Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 токтому ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2008-жылдын 10- июну № 454
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 170 "Бишкек шаарындагы жер участокторуна менчик укуктарды сатуу тартиби жана шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2007-жылдын 3-октябрындагы № 353 "Бишкек шаарынын мэриясынын Бишкек жер комитетинин иш-аракети жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун карамагында турган муниципалдык жер ресурстарды туура жана натыйжалуу пайдалануу максатында, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын 2008-жылдын 6-февралындагы № 44 "Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк подразделениелерин кайрадан уюштуруу жөнүндө" токтомун эске алып, Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2003 жылдын апрелин № 170 "Бишкек шаарындагы жер участокторуна менчик укуктарын сатуу тартиби жана шарттары жөнүндө" токтому менен бекитилген "Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия жөнүндө" жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-бөлүмдөгү:
- 2.2., 2.3., 2.4-пункттар алынып салынсын;
- 2.5-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.5. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
Бишкек шаарынын мэринин чечими боюнча; комиссиянын мүчөлөрү тарабынан өз ыйгарым укуктарын өзүнөн өз эрки менен алган учурда;
Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен каралган башка негиздер боюнча";
- 2.6-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2.6. Комиссиянын иш-аракетин уюштурууну камсыздоо Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жүзөгө ашырат. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин орун басары жер маселеси боюнча жооптуу катчы болуп саналат.";
3-бөлүмдөгү:
3.2-пунктун төртүнчү абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"- соодалоонун катышуучулары тарабынан шарттар бузулган, же комиссия тарабынан туура эмес чечим кабыл алынган жана башка негиздер табылган учурларда комиссия мурда кабыл алган чечимди жокко чыгаруу жана жаңы чечим кабыл алуу укугуна ээ.";
- 4-бөлүмдөгү:
4.4-пунктундагы "51%дан кем эмес" деген сандык маани "үчтөн эки" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4.7- пункттагы "Бишкек шаарынын мэриясы" деген сөздөр "Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын";
- 5-бөлүмдөгү:
5.2-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.2. Сыйлыктын өлчөмү Бишкек шаарынын мэри тарабынан белгиленет.".
2. № 1 тиркемеге ылайык Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын курамы бекитилсин.
3. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 170 "Бишкек шаарындагы жер участокторуна менчик укуктарын сатуу тартиби жана шарттары жөнүндө" токтому менен бекитилген "Ачык соодалоодо Бишкек шаарындагы жер участокторун менчикке сатуу тартиби жана шарттары жөнүндө" жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 5-бөлүмдөгү:
5.8-пункт "комиссия тарабынан белгиленет" деген сөздөрдөн кийин "бирок, бир минималдык айлык акыдан аз эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
5.14-пункттагы төртүнчү абзац төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Аукциондун жүрүшүндө соодалоонун катышуучулары жер участогун сатып ала турган өз бааларын атай алышат. Бирок ал баа баштапкы жана акыркы сунушталган баадан төмөн болбоосу керек.";
5.14-пункттагы алтынчы абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"- лоттун аукционуна киргизгенден кийин бул лот суралбаса (табыштама түшпөсө), комиссия баштапкы бааны 10%дан 25%га чейин төмөндөтүүгө жана 30 күндөн кийин кезектеги аукционду жарыялоого укуктуу. Экинчи аукционду жарыялагандан кийин табыштама түшпөсө, комиссиянын чечими боюнча бул лот акыркы баа боюнча түз сатуу жолу менен сатылуусу мүмкүн.";
- 5.15-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.15. Сынак өткөрүүдө:
5.15.1. Жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүүгө сынак эки этапта өткөрүлөт.
5.15.2. Соодалоону биринчи этабында курулуш ниеттеринин долбоорлорун (эскиздерин) талдоо жүргүзүлөт.
Эскиздерди талдоонун негизги критерийлери:
- шааркурулуш ченемдерине жана райондун пландоонун деталдык планына (ПДП) ылайык келүүсү;
- борбордун архитектуралык жана тышкы көрүнүшүнө ылайык келүүсү;
- объекттин тышкы көрүнүшүнүн чечилишинин оригиналдуулугу;
- курууда заманбап технологияларды жана материалдарды колдонуусу.
5.15.3. Чечим соодалоонун биринчи этабында протокол түрүндө жол-жоболоштурулуп, комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет.
5.15.4. Соодалоонун экинчи этабы биринчи этап өткөрүлгөн күндөн тартып 7 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча кимдин долбоорунун эскизи тандалган катышуучулар соодалоонун экинчи этабына катышууга укук алышат да жер участогуна эң жогорку бааны жана эң мыкты шарттарды сунуштаган жак жеңүүчү болуп аныкталат.
5.15.5. Түшкөн сунуштары менен конверттер сынактын катышуучуларынын катышуусунда комиссиянын төрагасы тарабынан сынактын экинчи этабы өткөрүлүп жаткан күндө комиссиянын кеңешмесинде ачылат. Комиссия бардык шарттардын сакталышын текшерет талап кылынган маалыматтардын жана документтердин бардыгын аныктайт.
Соодалоодо катышуучу же өкүл жок болгон учурда анын конверти комиссиянын чечими боюнча ачылышы жана каралышы мүмкүн."
Бөлүм төмөндөгү мазмундагы жаңы 5.19-пункт менен толукталсын:
"5.19. Комиссия 30 календардык күндөн кечиктирилбестен соодалоону кийинкиге калтырууга жана соодалоону өткөрүү күнүн башка күнгө жылдырууга укуктуу";
- 6-бөлүмдөгү:
6.3-пункт төмөндөгүдөй жаңы редакцияда баяндалсын:
"6.3. соодалоонун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуда соодалоонун жеңүүчүсү баш тарткан учурда, бул жер участогу боюнча сынак кайрадан башталат. Бул учурда жооптуу катчы тарабынан тийиштүү акт түзүлөт жана кол коюлат. Ошону менен бирге өткөн соодалоонун жеңүүчүсү бул жер участогу боюнча кайталанган сынакта катышуу укугунан ажыратылат жана кепилдик төлөм ага кайтарылып берилбейт.";
- 7-бөлүмдөгү:
7.1.-пункт төмөндөгүдөй жаңы редакцияда баяндалсын:
"Жер участокторуна укуктарды сатуудан алынган акча каражаттар төмөндөгүдөй болуп бөлүштүрүлөт:
- 98%ы шаардык бюджетке жиберилет;
- калган 2%ы, ошондой эле кирүү билеттерин сатуудан түшкөн каражаттар, кепилдик төлөмдөрдүн кайтарылбаган суммалары жана комиссиялык жыйымдардын суммалары Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын эсебине түшөт.";
7.2-пункт төмөндөгүдөй жаңы редакцияда баяндалсын:
"7.2. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын эсебине түшүүчү акча каражаттар көз карандысыз баалоочулардын кызматтарын төлөөгө, жер маселелери боюнча шаардык комиссиянын иш-аракетин камсыздоого, муниципалдык менчиктин имараттарын жана жайларын ремонттоого жана курууга жана башка ММБнын иш-аракетине байланышкан чыгымдарды төлөөгө багытталат.".
4. Токтомдун бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Бишкек жер комитети" деген сөз "Муниципалдык менчик башкармалыгы" деген сөзгө тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын.
5. Бул токтом Бишкек шаарынын Адилет башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
6. Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
7. Бишкек шаарынын мэриясы өз ченемдик-укуктук актыларын бул токтомго ылайык келтирсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин Инвестициялар, муниципалдык менчик, ишкерлик иш-аракет жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына (Дебуля А.Ю.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Осмоналиев |