Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 4 сессиясы
2013-жылдын 6-апрели № 16
Кароол айылдык кеңешинин 2017-жылга чейинки өнүгүүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Кароол айылдык кеңешинин өз алдынча башкаруу жамаатынын айыл Мыйзамын (УСТАВын) мезгил талабына ылайыкташтырып, кайрадан түзүү боюнча «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кароол айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айылдык кеңешинин өз алдынча башкаруу жамаатынын айыл Мыйзамынын (УСТАВ) кээ бир Жоболоруна, бөлүктөрүнө өзгөрүүлөрдү киргизүү зарылдыгына байланыштуу, дагы кеңири талкулоо үчүн, элдик Курултайды чакыруу жана анда талкуулап, бекитүү жагы айылдык кеңештин сессиясында бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Суранбаев) тапшырылсын.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |
| Кароол айылдык кеңешинин 2017-жылга чейинки өнүгүүнүн стратегиялык планы |
Ушул документ 2017-жылга чейин Кароол айылдык кеңешинин (мындан ары - Кеңеш) өнүгүшүнүн концепциялык көз карашы, ошондой эле ага жетүү үчүн зарыл болгон айкын чаралар, кадамдар жана этаптары болуп саналат.
Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Конституциясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролун түп-тамырынан өзгөрткөн. Соңку жылдардагы өзгөрүүлөр, март, апрель революцияларынан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ролу жогорулап барууда. Мындан бир канча жылдар башта эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму болуп саналган өкүлчүлүктүү органы менен аткаруучу органы бир адамдын бийлигине бириктирилип, иш алып барылган. Бирок, мурдагы убактардан айырмаланып, бүгүнкү турмуш жагдайы, мезгил талабы, бардык иш аракеттердин ачык-айкын болуусу, биргелешип чечүүсү өзгөчө актуалдуу болуп барууда. Азыр айылдык кеңеш элге кызмат кылууга, ага отчет берүүгө тийиш.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму болуп саналган өкүлчүлүктүү органы менен аткаруучу органы макулдашпастан жана шайкеш келтирбестен иш алып барбаса, реформалар ишке ашпай турган. Президенттин институту, бийликтин башка бутактары менен иштөөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өз ара аракеттенүүнүн жаңы түрлөрү талап кылынат.
Калктын жашоо деңгээлин көтөрүү максатында тийиштүү аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү - жергиликтүү кеңештин негизги милдеттеринен болуп саналат. Ошондуктан ал багытта иш алып барууда кеңештин ишинин өнүгүшүнүн стратегиясын кабылдап, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүнүн программаларын, тармактык жана региондук программаларды бекитүүгө тиешелүү жаңы иш чараларды иштеп, иш алып баруу калктын талабы болуп саналат.
Азыр ар кандай социалдык-экономикалык, айыл чарба, маданий, укуктук ж.б. чөйрөдөгү программаларды бекитүү боюнча жана ал программаны ишке ашырууга жооптуу айыл өкмөтү болгону менен, аларды такай көзөмөлгө алып, жетекчиликке алып туруу кеңештин бирден-бир негизги милдеттеринен болуп саналат.
Кеңештин контролдук милдеттери айыл өкмөттүн отчет берип туруучулук, билдирилген реформалардын мониторингинин жана аларга баа берүүнүн бөлүгүндө күчөтүлүүгө тийиш. Кеңештин өкүлчүлүк кылуу милдети да жаңы өңүткө – аймактын өнүгүшүнүн багыттарын аныктоого ээ болот. Бул өнүгүү үчүн максаттар менен баалуулуктар жергиликтүү бийликтеги анын өкүлдөрү катары элдин атынан айылдык кеңеш тарабынан билдирилүүгө тийиш.
Андан тышкары дүйнөлүк экономикалык кризис, дүйнөлүк экономиканын кулк-мүнөзүн түп-тамырынан өзгөрткөн глобалдуу техникалык-экономикалык коомдук түзүлүштүн жаңы этабынын келиши, азык-түлүк, ичүүчү суу, миграция, наркотрафик, кулдарды сатуу, диний экстремизм ж.у.с. проблемаларынын курчушу сыяктуу геосаясий жана глобалдык факторлорду эске алуу зарыл. Мындай шарттарды кеңештин глобалдык маселелер менен коркунучтарга жооп берүүгө жөндөмдүүлүгү аймак үчүн, өлкө үчүн өтө маанилүү болуп калат.
Бул жагдайлар айылдык кеңештен интеллектуалдык лидерлерди жана глобалдык, ошондой эле улуттук багыт алууларды эске алган стратегиялык көз караштын болушун талап кылат. Кеңеш төп келген чечимдерди кабыл алууга жана мурда туш болбогон жаңы милдеттер менен проблемаларды төп келгендей чечимдерди кабыл алууга жана өз убагында жооп берүүгө жөндөмдүү болууга тийиш. Депутаттардан концепциялык түрдө ой жүгүртүүнү, өлкөнүн жана тышкы дүйнөнүн келечегин көрө билүүнү талап кылынат.
Кеңештин ишти уюштуруунун сапаттык жаңы деңгээлине өтүшү, анын эң жогорку квалификациялуу эксперттер менен байланышта болушу, токтом жазууда, контролдоодо жана өкүлчүлүк кылууда жаңы мамилелеринин жана аспаптарынын, заманбап техникалык жабдууларынын, маалымат банкынын болушу зарыл. Кеңеш мезгилдин талаптарына жана коомдун күтүүлөрүнө жооп берүүгө жөндөмдүү натыйжалуу уюм болуп калууга тийиш.
Мына ушуга байланыштуу коюлган милдеттерди оптималдуу жана натыйжалуу ыкмалары менен чечүүдө ага жардам бере турган айкын кадамдары жана этаптары бар кеңештин ишинин өз көз карашын иштеп чыгуунун зарылдыгы актуалдуу болууда.
Айылдык кеңештин өнүгүшүүнүн ушул Стратегиясы жогоруда баяндалган маселелерге кеңештин жообу болуп саналат. Ал кеңештин өткөөл мезгилде алдында турган милдеттерди чечүүгө арналган. Конституциянын талаптарына жана коомдун күтүүлөрүнө жооп берген, заманбап кыйынчылыктарга тез жана төп келгендей жооп берүүгө жөндөмдүү болгон натыйжалуу, заманбап, туруктуу өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органын түзүү стратегиянын милдети болуп саналат.
Стратегия 2017-жылга чейинки орто мөөнөттүү мезгилде кеңешти өнүктүрүүнүн жана реформалоонун урунттуу багыттарын камтыйт. Ал кеңештин ишиндеги башаламандыкты болтурбоого, алгалаган кыймылды камсыз кылууга, аны сарамжал кылууга кеңештин түзүмүн оптималдаштырууга, анын ишиндеги “артык баш” милдеттерди четтетүүгө, бирин бири кайталоочулукту жоюуга арналган. Стратегия кеңештин ишинин мурдагы тажрыйбасын талдоого, эл аралык жергиликтүү парламенттик практиканы иликтөөгө негизделген.
Бул Стратегиянын алкагында ишке ашырылуучу долбоорлорду ресурстук камсыз кылууга зарыл болгон айкын иш-чаралардын планы жана кыскача баяндамасы Стратегиянын курамдык бөлүгү болуп саналат.
Айылдык кеңештин иши төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталууга тийиш:
- чечимдерди кабыл алуу жана контролдоо милдеттерин жүзөгө ашыруучу натыйжалуу, заманбап, туруктуу иштеген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органын түзүү.
Жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн айылдык кеңештин иши төмөнкү артыкчылыктуу багыттарга топтолот.
Бул багыт боюнча максаттар:
- аймактын өнүгүшүнүн артыкчылыктарын аныктоочу чечимдерди кабыл алууда элдин эрк-ниетин эсепке алууну камсыз кылуу;
- адам укуктарын жана жарандардын бардык категорияларынын кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
- шайлоочулардын жана калктын алдында айылдык кеңештин ишинин бүдөмүксүздүгүн жана отчет берип туруусун камсыз кылуу.
Коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
1-милдет. Аймагыбыздын өнүгүшүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитүүдө депутаттар арасындагы макулдашуунун механизмдерин камсыз кылуу
Чаралар:
- ар кайсы депутаттардын жана эксперттердин биргелешкен иши үчүн жалпы аянтча уюштуруу. Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларына карата макулдашылган сунуштарды даярдоо;
- аймактын өнүгүшүнүн жалпы программаларын бекитүү;
- аймактын өнүгүшүнүн кабыл алынган программаларынын мониторинги.
2-милдет. Шайлоочулар менен туруктуу жана иштиктүү диалогдун механизмин түзүү
Чаралар:
- чечим долбоорлорун жана коомдук маанилүү маселелерди талкуулоого шайлоочуларды жана жарандык коомду угуулар, тегерек столдор, чогулуштар ж.б. аркылуу тартууну камсыз кылуу;
- шайлоочулар менен мезгилдүү жолугушууларды, анын ичинде туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жана жумушчу топтордун баруу менен өткөрүлүүчү жыйналыштарын өткөрүү;
- кеңештин шайлоочулар менен кайра байланышынын он-лайн механизмин түзүү;
- кеңештин ишин чагылдыруу боюнча маалыматтык иш-чараларды (лекциялар, семинарлар, жарыялоолор, тегерек столдор ж.у.с.) өткөрүү.
3-милдет. Айылдык кеңештин ишинин бүдөмүксүздүгүн жана отчет берип туруучулугун камсыз кылуу
Чаралар:
- айылдык кеңештин коммуникациялык иш планын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- айылдык кеңештин катчысынын кесиптик дараметин, билимдерин жана көндүмдөрүн тренингдер, квалификациясын жогорулатуу жана компетенттүү кадрларды тандоо тутуму аркылуу жогорулатуу;
- кеңештин айыл өкмөтү менен бигеликте сайттын ачууга аракет жасоо жана ишин жакшыртуу, анын натыйжалуулугун, оперативдүүлүгүн жана интерактивдүүлүгүн жогорулатуу;
- студенттер үчүн айылдык кеңеште стажировканы уюштуруу;
- мектеп окуучулары, студенттер, шайлоочулар жана башка адамдар үчүн айылдык кеңеште экскурсияларды, ачык эшик күндөрүн мезгилдүү өткөрүү;
- жаштар парламенттерин түзүүгө көмөктөшүү;
- айыл парламенти жана айыл парламентаризминин ишмердүүлүгү жөнүндө видео фильм иштеп чыгуу;
- шайлоочулардын каттары, кайрылуулары жана даттануулары менен депутаттардын, туруктуу комиссиялардын иштөөсүн жакшыртуу;
- жасалган иш жөнүндө шайлоочулар алдында депутаттардын жана фракциялардын квартал сайын, жарым жылдык жана жылдык отчетторун өткөрүү;
- айылдык кеңештин заманбап корпоративдик стилин (айылдык кеңештин брендин) иштеп чыгуу жана жайылтуу.
4-милдет. Айылдык кеңештин төрагасынын алдында консультациялык-коомдук кеңеш түзүү
Чаралар:
- айылдык кеңеште төрагасынын алдындагы консультациялык-коомдук кеңеш жөнүндө Жобону иштеп чыгуу;
- айылдык кеңеште төрагасынын алдындагы кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоону уюштуруу жана кеңешти көз карандысыз эксперттердин жарандык сектордун, илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн ичинен түзүү.
ЧЕЧИМ ЧЫГАРУУ ИШИ
Бул багыт боюнча максаттар:
- кабыл алынуучу чечимдердин, ошондой эле аларды кабыл алуунун процессинин сапатын жакшыртуу;
- жүргүзүлүп жаткан реформаларды чечим чыгаруучулук мазмунда колдоо;
- чечим чыгаруу күн тартибин пландаштырууну жана артыкчылык берүүнү жакшыртуу.
Коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
1-милдет. Коомдун, мамлекеттин жана аймактын туруктуу өнүгүшү үчүн зарыл болгон реформаларды мыйзамдык камсыз кылуу
Чаралар:
- чечим чыгаруу ишиндеги артыкчылыктарды аныктоо, тигил же бул ченемдик актыны кабыл алуунун зарылдыгын пландаштыруу жана божомолдоо;
- биринчи кезектеги чечим долбоорлорунун тизмегин түзүү жана дайыма жаңыртып туруу;
- сунуштарды жиберүү жолу менен чечим чыгаруу демилгесинин активдүүлүгүн айыл өкмөттүн ишинин чөйрөсүнө которуу;
- чечим долбоорлоо иши боюнча айыл өкмөт менен макулдашуучулукту жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү;
- чечим долбоорлору боюнча көпчүлүк алдындагы дискуссияларга жарандардын, ӨЭУлардын жана башка кызыккан тараптардын катышуусу, алардын пикирлери менен көз караштарын алуу үчүн шарттарды түзүү;
2-милдет. Чечимдердеги карама-каршылыктарды четтетүү
Чаралар:
- токтомдорду Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык келтирүү боюнча ишти уюштуруу;
- чечимдердин шайкештигин, анын тутумдашкандыгын жана классификациясын камсыз кылуу (өзгөртүүлөрдү киргизүү жол менен, анын ичинде бириктирүү жолу менен мыйзамдарды өркүндөтүү, ирилештирүү);
КОНТРОЛДУК ИШ
Бул багыт боюнча максаттар:
- айыл өкмөтүнүн жана башка мекеме-уюмдардын, коомдук уюмдардын отчет берип түруучулугун жана ишинин бүдөмүксүздүгүн жакшыртуу;
- Конституциянын жана мыйзамдардын жана айылдык кеңеш тараптан кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу;
Коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
1-милдет. Айыл өкмөтүнүн жана башка отчет берүүчү жактардын ишин контролдоонун сапатын жакшыртуу
Чаралар:
- анын ишинин натыйжалуулугун көз салуу үчүн айыл өкмөтүнүн отчетторунун форматын иштеп чыгуу жана жайылтуу;
- айыл өкмөтүнүн бюджеттин аткарылышынын натыйжалуулугунун критерийлерин иштеп чыгуу жана жайылтуу.
2-милдет. Кеңештин контролдук аспаптарын жакшыртуу
Чаралар:
- туруктуу комиссиялар тарабынан токтомдордун аткарылышын кеңеш тарабынан контролду пландаштырууну жайылтуу;
- айыл өкмөткө жана отчет берүүчү жактарга ишеним (ишенбөөчүлүк) көрсөтүү жөнүндө маселелерди кароонун критерийлерин аныктоо;
- контролдук жол-жоболорду (кеңештин суроо-талабы, депутаттык суроо-талап, депутаттык угуулар, депутаттык саат күн, депутаттык изилдөө, отчет берүүчү органдардын ар жылдык отчеттору ж.б.) колдонуу боюнча жетектеме иштеп чыгуу;
- кеңештин жана депутаттык контролдук жол жоболорду иштелип чыккан жетектеме ылайык колдонууну жайылтуу;
- депутаттык контролду жүргүзүүнү каржылык камсыз кылуу.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТЕГИ ТУРУКТУУ КОМИССИЯЛАРДЫН ИШИ
Бул багыт боюнча максаттар:
- туруктуу комиссиялардын ишин жакшыртуу, алардын карамагына таандык кылынган маселелерди даярдоонун, мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдоонун, иштеги коллегиялуулуктун жана бүдөмүксүздүктүн сапатын жогорулатуу.
Коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
1-милдет. Айылдык кеңештин чечимдеринин аткарылышы боюнча туруктуу комиссиялардын контролун күчөтүү
Чаралар:
- туруктуу комиссиялардын ишинин ар жылдык пландарына токтомдордун аткарылышынын контролун жайылтуу;
- кабыл алынган токтомдордун алты ай өткөндөн кийинки милдеттүү көзөмөлүн камсыз кылуу;
- коомдук маанилүү маселелер боюнча үзгүлтүксүз депутаттык угууларды практикалоо;
- туруктуу комиссиялардын ишинин натыйжалуулугунун жана отчетторду өз убагында берүүсүнүн талдоосунун практикасын киргизүү;
- бюджет боюнча айылдык кеңешке отчеттордун берилишинин өз убагындалыгын камсыз кылуу.
Бул багыт боюнча максаттар:
- коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууда коомдун пикирлерин жана көз караштарын чагылдыруу;
- жарандык коомдун токтом долбоорлорун талкуулоого жетүүсү үчүн шарттарды түзүү;
- айылдык кеңештин ишинин ачыктыгын жана бүдөмүксүздүгүн камсыз кылуу.
Коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
1-милдет. Айылдык кеңештин жана анын органдарынын жарандык коомдун уюмдары менен конструктивдүү диалогун жана кызматташтыгын өнүктүрүү
Чаралар:
- Айылдык кеңеш тарабынан чечимдерди кабыл алууда коомдун пикирлерин эске алуунун механизмин иштеп чыгуу (шайлоочулардын, жарандык сектордун жана кызыккан тараптардын пикирлерин кийин айылдык кеңештин (karool.kenesh@mail.ru) расмий электрондук дарегине кайра байланыш алуу жана башкалар үчүн пайдалануу);
- токтом долбоорлору жана коомдук маанилүү маселелер боюнча сапаттуу коомдук талкуулоолорду уюштуруу;
- коомдук угуулардын жыйынтыктарын ММКга жарыялоо.
2-милдет. Айылдык кеңештин ишинин коом алдындагы бүдөмүксүздүгүн камсыз кылуу
Чаралар:
- айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын жыйналыштарына жарандардын катышуусунун тартиби жөнүндө көрсөтмө иштеп чыгуу жана киргизүү;
- жарандарды айылдык кеңештин иши менен тааныштыруу максатында экскурсиялардын көрсөтмөсүн иштеп чыгуу жана аларды уюштурууну жайылтуу;
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР МЕНЕН ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮ
Бул багыт боюнча максаттар:
- айылдык кеңештин Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүсүн жана кызматташтыгын өркүндөтүү.
Коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
1-милдет. Жогорку Кеңеш менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу
Чаралар:
- региондук өнүгүү жана борборлоштуруудан окчундоо маселелери боюнча Жогоркуи Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен өз ара аракеттенүүнүн механизмин иштеп чыгуу жана жайылтуу;
- региондордун жашоо-ишин жөнгө салуучу мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш менен талкуулоонун практикасын жайылтуу;
- ченемдик укуктук иш боюнча Жогорку Кеңеш менен мезгилдүү негизде тажрыйба алмашуу өткөрүү.
ЭЛ АРАЛЫК ЖАНА ЖЕРГИЛИКИТ// ПАРЛАМЕНТТЕР АРАЛЫК
КЫЗМАТТАШТЫК
Бул багыт боюнча максат:
- айылдык кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтыкка катышуусун жакшыртуу.
Коюлган максатка жетишүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
1-милдет. Чет өлкөлүк мамлекеттердин парламенттери (жергиликтүү жана борбордук) жана парламенттер аралык уюмдары менен кызматташтыкты күчөтүү
Чаралар:
- Кыргыз Республикасынын көп өңүттүү тышкы саясатынын алкагында чет өлкөлөрдүн борбордук жана жергиликтүү парламенттери менен айылдык кеңештин кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- алдынкы парламенттик технологиялары бар өлкөлөрдүн оң тажрыйбасын иликтөө жана жайылтуу.
2-маселе. Эл аралык кызматташтыкты жакшыртуу
Чаралар:
- тышкы саясаттын артыкчылыктарын аныктоо боюнча айыл өкмөтү менен иштөөнү координациялоону жакшыртуу;
- аймактын тышкы саясатынын программасын (доктринасын) талкуулоого жана бекитүүгө көмөктөшүү.
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН КАТЧЫСЫ
Аталган багыт боюнча максаттар:
- өкүлчүлүктүү, чечим чыгаруу жана контролдук иш милдеттерди жүзөгө ашырууда айылдык кеңешке натыйжалуу колдоо көрсөтүүнү камсыз кылууга жөндөмдүү кесипкөй катчыны тандап алуу;
- айылдык кеңештин ишин финансылык жактан камсыздоо боюнча катчынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу.
Коюлган максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
1-маселе. Адам ресурстарын башкаруунун заманбап тутумун киргизүү
Чаралар:
- айылдык кеңештин катчысынын потенциалына баа берүү;
- катчылыкка резерв кадрлардын эсебин алууну (билим деңгээлин, иштөө мөөнөтүн, квалификациясын, кадрлардын алмашып туруусун ж.б.) киргизүү;
- ачык-айкындуулуктун, кесиптик деңгээлдин жана адептүүлүктүн негизинде катчыны сынактык тандоо;
- катчынын кесиптик жана жеке өсүү жүйөөлөрүн стимулдоо жана жогорулатуу;
- катчыны горизонталдык жана вертикалдык ротациялоону киргизүү;
- катчынын ишин баалоонун негизги көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү.
2-маселе. Айылдык кеңештин ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууну жакшыртуу
Чаралар:
- техникалык потенциалга баа берүү;
- АКнын ишин техникалык камсыздоону жакшыртуу боюнча планды (компьютердик тарамды, электрондук маалымат базаларын, компьютердик жана башка программаларды, маалымат алууга мүмкүнчүлүктөрдү, кайчылаш байланыш механизмин) иштеп чыгуу;
- Айылдык кеңеште электрондук документ жүгүртүүнүн иштелип чыгылган тутумун колдонууга депутаттарды жана кызматкерлерди үйрөтүү;
- Көрмө конференцияларды, жыйналыштарды жабдуу он-лайнын колдонууга үйрөтүү;
- стенограммалардын жаңы электрондук базасын киргизүү.
3-маселе. Айылдык кеңештин ишин финансы-чарбалык камсыздоону жакшыртуу
Чаралар:
- бюджеттик каражаттарды натыйжалуу колдонууну камсыз кылуу;
- финансылык тартип бузууларды болтурбоого багытталган бюджеттик каражаттарды колдонууга ички контроль тутумун өнүктүрүү;
- айылдык кеңештин чыгымдарынын ачык-айкындуулугун жакшыртуу;
- айылдык кеңештин ишин оптималдуу каржылоо үчүн бюджеттин чыгымдарын пландаштырууну жакшыртуу
- айылдык кеңештин ишин социалдык-турмуш-тиричилик жактан камсыздоо сапатын жогорулатуу.
Айылдык кеңештин Стратегиясын ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук, кадрдык, финансылык жана башка камсыз кылуулар зарыл.
Стратегияны ишке ашыруунун алкактарында “Кароол айылдык кеңешинин Регламентине” жана башка ченемдик укуктук чечимдерге тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет, бул үчүн атайын жумушчу топтор түзүлөт.
Стратегияны макулдашып ишке ашыруу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан камсыз болот.
Стратегияны толук кандуу жана сапаттуу ишке ашыруу зарыл финансы ресурстарынын жана булактарынын болушуна көз каранды. Стратегияда каралган иш чараларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттары так эсептелинет. Стратегияда каралган иш чараларды жана долбоорлорду каржылоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражаттарынан жана донордук уюмдардын ресурстарынан тартуу пландаштырылат.
Стратегияны ишке ашыруу айылдык кеңешке өзүнүн өнүгүүсүнүн сапаттуу деңгээлине көтөрүлүшүнө, Конституциянын талаптарына жана заманбап чакырууларга тез жана адекваттуу маани берүүгө жөндөмдүү коомдун үмүттөрүнө жооп берген натыйжалуу жана заманбап жергиликтүү парламенттик уюмду курууга төмөндөгүлөр аркылуу мүмкүндүк берет:
- ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- контролдук, чечим чыгаруу жана өкүлчүлүктүү иш милдеттерди күчөтүү;
- айылдык кеңештин катчысынын иштерин өркүндөтүү;
- айыл өкмөт, мекеме уюмдар, башка мамлекеттик органдар жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүлөрдү жакшыртуу;
- калкты маалымдоо тутумун жакшыртуу.