Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-апрели № 92/XXIII-3
“Кайыңды кыштактык башкармалыгынын Ардактуу атуулу» наамынын
жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кайыңды кыштактык башкармалыгынын макамы жана юридикалык аталышы Кайыңды шаарынын мэриясы болуп өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кайыңды кыштактык башкармалыгынын Ардактуу атуулу» наамынын жобосуна өзгөртүү киргизилсин жана мындан ары «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамы болуп эсептелсин.
2. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамынын жаңы жобосунун мурдагы тексти өзгөртүүсүз бекитилсин.
3. Кайыңды кыштактык кеңешинин 2011-жылдын 9-февралындагы №61/XIII-3 Токтому күчүн жоготту деп эсептелсин .
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кайыңды шаардык Кеӊешинин төрагасы |
У.Б. Абдрасулов |
| Кайыңды шаардык кеңешинин 2015-ж. «1»апрели № 92/XXIII-3 Токтому менен бекитилди |
1. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамы Кайыңды шаарына өзгөчө салым кошкон, Кайыңды шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, эл аралык маданият, илимий-техикалык байланышына, жарандардын тынч жана ынтымакта жашоосун бекемдоөдө өзүн көрсөтө алган белгилүү инсандарга берүү максатында түзүлдү.
2. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамы Кайыңды шаарынын аймагында жогорку сыйлык болуп эсептелет жана Кайыңды шаарынын мэриясынын сунушу аркылуу Кайыңды шаардык кеңешинин токтому менен ыйгарылат.
2. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу комиссиясын түзүү жана ыйгарым укугун бекитүү тартиби
1. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга топтолгон документтер комиссия тарабынын каралат. Комиссиянын тутуму Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасы менен макулдашылат жана Кайыңды шаарынын мэриясынын чечими менен бекитилет. Комиссиянын тутумуна өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылык болгондо гана жүргүзүлөт.
2. Комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын окмөтүнүн токтомдору, Кайыңды шаардык кеңешинин токтомдору жана ушул жобого таянат.
3. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу»
наамын ыйгаруунун негиздери жана тартиби
1. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамына Кыргыз Республикасынын жарандары, кай бир учурда бөлөк мамлекеттин жарандары, Кайыңды шаарынын жана Кыргызстандын элинин алдында көрсөткөн өзгөчө салымы үчүн сунушталат. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» персоналдуу жана өмүрүнүн акырына чейин ыйгарылат. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамы кылмыш жоопкерчилигине тартылган, соттолгон, психикалык жактан ооруган жана башта ушул сыйлыгы бар жарандарга ыйгарылбайт.
2. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун негизи болуп төмөнкүлөр саналат:
- Райондук түзүмдөрдө, мекеме-ишканаларда 15 жылдан кем эмес үзүрлүү эмгегинин натыйжасында Кайыңды шаарынын тургундарынын арасында туруктуу жана узак мезгиден берки белгилүүлүк, Кайыңды айл өкмөтүнүн башчысы, Кайыңды кыштактык башкармалыгынын башчысы, Каыйңды шаарынын мэри, Кайыңды кыштактык кеңешинин жана Кайыңды шаардык кеңешинин тѳрагасы, райондук, кыштактык, шаардык кеңештердин 2 жолку чакырылышынын депутаты болуп шайлангандар;
- Кайыңды шаарынын жана Панфилов районунун жыргалы үчүн эрдик көрсөткөндөр;
- Кайынды шаарынын жана Панфилов районунун тургундарынын арасында Кайыңды шаарынын социалдык-экономикасына өзгөчө салымы үчүн талашсыз кадыр –баркы, бедели барлар;
-Кайыңды шаарынын жана Панфилов районунун тарыхый өнүгүүсүнө өзүнүн ишмердүүлүгү менен салым кошкондор;
3.»Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууну сунуштоого укугу барлар;
1. Кайыңды шаардык кеңеши
2. Кайыңды шаарынын мэриясы
3. Коомдук уюмдар
4. Эмгек жамааттары
5. Аймактык коомдук бирикмелер
4. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу үчүн сунушталган документтердин тизмеги Кайыңды шаарынын мэриясына тапшырылат.
5. Сыйлоо үчүн даярдалган документтерди: грамота, күбөлүк, төш белги жана башкаларды каржылоо Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинен бөлүнөт.
Сунушталган документтер наамды ыйгаруу комиссиясында каралат.
6. Комиссиянын отуруму документтер кабыл алынышына жараша өтөт жана протокол менен таризделет.
7. Комиссия документтерди карап чыгып, андан кийин тийиштүү чечим кабыл алат. Комиссиянын отурумунда «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу чечими кабыл алынат же болбосо негиздүү жүөөлөр менен чечим кабыл алуудан баш тартат. Кабыл алынган чечим тууралуу сунуштаган субъектиге маалымдайт.
8. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон адамдарга Ардак грамотасы, күбөлүк, төш белги салтанаттуу түрдө, Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасы же Кайыңды шаарынын мэри тарабынан тапшырылат.
9. Күбөлүктөрдү, төш белгилерди даярдоого кеткен каражат Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинен бөлүнөт жана аларды сактоо милдети Кайыңды шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлөт.
10. Эгерде аталган наамга ээ болгон адам кылмыш жоопкерчилигине тартылса, комиссия ал адамды «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамынан ажыратуу чечимин чыгарууга укуктуу.
4. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулунун»
укуктары жана милдеттери
1. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон жарандарга Кайыңды шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген жеңилдетүүлѳр жана сыйлыктар белгиленет.
2. Ушул наамга ээ болгон адамдар төмөнкү өзгөчөлүктөргө укуктуу:
- Кайыңды шаарынын мэриясы жана Кайыңды кыштактык кеңеши тарабынан уюштурулган салтанаттарга чакырылууга;
- Кайыңды шаарынын аймагында жайгашкан мамлекеттик жана башка уюмдарга тоскоолсуз барууга жана алардын жетекчилеринин, же болбосо кызматчыларынын кабыл алуусунда болууга. Алаога ар кандай талап менен кайрылууга;
- кезексиз телефон койдурганга;
- Кайыңды шаарынын аймагынан жеке менчик үй курганга жер тилкесин алууга.
3. Кайыңды шаарынын деңгээлинде «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон адамдын юбилеи белгиленсе болот.
4. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» төмөнкүлөрго милдеттүү:
- Коомдо үлгүлүү болууга, гумандуулукту, чыдамкайлыкты, кең пейилдикти жаратууга;
- жаш муундарды тарбиялоого иштерине катышууга жана аларга жеке үлгү болууга, ата-бабалардын салтына бекем экендигин аныктоого;
- жеке эмгеги жана жүрүш-турушу менен коомдо тынчтыкты жана бейкутчулукту жолдоого милдеттүү.
5. Сунуштоочулардын милдеттери
1. Наамга сунуштаган уюм бардык талап кылынган документтерди комиссияга тапшырат.
«Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамынын макамын көтөрүү максатында, наамга ээ болгон адамдын үйүнүн сыртына «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» деген атайын такта ошол адамдын толук аты-жѳнү менен мамлекеттик жана расмий тилде илинет.
2. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамын Кайыңды шаарынын аймагында жашабаган жана Панфилов районунда иштебеген адамдарга ыйгарууга катуу тыйуу салынат.
3. «Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу» наамына ээ болгон адамдар бул сыйлыкка аяр мамиле кылуусу зарыл. Сыйлык бир гана жолу ыйгарылат. Дубликаттар берилбейт.