Редакцияот 28.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы

 

2014-жылдын 28-ноябры № 16-11

Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын ичинде бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Керме-Тоо айыл өкмөтү тарабынан даярдалып, айыл өкмөтүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн 2014-жылга индикативдик божомолуна кошумча өзгөртүүлөр даярдалып, Керме-Тоо айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынып, атайын комиссияда талкууланып, айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап:

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2014-жылыдн ичинде жергиликтүү бюджетинин кошумча түшкөн кирешелери, жыл башына бекитилген планга карата, 2014-жылдын 9 айында өзгөртүүлөрдү кошуп эсептегенде 511,7 миң сом суммасында артыкчылыгы менен бекитилсин. (№ 1-тиркеме тиркелет).

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгашасынын каржылоо каражаттары, 2014-жылдын 9 айындагы өзгөртүүлөрдү кошуп эсептегенде 511,7 миң сом суммасында кошумчасы менен белгиленсин. (№2-тиркеме тиркелет)

3. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2014-жыл ичинде жергиликтүү бюджетинин чыгашасынын беренелер боюнча жылдыруулары № 3-тиркемеге ылайык жылдырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Рысбаевага жүктөлсүн.

 

Керме-Тоо айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Тажибаев

 

 

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин

XVI- сессиясынын  № 16-11 токтомуна      № 1 тиркеме.

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн  2014-жылдагы ичинде айылдык бюджетинин  кошумча  түшкөн кирешелеринин планы, 2014-жылдын 9 айындагы  өзгөрүүлүрдү кошуп эсептегенде, жыл башына бекитилген планга карата 511,7  миң сом кошумча суммасы төмөндөгүчө:

 

№

Кирешелердин аталышы

Алымча (миң сом)

Кошумча (миң сом)

1

Милдеттүү патент

 

+2,4

2

Жер тамарка салыгы

 

+15,0

3

Роялти

-3,0

 

4

Калктуу конуштардын арендасы

 

+9,5

5

КБФ (ФПС) аренда акысы

 

+24,8

6

Административдик штраф

 

+57,0

7

Айыл чарбасы эмес жерлерди сатуу

 

+406,0

 

Кирешелердин жыйынтыгы

-3,0

+514,7

 

Бардыгы

+511,7

 

 

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин

XVI- сессиясынын  № 16 -11 токтомуна      № 2 тиркеме.

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы ичинде жергиликтүү бюджетинин  чыгаша бөлүгүнө  кошумча каржылоо 511,7 миң сом каражат төмөндөгү беренелерге   жумшалсын.

 

Берененин аталышы

берене

Алымча(-)

Кошумча (+)

Аппарат

Ар түрдүү чыгымдар

22154900

 

+481,7

 

 

 

 

Билим берүү бөлүмү

Ар түрдүү чыгымдар

22154900

 

+30,0

бардыгы

 

 

+511,7

 

 

 

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин

XVI- сессиясынын  № 16-11 токтомуна      № 3 тиркеме

 

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн  2014-жылдагы ичинде жергиликтүү бюджетинин  чыгаша бөлүгүнүн беренелер боюнча жылдыруулары   төмөндөгү беренелер боюнча  жылдырылсын.

 

Берененин аталышы

берене

Алымча(-)

Кошумча (+)

Аппарат

Ар түрдүү чыгымдар

22154900

 

+110,0

 

 

 

 

Айыл чарабасы

Ар түрдүү чыгымдар

22154900

-110,0

 

бардыгы

 

-110,0

+110,0