Бишкек шаардык Юстиция башкармасында 2008-жылдын
29-декабрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 26-1-08
Бишкек шаары
2008-жылдын 27-ноябры N 18
ДЕПУТАТТАРДЫН БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын
10 - июнундагы N 454 "Депутаттардын Бишкек шаардык
Кеңешинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги N 170 "Бишкек
шаарындагы жер участокторуна менчик укуктарды сатуу
тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр-
дү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү
боюнча комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын азыркы ченемдик-
укуктук актыларына ылайык келтирүү максатында, Бишкек
шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын
10-июлундагы N 454 "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңе-
шинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги N 170 "Бишкек шаарын-
дагы жер участокторуна менчик укуктарды сатуу тартиби
жана шарттары жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесине (Биш-
кек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюн-
ча комиссиянын курамы) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр кирги-
зилсин:
- 3-пункт төмөндөгүдөй маанидеги 11-абзац менен толук-
талсын:
"Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациялары
- 4 адам".
2. Бишкек шаарынын мэриясы өз ченемдик-укуктук актыла-
рын бул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык
кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча
туруктуу комиссиясына (Адылбаев У.Е.) жана вице-мэр
А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык
Кеңешинин төрагасы А.Суракматов