Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 5 сессиясы
2013-жылдын 6-апрели № 26
"Ардактуу атуул" наамды ыйгаруу жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«Ардактуу атуул» наамды ыйгаруу жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Кароол айылдык кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ардактуу атуул» наамды ыйгаруу жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөр бекитилсин (тиркелет).
2. Кароол айылдык кеңешинин катчысына Кароол айылдык кеңешинин «Ардактуу атуул» наамды ыйгаруу жөнүндөгү Жобосуна киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен иретке келтирүү жана бул Жобону Юстиция министрлигинин мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ош облустук юстиция башкармалыгына берүү жагы жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Суранбаев) тапшырылсын.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |
Жобо КР Юстиция Министирлигинин архивинде сакталат.