Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(КР Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 197 токтомунун редакциясына ылайык)
2009-жылдын 29-декабры № 135
"Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн
жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" жана
"Бишкек шаарынын аймагында автотранспортторду токтотуу үчүн
жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө"
жоболорду бекитүү жөнүндө
Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, салыктык эмес төлөмдөрдү жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базанын ишин системалаштыруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелүүчүлөр бекитилсин:
- "Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" жобо (1-тиркеме);
- (КР Бишкек шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 197 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
2. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
- 2002-жылдын 23-майындагы № 130 "Бишкек шаарындагы жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жүргүзүү жөнүндө" токтому;
- 2004-жылдын 9-июлундагы № 238 "Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин "Бишкек шаарындагы жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жүргүзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 14 "Бишкек шаардык кеңештин "Бишкек шаарындагы жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жүргүзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 30-мартындагы № 54 "Бишкек шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн чендерди бекитүү жөнүндө" токтомунун 5-пунктунун экинчи абзацындагы "инструкция" деген сөз "жобо" деген сөз менен алмаштырылсын.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган учурдан тартып 30 күндүн ичинде күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Аманкулов М.А.) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине (Исмаилов М.А.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Суракматов |