Загрузка документа…
Берилген токтом Бишкек шаардык кеңешинин
2009-жылдын 29-декабрындагы № 135 токтому
жарыяланган күндөн тартып 30 күндөн кийин
күчүн жоготот
Бишкек шаардык Юстиция башкармасында 2008-жылдын
29-декабрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 27-1-08
Бишкек шаары
2008-жылдын 27-ноябры № 14
ДЕПУТАТТАРДЫН БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын
23-майындагы № 130 "Бишкек шаарында жергиликтүү салыктарды
жана төлөмдөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 23-майындагы № 130
"Бишкек шаарында жергиликтүү салыктарды жана төлөмдөрдү киргизүү жөнүндө"
токтомун Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республика-
сынын 2006-жылдын 1-февралындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Салык ко-
дексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамына ылайык
келтирүү максатында, Бишкек шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 23-майындагы №130
"Бишкек шаарында жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү жөнүндө"
токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-пункттан төмөнкү салыктар жана жыйымдар алынып ташталсын:
- алыскы чет өлкөлөргө баруучу туристтерден салык;
- мергенчиликке жана балык уулоо укугуна салык;
- видеосалондордон жана концерттик-оюн көрсөтө турган иш-чаралардан
салык;
- ит ээлеринен салык;
- коммерциялык максаттарда өткөрүлүүчү жергиликтүү аукциондорду жана
лотереяларды, сынактарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү укугуна салык.
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 23-майындагы № 130
"Бишкек шаарында жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү жөнүндө"
токтомунун 1-тиркемесиндеги 2, 4, 5, 8, 9-пункттар жана 6-пункттагы 6.4,
6.5-кичи пункттар алынып салынсын;
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 23-майындагы № 130
"Бишкек шаарында жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү жөнүндө"
Токтомунун 1-тиркемесиндеги 3, 6, 6.1, 6.2, 6.3, 7, 10- жана 11-пункттар
жана кичи пункттар тийиштүү 2, 3, 3.1, 3.2, 3.3; 4, 5- жана 6-пункттар жана
кичи пункттар болуп эсептелсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- Бишкек шаарынын мэриясынын 2004-жылдын 23-апрелиндеги № 429 "Бишкек
шаарындагы жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды эсептөө жана төлөө тарти-
би жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргиз-
син;
- Бишкек шаары боюнча салыктар жана жыйымдар боюнча Кыргыз Республи-
касынын мамлекеттик комитети башкармалыгы менен бирдикте жеке жактарда акча
айлануусунун анык эсебин белгилөө (анын ичинде патент боюнча иш-аракет-
тенүүчүлөр) мүмкүн болбогон учурда шаардын аймагында, анын ичинде шаардын
базарларында жана кичи базарларында калкка акы төлөнүүчү кызматтарды көр-
сөткөн жана чекене сатуу жүргүзүүчү жеке жактар үчүн акы төлөнүүчү кызмат-
тарды көрсөтүү үчүн жана чекене сатуу үчүн төлөнүүчү салыктын суммасын
эсептөө жана төлөө тартибин иштеп чыксын;
- акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү үчүн жана чекене сатууда салык
суммасын аныктоо маселеси боюнча патенттик негизде ишкерлик иш-аракет менен
алектенген юридикалык жана жеке жактар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгында каттоодон өткө-
рүлсүн.
4. Бул токтом массалык-маалымат каражаттарында жарыялансын.
5. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 2008-жылдын
10-июлундагы № 462 "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын
23-майындагы № 130 "Бишкек шаарында жергиликтүү салыктарды жана төлөмдөрдү
киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому жокко
чыгарылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Депутаттардын Бишкек шаардык
кеңешинин экономика, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын тө-
рагасы А.Ш.Осмоналиевге, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри О.С.Тарбинскийге
жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык
Кеңешинин төрагасы А.Суракматов