Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2010-жылдын 3-декабрындагы № 199 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-апрели № 61
Бишкек шаарынын турак үйлөрүндөгү муниципалдык лифттерди күтүүгө тарифти бекитүү жөнүндө
Муниципалдык лифт чарбасын тийиштүү техникалык тейлөөнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы турак жайды менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамынын 13-статьясынын, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамынын 19-статьясынын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир айда үчүнчү жана кийинки кабаттарда жайгашкан квартиранын жалпы аянтынын 1 кв.м үчүн (балкон жана лоджийлердин аянты эсептелбестен) 1,7 сом өлчөмүндө, анын ичинде квартиранын жалпы аянтынын 1 кв.м үчүн элдин эсебинен 1,0 сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 0,7 сом турак үйлөрдөгү муниципалдык лифттерди күтүүгө жана техникалык тейлөөгө тарифтер бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
- 2009-жылга шаардык бюджетте "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын баштапкы ишин камсыздоого, анын ичинде күтүүгө, профилактикалык иштерди жүргүзүүгө, муниципалдык жүргүнчүлөр лифттерди текшерүүгө, лифттерди утурумдук ремонттон өткөрүү үчүн керектүү материалдарды сатып алууга, лифттик авариялык кызматты күтүүгө, лифтерлорго айлык акы төлөөгө жана башка чыгымдарды карап чыксын;
- муниципалдык лифт чарбасын тийиштүү күтүүнү жана иштөөсүн камсыз кылсын;
- Бишкек шаардык кеңешине 2009-жылдын 1-сентябрына карата бул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
3. Лифттерди тейлөө боюнча адистештирилген уюмдар:
- 1992-жылдын 12-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Мамшаартех көзөмөлдөө тарабынан бекитилген лифттерди орнотуу жана коопсуз эксплуатациялоо Эрежелерине жана башка ченемдик документтерге ылайык, турак үйлөрдөгү муниципалдык лифттерди өз убагында ремонттоону, техникалык тейлөөнү жана эксплуатациялоону камсыз кылсын;
- жарандардын төмөнкү категорияларына өз кирешелеринин эсебинен квартиранын жалпы аянтынан 35 кв.м үчүн 50% өлчөмүндө жеңилдиктерди берүүнү сунуштасын:
- үй-бүлөнүн ишке жарактуу мүчөлөрүнөн өзүнчө жашаган пенсионерлерге;
- башка мамлекеттердин аймагында согуш аракеттерине жана 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясына катышкандарга.
4. Бул токтом кабыл алынгандыгына байланыштуу Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2006-жылдын 10-июлундагы № 225 "Бишкек шаарындагы турак үйлөрдөгү муниципалдык лифттерди күтүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына (Салымбеков Ж.М.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри В.В.Корниенкого жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Суракматов |