатса, ал тараптан келишим шарттарын бузуулар жок болгондо жана ижарачы тарабынан жеңилдетилген типтеги объект демонтаждалгандан кийин кайтарылат.
41. Кепилдик камсыздоосу ижарачы тарабынан ижара келишиминин шарттарын бузган же эки айдын ичинде ижара акыларын төлөбөгөн учурларда кайтарылбайт.
42. Тооруктардын же түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча комиссиянын чечиминин негизинде, ыйгарым укуктуу орган тарабынан комиссиянын мүчөлөрү протоколго кол койгондон кийин 5 күндүн ичинде жер участогуна ижара келишими түзүлөт.
43. Бир айлык ижара акынын көлөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
An = H х S х К1, мында:
An - бир айлык ижара акынын көлөмү (сом менен);
H –бир чарчы метр үчүн ижара акысынын чени, (сом менен);
Ижара акысынын ченеминин өлчөмү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Маевка айыл өкмөтү тарабынан бекитилет.
S - жер участогунун аянты чарчы метр менен;
К1- функционалдык багытынын коэффициенти, мында ал төмөнкү учурларда төмөнкүгө барабар болот:
- 6 - гараждар, күзөт будкалары, нан сатуу күркөлөрү, бут кийим оңдоо күркөлөрү, гезит күркөлөрү ж.б.;
12 - сүрөт кызмат көрсөтүүлөр, интернет байланыш кызмат көрсөтүү пункттары, банкоматтар, соода павильондору;
14 - убактылуу аянтчалар, жалпы тамактануу түйүндөрү, автосервис пункттары;
- 30 - жарнамалык контрукциялар;
- уюлдук байланыш мунаралары үчүн алардын жайгашкан ордуна карабастан (баа зонасынын коэффициенти) ай сайын ижара акы 5220 сомдон кем эмес көлөмдө белгиленет;
- суусундуктарды сатуу көчмө түйүндөрү жана сатураторлор үчүн, алардын жайгашкан ордуна карабастан (баа зонасынын коэффициенти) ай сайын төлөнүүчү ижара акысы 400дөн 600 сомго чейинки көлөмдө бир түйүн үчүн белгиленет;
44 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси жана ыйгарым укуктуу муниципалдык орган тарабынан берилген эсептер боюнча жер салыгы ижарачы тарабынан ыйгарым укуктуу органдын эсебине которуу жолу менен төлөнөт.
45. Жер участогун убактылуу пайдалануу мөөнөтүн узартууда ижарачы жер участогунун убактылуу пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып жер участогун анык кайтарып бергенге чейин же мөөнөтүн узартканга чейинки мезгил үчүн ижара акысын төлөп турууга милдеттүү.
46. Жеңилдетилген типтеги объект төмөнкү учурларда демонтаждалат:
- жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштырууга уруксат берүүчү документтер тийиштүү тартипте жол-жоболоштурулбай иштеп жатса;
- жаңы курулуш баштоо ишке ашырылып жаткан учурда;
- соттун чечими боюнча;
- комиссиянын чечими менен төмөнкү учурларда:
- келишимдин шарттары бузулган учурда;
- 3 ай бою ижара акылары төлөнбөгөндө;
- архитектуралык жана шаар курулуш ченемдерине ылайык келбегенде;
- айыл өкмөтүнүн турмуш-тиричилигин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актылар жана архитектуралык - шаар курулуш ченемдери кабыл алынганда.
47. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо болжолдуу билдирүү боюнча 5 күндүн ичинде объекттин ээсинин эсебинен жүргүзүлөт, тийиштүү документтери жок орнотулган жана иштеп жаткан объектти демонтаждоодо болжолдуу билдирүү талап кылынбайт.
Эгер жеңилдетилген типтеги объекттин ээси аныкталбаса жана анын кайда экендигин аныктоо мүмкүн болбосо, демонтаждоо жөнүндө билдирүү ал объектке чапталат, бул жөнүндө акт түзүлөт жана ижарачынын өкүлү тарабынан кол коюлат.
48. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо айыл өкмөтү тарабынан демонтаждоо жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн аныкталган мөөнөт аяктаганда объекттин ээсинин же анын өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Демонтаждоодо объекттин ээси же анын өкүлү объектте жайгашкан материалдык баалуулуктардан бошотуп берүүгө милдеттүү.
Демонтаж жүргүзүүгө объекттин ээси же анын өкүлү тарабынан тоскоолдуктар түзүлсө, объектте жайгашкан материалдык баалуулуктар жөнүндө кыскача тизме түзүлөт жана болгон материалдык жана моралдык зыян тартууларды компенсациялоосуз анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждоо жүргүзүлөт, мында ыйгарым укуктуу орган объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик албайт.
Эгер ээси жок болсо, объектке мөөр басылат жана болгон материалдык жана моралдык зыян тартууларды компенсациялоосуз анда жайгашкан материалдык баалуулуктары менен кошо демонтаждоо жүргүзүлөт, мында айыл өкмөтү объекттин жана башка баалуулуктардын бүтүндүгү үчүн жоопкерчилик тартпайт.
49. Айыл өкмөтү тарабынан демонтаждоо жүргүзүүдө жетекчилик менен макулдашуу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана адистери тартылышы мүмкүн.
50. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги объект айыл өкмөтүнүн корголуучу аймактарына жөнөтүлөт жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрүнө кабыл алуу - өткөрүп берүү актысы боюнча убактылуу сактоого тапшырылат. Объектти өткөрүп берүү, объектти сактоо, демонтаждоо боюнча кетирилген бардык чыгымдар жеңилдетилген типтеги объектин ээси тарабынан толугу менен төлөнүп берилгенде жана айыл өкмөтүнүн жазуу түрүндөгү тастыктоосунун негизинде жүргүзүлөт.
51.Демонтаждоо боюнча айыл өкмөтүнүн кетирген чыгымдарын төлөө кассага акча каражатын накталай төгүү же айыл өкмөтүнүн эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт.
52. Демонтаждалган жеңилдетилген типтеги объект 10 күнгө чейин акысыз сакталып турат, 10 күн өткөндөн кийин объектти сактоо акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат.
53. Кайтарылуучу аймактагы жоопкерчиликтүү жак объекттин сакталышы жана анда жайгашкан материалдык баалуулуктардын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
54. Женилдетилген типтеги объектти сактоо үчүн төлөмдөр кассага акча каражатын накталай төгүү же айыл өкмөтүнүн эсебине которуу жолу менен жүргүзүлөт.
| Маевка айылдык кеңешинин 2014-жылдын “___” _________ №____ токтомуна 2-тиркеме |
Маевка айылы 20__-жылдын «__» _________
Маевка айыл өкмөтү _____________________________________________________________ “Жобонун негизинде иштөөчү, мындан ары “Ижарага берүүчү” аталган биринчи тараптан ____________________________________________________________, (жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы) _______________________________________________________ атынан
мындан ары “Ижарачы” аталган, экинчи тараптан ________________________________________________________________
(ишеним кат боюнча болсо-кызматы, аты-жөнү)
________________________________________________________________
негизинде, төмөндөгүлөр жөнүндө бул келишимди түзүштү.
Келишимдин негизи
Ижарага берүүчү Ижарачыга 20___-жылдын “___”_____ комиссиянын чечимине ылайык _____________________________________________________ үчүн (жер участогун пайдалануунун максаттуу багытын көрсөтүү)
_______________________________________________ дареги боюнча жайгашкан участоктун чиймеси ушул токтомго тиркелүүчү көрсөтүлгөн чектерде, аянты ____ чарчы метр жер участогу ____ жылдык мөөнөткө ижаралык пайдаланууга берилет.
Ижара төлөмү
Ижара төлөмү комиссиянын 20___-жылдын “___”_________ №___ жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө чечими кабыл алынган күндөн тартып эсептелет жана түзүлөт:
Ай сайын ______________________________________.
Ижара төлөмүн төлөө Ижарага берүүчү тарабынан көрсөтүлгөн эсеп –кысап эсебине ар айдын 1- числосуна чейин ай сайын киргизүү жолу менен жүргүзүлөт.
Ижара төлөмүнүн эсеби Маевка айылдык кеңешинин тийиштүү токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
Жерлердин ижарасы боюнча ижара төлөмдөрүн кайра кароо ар жыл сайын жүзөгө ашырылат.
Ижарачы ижара келишимин түзүүдө Ижарага берүүчүгө үч айлык ижара акы өлчөмүндөгү ______________(____________) сомду түзүүчү, ижара келишими аяктаганга чейин депозитте Ижарага берүүчү тарабынан кармалуучу кире сумма катары сумманы төлөйт. Келишим аяктагандан кийин кире сумма ижарачынын күнөөсү боюнча келтирилген материалдык зыянды четтетүү боюнча сумманы, ижара акы боюнча карызды же жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо боюнча чыгымдарды алып салуу менен ижарачыга кайтарылып берилет.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык Ижарачы ижара акыдан тышкары жер салыгын төлөйт.
Салыктын жылдык өлчөмү жылына _________________ сом. Төлөө квартал сайын бирдей үлүштө отчёттук кварталдын кийинки айынын 15-числосунан кечиктирилбестен жүргүзүлүүсү тийиш.
Кыргыз Республикасынын Салык кодекси тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жер салыгы төлөнбөгөн учурда Ижарачыга Кыргыз Республикасынын Салык кодекси тарабынан белгиленген өлчөмдө айып пулдар салынат.
Ижарачы төмөнкү укуктарга ээ:
3.1.1. ушул келишимде аныкталган максаттарга жана шарттарга ылайык ижарага берилген жер участокто гана өз алдынча ээлик кылууга;
3.1.2. Ижарага берүүчү тарабынан ижарага берилген жер участокто жайгашкан жеңилдетилген типтеги объекттер анын менчиги болуп саналат. Жер участогунун ижара мөөнөтү аяктаганда аларды андан ары пайдалануу жөнүндө маселе Ижарага берүүчү тарабынан чечилет.
3.1.3. өздөрүнүн милдеттерин аткарууда жаңы мөөнөткө бул ижара келишимин узартууга тийиштүү тартипте келишим мөөнөтү аяктаганда киришүүгө.
3.2. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.2.1. таштандыларды жана КТТны ташып чыгарууга келишим түзүүгө;
3.2.2. өз эсебинен төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга:
-жер участогун жана жанаша жаткан аймакты санитардык тазалоого, зарыл болгон учурда короонун аймагын;
- жер участогуна жанаша жаткан же ал аркылуу өтүүчү ирригациялык тармактарды тазалоого жана калыбына келтирүүгө;
3.2.3. максаттык багытына ылайык ижарага алынган жер участогун натыйжалуу пайдаланууга;
3.2.4. төмөнкүлөргө жол бербөөгө:
- жанаша жаткан аймактарда жайгашкан бак-дарактардын зыянга учуроосуна, кесилүүсүнө жана жок болуусуна;
- жер участокто, жанаша жаткан аймакта же короо аймагында таштандылардын топтолушуна;
-өзүнүн чарбалык ишинин ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда экологиялык абалдын төмөндөөсүнө;
- өзүнүн чарбалык ишинин ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жаткан аймактарда баш-аламан көчө соода кылууга;
3.2.5. келишим түзүлгөндөн кийин ижарага алынган жер участогун пайдаланууга киришүүгө;
3.2.6. жер участогун пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде берилген жер участокту жана жанаша жаткан аймакты, арык тутумдарын кошо көрктөндүрүү жана тазалыкта кармоого;
3.2.7. өз эсебинен ижарага алган дер участогун булгануудан, суу каптоодон, сазга айлануудан жана кирдетүүдөн сактоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу, ошондой эле ижарага алынган жер участокту күтүү боюнча башка чыгымдарды тартууга;
3.2.8. башка жер пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартибин бузбоо;
3.2.9. Ижарага берүүчүгө жана чектеш жер пайдалануучулардын өзүнүн чарбалык ишинин натыйжасында ижарага алынган жердин сапаты төмөндөөгө жана экологиялык абалга байланыштуу зыяндарын, кетирилген пайданы кошо толук көлөмдө ордун толтурууга;
3.2.10. жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмүн өз убагында төлөөгө. Ижара акы төлөө боюнча милдеттенмелерди бузууда ар бир өткөн күн үчүн суммадан 0,5% өлчөмдө, бирок негизги карыздын суммасынан 25% дан көп эмес туум эсептелинет. Айып пул жана туум төлөө Ижарачыны жер участогун ижаралоо үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотпойт.
Эгерде айып пул (туум) негизги карыздан 25 пайызынан көбүн түзсө, объект бузулууга тийиш же ижарачынын каражаттарынын эсебинен демонтаж кылынат.
3.2.11. пайдалануу укугу токтогондо жана пайдалануу мөөнөтүн узартууда баш тартылган учурда, өз эсебинен ижарага алынган жер участогунан жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоону жана жер участогун баштапкы абалга келтирүүнү жүргүзүү;
3.2.12. Ижарага берүүчүгө жер участогун баштапкы абалынан кем эмес абалда кайтарууга;
3.3. Ижарачы Ижарага берүүчүнүн макулдугусуз төмөнкүлөргө укуксуз:
3.3.1.бул келишим боюнча башка жакка өз укуктарын жана милдеттерин өткөрүп берүүгө;
3.3.2.ижарага алынган жер участогун кайтарымсыз пайдаланууга берүүгө;
3.3.3. ижара укуктарын киреге берүүгө жана салым катары шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына же пайлык төлөмдүн өндүрүш кооперативине киргизүүгө .
Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга ээ:
4.1. жерлерди пайдалануу жана сактоо үчүн контролду жүзөгө ашырууга;
4.1.2.Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык төмөнкү учурларда бир тараптуу келишимди бузууга:
а) максатсыз багыт боюнча жерди пайдаланганда;
б) топурактын түшүмдүү катмарын бузууга, экологиялык абалды начарлатууга алып келүүчү ыкмалар менен жер участогун пайдаланганда;
в) келишим тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө ижара акыны төлөбөгөндө;
г) Ижара берүүчү тарабынан өз милдеттери аткарылбаганда;
д) бул аймакта пландуу курулуш башталганда;
е) чарбалык иштин ижарага алынган жер участогунда жана жанаша жаткан аймакта баш-аламан көчө соода кылууга жол бергенде;
ё) 5.1.-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда;
4.1.3. Ижарачынын чарбалык ишинин натыйжасында жердин сапатынын жана экологиялык абалдын начарлоосуна алынып келинген зыяндардын ордун толтурууну талап кылууга;
4.1.4. мыйзам өзгөргөн учурда, Ижарачы менен макулдашуу боюнча келишимге тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүүгө;
4.1.5. жер, жаратылышты коргоо жана башка мыйзамды, ошондой эле бул келишимдин шарттарын бузуу менен Ижарачы тарабынан жүргүзүлүүчү ишти токтотууга;
4.2. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
4.2.1. Ижарачыга бул келишимдин тийиштүү шарттарына ылайык абалда жер участогун берүүгө;
4.2.2. эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана бул келишимдин шарттарына карама-каршы келбесе, Ижарачынын чарбалык ишине кийлигишпөөгө, жер участогун натыйжалуу пайдаланууга тоскоол болбоого;
4.2.3. ижаралык пайдаланууга берилген жердин абалына контролду жүзөгө ашырууга.
5.1. Жеңилдетилген типтеги объект төмөнкү учурларда демонтаждалат:
- жайгаштырууга уруксат берүү документтерин тийиштүү жол-жоболоштуруусуз жеңилдетилген типтеги объект иштеген учурда;
-жаңы курулушту ишке ашыруу учурунда;
- соттун чечими боюнча;
- төмөнкү учурларда комиссиянын чечими боюнча:
- келишимдин шарттары бузулганда;
- 3-айдын ичинде ижара төлөмдөрүн төлөбөгөндө;
-архитектуралык жана шаар курулуш ченемдерине туура келбегенде;
- айыл өкмөтүнүн жашоо-турмушун жана архитектуралык жана шаар курулуш ченемдерин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынганда.
5.2. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо 5 күнгө чейин алдын ала эскертүү боюнча объекттин ээсинин эсебинен жүргүзүлөт.
Жеңилдетилген типтеги объекттин ээсинин жүргөн жери табылбаса жана андан ары табуу мүмкүнчүлүгү болбосо, демонтаждоо жөнүндө эскертүү объектке бекитилет, Ижарага берүүчүнүн өкүлү тарабынан кол коюла турган бул жөнүндө акт түзүлөт.
5.3. Жеңилдетилген типтеги объектти демонтаждоо демонтаждоо жөнүндө эскертүүдө көрсөтүлгөн белгиленген мөөнөт аяктаганда айыл өкмөтү тарабынан ээсинин же анын өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт. Демонтаждоодо ээси же анын өкүлү анда болгон материалдык баалуулуктардан бошотууга милдеттүү.
Ээси же анын өкүлү тарабынан демонтаждоодоо тоскоолдуктар түзүлө турган болсо, объектте болгон материалдык баалуулуктарды жазуу жүргүзүлөт, болгон материалдык жана моралдык зыяндарды компенсациялоосуз андагы материалдык баалуулуктары менен демонтаждоону жүргүзөт, мындай учурда айыл өкмөтү объекттин толуктугуна жана башка баалуулуктар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
Ээси жок болгон учурда, объект мөөр коюу менен бекитилет, анда болгон материалдык жана моралдык зыяндарды компенсациялоосуз андагы материалдык баалуулуктары менен демонтаждоону жүргүзөт, мындай учурда айыл өкмөтү объекттин толуктугуна жана башка баалуулуктар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
5.4. Айыл өкмөтү демонтаж жүргүзүүдө жетекчилик менен макулдашуу боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери тартылышы мүмкүн.
5.5. Жеңилдетилген типтеги демонтаждалган объект айыл өкмөттүн корголуучу аймагына убактылуу сактоого жөнөтүлөт жана айыл өкмөтүнүн өкүлү тарабынан убактылуу сактоого кабыл алуу-өткөрүү актысы түзүлөт. Объектти берүү жеңилдетилген типтеги объекттин ээсинин демонтаж, объектти сактоо боюнча бардык чыгымдарын төлөгөндө жана айыл өкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү тастыктамасы болгондо жүргүзүлөт.
5.6. Демонтаж боюнча айыл өкмөтүнүн чыгымдарынын ордун толтуруу кассага акчалай акча каражаттарын төлөө же айыл өкмөттүн эсеп-кысап эсебине которуу жолу менен жүргүзүлүшү керек.
5.7. Жеңилдетилген типтеги демонтаждалган объект 10 күндүн ичинде кайтарымсыз сактоодо болот. 10 күн өткөндөн кийин объектти сактоо акы төлөө негизинде жүзөгө ашырылат.
5.8. Корголуучу аймактагы жооптуу жак объекттин жана андагы материалдык баалуулуктардын сакталышына жоопкерчилик тартат.
5.9. Жеңилдетилген типтеги объектти сакталышы үчүн акы кассага акчалай акча каражаттарын төлөө же айыл өкмөттүн эсеп-кысап эсебине которуу жолу менен жүргүзүлүшү керек.
Тараптардын жоопкерчилиги
Бул келишим 4.1.2. жана 5.1-пункттарда көрсөтүлгөн учурлар пайда болгон учурлардан тышкары бул келишимдин шарттарына ылайык эки тараптын жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча мөөнөтүнөн мурда өзгөрүүсү же токтолуусу мүмкүн.
Кыргыз республикасынын мыйзамына ылайык бул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн тараптардын ар бири жоопкерчилик тартат.
Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
Ижарачынын чарбалык иш процессинде пайда болгон талаш-тартыштар сүйлөшүү жолу менен чечилет.
Эгерде макулдашуу менен чечилбесе, талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
8.1. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогунун ажырагыс жакшыртууларынын наркы ордун толтурууга жатпайт жана ижара мөөнөтү аяктаганда ажырагыс жакшыртуулар Ижарага берүүчүнүн менчигине өтөт.
8.2. Ижарачы Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен анын каалоосуна ылайык жана ал тараптан бул келишимди бузуулар болбосо, 3 Ижарага берүүчүгө айдан кеч эмес жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү менен, кайсыл убакта болсо да бул келишимди бузуу укугуна ээ.
8.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамы өзгөргөн учурда, бул келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор Ижарага берүүчү тарабынан киргизилиши мүмкүн.
8.4. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлөт. Бир нускасы Ижарага берүүчүдө, экинчиси –Ижарачыда болот.
8.5. Бул келишим 20__ - жылдын “___” ____________ тартып 20__-жылдын “___” ____________ чейин иштейт.
8.6. Ижарачы жер участогун накта пайдалангандыгы үчүн ________ тартып_____________ кошуп алганга чейин ____________ суммада төлөөгө милдеттүү.
9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык маалым даректери
Ижарага берүүчү: Ижарачы:
__________________________ ______________________________
(колу) (колу)
м. о м. о.
| Маевка айылдык кеңешинин 2014-жылдын “___” _________ № ____ токтомуна 3-тиркеме |
Маевка айылдык округунун аймагында Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын жеке менчигинде турган айыл чарба багытындагы жерлерде айыл чарба өндүрүшү үчүн жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу тартиби жана шарттары жөнүндө
Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык кодекстерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 30-майындагы №252 “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн объекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун эске алуу менен иштелип чыкты жана Маевка айылдык округунун аймагында Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын жеке менчигинде турган айыл чарба багытындагы жерлерде айыл чарба өндүрүшү үчүн жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу тартибин жана шарттарын жөнгө салат.
Айыл чарба багытындагы жерлер - бул айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланылуучу жер участоктору (сугарылуучу жана кайрак айдоо жер);кен катмарлар; көп жылдык жемиш бак-дарактуу жерлер; чөп чабык жерлер, чек ара жанындагы зоналарда жайгашкан жана айдоо жерлериндеги белги салынган жайыттар;
Ыйгарым укуктуу орган – Маевка айылдык округунун аткаруу органы;
жер участогуна менчик укугу – Кыргыз Республикасынын Конституциясы , Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана башка мыйзам актылары тарабынан таанылуучу жана корголуучу жеке жана юридикалык жактардын аларга тиешелүү болгон жер участокторун өздөрүнүн кароосу боюнча ээ боло турган, пайдалана жана тескей турган укугу;
Жеңилдетилген типтеги объект – жылдырылуучу, көчүрүлүүчү, чогултулуучу - чачылуучу конструкциялар ( чатырлар, күнөсканалар, кампалар жана башка курулмалар жана кыймылсыз мүлктүн объектиси болуп саналбаган башка курулмалар);
Жер участоктун максаттуу багытталышы – комиссиянын чечиминде жана/же башка укук белгилөөчү жана укук тастыктоочу документтерде көрсөтүлгөн максаттарда жер участокту пайдалануу;
анык чек ара – белгиленген үлгүдөгү чек белгилери менен жеринде бекитилбеген 1:2000, 1:5000 жана /же 1:10000 масштабында аткарылган чиймелерде көрсөтүлгөн жер участогунун чеги;
Белгиленген чек ара – капиталдык имараттарга жана курулмаларга, туруктуу табигый ориентирине же геодезиялык пункттарына белгилүү координаттары бар бардык буруш түйүндөрүн көрсөтүү менен юридикалык документтердин негизинде жеринде аныкталган үлгүнүн чек араларга чек коюу белгилери менен бекитилген жер участогунун чек арасы;
Айыл чарба багытындагы жер участокторуна жеке менчик укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары айыл чарба өндүрүшү үчүн жеңилдетилген типтеги объекттерди (мындан ары-жеңилдетилген типтеги объект) жайгаштыруу укугуна ээ.
Айыл чарба багытындагы жерлерде айыл чарба өндүрүшү үчүн гана багытталган жеңилдетилген типтеги объекттерди убактылуу жайгаштырууга жол берилет.
Жеке жана юридикалык жактар жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштырууга арыздарды ыйгарым укуктуу органдарга беришет.
Жеке жана юридикалык жактардын арыздарында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) арыз берүүчү жөнүндө маалымат (жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы, арыз берүүчүнүн дареги);
б) жеңилдетилген типтеги объектти болжолдуу пайдалануунун баяндоосу;
Арызга төмөнкүлөр тиркелүүсү керек:
а) айыл чарба багытындагы жер участокко укук белгилөөчү жана укук тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү;
б) инсандыгын аныктоочу документ:
- жеке жактар үчүн –паспорт;
- юридикалык жактар үчүн – устав, юридикалык жак катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк жана башка уюмдаштыруу документтери;
-болжолдонуп жаткан жеңилдетилген типтеги объекттин ниет-эскизи.
3. Ыйгарым укуктуу орган арыз келип түшкөн күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө Аламүдүн райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгына (мындан ары-Архитектура башкармалыгы) жана Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Аламүдүн райондук башкармалыгына (мындан ары-Мамкаттоо) корутунду даярдоо үчүн тиркелген документтери менен тийиштүү өтүнүч катты жөнөтөт.
4. Ыйгарым укуктуу органдын өтүнүч каты боюнча Архитектура башкармалыгы жана Мамкаттоо тиркелген документтери менен арызды карайт жана жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу мүмкүн болсо, корутунду даярдайт.
5. Архитектура башкармалыгы корутундуга төмөнкү маалыматтарды камтыган курамына графикалык жана текст материалдарынын комплекти кире турган жер участогунун жана жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу чиймесин тиркейт:
а) жер участоктун тиешелүүлүгү;
б) жер участоктун жайгашкан орду (дареги) жана аянты;
в) төмөнкүлөр түшүрүлгөн 1:2000, 1:5000 жана /же 1:10000 масштабында топографиялык негизинде аткарылган жер участогунун чиймеси:
1) айланма точкаларынын координаттарын көрсөтүү же кыймылсыз объектке участоктун чектеринин байланышы менен жер участоктун чектери;
2) жер участогу аркылуу өтүүчү инженердик-техникалык коммуникациялардын трассалары;
3) жеңилдетилген типтеги объекттин жайгашуу чиймеси;
Архитектура башкармалыгы жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундуну жана жер участоктун чиймесин ыйгарым укуктуу органга 5 жумуш күнүнүн ичинде жөнөтөт.
Мамкаттоо ыйгарым укуктуу органга жер участогу боюнча төмөнкүлөр көрсөтүлгөн маалыматты берет:
а) каралып жаткан участоктун укуктук статусун;
б) севитуттардын жана башка тоскоолдуктардын болуусун;
в) башка жактардын мүлктүн укуктарын;
г) аралаш жер пайдалануучулардын жана жер участоктордун ээлеринин чектери менен салыштыруу жолу менен нагыз чектер менен белгиленген чектердин дал келүүсүн белгилөө мүмкүн болгон чек белгилердин же таанытуу катуу точкалардын болуусун;
д) имараттардын жана курулмалардын, башка курулуштардын болуусун;
е) сервитуттардын иштөө чектерин;
ё) сервитуттардын жана тоскоолдуктардын баяндалышы.
Үчүнчү жактардын укуктарынын же тоскоолдуктардын болуусунда Мамкаттоо үчүнчү жактардын укуктарын же тоскоолдуктарды чагылдыруу менен чектерди салуу менен участоктун чиймесин маалыматка тиркейт.
Мамкаттоо 5 күндүн ичинде тийиштүү маалыматты берет.
Тийиштүү материалдарды даярдоо менен байланышкан чыгымдарды төлөө жеке жана юридикалык жактар тарабынан (арыз берүүчүлөр) берилген эсептерге ылайык Архитектура башкармалыгында жана Мамкаттоодо жүзөгө ашырылат.
Берилген корутунду жана жер участоктун чиймеси менен ыйгарым укуктуу орган макул болбогон учурда, акыркысы аларды кайтарып берүү мотивин көрсөтүү менен жеткиликтүү иштеп чыгууга Архитектура башкармалыгына кайтарылып берилет.
Жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу мүмкүндүгү болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган даярдалган материалдарды чечим кабыл алуу үчүн жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу маселелери боюнча комиссиянын кароосуна киргизет.
Бул жобого ылайык жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу маселелерин кароо процессин жүзөгө ашыруу үчүн жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу маселелери боюнча комиссия (мындан ары- комиссия) түзүлөт.
Комиссиянын курамына айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн, ошондой эле Архитектура башкармалыгынын, Мамкаттоонун жана Аламүдүн району боюнча агрардык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана башка тийиштүү кызматтар киришет. Комиссиянын катчысы болуп ыйгарым укуктуу органдын өкүлү болот.
Комиссиянын курамы жана катчы ыйгарым укуктуу органдын сунуш боюнча айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.
Комиссиянын чечимдери комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтөн экиден кем эмес кворум болгондо көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Комиссиянын протоколу комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
Комиссия жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жанга жайгаштыруу мөөнөтү жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) тийиштүү кызматтардан жана бөлүмдөрдөн жана чарба жүргүзүүчү субъекттерден комиссиянын жыйындарында каралууга тиешелүү болгон материалдарга документтерди, корутундуларды, экспертизалар актысын жана башка материалдарды алууга;
б) комиссиянын тийиштүү корутундуларын ишке даярдоо боюнча эксперттерди, анын ичинде көз карандысыз эксперттерди тартууга;
в) бул жобо жана башка укуктук актылар тарабынан каралган компетенциянын чектеринде жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу менен байланышкан башка маселелерди кароого;
г) комиссиянын чечиминде жана ыйгарым укуктуу органдын токтомунда көрсөтүлгөн максатсыз пайдалануу болгон учурда комиссиянын чечимин жокко чыгаруу жана жеңилдетилген типтеги объектке тийиштүү документтерди жокко чыгаруу маселелерин кароого;
д) жер участокторду текшерүү максатында кыдырууларды жүзөгө ашырууга.
15. Жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу мөөнөтү комиссия тарабынан 5 (беш) жылдан көп эмес мөөнөткө белгиленет.
16. Жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу мөөнөтү комиссиянын чечими боюнча узартылышы мүмкүн.
Комиссия тарабынан маселелерди кароонун жыйынтыктары боюнча документтерди жол-жоболоштуруу тартиби
17. Комиссия тарабынан жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштыруу маселелерин кароонун жыйынтыктары боюнча жыйында катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюуучу протокол түзүлөт.
18. Протоколдо төмөнкү маалыматтар каралат:
а) арыз берүүчүнүн маалыматтары, жер участогунун жайгашкан орду жана аянты;
б) жеңилдетилген типтеги объектти пайдалануунун максаттуу багыты;
в) жеңилдетилген типтеги объектти пайдаланууну башка шарттары.
Протоколдун көчүрмөсү же протоколдун көчүрмө бөлүгү арыз берүүчүгө берилет.
19. Комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнүнүн ичинде жеңилдетилген типтеги объектти жайгаштырууга уруксаат жөнүндө буйрук кабыл алынат.
20. Протоколдун көчүрмөсү жана буйруктун көчүрмөсү Архитектура башкармалыгына жана Мамкаттоого маалымат үчүн жөнөтүлөт.
21. Ыйгарым укуктуу органдын буйругу инженердик коммуникациялар менен камсыздоо маселелерин кароо үчүн негиз болуп саналат.
22. Жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу ыйгарым укуктуу орган тарабынан буйрук кабыл алынгандан кийин гана жүргүзүлөт.
23. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жеңилдетилген типтеги объект эксплуатацияга кабыл алынбайт жана жеңилдетилген типтеги объекттин ээси аткарылган иштин сапатына жана коопсуздугуна жоопкерчилик тартпайт.